Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БЕЛЕК» ЛОТЕРЕЯСЫ КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНӨ УТУШУН ЫЙГАРДЫ

№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж

«Белек» элдик лотереясы Ош шаарында өзүнүн кезектеги жеңүүчүсүнө 8 миллион сом баш байгени ыйгарды. Буга чейин да миллиондогон сомдор коюлган байгелерди бир нече киши утуп алып, алар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан аныкталган. Мисалга, өткөн оюнда Жалал-Абад облусунун тургуну миллионер аталган эле.
Бул сапар кезектеги бактылуу билеттин ээси болуп алыскы Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургуну Сыдык табылды. Ал кезектеги Ош шаарына болгон сапарында бактысын сынап көрүү үчүн «Элдик лотерея» соода маркасынын «Белек» лотереясынан болгону бир билет сатып алган. Бул ирет бакыт кушу Сыдыкка жылмайып, ал 15-июнда өткөн оюнда 8 миллион сом утуп алган.
Жеңүүчүлөргө белек салтанаттуу тапшыруу аземи «Элдик лотереянын» расмий өкүлчүлүгү ачылган ордолуу Ош шаарында өттү.

Кыргызстандагы миллионерлердин катарын толуктаган жеңүүчү СЫДЫК кубанычы менен бөлүштү:
– Алгач баш байгени утуп алганыма ишене алган жокмун. Колума акча тийгенден кийин гана толук ишендим, бирок ошентсе да дагы деле бул мага түш, жомок сыяктуу сезилип жатат. Эми бул акчага балдарыма үй алып берем. Ошондой эле «Элдик лотерея» алдабайт, оюн таза өтөт экен деп бардык элди ишендирип кетмекчимин. Сиздер да «Белек» лотереясын алып ойногула, уткула!

15-июнда өткөн «Белек» лотереясынын баш байгесинен сырткары 50 миң сом байгени Кара-Суу районунун тургуну утуп алган. Утушун алып кубанычы коюнуна батпай турган жеңүүчү АЗИМ ЭРМАТОВ биринчи жолу эле сатып алган лотереясынан 50 миң сомдук утуш чыкканын айтып отурду:
– Менин көңүлүм аябай көтөрүңкү, себеби мен үчүн 50 миң сом чоң акча. Бул акчаны эмнеге короторумду азырынча чече элекмин, бирок жакшылык иштерге пайдаланам. Анан да «Элдик лотереяны» ойногондордун бардыгы жеңишке жетишсин!

«Элдик лотереянын» PR менеджери АЛИНУР ОРМОН УУЛУ:
– Кыргызстанда биринчи жолу мындай ири суммадагы белектер ойнотулуп жатат. Биз алгач баш байгени 5 миллион сом кылып баштаганбыз, эми
8 миллион сомго жеттик. Бул биз үчүн чек эмес, келечекте байгенин суммасын дагы да көтөрө бермекчибиз.
Ош шаарында да «Элдик лотереянын» филиалы ачылды. Эми ал жерден кардарлар билеттерди сатып алып, уткан белектерин ала алышат.
«Элдик лотерея» Кыргызстандагы өз ишмердүүлүгүн 2013-жылдын январь айынан баштаган. Бул аралыкта компания 3 лотерея продуктусун ишке ашырган. Алардын бири «Белек» лотереясы Кыргызстандын тарыхындагы эң ири байге фондусу бар экендиги менен мактана алат. Мындан сырткары ылдам ойнолуучу «Супер 3» жана «Супер лото 5/50» электрондук лотереясы ишке киргизилген. Компаниянын өкүлдөрү келечекте өлкөбүздүн тарыхында болуп көрбөгөн дагы жаңы лотереялык продуктуларды ишке киргизүүнү болжоп жатышат. «Элдик лотерея» кыска убакыт аралыгында башка лотереялардан озуп өтүп, лидерликти колго алды.
«Элдик лотерея» соода маркасынын «Белек» лотереясы ар бир айдын 15инде ойнотулуп келет. Түшкөн пайданын 10 пайызын «Элдик лотерея» Маданият министрлигинин ишмердүүлүгүн колдоого жөнөтүп, муну менен өлкөбүздүн маданият жана туризм багытынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет.
Жакында «Белек» лотереясы бир жылдык мааракесин белгилейт. Ага карата 15-июлда кезектеги майрамдык чыгарылышын тартуулайт. Баш байге – 8 миллион сом!
«Элдик лотерея – ойноп жаша!»

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
30.06.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз ойноп кодук. Мен ишенбедим улул лотереяга. Утуш чыгабы озу
30.06.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз бир канча ирет ойноп кордук. Мен ишенбедим ушул лотереяга. Утуш чыгабы озу чындыгында ???
01.07.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгат Сыдык деген менин айылдашым болот.
01.07.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенбедим
01.07.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а билет канча сомдон сатылат
07.07.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр коркосун миллионер болуштан да. миллионду утуп алып анан кутосунго чиркин качан бироосу келип дагы не балее кылып иет деп
01.08.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
миллион утуп алгандарды суротко тартып жарыялабай эле койушса болмок, азр заман башка эмесби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо