ӨЗБЕКСТАНГА КӨЗ КАРАНДЫЛЫКТАН КУТУЛАБЫЗБЫ? БУЛ ТУУРАЛУУ АЖО АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН АКСЫДА СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮ

№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж

20-июнь күнү президент Алмазбек Атамбаев Аксы районуна барып, көп жылдардан бери курулуп бүтпөй келе жаткан каналды колдонууга берип кайтты. Буга чейин Талас эли менен жолугушууга барган президент «ар бир дубанга барып, ачуу чындыкты айтайын деп чечтим» деген эле. Аксылыктар менен жолугушууда да ушундай ачуу сөздөр айтылды. Күтүлгөндөй эле ажонун сөзү «туптуура айтты», «жок, туура эмес сүйлөп алып, аксылыктардан качып кетти» деген өңдүү кызуу талкууларды жаратты.

«ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ ДАГЫ БИР КАДАМ»
– Бүгүн абдан сүйүнүчтүү күн. 18 жылдан бери бүтпөй келе жаткан канал бүттү. «Ренжит» каналы ишке киргенден кийин миң гектардан ашык сугат жерлер суу менен камсыз болот. Ушул миң гектардын кожоюндары мындан ары коңшу мамлекеттен суу келеби же жокпу деп баш оорутпайт.
Бул эгемендүүлүккө дагы бир кадам. Анткени мамлекетибиз башка бир мамлекеттерге, өзгөчө коңшуларга көз каранды болбой калган күнү гана накта эгемендүүлүк келет.
Көрүп жатасыңар, эки айдан бери коңшулар тарабынан газ өчүрүлгөн. Ачык айтканда, газ келбейт. Маселе башкада. Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Түркмөнстандан газ
биздин Чоң-Алай аркылуу Кытайга өтөт. Ошол трубага дагы Кыргызстан кошулбасын деп коңшу мамлекетибиз шарт коюп жатат. Эгерде өзүндө газ жетпесе, ушул трубага кошулуп алгыла деп айтмак да?
Мен мунун баарын айтып жатканым, биздин саясатчылар бакылдап жатат, «Газпромго» «Кыргызгаз» эмнеге кетти?» деп. Эгерде «Газпромго» «Кыргызгаз» кетпегенде, азыр бир эле Ош эмес, бүтүндөй Кыргызстан газсыз калмак. «Датка» подстанциясын салып жатканда да бир тобу түшүнгөн эмес, «эмнеге кредит алып жатабыз? «Датка-Кеминди» эмнеге салып жатабыз?» деп. Мунун баары эгемендүүлүк үчүн жасалып жатат.
Кыргызстан энергетика, транспорт, жол жагынан эгемендүү болуш керек. Куралдуу күчтөр жагынан күчтүү, каражат жагынан эгемендүү болуш керек. Дагы бир топ ушундай талаптар бар. Эмдиги жылы «Датка-Кемин» бүтөт. Азыр биздин электроэнергия ГЭСтен иштелип чыгып, ошол эле Бишкекке, башка шаарларга Өзбекстан аркылуу барат. Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткенге дагы Өзбекстан аркылуу барчу. «Датка» бүткөндөн кийин түштүккө электроэнергияны түздөн-түз алып калдык.
2016-жылы «Камбар-Атанын» экинчи агрегаты, «Датка-Кемин» линиялары бүтөр замат «Камбар-Ата» кадимкидей иштеп калат. Азыр «Камбар-Ата-2ден» чыккан электроэнергиянын жарымы берилбей жатат, анткени линия жок.
2016-жылы «Камбар-Ата-2нин» экинчи агрегаты бүтүп, Жогорку Нарында салынып жаткан ГЭСтин биринчиси бүтөт. 2016-жылы ТЭЦтин да реконструкциясы бүтөт.
Кабарыңыздар бар чыгар, Бишкектеги Жылуулук-электр борборун реконструкциялап жатабыз. Кубаттуулугу эки эсе өсөт. Ошентип, энергетикалык эгемендүүлүккө бир-бир жарым жылда жетебиз.

«АР БИР ҮЙГӨ ГАЗ БАЛЛОН БЕРЕБИЗ»
– Кыш келген сайын газды өчүрүп, жайында темир жолду бууп коюп, коңшулар кыргыз бийлигин тизелетип көндүргөн. Атүгүл биринчи президенттин башына кашык менен ойночу башкалар. Кыргызстанда эми мындай болбошу кажет. Мен ошондуктан кечээ ачык айттым. Кудайдан корксо, кайрадан газ берет. Эгерде Кудайдан коркпосо, мамлекеттин эсебинен ар бир үйгө газ баллон менен редуктор, көп кабаттуу үйлөргө эки конфоркалык электроплита беребиз. Эгемендүүлүк үчүн кээде айрым кыйынчылыктарга чыдаш керек.
Эмнеге Казакстандан түндүккө газ келип жатат? Анткени Казакстан түндүгү үчүн Орусиядан жыл сайын бир миллиард куб газ алат. Ошо бир миллиард кубду бизге беребиз деди «Газпром». Бишкектен же Таластан алып келебиз го газды, түз эле түштүккө. Экинчи бирөөгө көз каранды болуп, бирөөдөн сурабагыдай болобуз. Бир-эки жылдан кийин кээ бир коңшулар кайра бизге жалдырайт деп турам. Анткени тынччылык, ынтымак болсо, Кыргызстан 1-2 жылда бутуна туруп кетет.

«ЖААДАН ОК ЖИБЕРГЕНДЕЙ ТҮПТҮЗ, ТАТЫНАКАЙ ЖОЛ БОЛОТ»
– Мына, килейген жолдор салынып жатат. Ош-Исфананы эмдиги жылы, Кудай буюрса, бүтүрөбүз. Жолдун боюндагы регион – Баткен облусу көтөрүлүп кетет. Билесиздер, альтернативдик жолду баштадык. Аны дагы «эмнеге баштады, эмнеге кереги бар?» деп бакылдагандар бар. Анткени алар Төө-Ашуудан өткөн эмес. Төө-Ашуудан өткөндөр билет, кышында кандай кыйын экенин. Жайында деле серпантин менен өтүш кыйын. Жаңы жол жаадан ок жибергендей түптүз бара турган, татынакай жол болот. Августтун башында, буюрса, Сузактан тоннель жасап баштайбыз. 2018-жылы так бүтөт, анткени мунун да каражат маселеси чечилген.
Жакында бир саясатчы кыйкырып чыкты, «эмнеге Орусиядан курал-жарак алып жатабыз, Орусияга баш ийип калабыз» деп. Эгерде 23 жылдан бери өзүбүз армияга курал-жарак алып бергенге жарабасак, анан бир мамлекет берип жатса, эмне, аскерибиз дагы деле курал-жараксыз жүрсүнбү? Эмнеге армиянын реформасын баштадым? Анткени «тынчтыкты кааласаң, согушка даярдан» деген кеп бар. Чек араны, армияны күчтөндүрүшүбүз керек.
Жалаң эле курал-жарак эмес, быйыл күч органдары үчүн турак жай, үйлөрдү салып баштадык. Жакында чек арачыларга барсам, 2007-жылы мен баштаган үй эми бүтүп жатат. Биз болсо быйыл 5 кабаттуу үйлөрдөн 15ти баштадык.
Каражат жагынан финансылык эгемендик болуш керек. Бул жагынан чоң маселе бар, анткени иштеш керек. Биз иштегенге караганда жол жапканды, кыйкырганды, митингдерди жакшы билебиз.

«КАНДЫ ЭҢСЕГЕН КУЗГУНДАР БАР»
– Мына, алайлык бир жигитти айтып жатат, «эмне кылса да биздин жигит» деп. Кайра-кайра Алайга чуркап барып, парламенттен бакылдаган депутаттарга, спикерге да айттым, анда закон кабыл алгыла, депутат болсо, бай болсо, мындан ары жоопкерчиликке тартылбасын деген... Уурдайбы, талайбы, жейби, каалагандарын кылсын. Же мыйзам алдында баарыбыз жооп берелик, же баш тарталык. Кыргызстан болсун, оңолсун же жок болсун! Бул эмне деген шумдук?! Элибизге Кыргызстандын кереги жок болсо, кандай болот? Эгемендүүлүктүн эң негизги өзөгү – мамлекеттүүлүк. Мамлекеттүүлүк болуш керек да?! Мыйзам баарыбыз үчүн бирдей болушу керек – сен байсыңбы, кедейсиңби, депутатсыңбы, бекерчисиңби – жооп бериш керек мыйзамдын алдында! Же кандай? Бай болсоң, депутат болсоң, каалаганыңды кылып жүрө бересиңби? Бирдеме жакпаса туугандарын чыгарат, жолду жабат, Кыргызстанды бөлөт. Мына, Узакбаев өткөн жылы келген, министрликке, азыр кылмыш иши козголду. Бир тууганы бюджеттин эсебинен жардам бере коём деп анын үстүнөн да иш козголду. Анын деле туугандары бар. Ал дагы бир күнү жолду жабабы? Бул эмне деген иш? Аксакалдар, кемпирлер отурат. Мына, орозо келе жатат. Пайгамбарыбыздын хадистерин ачып карап көргүлө. Пайгамбар айткан, «жолдо таш жатса, алып койсоң, садакага барат» деп. Жолдо таштар машина-машина төгүлүп жатпайбы Барпыда, Сопу-Коргондо. Бул мусулманбы, капырбы? Ошону кылгандар кайсы бети менен орозо тутат же куран окуйт. Мусулман деген адам жолго эч качан таш төкпөйт. Төксө, жолду жасайт, көпүрө салат, жолду оңдойт. Муну мен айтпасам ким айтат?
Урматтуу менин мекендештерим, ал оюндарды деле түшүнүп жатабыз. Анткени ошол Сопу-Коргондогу чал-кемпирлер айла жок алданып отурушат. Милиция бар. Албетте, милициянын деле күчү жетет. Бирок митингчилерди таратканда бирөө өлүп калсын же колу-буту сынып калсын деп канды сагынган, канды эңсеген кузгундар бар. Кан төгүлгөн сайын чөнтөгүн толтургандар бар бизде. Ошолорго жол беребизби? Мунун баарын токтотуш керек.

«УУРУ БОЛСОҢ, СЕНИН ОРДУҢ ТҮРМӨДӨ»
– Урматтуу менин мекендештерим, баары бир Кыргызстан бутка турат. Убагында свет келет, убагында суу келет, андай да болот. Анткени биз кайсы жол менен барарыбызды билебиз. Биздин газыбыз, нефтибиз жок болгону менен, биздин азаттыкты, адилеттүүлүктү сүйгөн элибиз бар. Биздин элибиз ачкачылыкка чыдайт, керек болсо газ плитанын ордуна электр плита жагат, бирок адилеттүүлүк болсо, элибиз түшүнөт, колдойт. Ошон үчүн мен коркпой ачык айтып жатам. Кудайдан корксок, ууруларды ууру десек, акты ак деп, караны кара десек, башкача болот да. Азыркылар бийликке барса эле колун байлыкка созгону турат. Муну токтотуш керек. Ууру болсоң, сенин ордуң түрмөдө. Менден бирдеме кетсе, 3,5 жылдан кийин мени да соттогула, камагыла. Уурулук менен күрөшпөсөк, Кудайдан коркпосок, Кыргызстан бутуна тура албайт. Мага аксакалдар келип, «коррупция менен күрөшкөнүң туура, ууруларды камаганың да туура, бирок ушул биздин балага тийбе» дешет. Эмне дейбиз? Бир канал 18 жыл бою салынып жатат. Туурабы? Туура эмес да. Заводду иштетейин десең кыйкырышат, иштетпегиле деп. Мамлекет үчүн кичине күйсө элибиз. Баары болот, ачык айтайын. Анткени Кыргызстандын келечеги чоң.
Мына, Бажы биримдигине кирбеш керек деп кыйкыргандар көп. Өткөн жылы декабрда Москвада чогулганда Назарбаев, Путин, Лукашенконун көзүнчө айткам, Кыргызстандын шарты эске алынбаса, кабыл алынбаса, кирбейт деп. Кудайга шүгүр, талашып-тартышып жатып, аягында биздин койгон шартыбызга макул болушту. 1 миллиард 200 миллион доллар бериле турган болду. 200 миллиону чек арага бөлүнөт. Зым тартыш керек. Аңдарды казыш керек. Заставаларды салыш керек. Айыл чарбасына ветлаборатория, бир топ нерсе ачылыш керек. Андан тышкары 1 миллиард доллар элге, кредитке кетет. Мисалы, азыр Кытайдан 10 сотыхтан тартып, 2 гектарга чейинки күнөсканалар бар экен, ошолорду сатып алганга кредит берилет. Он жылдык мөөнөткө, ашып кетсе 10 пайыз менен. Элге суу, жер, кредит берсек, трактор алабы, күнөскана алабы, мал алабы, эл бат эле бутуна туруп кетет. Бирок, айланайындарым, кичине мамлекетти дагы ойлосок. Мына, көрүнгөн жерге барып жардам алып келип жатам. Кытайдан, Орусиядан, түрктөр да жакында жардам берди, аларга рахмат. Эки эле мисал айтайын. Киши башына жеңил машина, уюлдук телефон боюнча Кыргызстан Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Түркиядан алдыда экенбиз. Эрдоган «эгерде элиң мындай болсо, кантип сурап жатасың жардамды?» деп айтты.
Жеңил машина боюнча да киши башына келгенде баарынан биз алдыда экенбиз. А мамлекетте курал сатып алганга акча жок. Эмнеге мындай болгон? Уурулар. Мына ошол эле Келдибеков салык кызматында иштегенби, иштеген, Соцфонддо иштегенби, иштеген. Спикер болуп да иштеген. Эгерде ак болсо эмнеге айыптоого бир жылдан бери кол койбой, соттон жашынып жатат? Ак болсоң «батыраак сотко жөнөт, мен акмын, чыгып кетем» деп жалыныш керек да? Соцфонддо, салык кызматында, бажы кызматында иштегендердин айынан ушундай кейипти кийдик. Мамлекетте эч нерсе жок, ал эми миллионерлер, миллиардерлер Англиядан Малайзияга чейин сейилдеп жүрүшөт. Мындай болбош керек.
Сиздерден дагы суранам, кичине мамлекетти ойлойлу. Бул мамлекет жок болсо, кыргыздар жок болот. Көздү ачалы. Эгерде минтип отурсак, жанагыдай байлар менен депутаттар жооп бербесин, карапайым элди камай бергиле деп мыйзам кабыл алышат. Ошондуктан ойлонолу, жетеленбейли.
Эмдиги жылы парламентке шайлоо болот. Таза өткөрүп берем. Сатылбагыла, добуш бергенде ойлонгула. 3 жылдан кийин жаңы президентти шайлайсыңар, анда дагы көзүңөрдү ачкыла. Кайра бир ууру келип, оңолуп бара жаткан Кыргызстаныбызды ойрондотуп салбасын.
Жыл сайын дүйнөдө бир-эки мамлекет жок болуп жатат. Өткөн жылы Судан экиге бөлүндү. Ливия дээрлик эки-үчкө бөлүндү. Сирия жок болгону турат. Мына, быйыл Ирак, чоң мамлекет төрткө бөлүнүп жок болгону турат. Биз деле ошондой жок болуп калабыз, минтип отурсак.
Манас атабыз бекер айткан эмес да, «Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө. Бөлүнсөң бөрү жеп кетет» деп. Кыргызстандын келечеги менен ойнобойлу. Менин бир гана тилегим бар – Кыргызстанды бутуна тургузуп кетсем деген.
Сөзүмдүн аягында куттуктап койгум келет. Чын эле «Ренжит» каналы түшкө да кирчү эле. Акчасын кайдан табабыз, кантип бүтүрөбүз деп. Буюрса, ирригацияга мындан ары дагы өзгөчө көңүл бурабыз. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге рахмат, ирригацияга 30 миллион доллардан ашык каражат берем деди. Ушундай каналдар барган сайын көбөйө берет. Элибизге жер беребиз, суу беребиз. Кудай бизге суунун башын бекеринен берген эмес. Башкача, жаркыраган Кыргызстан болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
30.06.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенбейм.
30.06.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менда ишенбейм.
30.06.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да
30.06.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенбейм дегенинерге далилдуу жооптор жазылып турат буйруса Кыргызстаныбыз онолот Атамбаев кудай деген адам кыргызды кыргыз коралбайтдеген туура соз бизге орус президент керек .....!
30.06.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamyr26, сени да туура тушунобуз
30.06.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы тилек жарым ырыс,оңолуп эле келе жатабыз буйруса.Ал эми ишенбейм дегендер пейлиңерди түздөсөңөр оңолосуңар,кара ниеттер эч качан оңолбойт
30.06.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса мамлекетибиз онолот
30.06.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men iwenem birok 1,2 jylda Kyrgyzstan butuna turat degeni aaaa paranoiaaaaa
30.06.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалган создор ХХХ ХХХ ХХХ!
Модератор admin_portal түзөттү 01.07.2014 12:36
01.07.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kara-kulzha - 3 күнгө БАН!
Далили жок маалымат калтырып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
30.06.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн алсыз президент
30.06.2014. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уффф жадаттыго!!! ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 01.07.2014 12:38
01.07.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
wustraya - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат.
30.06.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечирип эле койчу татынакайым алтындарын сага 95% ишенбей калды окшойт...... газ балон бересин анан свет очот тезек бересин
01.07.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Укмуш кооз сйлоптур го чиркин.Тимеле шилекейим агып кетти. От души уктатып кетиптир го ХХХ... Убагында Оштун копуросуно акча жок,уруксаатсыз куруп жатат Мэлис деп,аны эптеп кетирип,эми болсо ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 01.07.2014 12:41
01.07.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
barcaman - 5 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
Модератор admin_portal түзөттү 01.07.2014 12:39
01.07.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул создор чын болсо кана жаш балага жомок айткандай Аксыны алдаптырда пока уктап тургула эртенки кунду да бир нерсе кылабызда дегендей! Кыргызстанды карызга батырып болду тушко кирбеген кридиттерди алып К.г келечеги орустардын колундаго менимче
01.07.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер ачыгын айтканда, жанагы Ренжит каналында суу ошол АША барган куну жана эртеси куну гана агып турган.. Кеткенден кийин жок.. Азыр коргонумо 2 кун болду ошол каналды эч кандай суу жок, куп-кургак.. Минтсек анык бутка турбайбыз..
01.07.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АША тура айты! Мына жерде бир ХХХ жазыптыр! ХХХ ХХХ ХХХ... Кандай гана кыргызым акмак калкпыз ээ! Бир да бир тура ой жазылбаган! Кыргыз ойгон! Ойгонбосон жатабер алма туш тура оозума туш деп! Качан гана ар бир кыргызга АША келип астынарга диван, устонорго корпо балыш, уктаганда жомок айтып берсинби аа кыргызым? Тамчы тамып кол болот деген соз бар кыргызда!
Модератор admin_portal түзөттү 01.07.2014 12:43
01.07.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka90 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
01.07.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу бир туугандар! Ар кимибиз ар кайсыны айтпай бир жакадан баш, бир женден кол чыгаралы. Кыргызстан эртен бизге эле керек. Ошондуктан баарыбыз Кыргызстандын онолушу учун АЛЛАХТАН кобуроок сураналы. Аллахым баарыбыздын динибизге ыйман салсын.
01.07.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы суйлогон, буйурса созсуз онолобуз, мен ишенем. Шугур дейли кыргыздар шугурчулук кылсак Аллах берет, анан бирибирибизди коро албай шыйрактан алып турсак эч качан онолбойбуз, тескери кетебиз.
01.07.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы нерселер болбой койгон жок ,болуп жатат акырындан,"Жакшы болуш аста- аста" дегендей эле. Шугур кылып ар бир кыргызстандык Кыргызстанга колунан келген нерсени жазап койуп тура берсек,акыры "коп тукурсо кол болоттон" болоор. Болгону бут элибиздин ан сезими " Кыргызстан онолбойт,жеп кетти,ичип кетти ж.б.у.с" болуп калган. Бизге биздин бийликтегилерге карата ишенич керектир балким,"душманындын сага жакшы суйлогону дагы какшыктай " сезилеттен болуп атпайбызбы деген ой келип кетти.
01.07.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кылып жатса суйлойсунор болбойт деп. кылбаса дагы суйлойсунор болбоду деп. ээ форумчулар бир аз жаман болсода жакшы коз карашта болсонор озунорду АШАнын ордуно койуп коргулочу силер болгондо не кылып кыргызстанды гулдотуп жиберет эленер? баардык мамлекеттерди карасанар баары ушундай акырындап онолгон. баары 1-2 жылда болбойт баарыбыз АШАга колдоо корсотсок жардам берсек онолобуз бир АША онолтуш кыйын
01.07.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алтындарым Кыргызстан оңолот Кудай буйруса АШАкеткенде
01.07.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис Мырзакматов турса балким газ очпойт беле...Мелис жок, Ош мурунку абалына келе баштады.Кыштан кантип чыгабыз?
02.07.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gulsara2682, Атам экөөбүзгө бир ыштан,кантип чыгабыз кыштан ))))))))))))))
02.07.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мелисти эмне эле кудай көрө бересиңер, айланайындар?
02.08.2014. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi_pikir, ой пикиринди туура кылып жакшы ойго жургузчу куйдай коргон адам болбоду жон гана эл учун иштеген адам катары сыйлайбыз
02.07.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айткандары чынбы калппы жалгыз Аллах билет. Менли, бул да болсо жакшылыкка... КЫРГЫЗЫМ эң биринчи ар кимибиз өзүбүз оңолойлу... Анан буйурса КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗ оңолот!!!
03.07.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишенем, кыргызстан онолот!!!!!
03.07.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Конечно, ар бир нерсеге оптимисттик коз караш менен караган эн жакшы.Бирок оптимист болуп отура берсен эле бардык нерсе озу буто бербейт да!
04.07.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишенем жакында онугобуз, особуз!
04.07.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да ишенем, чын журоктон чыккан создор. Ал эми ким ишенбесе ал оз элинин душманы!
05.07.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым буйруп Манас атабыздын арбагы колдосо Кыргызстан онолот
15.07.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев шайлана электе эл менен жолугушууда мас абалда келген видео тарап кеткен. Муну дубалап коюшту деп тушундурушту. Мунусунда жакшы дуба менен келген окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо