Илима Дуйшеналиева, «Style Mix» тобунун ырчысы:«КЫЗДАРГА КАРАГАНДА ЖИГИТТЕРДИН АРАСЫНДА ДОСТОРУМ КӨП»

№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж

Быйылкы Юрмалада өтчү жаш таланттардын «Жаңы толкун» сынагына Кыргызстандын атынан барчу «Style Mix» триосуна ишеним артып, «алдыңкы орундарга илинет» деп үмүт кылгандар көп. Топто чынында таланттуу ырчылар чогулганына super.kg порталынын колдонуучулары күбө болуп, алардын келбетине, үнүнө, талантына жакшы пикирлерди жаадырышкан эле. Бүгүн биз аталган топтун жалгыз кызы, эркеси Илима Дуйшеналиева менен тааныштырабыз.

Толук аты-жөнү – Дуйшеналиева Илима Күрүчбековна
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 2-июнь
Билими – Кыргыз улуттук университетинин психология факультетинин 3-курсунун студенти
Кызыкканы – Психологиялык китептерди окуганды жакшы көрөт
Фобиясы – Жөргөмүш
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, жигити жок

– Кандайсың, Илима? «Жаңы толкун» сынагына даярдыктар кандай жүрүп жатат?
–Буюрса, сонун. Сынакка үч ыр жаздырып, бийлерди даярдап койдук. Азыр формаларды тиктирип, Юрмалага кетчү документтерди бүтүрүү менен алектенип жүрөбүз. Сынакка күчтүү колдоочу топ менен баратабыз, биз менен кошо Арсен, Омар байкелер, Анжелика, продюсерибиз Миргүл эже барышат. Артыңда мындай күчтүү команда турганда коркпой деле калат экенсиң. Бизге көрсөткөн чоң жардамы үчүн аранжировкачы Мирлан Ниязов менен Эрнест Жоошевге терең ыраазычылык билдирем.

– Силерден эл көптү үмүт кылып жатышат. «Алдыңкы орунга илинбей калсак эмне болот?» деген коркуу сезимдери болгон жокпу?
–Жок, корккон жокпуз, жеңбей калсак капа болбойбуз. Биздин биринчи максат – Кыргызстанды уят кылбай, мекенибизди татыктуу көрсөтүү. Ал эми жеңиш анын артынан келсе деле боло берет, эң башкысы, намыс.

– Музыка дүйнөсүнө кантип аралашып калганың кызык болуп жатат?
–Атам искусстводон алыс адам, мендеги ырга болгон шык апамдан берилсе керек. Кичинемде апам мени бешикке бөлөп, алдей ырын ырдап уктатчу экен. Азыр да үйдө кээде ырдап калат. 6 жашымда музыкалык мектептин пианино бөлүмүнө беришкен, бирок пианино меники эмес экенин түшүндүм. Ал кезде ырдай аларымды өзүм деле билчү эмесмин. 12 жашымда музыкалык мектептин эстрадалык вокал бөлүмүндө окуп калдым. Ырга болгон кызыгуу ошол жактан башталды окшойт.
Окуп жүрүп үнүмдү таптайын деп кафеде ырчы болуп иштеп калгам. Топтогу Адилет, Талас менен кафеде иштеп жүргөндө таанышканбыз. Талас ал убакта жеке ырчы болом деп жүргөн. Шоу-бизнестеги ырчылар, продюсерлер менен жакшы тааныш эле. Миргүл эжеге биздин топко продюсерлик кылуу сунушун Талас киргизген. Мен да топко келгенге чейин жеке ырчы болом деп аракет кылгам, анда Амили деген лакап ат менен ырдачумун.

– Сенин чыгармачылыгыңа жакындарың, дос-тааныштарың кандай көз карашта?
–Чынын айтсам, ырчы экенимди тааныштарым, классташтарым жакында эле билишти. Мен мектепте окуп жүргөндө жоош, уялчаак элем, класска кирген-чыкканым билинбеген, көлөкөдө жүргөн кыз болчумун. Жакындан бери социалдык тармактардан «сен ырдай алат белең? «Жаңы толкунга» барат турбайсыңбы, ээ?» деп сурап таң калып жатышат. Алар үчүн чоң ачылыш болдум окшойт.

– Белгилүү болгон сайын ал адамды тегеректеген дос-курбулардын саны арбыйт, сенде бул жаатта кандай, баары менен эле дос боло бересиңби?
–Учурда психология факультетинде окуп жатпаймынбы, андыктан адамдардын жакшы-жаманын билем. Анан дайыма алтынчы туюмум менен кеңешем. Жашырбайм, азыр досторум көп, анын көпчүлүгү жигиттер. Кыздардан эки эле курбум бар. Көңүл калтырган курбу кыздар көп болгон, ошон үчүн мырзалар менен эле дос болгон жеңилирээк экен деп койдум. Чынында, жигиттер эркекче мамиле кылышат, көйнөгүң жарашпаса «жарашпайт экен» деп эле бетке айтышат.

– «Style Мix» тобундагы жигиттер менен мамилең кандай, алардын арасынан болочоктогу жолдошуңду көрө аласыңбы?
–Биз бир туугандай мамиледебиз. Топто үчөөбүздүн мүнөзүбүз төп келишет, бири-бирибизди толуктап турабыз. Мисалы, Адилет шайыр, ак көңүл, кыял-жоругу 15 жаштагы баладай, эч нерсе менен иши жок, кам санабай жүрө берет. Ал эми Талас токтоо, ойлонуп иш кылат. Аларды болочоктогу жолдошум катары көрө албайм. Негизи эле күйөөгө чыгуу тууралуу ойлонуу мага эрте го дейм. Мен болгону 20 жаштамын, сахнадан ордумду таап, бутка туруп алгандан кийин ойлонсом болот.

– Кыздар өтө кыялкеч келишет, кыялыңдагы мырзаны сүрөттөп берсең?
–Жок, ал идеалды түзүш үчүн кандайдыр бир каалоо керек да. Менде андай такыр болбоптур. Жактыруу сезимине туш болгом, бирок эмоцияларды акылым менен башкара алам. Өзүмө-өзүм «сага эрте, шашпа» деп көп айтам.

– Негизи көпчүлүк топтордун өмүрү кыска болот дешет, бул ич ара келишпестиктерден, түшүнбөстүктөрдөн улам болушу мүмкүн. Силердин топ бул жолду кайталабайт деп ойлойсуңбу?
–Биз үчөөбүз бир адамдайбыз, бири-бирибизден бөлүп кароого болбойт. Көбүнчө топто иштеп белгилүү болгондон кийин өз алдынча иштегиси келишет. Бизде андай ой пайда боло элек, пайда болбойт дагы деп ишенем.

– Үй-бүлөң тууралуу да айта кетсең?
-Aпам Айгүл университетте сабак берет, атам Күрүчбек мамлекеттик кызматта иштейт. Беш бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн, калгандары баары үйлөнүп, турмушка чыгышкан.

– Ысымыңды ким койгон, абдан сейрек кездешчү ат го?
–Апам кош бойлуу кезинде үйдөгүлөр эркек болот деп күтүшкөн экен. Эжем Түркияда окуп жүргөндө апама «ким төрөлсө да атын мен коём» деп эркек балага ат тандап жүрүптүр. Мен кыз болуп төрөлгөндө эжем бир күн ойлонуп, анан ушул ысымды таап, телефон чалып айткан экен.

– Көбүнчө кандай комплименттерди угасың?
–Көбүнчө үнүмө комплимент айтышат. Үнүмдүн күчтүүлүгүн Ферги, Кристина Агилера, Алиша Кизге окшоштургандар бар. Анан өзүмө кичине кезимден Раллия аябай жагат. Ага окшошкум келер эле. Кудай мага да Раллияныкындай үн берсе экен дечүмүн.

– Чачыңдын өңү дайыма сары түстө, качантан бери бул түскө боёп келесиң?
–Чачымдын табигый түсү күрөң. Мындан эки жыл мурун келбетиме өзгөртүү киргизүү максатында салонго барып, «чачымды башкача кылып бергиле» дедим. Мастерим «кыска кылып кыркып берейинби?» дейт. Кырктыргым келбей, сары түскө боётуп салгам. Мына, эки жылдан бери сары түстүү чачым менен жүрөм.

ИЛИМА ТУУРАЛУУ ТОПТОГУ ЖИГИТТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Талас:
– Илима жомоктогудай кыз. Бүт кыялдарын биз менен бөлүшөт. Эч нерсесин жашырбайт. Аябай эрке, Адилет үчөөбүз кетип баратсак «тигини жейм, муну жейм» дей берет, биз бардык «каприздерине» чыдайбыз (күлүп). Үйүндө да эрке кыз, продюсерибизге, анан калса бизге эркелейт.
Адилет: – Илима абдан боорукер, чымынды тепселеп алса деле боору ооруй берет. Кичинесинен орус бала бакчага барып, андан кийин орус мектепте окуп калганына байланыштуу кыргызча өтө ката сүйлөйт. Кээде кыргызча сүйлөгөнүн угуп отуруп ыкшып күлүп калабыз. Англис тилинде таза сүйлөйт.

«Продюсерим, топтогу жигиттер менен бардык темада сүйлөшө алам».

«Кичинемде отур десе, тур деп айтмайынча кечке отура берген жоош кыз болчумун».

«Жаңы жыл алдында бир жеримди өзгөртүшүм керек деп салонго барып, кара чачымды сары түскө боётком».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Жигиттер менен дос болгон жагат" дейт "Style Mix" триосунун ырчысы Илима Дуйшеналиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(42)
SUPER.KG видео
28.06.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илиманын жана "Style Mix" триосунун чыгармачылыгына ийгилик каалайм!!!
SUPER.KG видео
28.06.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат ......
SUPER.KG видео
28.06.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молтур карагаттай карегине кадалып,жымындаган жылдыздуу келбети журогумду багындырып байлап алгандай..аябай жагып журосун мага Илимка!!!ийгилик сага буйурса жемиштуу кайтышынарга тилектешмин!!
SUPER.KG видео
28.06.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун ырдашат! жениш сиздерге
SUPER.KG видео
29.06.2014. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Топтун ырлары качан сайтка кошулат тез арада кошсонуздар жакшы болбок ырлары абдан жагат мага!!
SUPER.KG видео
29.06.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Илима сонун маек болуптур ийгилик!
SUPER.KG видео
29.06.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
teska )))
SUPER.KG видео
29.06.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илима Капкара LEXUS 470 Машина айдаган красавчик жигитин болсун Ж.Б.
SUPER.KG видео
29.06.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илиманын уну эми ачылыптыр Амелиkg деп ырларын угуп кордум.Менимче жаштыгынды кесибине арнаган туура.Жаш откондо уй-було менен бактылуу жашоодон ордунду таап отурган жакшы! Акылдуу суйкумдуу кыз экен. Ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
29.06.2014. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай татына кыз екен, ийгилик калайм.
SUPER.KG видео
29.06.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкысы катышуу эмес Башкысы жениш! Деген ураан менен катышсансар баары жакшы болот.
30.06.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Юрмалага жолдомо алганда суперге берген интервьюсун коруп суктанып койгон элем. Материалдын видеоверсиясынада "мен хотела есть бирок жегим келген жок" дегендей жарым орусча жарым кыргызча суйлогону иренжитип койду бир аз. Ооба таланттуу, татынкай. Орусча баштаган сон аягына чейин орусча же кыргызча суйдлосо жакшы болмок.
Кантсе да ийгилик. Баарыбыз ушинтип эле журбодук беле башында.
30.06.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Илим" созуно "а" тамгасын кошуп койсон, мына бир кыздын ысымы даяр..
Орусча говорю экен, видеосун деле коргум келбеди, бирок, Кыргызстандын атынан баратыптыр ИЙГИЛИК!
30.06.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мамаааа жоргамууууш плохо я коркооооом у меня фобияяяя
02.07.2014. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara_kyrgyz,
ха хаа хахааа
30.06.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка тилди таза суйлогон адам, эмнеге оз тилинде так суйлобошу керек? Мен эне тилди жерип, суйлогондон уялган кыргыздарды корсом итиркейим келет.
30.06.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо прод Миргүл м.н инт.алгылачы,
ал кыз жөнүндө таанып, билип жүрөлү
30.06.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bella-life, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
30.06.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз тилин билбей жатып чет- тилин таза суйлогону кызык экенго,Аны айткан адамды да тушунсо болот!Эмнеси болсо да ийгилик кыргыз элин уят кылбай келгиле.
30.06.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кучтуу адамдар коштоп баратат имиш Арсен Омар Анжелика ушулур кучтуубу ушул 3 ырчы мага эч жакпайт ыр деп элэ бир демени ырдай беришет же создору окшошсо олойун
03.07.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AK-47., бул кичинекей кыз учун алар кучтуу да
SUPER.KG видео
30.06.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тегиз байланышта дейт го))))))))
30.06.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эч тушунбойм да эне тилин билбеген кыргыздарга,кантип унутуп калсын оз тилин, атайын эле кылганы го, типа оздорун кыйын сезишип.Башка тилди билип эне тилин унутуп калгандарга жол болсун.Мага жаккан жок. Бул кыз. Дагы тигиниси кошуп кетиптир Eng язык жакшы билет деп.
01.07.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик ата-энени суймончук кызы болуп журо бер
SUPER.KG видео
01.07.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кыргызча суйлогонго аракет кылыптыр. Азаматсын.
SUPER.KG видео
01.07.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кыласын кыздарга караганда жигиттер сырга бекем болушат.
02.07.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сага советую кыргыз тилин үйрөнүп ал. иностранецтер кыргызча сүйлөп жатышпайбы , сен билбесен уят эле дагы кыргыз кызымын деп жүрөсүнбү...
02.07.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Емнеге мынтип жасалма болушат ее жоон еле???
02.07.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А, кокуууй, наивная кыз экен. Уну жок Анжелика байкуш буларга жабышкан тура-бул иштин буткону. Анжеликанын жолу жаман, жолу жаман. Коросунор, булар эчтекеге илимбей келет.
03.07.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озубузду билейличи озбекче же тажикче аралаштырып суйлогонго караганда орусча суйлогон жакшыда
04.07.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой кандай ырлары бар булардын?эч укпаган экенмин .качан пайда болгон группа?
04.07.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mersedes2013, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, уга аласыз: http://www.super.kg/media/audio/122547/
SUPER.KG видео
15.07.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илимага кызыл помада аябай жарашат да! Ундору жагат, ийгилик силерге!
SUPER.KG видео
24.07.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы жигиттер менен дос болгон жагат. Аны себептери бар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо