Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АШЛЯМФУ – АПТАПТА СЕРГИТҮҮЧҮ АЗЫК

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж

Мээ кайнаткан ысыкта, албетте, муздак суусундуктар менен тамактар өтүмдүү. Алардын ичинде ашлямфу да бар. Эгер сиз үйдөгүлөрдү аты аталган тамак менен кубанткыңыз келсе, рецепти сиз үчүн.

Керектүү азыктар (4 порция үчүн):
Ун – 240 грамм
Пияз – 1 баш
Жумуртка – 2 даана
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Болгар калемпири – 1 даана
Помидор – 1 даана
Жүгөрү крахмалы – 4 чоң кашык
Сарымсак – 4 тишче
Жусай – 1 боо
Ачуу кызыл калемпир – 2 чоң кашык (лаза үчүн)
Уксус – чай кашыктын үчтөн бири
Туз – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ

Камыр
Жылуу сууга туз салынып катуураак жуурулуп, 30 мүнөт тыныктырылып коюлат (эскертүү: 15 мүнөттөн кийин бир жолу ийленет). Андан соң камырды колуңуз менен жукартып, тегерек формага келтирип жайып, анан бычак менен узунунан жоондугун 1 сантиметрден кесип аласыз. Эми ар бирин өсүмдүк майы менен майлап, бетин целлофан менен жаап коюңуз. 15 мүнөттөн кийин кесилген камырларды кол менен тоголоктоп ичкертип, кайрадан целлофан менен жаба туруңуз. Муну дагы бир кайталасаңыз, кадимки Каракол ашлямфусунун кесмеси даяр (1-2-3-сүрөттөр). Кайнап жаткан, туз кошулган сууга бир борк дедиртип кайнатып алыңыз. Сүзүп алган соң муздай түшкөндө өсүмдүк майы менен майлап коюңуз.

Лаза
Майда тууралган сарымсак менен ачуу кызыл калемпирди ысык майга кошуп жиберсек, лаза даяр.

Соусу
Майда төрт чарчы тууралган пиязды, болгар калемпирин, сарымсакты, помидорду чогуу кууруп алабыз. Эми башка идиште кайнап турган 500 грамм сууга жогорудагыларды салабыз. Булардын үстүнө майда тууралып, майга бир аз эле куурулган жусайды саласыз. Аягында жумуртканы өзүнчө кууруп кошосуз. Эми соуска татымына жараша туз, уксус кошулат. Даяр болгон соусту муздак жерге алып чыгып коюңуз (4-5-6-7-8-сүрөттөр).

Крахмал
240 грамм муздак сууга крахмалды салып, жай отко коюп коюулангыча бир тарапка карай тынбай аралаштырабыз. Кайнап жатканда 2 тамчы уксус, 1 аш кашык өсүмдүк майын, татымына жараша туз кошобуз. Даяр болгондо түбү майланган чуңкур табакка куюп алып, муздаганда муздаткычка салып коёбуз (9-10-сүрөттөр).
Сиз күткөн, эңсеген, көптөн бери шаштыңызды кетирген ашлямфу даяр!


Ашлямфу жасоонун ыкмаларын үйрөткөн Бишкектеги «Байхан» кафесинин ашпозчусу Тамара Жусупбекова.

Эскертүү: Майда тууралган этти өзүнчө кууруп кошсоңуз да даамдуу болот.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


Келиңиз, ашлямфу жасайбыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(53)
SUPER.KG видео
23.06.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээк Айзат кайдагы тамакты корсотосунда курсак ачып, эки козум торт болуп жатканда))) Сонун экен. Азыр уйго барып эле жасайм го. Базардан даяр эле крахмат сатып алса деле болот окшойт.
23.06.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин Караколдун анан келинчегим жасаган ашлям-фуга эч бир жердики жетпейт да, Бишкектики жон эле муздак лагман да, лагман да эмес лагманга окшош супсак бирдеме.
SUPER.KG видео
23.06.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жусай дегендин орусча варианты кандай ,урматтуу супер кейжи
24.06.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aisanat, bai kymbat, маалыматынарга Рахмат, оз алдымча жасап коройун деп чечтим, окшошот болду бекен...
24.06.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aw lyamfunu abdan sagyndym dep aity bytyp ooz jyiylgy4a ke4ee meni aw lyamfu jep ket dep Italiada jawagan koldyk bir kyz chakyryp baryp keldim, soonun boluptur!
24.06.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men yidon jasalgan ashlianfyny jakshu korom. Satkandar spaisunu koshyshat da chirkin. Domashnui ashlianfy hmmmmmmm.......
SUPER.KG видео
24.06.2014. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
крахмалга жеткенде очуп жатат\\нормально видеону косонор абдан раазы болот элем\\жээ атайын крахмалдын секретин корсоткунор келбейтабы\\
SUPER.KG видео
24.06.2014. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жусай деген кандай осумдук орусчасы кандай болот айтып койгулачы сураныч
SUPER.KG видео
24.06.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жусай деген жусай да, такыр билбей атсанар базарга барып сурагыла же гуглдан деле издегилечи. орусча кыргызчасы жок, бул дунган созу
25.06.2014. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин апам жасайт аябай кыйвн элдер апама эле жасатып жегенди жакшы корушот)))аябай сагындым жей элегиме коп болду
25.06.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашлямфу деген сонун тамакты 1990 жылдары Караколдо жеген элем,ошондон бери 24 жыл отуптур бир да жолу жеген жокмун.Аябай ачуу,муздак бирок жакшы тамак.Караколдук ашлямфуну жакшы жасаган кыздар менен таанышып консультация алсам кантет...
25.06.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардык эле керектуу азыктар бар экен,жугорунун крахмалын кайдан алууга болот?
ашлямфудан коп эле жашылчаларды коргон жок элем мумкун убакыт отуп коп нерселер кошула баштадыбы.крахмал,камыр.калемпир туз,дагы эмне кошулган эсимде жок.бирок абдан даамдуу болгон
25.06.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы аябай жагат. Тамшанып жегим келип кетти
SUPER.KG видео
26.06.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул ашлянфуну таптакыр тура эмес жасады негизи чистий Каракольский ашлянфу мвндай жасалбайт
26.06.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
байкем ашлямфуну алкаштар жейт баш ооруп турганда деген болчу. тамашалап койгон тура.... (кулуп)
26.06.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Точна рецепт менен бугун жасадым. Европадан жусай таппагандыктан кок пияз майдасын коштум. Суу менимче аябай аз болуп калат екен. Дагы куюга туура келди. Жусайдын боосу калын болот го меники пияз аз болсо деле кою болуп кетти. Ашлянфуга дагы курон соус кошушат Караколдо. Аны кантип жасайт билбейм койдум. Женем андай соусту литрлеп ашлянфунун жанына коюп сатчу еле.
SUPER.KG видео
26.06.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
крахмал 10 мин ичинде бышпайт чын айтам 30-40минутада бышат. Бул эже башка вариантында жасаптыр а карколдуктар акыркы кезде сорпосуна жумуртка же этти кууруп алып устуно суу куйуп суу кайнап атканда эле жусай помидор бадыран перецти майда туурап туруп салып ийип 2-5мин кайнатып койсода сонун болот
SUPER.KG видео
27.06.2014. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм жаман жегим келди
SUPER.KG видео
27.06.2014. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа мен караколдон болом дунгандардан алыш керек рецепти,камыр чоюлбайт негизи билип алгыла машинага кессе дамдуу болот бул бишкектеги Эле жазагандардан гоо Бишкекте караколский ашлянфу ,ашлянфу деле эмес
27.06.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аш-лямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып уйлоруно жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип аш-лямфу ичели деп бирөөсү сагынып калган тамагын заказ берет.
Ичип олтурушуп анда жанындагы шариги " Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен )))
27.06.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аш-лямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып уйлоруно жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип аш-лямфу ичели деп бирөөсү сагынып калган тамагын заказ берет.
Ичип олтурушуп анда жанындагы шариги " Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен )))
27.06.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аш-лямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып уйлоруно жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип аш-лямфу ичели деп бирөөсү сагынып калган тамагын заказ берет.
Ичип олтурушуп анда жанындагы шериги " Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен )))
27.06.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашлямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып уйлоруно жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип жоокердин бирөө ашлямфу аказ берет.
Ичип олтурушуп анда жанындагы шериги " Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен ))
27.06.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашлямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып үйлөрүнө жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип жоокердин бирөө ашлямфу заказ берет. Ичип олтурушуп анда жанындагы шериги "Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен ))
27.06.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Караколдукуна жетпейт да барибир
27.06.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын ашлямфусун сагындыым тортунчу жыл болду жей элэгиме, кийинки жылы жейм буйруса Кыргызстанга барсам
28.06.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Караколдун ашлямфусу эмнеге озгочо болот анын сыры мындай:биринчиден колдун суусу башкача,экинчиден сиздер айтып жаткан курон суу бул колдук уйгурлардын улпактан жасалган уксусу,анан дагы эч кандай ашыкча нерселер кошулбайт(бадыран,подмидор ж.б).Ал эми даамы чындыгында тандайдан кетпейт!
28.06.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Караколдун ашлямфусу эмнеге озгочо болот анын сыры мындай:биринчиден колдун суусу башкача,экинчиден сиздер айтып жаткан курон суу бул колдук уйгурлардын улпактан жасалган уксусу,анан дагы эч кандай ашыкча нерселер кошулбайт(бадыран,подмидор ж.б).Ал эми даамы чындыгында тандайдан кетпейт!
28.06.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ашлямфунун камырын чоюп жасабайт,анткени соусу муздак болот,чоюлган камыр катуурак болот,жон эле лапшарезкадан откорот туура эмесирээк жасалыптыр бул жакта.
29.06.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто да барбы ашлямфу, айтып койгулачы (кафелерде дегеним). Өмүрү жеген эмесмин. Кечээ атабыздан не тамак жасайлы десем, "ашлямфу" деп койсо, кызым "ал эмне , ошондой да тамак болобу" деп шаштымды алды эле, "андай тамак жок" деп койгом да. Дарегин билсек жеп келели дегенбиз, билгендер жазып койгулачы Ошто болсо.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо