№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж
Карыздарын төлөп, оорусун дарылатыш үчүн тогуз ай көтөрүп, беш ай бооруна басып баккан баласын
70 миң сомго сатып жиберген 27 жаштагы Манзура аттуу келин Ош шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Шектүү өзүмдү өлтүрөм деп жаңжал салууда
Ош шаардык милиция бөлүмүнө «Ош шаарынын тургуну өз баласын 70 миң сомго сатып жиберген» деген маалымат түшкөн. Бул ишти иликтеген милиция кызматкерлери 26-май күнү кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Манзура, 1958-жылы туулган Мавлюда аттуу Ош шаарынын тургундарын кармашкан. Учурда убактылуу кармоочу жайда камакта отурган кылмышка шектүү Манзура кылган ишине өкүнүп, «өзүмдү-өзүм өлтүрөм» деп жаңжал кылып жатыптыр. Ал төмөнкүлөрдү айтып берди.
«БАЛАМ КАНДАЙ АДАМДАРДЫН КОЛУНА БАРГАНЫН БИЛБЕЙМ»
Манзура, кылмышка шектүү:
– Күйөөм менен ажырашып кеткем, андан 5 жаштагы балам бар. 2013-жылдын сентябрь айында никесиз уул төрөдүм. Ал убакта ооруп жаткам, анан да карыздарым көбөйүп кетти. Баламды бага албасыма көзүм жеткенде таежеме айтсам, «бала сатып ала турган тааныштарым бар» деп калды. Баламды таежем тапкан адамдар сатып алышкан, бирок кандай адамдардын колуна барганын билбейм. Мага 42 миң сом беришти. Ооручумун, дарыландым, карыздарымды төлөдүм.
«БАЛАМДЫ САТАТ ЭЛЕМ ДЕП ЧИЛДЕДЕ КАЙРА-КАЙРА ҮЙҮМӨ КЕЛДИ»
Манзурага баласын сатууга кардар таап берип, ортомчулук кылган Мавлюда:
– Мен Манзурага «жакшылап ойлонуп көр, кийин өкүнүп, арызданып жүрбө» деп кайра-кайра эскерттим. Кыш, чилде убагы болчу, «эже, менин оорумду тезирээк дарылатпасам ракка айланып баратыптыр, бала сатып алганга тезинен кардар таап бериңиз» деп суукта үйүмө тынбай келе берди. Үй-бүлөсүндө жалаң кыз төрөлүп, уулдуу боло албай жүрүшкөн үй-бүлөгө баланы 70 миң сомго сатып, анын 42 миң сомун Манзурага бергем.
Кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (балдарды сатуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ал эми наристе балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат. Порталда ар бир колдонуучу эрежелердин негизинде өз ой-пикирин жазганга укуктуу.