«БРАЗИЛИЯ-2014» КОШ, ИСПАНИЯ!

№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж

Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу кызыгына батып жаткан учуру. Тайпалык баскычтагы оюндар аяктап, ал күтүлбөгөн жыйынтыктар жана кызыктуу окуялар менен коштолду. Алсак, учурдагы Дүйнө чемпиону жана бул чемпиондуктун негизги фаворити саналган Испания курама командасы өз тайпасынан да чыга албай калды. Уругвай чабуулчусу Луис Суарес Англияны тизе бүктүрсө, укмуштуудай оюн көрсөткөн Коста-Риканын кезектеги курмандыгы Италия болду. Германиянын 36 жаштагы чабуулчусу Мирослав Клозе Дүйнө чемпиондуктарында 15-голун киргизип, Роналдонун рекордун кайталады.

Испания – Чили 0:2. Чемпиондор уят болушту. Эртеси испан гезитинин бири «Бардык жеңиштер (2008-2012-жылдагы Европа чемпиондугу, 2010-жылдагы Дүйнө чемпиондугу) үчүн силерге рахмат айтабыз. Эми азыр силер бизден кечирим сурабагыла. Биз силерден кечирим сурашыбыз керек” деп жазып чыкты.

Германия – Гана 2:2. Немис чабуулчусу Мирослав Клозе Дүйнө чемпиондугундагы 15-голун киргизип жатат.

Уругвай – Англия 2:1. Луис Суарес англиялыктарды үйүнө узатууда.

Аргентина – Иран 1:0. 90+1-мүнөт. Лионель Месси дагы бир ирет өз командасын сактады.

БОМБАРДИРЛЕР ТИЗМЕСИ
Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык оюндары жыйынтыкталууда. Гезит бети басылып жаткан маалда оюндарда башкалардан көп гол киргизип, бомбардирлер тизмесинин алдына чыккан оюнчулар:

4 гол:
Неймар (Бразилия)

3 гол:
Карим Бензема (Франция)
Эннер Валенсия (Эквадор)
Робин ван Перси (Голландия)
Томас Мюллер (Германия)
Арьен Роббен (Голландия)
Хамес Родригес (Колумбия)

2 гол:
Лионель Месси (Аргентина)
Луис Суарес (Уругвай)

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
30.06.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
короче, бир соз менен эле ЧМ 2014 аябай кызыктуу болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо