Азамат Арыков, режиссёр:“ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ БАР, ТААСИРДҮҮ ТАСМАЛАРДЫ ТАРТСАМ ДЕЙМ”

№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж

Жакынкы жылдар аралыгында кино тармагыбыз жанданып, жаңы тасмалар байма-бай тартылууда. Алардын арасында эл аралык сыйлыктарды багындыргандары да, элге жакшы алынбай калгандары да бар. Ал эми жаңы жарыкка чыккан «Аят-3» тасмасынын режиссёру Азамат Арыков тасма көрөрмандардын купулуна толот деген ишеничте.

– Саламатсызбы, Азамат мырза? Жакында «Аят-3» аттуу тасмаңыз жарыкка чыкты. Буга көрөрмандар мурунку тасмаларыңызга караганда жогорку баа берип жатышат. Себеби эмнеде?
– «Аят-1» көрөрмандарга сунушталганда көптөгөн сындарды уктум. Кээ бирлерин көрө албастык катары эсептегем. Убакыттын өтүшү менен сын болбосо адамда өсүш болбостугун түшүндүм. Чындыкка шайкеш келген сын-пикирлерди анализдеп көрүп, көрөрмандардын табити менен эсептеше билүү керектигине көзүм жетти. Андыктан мурда кетирген каталарымды кийин оңдоого аракет жасап баштадым. Бул тасманын жакшы тартылышы ошонун натыйжасы болсо керек.

– «Аят-3түн» маани-маңызы аркылуу көрөрмандарга эмнени берейин деген оюңуз бар эле? Ал максатыңызга жеттиңизби?
– Тарта турган тасмаларым өзүмө жана элге пайда алып келиш керек деген максат койгом. Ал максаттарым орундалып келе жатат. Кино тартуунун аркасында жакшы адамдар менен тааныштым, тажрыйба топтодум. Кудайга шүгүр, жакын адамдарым мени менен сыймыктанышат. Досторум «кел, дагы бир жолу кучакташып сүрөткө түшүп коёлу. Азамат менен досмун десем ишенбей жатышат» деп тамашалап калышат.
Кино – бул идеологиялык курал. Элге тарбиялык таасири бар, мекенди сүйүүгө үгүттөгөн тасмалар көбүрөөк тартылып, көрсөтүлсө жакшы болмок. Мен да элге ушуларды берсем деген оюм бар болчу. Кудайга шүгүр, ал оюм ишке ашууда.

– Тартылып бүткөн кино өзүн актабаса, кийинки кинону жаратуу да мүшкүл иш. Жалпысынан канча каражат кетти?
– Кино тартуу тобокел иш. Ал үчүн чоң эрк керек. «Чегирткеден корккон эгин экпейт» деген макал бар эмеспи. Биринчиден, жакшы ой, максат, идея болсо, каржы жагы аракет кылган кишиге табылса керек. Анын үстүнө биздин мекенибизде маданиятка кайдигер карабаган инсандар арбын. Менин кинолорума башынан бери «Замандаш» ассоциациясы жардам кылып келет. «Аят-3» тасмасына да 20 миң долларды кайтарымсыз негизде берди. Мындан сырткары кичи мекеним Чаек айылына Автандил Кулбараковдун демилгеси менен «Аят-3тү» бекер көрсөтүп келдим. Баш-аягы болуп «Аят-3» тасмасына 60 миң доллар сарпталды. Мага демөөрчүлүк көрсөткөн байкелерге гезит аркылуу ыраазычылык айткым келет.

– Кино тартуу учурунда тоскоолдуктар болдубу?
– Тасманы Орусиядан тартылчу бөлүгүндө кыйынчылык туулат деп ойлогом. Бирок андай болбой, ишибиз шыр жана ийгиликтүү жүрдү. Тескерисинче, Бишкекте тартуу учурунда бир топ тоскоолдуктар жаралды. Мисалы, мекеменин жанынан тартып жатканыбызда катардагы эле кароолчусу келип, «бул жерден тартканга болбойт. Кандай кино, билет бересиңби?» деп сураганын айтсам болот.

– Биздин режиссёрлор тасманын музыкасына көңүл бөлүшпөйт. Жаңылбасам «Аят-3» фильмине атайын музыка жаздырган экенсиз...
– «Аят-2ден» баштап атайын музыка жаздырууга көңүл бөлө баштадым. Биз музыка жаздырууну ашыкча каражат катары санап, даяр музыканы колдонууга көнүп калганбыз. Бирок буга маани берилип, талап коюла баштоочу кез жакын. Тасманын музыкасын композитор Мурзали Жээнбаев жазып берди.

Султан Төрөбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
30.06.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино.азаматсын Азамат.мен дагы Азаматтын киносуна тартылсам деп журом))))
30.06.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аят 4 качан чыгат экен, жалан качокторду тартса сонун болмок, 2 чиси анча эмес болуп калган эле
30.06.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул байкебизге сакал ээч жарашпайт да)))Бирок актердук чеберчилиги зор.
01.07.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат байке кыргыз армиясында кино кылып тартынчы акыркы убакта жаман нерселер кооп болтат мекен коргоп жургондорду рухун духун которо турган
01.07.2014. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mаaнилуу киноб ийгилик ...........
01.07.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ийгиликтер болсун!
01.07.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодес брат кино аябай сонун чыккан айрыкча аят-3 ,азыркы жашооду чагылдыргансыз.
01.07.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жаккан кинолордун бири ..азаматсынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо