4 ИМПЕРИЯНЫН БОРБОРУ БОЛГОН СТАМБУЛ

№609 04-июль-10-июль, 2014-ж

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен дүйнөдөгү эң ири авиакомпаниялардын бири болгон "Түрк аба жолдору" компаниясы кыргызстандык жоон топ журналистти Түркиянын борбору Стамбул шаарына саякаттатып келди. Канчалаган эпидемияларды, согуштарды башынан өткөргөн, тарыхый жайларга бай Стамбул шаары бүгүнкү күндө Түркиянын экономикалык жана маданий борборуна айланган. Кезинде 4 империянын борбору болгон, 2 континентте жайгашкан Стамбул шаары тууралуу жаза берсе кагаз бети түтпөс. Төмөндө шаардын бир нече тарыхый жайлары менен тааныштырмакчыбыз.

СТАМБУЛ ТУУРАЛУУ

Стамбул Түркиянын түндүк-батышында, Босфор кысыгынын эки тарабында жана Мрамор деңизинин түштүк жагында жайгашкан. Шаардын көпчүлүк бөлүгү Европада.
Биздин заманга чейинки 659 жыл мурун негизделген.
Аянты 5343 чарчы чакырым (болжол менен Бишкек шаарынан 30 эсеге чоң).
Калкы расмий түрдө 14 миллион.
Стамбулдун (түркчө аталышы – Истанбул) көптөгөн аталыштары бар: Византий, Жаңы Рим, Константинополь, орус жылнаамаларында Царьград. Убагында Рим, Византия, Латын жана Осмон империяларынын борбору болгон.
Стамбул шаарына Түркиянын ички дүң продукциясынын 27 пайызы жана өлкөдөгү жумушчу күчүнүн 20 пайызы туура келет. Ошондой эле Стамбулда өлкөнүн бардык салыгынын 40 пайызы чогулат.

КӨГҮЛТҮР МЕЧИТ
Өлкөнүн эң башкы мечити жана Түркиядагы 6 мунарасы бар жалгыз мечит. Намаз убагынан башка маалда туристтер ичине кирип көрүп чыкса болот. Бирок сөзсүз түрдө кире бериште турган баштыктардын бирине бут кийимиңизди салып алышыңыз керек, ал эми аялдар бут кийимин чечкенден сырткары жоолук оронуп алышы да зарыл.

ТОПКАПЫ САРАЙЫ
25 султан жашап, өлкөнү башкарып турган сарай – Топкапы. Бул сарай Москвадагы Кызыл аянт, Париждеги Эйфель мунарасы же Римдеги Колизей сыяктуу туристтерди өзүнө чакырган Стамбулдагы эң башкы тарыхый жай. Дүйнөнүн жарымын башкарган султандар жашап өткөн Топкапы сарайы 700 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Далай улуу окуяларга, интригаларга толгон ордо оюндарына күбө болгон бул сарай дале ачыла элек көп сырды ичине катып турат.

АЙЯ-СОФЬЯ
Алгач православдар чиркөөсү, кийин мечит, учурда дүйнөгө белгилүү музей – Айя-Софья же Ыйык София собору. Византия империясынын “алтын кылымынын” символу, 537-жылы курулган Айя-Софья миң жылдан ашуун убакыт дүйнөдөгү эң чоң храм аталып турган. 1453-жылы Константинополду басып алган Осмон империясынын султаны Мехмед II чиркөөнү талкалабай, мечит кылууга буйрук берген. Ошентип, анын тегерегине 4 мунара курулган.

РУМЕЛИХИСАР
1452-жылы Константинополду Кара деңизден бөлүү жана шаарга чабуул коюу үчүн түрктөр Босфордун эң энсиз жерине 4 жарым ай ичинде сепил куруп бүтүшкөн. Учурда бул жерде Артиллерия музейи жана Жайкы театр жайгашкан.

Аягында Түркияга болгон сапарыбызды уюштуруп берген "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын мекемесинде болуп, кызматкерлерди кантип даярдашканына күбө болдук. Ал тургай машыктыруучулары ичи кадимки учактын кабинасындай болгон имитатор менен учакты “башкаруубузга” да мүмкүнчүлүк түзүп беришти.
"Асмандагы коопсуздук жерден башталат" демекчи, бул жерде борт коштоочуларды ар кандай жагдайда кантип аракет кылууну үйрөтүшүүдө.

КӨГҮЛТҮР МЕЧИТ

АЙЯ-СОФЬЯ

ТОПКАПЫ САРАЙЫ

РУМЕЛИХИСАР

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(10)
07.07.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz, Саламатсызбы! Маалымат такталып туруп жазылган.
Эгер дагы ушул сыяктуу суроо, сын-пикир же сунушуңуз болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүз.
07.07.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kooz shaar
08.07.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Пайдасы не кыргызга
08.07.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz...,тууган кандай пайдасы жок бул мусулмандардын тарыхынын негизи,канча кылым халифатчылыкты Осмон империясы кармап турган.Аллах ыраазы болсун силерге SUPERчилер ИСЛАМ дини жонундо коп-коп жазсаныздар
09.07.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакан шаарлардын бири Станбул кудай буюруса барып келиш керек.
10.07.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taryhyi jana ruhanyi jagyna da bai shaar
11.07.2014. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
26-июль Москва(Внукова) Стамбул (Ататюрк) кудай буйруса барып калам)))
11.07.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маалыматтын пайдасы- кыргыздын маалыматтуу болушунда. айрым адамдардын кээ бир нерселерге кайдыгер караганы мени окундурот
12.07.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушүндай кооз жерлерди көрүп келгим келетко,бирок мүмкүнчүлүк жокта...
01.10.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Имараттардын кооздугу жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо