Гүлжигит Сатыбеков: «ЫРЧЫ БОЛОМ ДЕП АЛМА САТЫП БИШКЕККЕ КЕЛГЕМ»

№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж

«Атактуу ырчы болуш үчүн сөзсүз акча же тааныш болуш керек» дегендерге ою жаңылыштык экенин айтмакмын. Азыркыдай атактуулукка жетиш үчүн бүгүнкү каарманыбыз кандай гана зор эмгек жасаптыр. «Мен да өрт болуп турган чакта ырдап чыксам, элге көбүрөөк эмгегим сиңип калмак» деп аттиң кылат ырчы. Бирок өрт кезинде Гүлжигит азыркы атактуулукка карай алгачкы кадамдар үчүн акча издеп, ар кайсы жумушту кылып жүргөн эле. Бул ырчыны Бек Борбиевдин жолун улантуучу деп көп айтышат. Эмесе, учурдун актуалдуу темаларын козгоп, аларды обонго салган Гүлжигит Сатыбековдун азыркы атактуулукту кантип багындырганын башынан баяндап берели.

«БИР КЕЗДЕ КЕРСЕЙИП ДА КАЛГАМ»
-1999-2000-жылдары студент кезде ыраматылык куудул Дөөлөт Мадымаевдин иниси менен «Сагын+күлкү» деген топ түзүп, түштүк жерин кыдырып концерт берип жүрдүк. Менин сахнага болгон кызыгуум ошондо элдин мени колдоп, жакшы кабыл алганынан башталды. Андан кийин 6 жылча тыныгуу болуп, айылда жүрдүм. 2006-жылы ноябрь айында ырчы болом деген каалоом күчөп, бактагы алмаларды сатып, акчаны түйүп алып Бишкекке келдим. Сахнага чыгыш мага оңойго турган жок. Түйүп келген акчам 3-4 күнгө араң жетип, түгөнүп калды.
Айылда тыныгууда жүргөндө бир нече ырларды жазып койгон элем. Ошол чыгармаларыма аранжировка жаздырайын деп Кубик Калыковду издеп баштадым. Так ошол маалда ал киши Спорт Сарайында концерт бермек экен. Досторум менен баратып, аянтчага келсек митинг болуп жатыптыр. Ал жактан балдар Бек Борбиевди көрө калып, «Бек байке турат, жүр, тааныштыралы. Суранып көр, жардамдашар» деп тартынганыма болбой жетелеп барышты. Бек байке менен таанышып, «сиздин чыгармаларыңыз менен чоңойдук, мага жардам бериңизчи» деп сурандым. Ал убакта Бек байке бажы кызматында иштечү. «Жумушума келип кет» деп койду. Антип-минтип барганча ырларымды жаздырып койгон элем. Даяр ырларымды алып барып угузсам «Айбийке» дегенди жактырып, кайра-кайра укту. «Менден эмне жардам керек?» дегенинен радиолорго чыгарыш керек болуп жатканын айттым. Ал дароо «Кыргызстан обондору» радиосуна чалып, «азыр Гүлжигит деген бала барат. Тосуп алып, жакшылап карап койгула» деп дайындап койду. Барсам ди-джей Назгүл Айдаралиева тосуп чыгып, ырларымды алып калды. Ошондо үйгө шашканымчы. Үйгө келер замат радиону кайтардым, ырымды дароо эле бере салчудай болуп. Бир күн өттү бербейт, эки күн өттү жок, мени алдап коюшкан турбайбы деп көңүлүм сууй түштү. Радиодо бир жума мурун план түзүп ырларды жаңыртышарын мен анда кайдан билейин? Бир жумадан кийин ырым радиодон кете баштады. Ошондо маршруткада баратсам ырым жаңырып калса, бул менин ырым деп сыймыктанып алчу элем. Бир учурда өзүмчө керсейип да калгам. Бирок ойлонуп көрсөм, жөнөкөйлүк сапат жакшы экен.

«САХНАГА ЧЫГЫП АЛЫП КИЙИМИМДЕН УЯЛГАМ»
-Шаарга келгениме аз эле болгон. Борбордук аянт жакта студиябыз бар эле. Өзүбүз «Рабочий городокто» турабыз. Тыйын калбай калган күндөрү жолду билбейбиз да, троллейбустун линиясына түшүп алып, «Ош базарды» айланса айланып линия менен жөө келчүбүз. Бир окуя эч эсимден кетпейт, Сыймык (ред. Бейшекеев) байкеге «жардам бериңизчи» деп чалып жүргөм. Бир жолу Кыргыз драма театрында концерт коюп жатышкан экен, ошол жакка кел деп калды. Жолуккандан кийин кайтар жолума акчам жок экенин эстедим. Ошондо эле Тынар (ред. Курбаналиев) менен тааныш болчумун. Ал «Россия» кинотеатрында концерт берип жаткан экен, андан акча алайын десем, кетип калды. Борончу (ред. Кудайбергенов) байке биз жакта жашачу эле, ошону менен жетип алайын дедим. Ал киши «башка жакка кетет элем» деп өз жолу менен кетти. Түн кирип калган, эмне кыларымды билбей турсам Жаныбек Аттокуров чыгып калды, ага абалымды айтсам машинасына отургузуп, экөөбүз шаардын сыртына чыгып алып аябай ырдаганбыз. Ошондо Жаныбек байке ырга каалоом күч экенин билип, мени эртеси күнү болчу куудулдардын концертине чакырды. Кийинки күнү сахнага чыгып алып кийимдеримден ушунчалык уялдым. Ал убакта жыргаган деле акчам жок болчу да кийингенге.
Анан бир күнү Жаныбек байке чалып, «менин ордума кафеде 3 күн иштеп турчу» деп калды. Ал жакта ырдап жүрүп 1 ай өтүп кетти. Бир нече айдан кийин келип, «ушул жерде эле иштей бер» деп койду. Ошол кафеден иштеп кичине тыйын-тыпыр чогултуп, чыгармачылыкка катуу кириштим. «Коштошуу» деген ырымды жаздырып, клип тарттырдым. Эсимде, кафеге күндө бир жигит келип эзилип ыйлай берчү. «Жанагы ырды ырдап бер» деп акча кыстарып, кайра-кайра ырдатмай адаты бар эле. Кийин ал жигит менен жолуктум, көрсө, ал обон жазып жүргөн чыгармачыл адам экен. Ошол кезде турмушу бир аз кыйын болуп турса керек деп ойлоп калам.

«КҮНҮНӨ 300-400 КАТКА ЖООП БЕРЕМ»
-Кафеде иштеп жүргөндө тааныш кызым «бир эже Орусиядан келди, таанышып, жардам сурап көрбөйсүңбү?» деп калды. Биринчи продюсерим Динара Музапарова менен ошондо таанышып, клип тартууга жардам сурагам. Продюсерим клип тартууга акчалай жардам кылды, аны кайтарыш керек болду, менин болсо ал кезде бере турган акчам жок эле. Концерт коюп, ошондо кутулайын деп иштешип калдык. Экөөбүз иштешкен үч жылда арабызда жакшы күндөр, келишпестик, кыйынчылыктар болду. Ошол убакта чыгармачылык, жашоонун тозогун көрдүм. 3 жыл мага 30 жылга барабар болду. Чыгармачылыгым токтоп калды. Ал киши менен эсептешип, андан кеткенден кийин чыгармачылыкка жаңы багыт, эргүү менен кирип, тамашалуу ырларымды удаасынан чыгарып баштадым.
Андан кийин Астра эже менен иштештим. Бирок дале уюштуруучулук жагынан аксап жатам. Элдин арасынан жан дүйнөсү таза адамдарды издеп таппай келем. Бир адамдын мээнети экинчи адамды кызыктырбайт экен. Адамдардын оюнун баары эле акча болуп калыптыр азыр. Ушуну пайдалансам, кызарган жерин жулуп алсам деп эле турушат. Элге кызмат кылып жатты эле, жөлөп-таяп жардам берсем деген ой жок. Чет өлкөгө чакыруулар ушунчалык көп, жетишпейм. Көп болду, той, кечелерге чакырса барбайм. Анткени тойго барып ырдагандан кийин акчасын бербей кыйнашат. Алдын ала сурасаң, акча үчүн өлгөнү калган го дешет. Ошон үчүн жаман көрүнбөй ырдабай коюуну чечкем.
Күнүнө эле 300-400 күйөрмандын катына жооп берем. Ошондо да кээде жооп жазганга үлгүрбөй калсаң, «жооп бергиси келбей калыптыр, жылдыз болуп кетиптир» дегендер болот. Тынчтык, уйку бербеген күйөрман кыздар бар. Өзгөчө Айдай деген кыз чала берет. «Бошобой жатам» деп өчүрүп койсом да кайра-кайра чалганын койбоду. Телефонумдун зарядын ошол эле кыз түгөтөт (күлүп).
Негизи, чыгармачылык аябай татаал жол. Кээде ыр жазам деп отуруп досторум менен эс алууга бара албай калам. Аябай капа болгондорду өзүм менен ыр жаздырганга ээрчитип алам, көрүп ал деп. Студияда эки саат отурганда эле «кой, сен бошобойт экенсиң» деп кетип калышат. Кээде чыгармачылыкты жыйыштырып, ырчыларга ыр жазып берип эле жүрсөмбү деп ойлоном. Бирок баштаган ишти аягына чыгайын деп кайра ал оюмдан кайтам. Мен акчанын артынан кууган адам эмесмин, негизги максатым – ырларым элдин жүрөгүнө жетсе дейм. Айрымдар «сен жылдызсың, сен деген жакшы кийинишиң, эл түшпөгөн машинада жүрүшүң керек» дешет. Андай кымбат баалуу машинада жүрүп ырыңды эч ким укпагандан көрө, ырларыңды эл угуп, жөө жүргөн жакшы эмеспи.

Айымкүл Аманбаева, апасы:«БАЛАМДЫН ЫРЛАРЫН УГУП ЫЙЛАДЫМ»
-Бала кезинен эле Гүлжигит айылга ырчылар концерт коюп келсе калтырбай барып, алар менен таанышып, үйгө чакырып чай берчү. Ошондо эле «шаарга барсам жардам берер бекен?» деген үмүтү болгон экен, азыр ойлоп көрсөм. Мектепте окуп жүргөндө ырларды жазып калчу, аны биз хоббиси болсо керек деп маани бербептирбиз. Биринчи жолу баламды сыналгыдан «Айбийке» деген ырын ырдап чыкканда көрүп алып сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Азыркыга чейин бизди тааныгандар Гүлжигитти көрүп калышса «балаңыз ырдап жатат. Көрүп жатасызбы?» деп чала беришет. Сын адамды тарбиялайт демекчи, балам жөнүндө айтылган сындарды мен туура кабыл алам. Бирок жалган кепти айтышса, кадимкидей чычалап кетем.
Азыр чыгармачылыкка катуу киришкенине байланыштуу үйгө көп байыр албайт. Бирок 2-январь атасынын туулган күнү, ошол майрамды эч калтырбай келип, атасын куттуктап кетет. Энемин да, өзүм бат-баттан чалып, кабарлашып турам. Атасы экөөбүздүн ойлогонубуз эле балабызды үйлөнтүү. «Качан үйлөнөсүң?» десек эле «күзүндө» дейт. «Күз болуп калды го» десек, «анда жазда» деп убакытты созуп жатат. Айылда той-топурга барганда сөзгө чыксак, тамадалар «кыргыз элине таанымал ырчы Гүлжигиттин ата-энеси» деп тааныштырышат.
Бир жолу Бишкекке барганда Гүлжигит Айбек Карымовдун концертине алып барды. Концертте Алтынай Нарбаева менен Анара Шаимкулова отурушкан экен. Таанышсак, «кандай аял тууду экен, Гүлжигиттей уулду?» дечү элем, сиз турбайсызбы» деп экөөбүз сүрөткө түшүп, жакшы сүйлөштүк. Баламдын ушундай ийгиликтеринин артынан көп адамдар менен тааныштым.

Алмаз Кулбаев, иниси: «ЫР ЖАЗДЫРАМ ДЕП ЖАҢГАК ТЕРИП ИШТЕДИ»
-Гүлжигит менден бир жаш улуу, экөөбүз удаа чоңойдук. Үйдө 6 бир тууганбыз, баарыбыздын фамилиябыз чоң атабыздын атынан Кулбаев болгон, ал эми Гүлжигит чоң атамдын атасынын атын алган. Гүлжигит Сатыбеков деген ат белгилүү болгондон кийин инибиз Асылбек атактуу фамилияны алам деп Сатыбеков болуп алды.
Гүлжигиттин бала кезинде сумканы алдына асынып алып аккордеон кылып ырдамай адаты бар эле. Ал таенемдин колунда чоңойду да. Апам «Гүлжигит таенеңдикинде да жок» деп издегени издеген эле. Кошуна айылда той болду дегиче ал барып ырдап, 2-3 күнгө жоголуп кетер эле. Дайыма артынан атам барып алып келгени эсимде. Бир ай тынч жүрүп, кайра жоголуп кетет. Айылдагылар «Гүлжигит дагы жоголуп кетти» деп сөз кыла беришчү. Кийин агамдар айтып калышты, «көрсө, таланты жөн койбой жаткан экен да» деп. Ошондо эле «« дечү, мен анда маани бербептирмин.
Таенемдин көзү өткөндөн кийин үйү Гүлжигитке калды. Багындагы толтура мөмөлөрү бышканда ал жыйнап сатып ыр жаздырганга коротчу. Ырларымды чыгарам деп ар жактан акча издеп, бир кездерде Өзгөндө жаңгак терип иштеп да жүрдү. Ошентип кара тери менен тапкан акчага Бишкектен ыр жаздырды. Аларды мен алып Оштогу кафелерге «ушул ырды жарнама кылып бергилечи. Радиодон чыгарып бергилечи» деп таратып жүргөм. Азыр, Кудайга шүгүр, Гүлжигиттин ырын антип суранбай эле той-топурда адамдар өздөрү издеп таап коюп жатышат.

Нургазы Кудайбердиев, досу: «КӨТӨРҮЛҮП, БИЗДИ ТААНЫБАЙ КАЛДЫ ДЕП ТААРЫНГАНБЫЗ»
-4-класста мен үй-бүлөм менен Аксы районундагы азыркы Мукур айылына көчүп келип, Гүлжигит менен бир класста окуп да, кошуна болуп жашап да калдык. 7-класстан баштап ал «Бек Борбиевдей ырчы болом» деп айтып жүргөн. Кээде көп барактуу калың дептеринен жазган ырларын окуп берчү. Анын «Айбийке», «Коштошуу» деген ырлары алгач радиодон жаңырып баштаганда көпчүлүк аны Бек Борбиев деп ойлоптур.
Досум көп кыйынчылыкты башынан кечирди. Жашоосунда кандай өзгөрүү болбосун биз менен бөлүшүп турчу. Досубузга материалдык жактан болбосо да, моралдык жактан жардам берип келдик. Башында биз менен жолугушууга келбей калса, «кичине көтөрүлгөндөн кийин карабай койду» деп таарынып калчубуз. Азыр болсо келе албаса да телефондо сүйлөшүп, анын шартын туура түшүнөбүз.

Астра Исмаилова, менеджери:«БИЗДИ УРУШТУРГУСУ КЕЛГЕНДЕР БОЛДУ»
-Гүлжигитти «Коштошуу» деген ырынан улам сырттан таанычумун. 2012-жылы жайында «Кеңеш» тобунун концертинде аны көрүп калып, «Исфана» деген ырың хит болуп жатат, концерт бербейсиңби» десем, «берет элем» деп калды. «Кел анда, мен уюштуруп берейин, сен бир күндү белгиле» дедим. Эртеси күнү эле аракет кылып баштап, концертин Айт күнү өткөрмөй болдук. Майрам күнү эл көп келбей коёбу деп кабатыр болуп жаттык эле, киши көп болуп, ийгиликтүү өттү.
Ошентип менеджери болуп иштеп калдым. Орусиянын 15 шаарына жылына эки жолу кыдырып концерт берип жаттык. 2 жылдай чогуу иштештик. Ортодо кээде түшүнбөстүктөр болуп калат. Мен ак көңүлдүк кылып дайыма өзүм чалам. Ар кандай адамдар болот экен да. Ортодо бизди уруштургусу келип мени жамандап, мамилебизди бузган адамдар да болду. Бирок мен аларга теңелбейм.

Салтанат Жумабаева, актриса:«ЭКӨӨБҮЗДҮ КЫЗ-ЖИГИТ КЫЛЫП САЛЫШТЫ»
-«Лейлектик кызга» деген клипке тартылганга чейин эле үй-бүлөбүз менен Гүлжигит акенин ырларын угуп, клиптерин көрчүбүз. Бул клипке кастинг аркылуу тандалып, катышканымды эч кимге айткан эмесмин. Клип жарыкка чыккандан кийин бат эле өз атым өзгөрүп, «Лейлектик кыз» деген атка кондум. Кээде маршруткада баратсам, шашылыш болсо да «Сен лейлектик кызсыңбы?» деп сурап калышат. Кээде «клиптеги кыз ушул, бул эмес» деп мелдешип, чачымды жыйналган жеринен жайдырып көргөндөр болду. Бир убакта Гүлжигит аке менен мени кыз-жигит экен деп да чыгышты. Биз ага-карындаштай, сый мамиледебиз. Эл алдына чыккандан кийин ар кандай талкууга алына берет экенсиң. Ошондуктан азыр көп сунуштардан баш тартып жатам.

Гүлжигит «Мен сенден кетейинчи» деген ыры менен «Жылдын супер ыры-2013» наамына татыган.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын архивинен алынды)
star@super.kg


Гүлжигит Сатыбеков: "Ырларымды укканда керсейип калгам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(81)
30.06.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салтанат актриса бекен? Ал Кара-Суу базарында соода кылат го.
30.06.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары коп кырдуу, кааласан шандуусу, кааласан кайгылуусу бар. Азаматсын чыгармачылыгына ийгилик, жеке жашоондо жакшы тугой тап уком.
01.07.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит МАЛААААДЕССС.Чыгармаларын мыкты, озун да ото жакшы ырдайсын,баардык фронтто сага ийгилик!
01.07.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик ушунундан жазба ))))
01.07.2014. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантыныз ташкындай берсин , ийгилик сизге . Гулжигит сиздин талантынызды сыйлайм , бар болунуз .
SUPER.KG видео
01.07.2014. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйом да суйом ырларын!!!!
01.07.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлор менен учам алыс бакыттарга, байласамбы кучагынды шаттыктарга, демекчи менда ыр жаратып канча жылдан бери журом коп эле аракет кылдым ырчыларга берсемби же китеп чыгарсамбы деп озумчо тартынам жана ырчылардын ырларын сынчылар сынаганда мана тийгендей боло берет менин ырларымда кобунесе кайгылуу негедир калемимди алганда кайгылуу ырлар жаралат
01.07.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Гулжигит айтыптырго кунуно 300-400катка жооп берем деп кайсы тараптан ага кат менен байланышсак болот мумкун ырларымды жазып жонотоормун жолумдун алгачкы ачкычы мумкун силерсинер мен кыргызстанда эмесмин албетте.
01.07.2014. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagi82, Саламатсызбы!
Суроолоруңузду төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп калтырсаңыз болот: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=80011
Эгер кааласаңыз ырчыга купуя кат аркылуу да кайрылсаңыз болот: http://www.super.kg/superstan/index.php?showuser=290263
01.07.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит суппер! Ийгилик каалайм?
01.07.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик мага да жагат
01.07.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men sizdi jakwy korom yrlarynyzdy da
01.07.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы суйуктуу супер инфо?гулжигит сатыбековдун биринчи аялы баткендеби?ал аялы мн баш кошуп 5жыл жашап балалуу болушпай ажырашып кеткенби ?ушунун чын тогунун билип бериниздерчи
01.07.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы убакта ошол аялы баткен областынын айдаркен шаарында жашайт экен алдын ала рахмат
01.07.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sarbo, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
01.07.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууну тапсаныз мага да айтып коюн,калып кетпейин!Алтын башыныз аман болсун!
02.07.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу жок деп кулуп койгонунуздан сиздин!суйуу болгон учун ырларыныз элге синбедиби!журоктон чыккан журоко жетет дегендей.эми батырак уйлонунуз ар кимди умуттондуро бербей!сизди корсом эле менин да ойум бузулат,таанышкым келип.ыймандуу кызга туш болунуз!удачи!
02.07.2014. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоого бир келип,бир кетебиз,омур ушунчалык тез отот жана кыска.Байлык колдун кири демекчи,а сенин байлыгын очпос,тугонбос,жууса кетпей турган туболуктуу байлык.Ушул пейлинен жазбасан келечегиндин ото бийик экени чындык го...
02.07.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
02.07.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгынызга ийгилик...........
03.07.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таза сезимден жазылган ырлар Гулжигит:ийгилик
Билген жоксун журогумдун эзилгенин
Жан дуйномдун жалгыз сен деп ийилгенин.
(жигиттин эмес кыздардын да ойундагыдай)
03.07.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шумдук деле популарный эмес го
03.07.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйуу бар!!!!!!!!!!!мен жолдошуму суйом ал да мени биз бактылуубуз!Гулжигит акенинин суйуудон конул калган окшойт корунот! ырлары баары маанилуу кайра кайра уксан тажабайсын дагы жакшы ырларды кутобуз ийгилик
03.07.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik sizge Guljigit bayke yrlarynyz soonun
03.07.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ильяз экоонун мунозу жылдыз оорусу жоктугу окшошуп кетет экен ))))
SUPER.KG видео
03.07.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени Гулжигит акенин фанаты десе да болот жакшы ырчы ырчылардын эн жакшы ырдаганы ушул аке албетте Бек Сыймык акелерден кийин.
04.07.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эсептейт экенби 300-400 кат жазганын.....?
05.07.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгынызга ийгилик! Ырдап журо бериниз унунуз очпой.
SUPER.KG видео
06.07.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат чыгармачылык ийгилик
06.07.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sany kop sapaty jok yr4ylardyn katarynda emes iygilik sizge Guljigit baike.
SUPER.KG видео
08.07.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик брат
SUPER.KG видео
15.07.2014. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул жылдын 23 май айында бир тууган иним Акжигит уйлонду эле Гулжигиттин ырларына бийлеп той откордук эле бугун 10 июль да иним кокустан машинасы мн авария болуп ичинде куйуп кетти,мн тируу болсом да кошо куйдум алыскы Сахалинден бара албадым,иним Гулжигиттин мага эми баарибир ырын уга берчуу кечээ кана уйлонуп жапжаш иним кете берди кино эле болду,барсам сага жолуксам болобу Гулжигит,ыр жазып клип тарталы инимдин тагдыра байланыштуу.Акназар,Б эл адрес Sahalin.s@mail.ru.Ийгилик Гулжигит
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо