«КУХНЯ» СЕРИАЛЫ МЕНИ АТАКТУУ КЫЛДЫ»

№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж

Айнура, орто курактагы кыргызстандык айым. Москвадагы ресторандардын биринде пол жуугуч болуп иштейт. Каттоодон өтпөгөн, жумушка уруксаты жок. Орусиянын СТС телеканалында көрсөтүлүп, өзгөчө популярдуулукка ээ болгон «Ашкана» («Кухня») сериалында Жаңыл Асанбекова дал ушундай образды жаратат. Биз актриса айым менен интернет аркылуу баарлаштык.

– Саламатсызбы, Жаңыл эже? Чынын айтайын, сиздин атыңызды чынында эле Айнура деп ойлогон элем.
– Саламатчылык, сен жалгыз эле эмессиң, менин атымды Айнура деп ойлогондор көп эле кездешет (күлүп).

– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Мен Кыргызстандын күзгүсү болгон Ысык-Көлдүн жээгиндеги Дархан айылынан болом. Ошол жерде туулуп-өскөм. Кичине кезимден эле артист болом, Москвадан окуйм деп кыялданчумун. «Кудай жаштын тилегин берет» деген чын экен. Ошол тилектеримдин баарына жеттим. Өзүмдү эң бактылуу адаммын деп эсептейм.

– Орусияга кандай максат менен бардыңыз эле?
– 1989-жылы Москва шаарындагы М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайына кабыл алуу болуп, Москвадан мугалимдер Фрунзеге барышып, экзамен алышкан. Ошондо көптөгөн талапкерлердин арасынан 15 адамды тандап алышты. 7 кыз, 8 жигит актёрдук кесипке окууга өтүп, Москвага келгенбиз. 1993-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктадым. Азыр курсташтарым Бишкек, Каракол шаарларындагы театрларда, кино жаатында ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Мен окууну бүткөн жылы турмушка чыктым да, ошол эле М.С.Щепкин атындагы окуу жайда 2 жылдык аспирантурада окуп калдым. Анан балалуу болдук. Мына кетебиз, ана кетебиз деп жүрүп эле 25 жыл өтүп кетиптир.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да кеп кыла кетпейлиби...
– Жолдошум Таалай Жети-Өгүздүн кулуну. 21 жылдан бери чогуу турмуштун арабасын тартып келе жатабыз. Эсимде, экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз 1993-жылы Москва шаарында өткөн. Ата-эне, бир туугандарыбыз баары ушул жакка келип кетишкен.
1 уул, 1 кызыбыз бар. Уулубуз Темирлан 20 жашта. Москвадагы В.И.Суриков атындагы Жогорку көркөм институтунда художник-архитектор факультетинин 2-курсун аяктады. Кызыбыз Жасмин 14 жашта. 8-классты аяктады.

– «Ашкана» сериалына кантип келип калдыңыз?
– 2012-жылдын жаз айларында интернетке «комедиялык жанрдагы сериалга жогорку билимдүү кыргыз актрисасы керек» деген жарыя чыгыптыр. Сүрөттөрүмдү жана өмүр баянымды, резюмемди алар айткан дарекке жөнөтүп жибердим. Тез эле кастингге чакырышты. Ошентип тандоодон ийгиликтүү өтүп, тартыла баштадым.

– Кыргыз актёрлору менен орустардын айырмасы бар деп ойлойсузбу?
– Орус актёрлору кыргыз актёрлорунан эмнеси менен айырмаланарын билбейм. Анткени мен биздин актёрлор менен иштешип көрө элекмин. «Ашкана» сериалында Орусиянын көптөгөн атактуу актёр, актрисалары менен чогуу иштешип баштадым. Мисалы, Дмитрий Назаров, Марина Могилевская, Дмитрий Нагиев, Людмила Максакова. Булар орус тасма айдыңындагы эң сыйлуулардын катарын толукташат. Эң негизгиси, абдан жөнөкөй инсандар. Анан актёрлук кесибине аябай жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Мага жакканы, бири-бирине жасаган мамилелери. Аябай аяр мамилелерин көрүп жүрөгүм жылыды. Ушул сериалга тартылып жүрүп алар менен бир чоң үй-бүлөгө айландык.

– Сериалга тартылуу сиздин жашооңузду өзгөрттүбү?
– Чындыгында, аябай өзгөрттү. Аталган сериалга тартылгандан кийин 2 тасмага сунуш түшүп, аларга тартылдым. Украинанын да «Түбөлүккө бирге. Таиланд» («Вместе навсегда. Таиланд») аттуу 4 сериялуу боевик-драмасына тартылдым. Анда мен Лиу аттуу таиланддык айымдын образын жараттым. Ошондой эле СТС телеканалындагы «Анжелика» аттуу сериалда Айгүл аттуу кыргыз айымдын ролун ойнодум. Мени элдер таанып калышты, көчөгө чыксам кол тамга сурашат. «Сүрөткө түшүп алсак болобу?» дешет. Көпчүлүк мен жараткан образдар алардын жашоосуна позитив алып келерин айтып, ыраазычылыктарын айтышат. Киев шаарына барсам, ал жактан да аябай жакшы тосуп алышты. Кесибимдин бул тарабы мага абдан жагат. «Ашкана» сериалы менин багымды ачты десем болот. Азыр өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип жүргөн учурум.

– Кыргыз режиссёрлорунан тасмага тартылууга сунуш түшпөдүбү?
– Азырынча алардан сунуш ала элекмин. Бирок чын дилимден күтүп жатам. Себеби менин эң негизги тилегим – Кыргызстандын тасмасында эсте каларлык, негизги ролду жаратуу. Буюрса, август айында мекениме да барып келем деп турам.

– Ашкананы таза кармагандан сырткары тамакты да жасаганды мыкты билеттирсиз?
– Тамак-аш жасаган абдан жагат. Өткөн жылы өзүмдүн туулган күнүмө «Ашкана» сериалындагы тартуучу топко, актёрлорго Өзгөн күрүчүнөн 1 казан аш басып, боорсок, чак-чак жасап алып баргам. Бардыгына жакты. Профессионал ашпозчулар да макташты. Азыркыга чейин ооздорунан түшүрбөй айтып жүрүшөт. Сериалдын 3-сезонунда атайын Айнура аш басып ашпозчуларды кыйын учурда куткарып кала турган кылып сценарийге да кошуп жазышты.

– Сизди ырдайт деп дагы уктук эле...
– Ооба, мурун Москвага кыргыз ырчылары концерт коюп көп келишчү. Айбек Карымов, Нуриса Абазова, Абдылда Иманкулов сыяктуу атактуулар менен чогуу концерттерге катышып жүрдүм. Бир жолу жадакалса Абдылда байке менен интермедия да аткаргам.
Иним Улан «Шантелл» тобунда ырдачу. Актан Исабаев экөө чогуу окушкан. Мен да азыр өзүмдүн альбомумду чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Актандын студиясынан 6 ырды жаздырып койдум, дагы 6 ыр жаздырсам диск даяр болуп калат.

– Жаңыл эже, ишиңизге ийгилик. Кыргызстанга келишиңизди күтөбүз.
– Рахмат. Албетте, кеңсеңиздерге баш багам.

«Сериалга тартылып, көптөгөн атактуу актёрлор менен чогуу тасма талаасында иштөөгө мүмкүнчүлүк алдым».

Күн сайын «Ашкана» сериалынын көрөрмандары арбып баратат.


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Кухня" сериалына тартылып, атактуулукка жетишкен Жаңыл Асанбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(67)
30.06.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул макала мени суйунтурдурду десем болот кинону коро элекмин бирок эжекебиздин тартылганын окуп тан калдым корушум керек экен! Анча мынча кыргызстандагы актрисалардын оозу жабыла тушсо керек бул эжекебиздин жараткан ийгиликтеринен кийин. Баарынарга ийгилик каалайм.
01.07.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага абдан жагат даа кудай сакта,койрон десе деп кыргызча суйлогон жерлери,сонун кино.
01.07.2014. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сизге эжеке,актрисалык чеберчилигиниз оркундой берсин!!!
SUPER.KG видео
01.07.2014. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эжеке сизге таазим. 25-жыл жашасада Орусияда. Орусча соз аралаштырбай, кыргызча таза суйлогонунузго. Бактылуу болунуз ар дайым уй булонуз менен! Чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
01.07.2014. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Азаматсыз эже.
SUPER.KG видео
01.07.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
01.07.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик эжеке,кинону коргон эмес элем корот окшойм. Уй булолук бакыт жана чыгармачылык ийгилик каалайм.
01.07.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кино, четкий аткарган. Ийгилик.
01.07.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эже тартылган кино кино эмес эле кулкунун наркотиги десек туура болчудай:)))) Соонун таптылган ! Ийгилик сизге!!! Коргуло кыргыздар!!!!
SUPER.KG видео
01.07.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таза кыргызча суйлогону жакты! бар болунуз эжекеси!
01.07.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз! Мындан да оркундоп осо бериниз!
01.07.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз тасмаларынан сиздин жаны сонун ролдорду кутобуз эжеке
01.07.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз да бул сериалды калтырбай коруп журдук, "эй жинди" деп урушуп салат го кыпкыргызча)))).Анан дагы шефке саат 12 болду деп койгон жери бар го, шефи туй ата кечиктим дейт беле, аны коруп кулуп жыгылдык го чиркин.Азаматсыз Айнура эже!!!
SUPER.KG видео
02.07.2014. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iylilik eje sizge bar bolunuz. Moskvadan bizda sizdin korarmanynyzbyz,dagy kop rol jaratynyz.
SUPER.KG видео
02.07.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да биринчи коргондо аябай тан калгам."Чын эле кыргызча суйлоп атабы?"- деп.Сценаристтердин бири Жаннат деген кыргыз бала бар тура корсо...Асанкалый Керимбаевдин уулу Жаннат Керимбаев го.

02.07.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вместе навсегда. Таиланд деген киносун коргом аябай жакшы кино доктордун айалын ролун аткарат шипеон болуп байкушту атып салат
02.07.2014. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан бул «КУХНЯ» деген сериалын каяктан коробуз билгендер айтып койгулачы
02.07.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо!!!Мен да аудио,видео ачылбайт коро албай жатам.Анан купуя дегенге тушунбодум.Кантип видео корсо болот?Мен Москвадан телефондон кирем.Маркасы айфон 5$.Жооп жазып коюнуздарчы.Алдын ала рахмат.
03.07.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино окшойт баарынар эле мактап калдынар сериялды
03.07.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tорт жолу кайталап коруп салдымго чиркин. Жакшы сериал. Сизге ийгилик эжеке!
03.07.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нормально
03.07.2014. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эженин кыргызча суйлогону жакты,бааладым.Ком жылдан бери орус жергесинде болсо дагы таза так суйлойт экен.Биздин кээбир артистерибиз барго бишкекте жашагандар орусчаланып калышат.Азаматсыз эже,сизге ийгилик каалайм,атагыныз алыска жетсин.
04.07.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн бир соонун маек болуптур,азаматсыз биз Лондондо да интернеттен издеп журуп коруп жаттык талантынызга таазим
04.07.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сериалды бир жыл мурда уктум эле чогуу иштеген кыздан Москвада. Кором го буюрса. Жаныл( Айнура) эже азамаьсыз.
05.07.2014. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино абдан сонун. Эженин аткарганы укмуш.
SUPER.KG видео
05.07.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эже киного тартылганына канча толойт болду экен?
05.07.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга колдуктор урааааааа
06.08.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гезиттин ушул санынан кийин сериалдын 3 сезонун алып кордум, ролу жакты, бирок кыргыздарды тупой кылып койгон, айрыкча бир сериясында" У нас тоже такое было, когда Бакиев убежал, тогда мясо не осталось" деген жер бар экен, Бакиев качканда биз этсиз калган эмесбиз. Ошол созду айтып жатканда калдайган артында калын кыргыз эли бар экенин ойлоду бекен, оола
06.08.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда иштеген кыргыздардын баары эле Айнуранын образындай эмес, бизде деле грамотный адамдар коп
SUPER.KG видео
27.11.2016. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25 жыл четте журсо да журогу кыргыз деген аял экен,ар дайым аман болунуз!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо