САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА: "ТУРМУШКА КЕЧ ЧЫККАНДАРГА "КЫЗ-БУРАК" КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕС"

№609 04-июль-10-июль, 2014-ж

“Кыз-Бурак” тобунун түзүлгөнүнө 38 жыл болду. Бул жылдар аралыгында топтон эмне деген таланттар учкан жок, эмне деген гана окуялар орун алган жок. Мына ошол топтун учурдагы аткаруучу директору Сайкал Садыбакасова жана топтогу жаңы жүздөр менен жылуу маек курдук.

Сайкал Садыбакасова:
“АПАМДЫ ЭРТЕРЭЭК НЕБЕРЕЛҮҮ КЫЛГЫМ КЕЛЕТ”
– "Мына баратабыз, келип калдык..." деп отуруп бир күндөн кийин жолуктук. Бул жоопкерчилигиңердин жоктугубу же ишиңердин көптүгүбү?

– Жоопкерчилигибиз жакшы эле. Кечээ түнү менен фотосессия кылып, үйгө таң атканда келдик. Сүйлөшүлгөн убакытта келе албай калганыбыздын себеби, уйкунун планын аткардык.
– Билишимче, 4 жылдан бери Бишкекте жашайсыңар. Топтогу кыздардын үйүнө жакын бололу дедиңерби же Гүлшайыр эженин көзөмөлүнөн оолактаганыңарбы?
– Акыркы учурда ырларды да, клиптерди да Бишкектен жаздырып, тарттырып калдык. Анын үстүнө үч кыздын окуган жери борбордо. Ошол себептен Бишкекте болуп жатабыз. Бир тууган таякем, бир кездеги белгилүү ырчы Жыргалбек Эргешов бизди апамдай эле көзөмөлдөйт.
– Жаманбы-жакшыбы Кенже Дүйшеева сага чейин бир топ жыл жетекчилик кылган. Сен ошол адам түзүп берген жол менен кетип баратасыңбы же өзүңдүн жолуң барбы?
– “Кыз-Буракка” апамдан башка эч ким жол сала албайт. Ошол эле Кенже эже апамдын айтканын аткарчу, өз алдынча иш кылган эмес. Мен дагы апам көрсөткөн жол менен кетем.
– Буга чейин топтон кеткен кыздар кагаз жүзүндө келишим болгон эмес дешкени бар, мындан улам топтогу кырдаалды жөнгө салган юристтер жокпу деген суроо туулат?
– Юристтер иштейт, баарынын кагаз жүзүндө келишими болгон. Бирок апам жумшактыгынан, айкөлдүгүнөн, кечиримдүүлүгүнөн улам соттошууга барып отурбайт. Андай болбой эле койсун, эгер ошондой жагдайларга эми туш болсок, мен мыйзам чегинде иш алып барам.
– Топтун кырк жылдык мааракесинде апаң “Кыз-Бурактын” ачкычын сага өткөрүп берем дептир, өткөрүп бергенден кийин эмне болушу мүмкүн?
– Апамды ардактуу эс алууга чыгарабыз. 60 жаш оңой эмес, чыгармачылыктын казанында кайнай бербей өзүнө көңүл бурсун, бактылуу карылыктын доорун сүрсүн. Өзү да ушинтип айтып келет.
– Ар бир интервьюңду апаңа окутчу элең, азыр ал адатың калдыбы?
– 40 жылдыктан кийин калат, тамаша (күлүп).
– Ырчы, аранжировкачы Эрнест Жоошев экөөңөрдүн сүйүүңөрдү нике шакеги качан бекемдейт?
– Кудай маңдайыбызга бири-бирибизди жазган болсо, ал күн да алыс эместир. Жазылбаса ага да баш ийебиз. Азырынча той жөнүндө сүйлөшө элекпиз. Эрнестке башында ыр жаздырганы барчубуз. Жарым жылдай дос катары сүйлөшүп жүрүп, анан ортобузда сүйүү тутанды. Кыз-жигит болгонубузга бир жарым жыл болду. Апам Эрнестти “тартиптүү, таланттуу жигит, жакшы үй-бүлөнүн баласы” деп калат. Апам "жүрөгүң кимди жактырбасын батамды берем" деген.
– Топтогу айрым кыздар ырдап жүрүп кеч турмушка чыгышпадыбы, сен да алардын жолу менен кетесиңби?
– Жок, андай болбойт, апамды эртерээк неберелүү кылгым келет. 23 жаштан кийин турмушка чыгууга уруксат берилген. Андан өтүп кеткендерге апам дагы, топ дагы күнөөлүү эмес.

“КЕНЖЕ ЭЖЕНИН УБАГЫНДА ЭЛЕ ЫРДАЧУМУН”
Толук аты-жөнү
– Айтурган Эрмек кызы
Туулган жылы – 1991-жыл
Туулган жери – Ош шаары
– “Кыз-Бурактын” архивин карасаңыздар көрөт болушуңар керек, мен Кенже эженин убагында эле бар болчумун. 2006-жылдан 2008-жылга чейин иштегем. Бирок анда мага басым жасалган эмес, топтогу адамдардын санын көбөйтүп кала бергем. “Кенже эже, мен мындай иш кыла алам, аракет кылып көрөйүн” деген эмесмин. Балким, Кенже эже дагы “сенин колуңдан келбейт” деп койгондур. Анан окуума байланыштуу кетип калгам.
Кайрылып келгениме 6 ай болду. Жеке ырчы катары чыгам деп деле аракет кылсам болмок, бирок “Кыз-Буракты” сагындым. Жадакалса Гүлшайыр эженин урушканын да сагындым.

“ТОПТУН ЧАЧТАРАЧЫ, ВИЗАЖИСТИМИН"
Толук аты-жөнү
– Мээрим Таалайбек кызы
Туулган жылы – 1994-жыл
Туулган жери – Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы
– Топто жүргөнүмө үч ай болду. Үч ай ичинде топ менен эки ыр жаздырдык. Кыздардын эң жоошумун. Ата-энем Гүлшайыр эжеге ишенет, тартипти катуу кармаган аял деп билишет, ошондуктан менин топко кошулушума каршы болушкан жок. Азыр топтун курамындагы кыздар Бишкекте жашайбыз да, үйүм бул жерде деп кетип калмай жок. Ошко тойлорго барып турабыз. Баса, кыздардын визажисти, косметологу, чачтарачы да мен. Өзүм ушул кесиптердин баарын атайын окуп үйрөнгөм.

“КЕЛИШИМ БҮТӨЙҮН ДЕП КАЛДЫ”
Толук аты-жөнү – Азалия Дүйшөналиева
Туулган жылы – 1989-жыл
Туулган жери – Бишкек шаары
– 2009-жылы тааныштар аркылуу Сайкал менен тааныштым. Сайкал мага топтун ички мыйзамдарын түшүндүрдү. Угушума караганда, бишкектик кыздарды алышчу эмес, аларды жүрүш-турушу начар деп билишет экен. Сайкал “жеңил ойлуулардан болсоң, биз менен көпкө жүрө албайсың” деди ачык эле. Мына, төрт жылдан бери чогуу ырдап келе жатабыз. Топко киргенде 4 жылдык келишим түзгөн элек. Жакында аягына чыгат.

“КЛИПКЕ ТАРТЫЛА АЛБАЙ КЫЙНАЛДЫМ”
Толук аты-жөнү – Айгерим Эшим кызы
Туулган жылы – 1994-жыл
Туулган жери – Чүй облусу, Ысык-Ата району
– Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин студентимин. Тааныштарым “сенин үнүң “Кыз-Бурактын” кыздарыныкына окшош, барып көрбөйсүңбү” деп калышты. Ойлонуп көрүп бармай болдум. Кастингге барып Сайкал эженин өзүнүн аткаруусундагы “Уркуя” деген ырды ырдагам. Ырчы болгону клипке тартыла албай кыйналдым. Бара-бара көнүп кетсем керек.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Топтогу кыздар менин бир көз карашыман түшүнүшөт" дейт Сайкал Садыбакасова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(137)
07.07.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да ийгилик каалайм !!!!,кобуроок изденуунорду жана
жакшы ырларды жаратуунарды кутом ))))
07.07.2014. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айжамал Гулнара Кенже Дуйшоевалар барда ырларын суйуп укчумун азыркы топтогу кыздарды тааныбайсын Сайкалдан башкаларын.Ырлары да мурункудай уккулуктуу эмес ошентсе да иштерине ийгилик.
07.07.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ии туугандар мнеге мынча заарбыз Гульшайыр эженин эмгенин деле баалайлы, Гульшайыр болбосо баарынар кайжакта эленер? Туштон кийин баарынар эле мен кыйынмын дейсинер да, кудай силерге нысап берсин.
SUPER.KG видео
07.07.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын Сайкал!
07.07.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура Сайкалды эле жакшы билет экенбиз калганын менда тааныбайт экенмин,и жаны ырларында уга элек экенмин баардык ырлары эле Гулнара эже Кенже эже Айжамал эже барындагы ырларын ырдашатго
SUPER.KG видео
07.07.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
сайкалдын угумду деле ырлары жоко
SUPER.KG видео
07.07.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кыздар без макияж жакшынакай сулуу кыздар экен боёнбой эле койсонор болот,азалияны жашы келип калыптыр жаш кыздардан айырмаланып кыз-буракты бузбай!
08.07.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сайкал жеке ырчы болуп эле ырдай берсе болот.топ ишин токтоткондой сезилет,уга турган бир да ырлары жок.Гулшайыр эженин 35жылдан бери топтогон куч аракети жоголуп баратат.
08.07.2014. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сайкал таланттуу кыз, ийгилик! Ал эми топ менен жакшылап иштешиш керек!!! Чындыгында уккулуктуу ылары жок.
SUPER.KG видео
08.07.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahat74, zamir.., кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
3 күндөн БАН!
08.07.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкал - Гульнара Калдарованын кочурмосу болуп калыптыр го
08.07.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сайкал эже сизге ийгилик. номеринизди беринизчи?
08.07.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз-Бурак тобуна ийгилик
SUPER.KG видео
08.07.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Азалиянын уну жок экен!!!
08.07.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурдагы кыдар эле жакшы болчу а азыркылар болсо жон эле показуха баары кирпиктерди чаптаган. бироосунунда естественный красотасы жок. сайкал кичине ХХХ ХХХ ХХХ... болчу. айтурган ХХХ ХХХ ХХХ... ай билбей эмне болсонорда аман болгула. сайкал мн айтурган экоо тен ХХХ ошо учун аябай жакын подруга болуп журушотта, ХХХ ХХХ жакшы тушунот болуп.
Модератор admin_portal түзөттү 08.07.2014 18:21
08.07.2014. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nmerlan - 10 күнгө БАН!
1. Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
2. Такталбаган маалыматтарды жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына, намысына шек келтирүүгө жол берилбейт.
3. Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга болбойт.
15.07.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо жардам берип коюнузчу?
Кантемин эми мен кандай кылам
Суйуумсуз эми мен кантип жашайм
Куноосуз армандуу суйуум учун
Окунуп оксуп мен кимге барам. Деген ырды ким ырдайт? гитара менен ырдайт экен. Айтып койунуздарчы сураныч?
09.07.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайм! Алгачкы эл баалаган Кыз-Бурактай атактуу болуунарга тилектешмин. Аракеттенгиле!
09.07.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкалдын жакын курбусу чачынан жаман эле жудодуго ушу кыздарга тан каламда чачын жайып не кылышат жарашса жарашпаса да саксайтып тем более ысыктын кунундо, оруп же туюп алса скромная болуп калатго Сайкал чачын сонун кылып алыптыр ошентсе болбойбу калгандары тиги Айтургандын чачы узун экен эптей албай эле чачы менен убара боло бериптир кыздарды тааныштырып атканда Айтурган чачына оролошуп аткан кофтасын желкеден атса тушуруп койду ынгайлуу эле кийинишсе женил койнок дегендей,
11.07.2014. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
je unu jok, je turu jok kyzadr eken
11.07.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dagy da iwtew iwtew kerek kyz-burak iwtew kerek !
SUPER.KG видео
11.07.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
MoonWalker, маанисиз, түшүнүксүз билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
11.07.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир Сайкал кишини басып суйлогондой Таркылдаган кыздардай сезиле берет )))))
11.07.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын жузу эмес эле, кыпкызыл помадасы анан макияжы корунотко..
12.07.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз бурактын составындагы кыздар алмашып эле жатса кайдагы уккулуктуу ырлар жаралат))) чынын айтканда сайкалдын колунан эмне келет( документальный директор сайкал болуп бирок топту иштеткенге чонураак эски ырчылардан алып калыш керек эле бирок вряд ли макул болушат)))
12.07.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз буракка конецтей корунотко, кыздар такыр еле таланты жоктой корунот. Неге Сайкалдын бир убакта айтканы есимде Гулшайыр апам Кенже мамам дегени азыр аларсыз еле кыз бурак популярдуу дейт, болбойт канткенде да дал ошолор кыз буракты кыз бурак кылганда мына азыр силерди еч ким билбейтта укпайтта, капа болбо бирок чындык.
12.07.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже азамат сыйлайм урматтайм, жебе тобуна келсек просто супер Кенже эжеге тазим.
13.07.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар нерсенин башталышы анан аягы болот. Бул чындыкты эч ким танбайт. Ошол сыяктуу эле кыз бурактын деле доору бутооруно аз калгандай корунот. Гулшайыр эжебиз кайрадан билек туруп топ менен жакшылап иштебесе кыз бурак жоголуу коркунучунда турат. Гулшайыр эже сизди кайрадан топко жан берет деп ишенебиз. А Сайкал сен оз алдынча эле ырда демекмин. Анан Гулшайыр эжебизди неберелуу кыл эртерэээк.
14.07.2014. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал калп Эле тарсылдай бербей , катуураак эмгектен эми рас Гулшайыр Эже сага ишенип Жана Чон жоопкерчиликти берип атса. Чон Чон ийгилик! Дагы бир нерсе : кыздар азыр заманбап Жана жонокой назик макияж колдонушса туура деп ойлойм!
SUPER.KG видео
31.07.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын чын дилден иштеп жатканы бийиктике умтулуп жатканын биринен да коро албадым. Азалияныле таанйт экенмин эскилерден. Бирок Азалиянын атын жузун эле тааныбасам. Унунон тааныбай хит ырын же клибин билбейм. Мурдагы кыз буракта Гулшайыр эжелер бирден кызга жок дегенде бир жылда бир жеке ыр жаздырып клип тарттырып турушчу. Азыр Сайкалдан корбой жатат. Только озуно гана жеке ыр клип тарттырат калганы кыз бурак менен биргеликтеле. Сайкал менимче баарынар биринчи, бирок менден кийинки деген прин
SUPER.KG видео
11.08.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azaliani baktigul badievaga okwowturdum.ozuncole baktiluu go))) saykal suylop atkanda kizdardin juzu karwilik berip atkanday Icterinen sezildi)))
Saykal apam debey balkim jumuwka baylaniwtuu GUlwayir Sadibakasovna desen degen sunuw bar...kebingde jawtik bar.anan kiskaraak suylosong,nuskaraak chygat.rahmat!
SUPER.KG видео
11.08.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anan sary kizdar jakty.bular da tandalip alindi da.turmuwka ele chygyp ketiwpese elge taanilat buyrusa.iygilik turgandiki emes churkagandyky dep koyuwat go. Anan berki kara kizdin emne kunoosu bar.ALla Taalanin jaratkan ar bir pendesi suluu iymani mn.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо