ОРУСИЯДАГЫ ТАШТАНДЫ НАРИСТЕЛЕР

№365 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.

“Атсаң да болбой айкырып, аюу да коргойт мамалак” деген армандуу саптар он үч жашар баланын ый-муңу эмес беле? Бул го эс тартып калган баланын арманы дейли. Ал эми төрөлбөй туруп туна чөккөн же бөтөн жерде жарыкка келип, өз ата-энесин билбей, өзүнүн кыргыз экенин сезбей калган таштанды наристелердин ыйын ким угат? “Тогуз ай бел талытып көтөргөн баласына эне сүтүн эмизбей эмнеге таштап кетишет?” деген суроого жооп таба албай убара тартабыз, калайык.

ТАШТАНДЫДА КАЛГАН НАРИСТЕЛЕР
Орусияны көздөй жумуш издеп агылган мекендештерибиздин аягы жакынкы жылдары суюлар эмес. Алардын айрымдарынын иши жүрүшүп кетсе, айрымдарыныкы жүрүшпөй көчөдө калышууда. Булардын арасында өз канынан жаралган балдарын бага албай таштап кетүүгө аргасыз болгон күкүк энелер жүздөп саналат.
Статистикага таянсак, кыргыз мигранттарынын 40-50 пайызын аялдар түзөт. Бүгүнкү күндө Москвада 230дай таштанды кыргыз балдары бар. Булардын энелери 18-27 жашка чейинки кыргыз кыз-келиндери. Булар тууралуу «мигрант аялдар зордуктоого туш болушуп, боюндагысын өз убагында алдырууга каражат таппай, төрөп таштоого мажбур болушат» деген пикирлер айтылып жүрөт. Айрымдар «мектепти бүтүп-бүтпөй барган жаш кыздардын биринчиден, орус тилин билбегендиги, экинчиден, өз укугун жакшы коргой албагандыгы ушундай жолго алып барууда. Анын кесепетинен таштанды наристелер көбөйүүдө» дешет.
Кароосуз калган балдарды багып алууну каалагандар чет өлкөлүктөр, өзгөчө АКШнын жарандары болууда. Мына ушундай таштанды эки наристени Москвадагы кыргыздын чыгаан айымдары тарабынан түзүлгөн аялдарга ар кандай жардам көрсөтүүчү «Аруужан» фонду асырап алган эле.

БЕГИМАЙ – ВАСЕЛИСАГА, СЕЗИМ – ЛИНАГА АЙЛАНДЫ
Чет жердеги энелер менен балдарды коргогон, кыз-келиндердин саламаттыгынан баштап аларга улуттук, моралдык, психологиялык, медициналык колдоо көрсөтүп келген “Аруужан” фондуна жардам сурап кайрылгандардын саны арбын. Москва шаарындагы аталган фондго кош бойлуу эки кыз кайрылышкан. Алар төрөгүчө фонддун көзөмөлүндө жүрүп, төрөгөндөн кийин балдарын таштап басып кетишкен.
Сезимдин апасы Ош аймагынан келген кыргыз кызы, атасы индус экен. Боюнда бар кезинде ичин кысып байлап, ар кандай бойдон түшүрүүчү дары-дармектерди пайдалангандыктан, ымыркай оорукчан төрөлгөн. Оорукчан баланы өз фамилиясына жаздырып, аталган фондго таштап кете берген. Сезимге фонддун жетекчилери атайын бала багуучу жалдашкан. Алты айлык күнөөсүз наристени баккан Марина аттуу орус аял аны өзүнө каттатып, асырап алыптыр. Эми анын аты – Лина. Аты орусташтырылганы менен, улуту кыргыз боюнча калыптыр. Ага 18 жашка чейин майыптыгы үчүн пособие төлөнөт. 18ден кийин үй берилет жана майып болгондугу үчүн пенсияга чыгат. Ал эми энеге асырап алгандыгы үчүн мамлекет тарабынан акча берилет.
7 айлык Бегимайды да орус үй-бүлөсү багып алган. Орус туугандар Бегимайдын улутун – орус, аты-жөнүн – Васелиса Мурадова деп жаздырып, биротоло асырап алышыптыр.
Фонддун жетекчилиги «бул эки кыз океандын ары жагына кетпей, Орусияда, ишеничтүү адамдардын колунда калганына шүгүр» дешүүдө.

ӨЗ БАЛДАРЫН ӨЛТҮРГӨН КЫРГЫЗ ЭНЕЛЕРИ
«Московский Комсомолец» гезитинде берилген маалыматтар боюнча:

  • 2006-жылы Бишкек-Москва темир жолунан поездден ыргытылган наристенин сөөгү табылган. Леонидовка станциясынан табылган наристенин ата-энеси аныкталып, териштиргенде күйөөсү уктап калганын айтып танса, аялы эки баласы бар, үчүнчү наристени каалабагандыгынын айынан дааратканага төрөп, ыргытып жибергенин айткан.
  • 2007-жылы декабрь айында Кыргызстандан барган кыргыз кыз Москвадагы курбусунун батирине төрөп, төрөөрү менен баласын думуктуруп өлтүрүп, өзү качып кеткен.
  • 2009-жылы Москва милиция кызматкерлери жаңы төрөлгөн баласын спорттук шымга ороп, көчөгө таштап качып бараткан кыргызстандык аялды камакка алышкан.
  • 2009-жылы Москвадагы батирлердин биринде жашаган 28 жаштагы кыргыз аял жаңы төрөлгөн баласын ваннага тумчуктуруп өлтүргөн.

Жогорудагы өз балдарын өл­түргөн энелер – кыргыз аялдары. Болгондо да бала дегенде эт-бетинен кеткен мусулман аялзаты,- деп жазылат. Көрдүңүзбү, окурман, мындай үрөй учурган маалыматтар жан кейитпей койбойт.
Муну окуп алып чын эле бала дегенде баарын берүүгө даяр мусулман калкы арданары анык. Ошентсе да бул кашкайган чындыкты кантип танабыз?

СӨЗ СОҢУНДА...
Чындыгында, чет жерде иштеп келген айрым адамдардын «ит жашоону көрдүк» дегенин угуп, жакаңды кармайсың. Кыргыздын саны аз дейбиз, бирок ошол кыргыз тукуму минтип бөтөн эл, бөтөн жерде калып жатса, кантип көбөйөбүз? Албетте, чет жердегилердин баары баласын таштап баса беришет дегенден караманча алыспыз. Орусияда иштеп иши жүрүшүп, ити чөп жеген чыгаан мекендештерибиз да аз эмес. Болгону, бир кумалак бир карын майды чиритпесе...
Сөз соңун Орусиядан жазган бир мекендешибиздин ыры менен аяктагым келет.
Ар бир сөзүн уксаң кандай рахат берет,
Апа деген наристе да даамын сезет.
Ата мекен, кайдасың сен, мени батыр,
Адамзатта жүрөк болот, сыздай билет.

Кечир мени, Ала-Тоо, менден кетсе,
Кысып ал бооруңа, колуң жетсе.
Кул болоюн өз жеримде, өз элиме,
Кыргызыма тең келбес эч бир нерсе!

Бурул Исмаилова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
03.11.2009. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне деп ушуларды кантип айтабыз:(эне болбой жок болгон он силерге.
04.11.2009. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biroono tar duino, biroono sar duino degendei balaga jetpei ochiredte turgan ui buloolor kancha Kyrgystanda. jok degende bizdin atuuldar bagyp alsa emne. Adamdyn bashyna emneler gana kelbeit birok oshentse da kysdar esiner barda eteginerdi jyigyla. Bir gana ozunordu gana emes butundoi kyrgyz elin jer karatyp jatasynar. Boton el, boton jerde bir jerdi kyssyp tapchuu akchandy ishtep taap el jerine aman-soo kaitkanga shashyl. Allah yiman bersin silerge.
05.11.2009. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашооо...
Кайда гана бара жатабыз???
Кудайым ар-бирибизге акыл эс бере гор...
06.11.2009. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okup jurogum abdan oorudu,ushuncha jurup torogondon kiyin kantip ushundai jolgo baryshat, tunchukturup anan chokturup,musurga yrgytyp, ushunchalyk ele tash boorsunarby? jok degende balaga zar bolup jurgondorgo bersener bolo, olturboi ele.Emne deibiz, Allahym akyl-es, iyiman bersin!!!
13.11.2009. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshon uchun chet jerge ayalzatin jiberbey ele koygon on go deym. Jetet da erkekter ele barsa. Ayalzati degen uydo oturushu kerek. Akchani erkekter tabat dechu ele, azir biz menen kosho jariship kaldinar da. Suranarim iymanduubuz, oshol iymandan kudayim kem kilbasinchi.
16.12.2009. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан окунучтуу. Макаланы окуп абдан таасир алдым. Ушундай кейиштуу корунуштор конулунду иренжитет да. Кечээ да Эрнист Кыязов таштанды балдар жонундо айтат. Заман не болуп барат.
21.12.2009. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanybyz onolso kyzdar chet jakka tarap ketpeit bolchu dep oiloim. Bul maseleni "chondor" oilonobu Kudai bilet. Ekonomikasy jakshy olkolordon myndai kyzdardy korboisun a bizdin ekonomikabyz kandai ekenin ozubuz dele bilip turabyz. Oshol Rossiadagy jurgon kyrgyz kyzdarybyz bul jaktan dele ish taap baktyluu enelerden bolmok. Kor ookattyn aiynan KRda jumush jogunan samsaalap ketishet.
21.12.2009. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktysyz eneleri aman bolup, kunoosuz torolgon ymyrkailardyn kelechegi jakshy bolup ketsin. Al emi oz balasyn tashtap ketken kyzdar omur boiu tynch jashoodo jashai alyshpait dep oiloim
06.12.2010. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Здесь должна быть и мужская ответственность,нельзя сваливать всю вину на женщин.
30.01.2012. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол фондун адресин таштап койгулачы менин да бала багып алгым келет t.t.halbotoevna@bk.ru ушул адреске таштап койгула сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо