«КУРМАНЖАН ДАТКА» – КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ ТАСМА

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж

Тарыхый инсан, мамлекеттик ишмер, Алай ханышасы Курманжан датканын басып өткөн жолу тууралуу тарыхый тасма тартылып бүтүп, 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата элге тартууланмакчы болуп турат. Көп жылдан бери атактуу инсандардын баскан жолун, тагдырын баяндаган тарыхый тасма кыргыз киносунда жарала элек болчу. Тартуу иштери эки жылга созулган масштабдуу «Курманжан датка» тасмасынын артында кандай кызыктар болду, кандай кыйынчылык жана тоскоолдуктарга учурады? Мына ушул темада тасманын жаратуучулары менен кенен кеп курдук.

Садык Шер-Нияз, тасманын режиссёру:«АБА ЫРАЙЫ КӨП ТОСКООЛДУК ЖАРАТТЫ»

– Садык мырза, айтсаңыз, Курманжан датка тууралуу тарыхый тасма тартуу идеясы кимге таандык?
– Фильмди тартуу оюн алгач депутат Жылдыз Жолдошева билдирген. Идеяны мен иштеп чыгып, Бакыт Турдубаев кагазга түшүрүп, Султан Раев үстүнөн карап чыкты.

– Адатта тарыхый чыгармаларды кино кылып тартканда эл тарабынан көп сынга кабылчу эле. Сизде тасма элге жакпай калабы деген чочулоо болгон жокпу?
– Албетте, тарыхты тасмага түшүргөн чоң жоопкерчилик. Андыктан чочулоо болгон. Негизи, фильм начар тартылса терс пикир болот да. Эгер көркөмдүк жагынан режиссёр оюн бере алса, ал тасманын башка кемчиликтерин жаап кетет. «Курманжан датканы» 100дөн ашык киночулар, коомдун белгилүү өкүлдөрү көрүп чыгышты, алар жакшы гана пикирлерин айтышууда.

– Тасма май айында көрсөтүлмөкчү болуп, кайра токтоп калышына эмне себеп болду?
– Тасманы тартуу иштери план боюнча майда эле бүткөн. Үн жаздырууга келгенде токтоп калдык. Анткени бизде үн жазган адистер дээрлик калбаптыр. Бюджеттен композиторлорго 150 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн эле. Бул акчага эч ким иштегиси келген жок. Аларды да түшүнөм. Оригиналдуу музыканы 2 саатка ылайыктап жазыш оңой эмес. Ошол боюнча бир аз такалып, аларга төлөнө турган акчаны көтөрүп бермекчи болуп, кайра жумушубузду уланттык.

– Актёрлорду кандай негизде тандадыңыздар?
– Башкы ролго Кыргызстанда болгон актёр-актрисаларды көрдүк. Алымбектин башын алган Чотон деген баш кесердин ролун баштан эле манасчы Рысбек Жумабаев ойнойт деп чечип койгонбуз. Анткени анын өңү-түсү терс каармандарга жакын.

– Декорация, костюмдарды тандоо деле мүшкүл иш болсо керек?
– Ооба, бул жерде сүрөтчү менен костюмердин эмгеги зор. Декорация жагын Жамал Кожакметов баштаган атайын сүрөтчүлөр тобу колго алышты. Алар Ферганадагы базар болобу, Кокон хан сарайыбы, датканын конушу болобу, баарын жасап чыгышты. Азыркы күндө мурунку согуш шаймандары жок болгондуктан мылтык, кылыч, жаа, жебе, замбиректер да колго жасалган. Ал эми костюмдардын айрымдарын Ош, Бишкек, Нарын, Ысык-Көл театрларынан сурап алдык.

Тасманы Бухарадан тартууга өзбектер уруксат беришпептир. Бул жагдай кандай чечилди?
– Өзбекстанга суранычыбызды жөнөткөнбүз, жообун көпкө күтүп калдык. Анан эл арасында «тасма тартылбайт экен, съёмка токтотулуптур» деген кептер тарап кетпеши үчүн пландалган убакытта Кыргызстанда эле тартып салдык. Уруксат бербегени жакшы болуптур, 4-5 миллион сом үнөмдөп калдык.

– Тасма тартууда кандай тоскоолдуктар болду?
– Эң чоң тоскоолдук деп аба ырайынын өзгөрүшүн айтар элем. Бир эпизодду тоодо тартып баштасаң эртең менен күн ачык, жарымына келгенде бүркөлүп калат. Андай учурда же андан ары улантыш, же кайра башынан баштоо керек. Анткени жарык боюнча туура эмес болуп калат. Же күн ачыкта, же бүркөктө тартарыбызды билбей абдан кыйналдык. Анын үстүнө ат минип келгендерди, жөө жүргөн кишилерди топтоп алабыз. Бардыгы 300гө жакын адам болсо, күнүнө 300-500 миң сом сарпталат. Чыгармачыл жактан эмес, тыйын жактан ушундай жагымсыз жагдайлар жаралып жатты. Массовка менен тартканда бир күндө 700 миң, миллион сомго чейин кетет. Эми ойлосоңуз, 2 күндүк съёмкалар аягына чыкпай, кайрадан тартылганда канча каражат кетерин.

– Түшүнүктүү. Тасма үчүн алыстан жолборсту да алып келген экенсиздер?
– Ооба, бизге үйрөтүлгөн жолборс керек болчу, зоопарктагылар жарабайт экен. Издештирип отуруп үйрөтүлгөнүн Москвадан таптык. Жолборсту тасмага тартуу үчүн Кыргызстанда өткөргөн бир жумалык баасын 1 миллионго бааладык. Анын машакаты да күч экен. Алгач ветеринардык жактан толгон-токой документтерди толтурдук. Алдын ала атайын адистер келип, тартылуучу жерлерди көрүп, тартып кетишти. Жолборсту алып келгенде да атайын учакта орун даярдап, эки киши коштоп келди. Жолборсту Орто-Сай айылындагы тоодон тартып, анын тегерегинде 1 чакырым радиуста мал кирип кетпесин деп кишилер карап турушту. Алгачкы жолу фильмде жолборсту каргысы жок (намордник) биз тарттык.

Фархад Бекманбетов, тасманын продюсери:«МАССОВКАНЫ ЧОГУЛТУУ КЫЙЫН БОЛДУ»

– Фархад мырза, ар бир иштин ийгилигине жараша түйшүгү да болот. Көп кыйынчылыктарга туш болдуңуздарбы?
– Негизи, «Курманжан датка» Кыргызстандын тарыхындагы көп сумма сарпталып, мамлекеттин тапшырмасынын негизинде тартылган алгачкы тасма. Ошого жараша фильмге көп киши катышып, көп эмгекти талап кылды. Өзгөчө массовканы топтоодо кыйынчылыктар туулду. Эң көп адамды Алай районундагы Мурдаш капчыгайына чогулттук. Анда 800 киши болсо, анын ичинен 100 киши өзүбүздүн чыгармачыл топтогулар. Массовкага Алай районундагы аскер бөлүгүн, Гүлчөдөгү кесиптик окуу жайынын студенттерин, кошумча айыл-айылдан жергиликтүү жашоочуларды чогулттук.

– Фильмдин декорациясына, костюмдарына канча сумма жумшалды?
– 200 жыл илгерки орустардын штабын курууга 1,5 миллион сом кетти. Өзбекстан Бухарада тартылуучу эпизоддорго макулдугун бербегенден кийин, Кокон хан сарайын Кыргызстанда эле 2 миллион сомго жасадык. Мындан сырткары костюмдарды алсак, Алымбек датканын бир эле суусар тебетейи 20 миң сомго даярдалды. Ошол мезгилге таандык күмүштөн жасалган кемер кур, чачпак сыяктуу буюмдардын айрымдарын сатып алып жаттык.

АКТЁРЛОР ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ

Азиз Мурадиллаев:
– «Курманжан датка» тарыхый фильмине жүргүзүлүп жаткан тандоого акыркылардан болуп бардым. Мени чыгармачыл топ дароо эле видеосынакка алып, бир күндөн кийин «сен тартыласың» деп кабарлашты. Мен Алымбек датканын образын канчалык деңгээлде ачып бере алганымды эл баалайт. Алдын ала кыйратып салдым деп айткандан алысмын. Тарыхый образды жаратып жаткандан кийин болгон чыгармачыл дареметимди жумшадым.

Жамал Сейдакматова:
– Курманжан датканын образын театрда «Ханышанын көз жашы «спектаклинде көп жолу ойноп келгем. Ошондуктанбы, Садык Шер-Нияз «датканын карыган курагын ойноп бериңиз» деп сунуштады. Мен бул кинодо бир нече эпизодго гана тартылсам да, жоопкерчилик менен аткардым. Тасмада датка фин офицерлерин кабыл алып, алар Курманжан датканын неберелерин сүрөткө тартып жаткан жерин, боз үй ичинде башчыларга бата берген эпизоддорун жаратып бердим.

Назира Мамбетова:
– Кесиптештерим «датканын ролуна сиз ылайыктуусуз, сынакка катышып көрүңүз» деп сунуштап калышты. Тартылып көрөйүнчү деп элечекти кийип, чакырган жерине барсам, Турсун деген режиссёрдун жардамчысы мени жактырган жок. Ага мен ызаланып кетип калгам. Бир канча күндөн кийин мени «видеосынакка түшүп көрүңүз» деп чакырышты. Ошол бойдон 1 айдан кийин гана кастингден өткөнүмдү кабарлашты. Мындай кабарды угуп алып өзүмчө эле денемди калтырак басып, толкундандым. Курманжан датканын образын ачып бере аламбы деген ой түйшөлттү. Мен канчалык деңгээлде бул образды ачып бере алганымды айта албайм. Бирок Камчыбектин дарга асылган жерин тартып бүткөндөн кийин операторлор баш болуп отурган 500дөн ашык адам кол чаап жиберишти.

Генерал Скобелевдин ролун орусиялык актёр Александр Голубков ойногон. "Москвалыктардын гонорары күнүнө 800 доллар экен. Голубковго биздин абалды түшүндүрүп, өзүбүздүн баа боюнча 1000 сомдон ашык төлөп бере албастыгыбызды айтып көндүрдүк. Бирок Санкт-Петербургга барганда алардын баасы менен төлөдүк», - дейт режиссёр.

Курманжан датканын дарга асылган уулу Камчыбектин ролун жаш актёр Адилет Усубалиев жаратты.

Кастингге 1000ден ашуун адам катышты. Тасмада роль жараткан актёрлордун 250 чактысы профессионалдар.

1 000 000 сомго бааланган жолборс.

Тасмага мамлекеттин бюджетинен 70 миллион сом бөлүндү.

Азиз Мурадиллаев жана Элина Абай кызы Алымбек датка менен Курманжан датканын ролунда.

Тасмага жалпысынан 10 000ден ашык адам тартылды.

Каскадёрлорго 5 миллион сом сарпталды.

Декорацияга 5 миллион, костюмдарга 3 миллион сом жумшалды.

Жаш келинди ташбараңга алып жаткан учур. Ушул жерде Курманжан датка менен Алымбек датка таанышат.

Гүлжамал Бөрүкулова,
Султан Төрөбеков
star@super.kg
Сүрөттөр фильмдин жаратуучуларынан жана интернет булактарынан алынды.


"Курманжан датка" Кыргызстан тарыхындагы эң кымбат тасма

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(48)
SUPER.KG видео
23.06.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Duulat, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
23.06.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыдамсыздык менен кутом
23.06.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелде.Кутобуз жакшы эле тартылса керек.
23.06.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кино тарткандарга чон ыраазычылык айтам,,,анан аябай кутом
23.06.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кинонун трейлерин көрдүм. Чынын айтыш керек, кызыгуумду жарата алды. Күтүүдөмүн.
23.06.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буйруса кыргыздын тарыхын чагылдырган мыкты тасма болоорунан шек жок, Т.Касымбековдун тарыхый чыгармаларын окубаган адам ушул тасма менен таанып билсе керек, кыргыздын улуулугун тааныта турган чыгарма болот деп ишенем.
23.06.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кутобуз
23.06.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир жылдан бери кутуп журом, качан театрларда коюлат деп
23.06.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
былтыр Курманжан датка биз жактан тартылды эле, Жетиогуз Курортунан коп жери.аябай кызыгып жатам,эртерек чыкса болот эле.
23.06.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Конул кош калтырбайт деген ойдомун. Анткени, ото чыдамсыздык менен кутуудомун.
23.06.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокон хандыгынын тушунда тенир деген тушунук жок болгон,тенир жалгасын деген да эмес,кээ бир жерлерин бурмалашкан го... Ислам дини ал мезгилде гулдоп турган... Тасманы кутобуз...
SUPER.KG видео
23.06.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кандай гана сонун! Окунучтуу болгону серия эмес экен! Мен ойлогом серия болуш керек деп! Сулейманады жон эле басып ото деп дагы ойлогом! Бирок ушуга дагы ыраазыбыз. Данк сиздерге.
24.06.2014. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жарылып кетемго 31 авгуска чейин!бул сериалбы?абдан сонун экен
24.06.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уураа эми бизда кинолорубуз Мн сыймыктансак болот
24.06.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыдамсыздык менен кутобуз....
25.06.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар ееми уйронуп жатат кино тартышты буйруса Блокбастер тартышат деп ойлом
25.06.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
статьяны окуп чыгып, фильмди созсуз коруш керек деп чечтим.Сонун тартылган окшойт.
26.06.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар! Кинону тарткан команда,топ! Ийгилик! Ушул темп менен барып,ажеп эмес "Манас" ,"Семетей" "Сейтекти" да тартсанар!!! Сонун болмок!! Дагы да болсо ишенем! Башталышы жакшы!
26.06.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
. бала жипке асылып калган жери бар болчу ошол сюжетти берген эле монтажер алып келсем карабай же жообун аитпа коюшту а так эпический вариантта жазганбыз. Садык баике композитор ишине келгенде адистер аз анан калбаи калыптыр туура эмес аитасыз адистер бар ОЛЖО продакшнда . Композитор Жумабеков Азат .кок салкын2,Участковый ж.б.иштеп чыккан.
26.06.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичине сюжетти супер инфого жуктосом кандай болот пикириниздерди угат элем музыка жагында сиздерден.Курманжан Датканын.
26.06.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay chydamsyzdyk mn kutup jatam... Avtorlor tuura tushunuu mn kabyl alyshat dep ishenem. Menin en ele choochulaganym orustardy "oto jakshy adamdar" kylyp korsotushpodu beken? Azyrky sayasatybyzda orustardyn basymy chon emespi...
27.06.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иши кылып туфтовый болуп калбасында
SUPER.KG видео
28.06.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдамсыздык менен кутобуз.
28.06.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын алгачкы тарыхый киносу жаралды. Садык акеден дагы да болсо тарыхый кинолорду тартат деп умут кылабыз. Т.Касымбековдун сынган кылычын тартса турктордун даназалуу доору бул жакта эле калмак. То'ко'м айтты эле 8 сериа кылып ценарийин жазып койдум. Турктор тартабыз деди эле макул болбодум, себеби кыргыздын киносун кыргыз гана тартсын деп.
SUPER.KG видео
29.06.2014. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курманжан датка, апамдын чон-чон-чон энеси!!! Апамда даткадай сильная ЖЕНЩИНА!!!
SUPER.KG видео
29.06.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачылышы кайсы жерде болот экен?
30.06.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде,тарыхый кино тартып, ар тараптан элдин тарыхына салым кошулсун:маданият,экономика ж.б., менда кутом
SUPER.KG видео
13.07.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жаман толкунданып суйунуп ыйлагым келип кетти. Рахмат Жылдыз эжебизге ошондой эле кино жаратуучуларга рахматымды билдирем. Мекенимде болбой калдым аттин корбой калат экенмин бет ачарын.
31.10.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун бул кинону кордум.аябай жакшы тартышыптыр.отуруп кинотеатрдагы элдер да бири суйлобой корду ,тан калдым демейде суйлошуп ышкырыщып отурушат эле. Чындыгында массовка азырак болуп калыптыр,анан музыкасы катуу чыгып создору анча угулбайт экен. А так соонун. Супер!эн мыкты тасма кыргыздардын тарыхында.
05.01.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты кино! Мага абдан жакты!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо