БАЛА САТЫП АЛГАН КЕЛИН АЙЫП ПУЛ МЕНЕН КУТУЛДУ

№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж

2013-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектин №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Көп өтпөй бул кылмышка шектүүлөр кармалып, ага аталган перинаталдык борбордогу мээрман айым Шарапат Мамырканова жана Бишкектеги менчик клиникалардын биринин кызматкери Бегайым Алиеванын катыштыгы бар болуп чыккан. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында наристе 8 күндөн кийин Асанбай кичи районундагы үйлөрдүн биринен табылган. Наристе аман-эсен ата-энесине кайтарылып берилип, жакындары наристени таап берген Октябрь РИИБинин кызматкерлеринин урматына кызга Октябрина деген ысым ыйгарышкан. Баланы сатып алган Нуржан Макенова төрөткананын кызматкерлери менен сүйлөшүп, аларга 1000 доллар бергени аныкталган.
19-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бул ишти карап чыгып, күнөөлүүлөрдүн жазаларын угузду. Сот Бегайым Алиеваны «адам уурдоо» жана «документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу» беренелеринин негизинде күнөөлүү деп таап, 15 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Ошондой эле №4-төрөткананын мурдагы кызматкери Шарапат Мамырканова «адам сатуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды жана экөөнүн тең үй-мүлкү конфискацияланмакчы.
Ал эми баланы сатып алган деп айыпталган Нуржан Макенова «документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 миң сом, «адам сатуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып 250 миң сом, ошондой эле ага Кылмыш-жаза кодексинин мыйзамда каралгандан жеңилирээк жаза белгиленип, 260 миң сом айып салынды. Буга кошумча жабырлануучу тараптын материалдык жана моралдык чыгымдарын эсептеп, буга чейин Нуржан Макенованын 50 миң сом компенсация төлөп бергенин эске алып, жабырлануучуга 322 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын төлөп берүүгө чечим чыгарылды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(8)
30.06.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корпогон адамдарго.деги камалганы чын болсо экен.
30.06.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырас кылыптыр кийинкилерге сабак болот
30.06.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колу менен жасаганды мойну менен тартышсын.
01.07.2014. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алар эми псикалык жактан оруу болот
02.07.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаза ото эле катуу болуп калыптыр. Адамды жиликтеген маньяк 9 жылга эле соттолду го...
03.07.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alirun, Туура айтасын
05.07.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды майдалап кескилеп олтургон адамга 13еле жыл берип бала сатты деп 15 жыл береби туура эмес чечим болгонго кантседа ар ким оз жазасын алсын
11.07.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда туура чечим чыгарышпайт эч качан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо