ИЮЛДУН ОРТО ЧЕНИНДЕ КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫМБАТТАГАНЫ ЖАТАТ

№609 04-июль-10-июль, 2014-ж

Орусиядан Кыргызстанга келе жаткан күйүүчү майы бар 500гө жакын вагондор бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасынан өтө албай турганы бир топтон бери айтылып келет. Бул тууралуу сөздү ушул аптада нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Медетбек Керимкулов да козгоду. Анын айтымында, кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү азырынча жыйынтыгын бере элек. Казак тарап өзүнүн мамлекет ичиндеги токтомуна карап вагондорду өткөрбөй жатат. Токтомго ылайык, 2014-жылдын 1-январынан 1-июлга чейин Казакстандан эч бир жакка күйүүчү май чыгарылбашы керек. Жакында бул мөөнөт дагы жарым жылга узартылды. “Бирок бул вагондордун ал токтомго таптакыр тиешеси жок. Себеби Орусиядан келе жаткан күйүүчү май Казакстан аркылуу транзиттик жүк катары гана өтүшү керек. Биз өкмөткө кайрылып, мамлекет аралык чара көрүүлөрүн сурандык. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,- дейт М.Керимкулов.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысынын айтымында, июль айынын орто ченине барып күйүүчү майдын баасы кымбаттайт. “Июлда күйүүчү майдын дүў партияларынын баасы 10-21 пайызга көтөрүлдү. Анын себептеринин бири деп Красноярск крайында жайгашкан нефтини кайра иштетүүчү заводдо 15-июнда болуп өткөн аварияны айтышууда”,- дейт М.Керимкулов.

Элвира Караева,
Наргиза Бекданова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
07.07.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Манастын сатылган пайдасы.
07.07.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи Мамлекетибиз алсыз болгондон кийин,кошуналарда асыла беришет турбайбы,
08.07.2014. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орусиянын саясаты крны озунун карамагына кайтаруу же федерацияга кошуп алуу кысым корсотуу жардам беруудон башталат.Акырындык менен баардык стратегиялык жайларды банкротко жеткируу же сатып алуу менен крнын колун жипсиз тануу .Мунун озу крнын келечеги орустарда дегенди билдирет.
08.07.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул темп менен кетсе бийликтин башкаруу системасы крнын колонияга алып келери белгилуу болуп калды.
10.07.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samar55, Сен кандай жолду сунуштаар элен?
Же иши кылса башкачабы?
08.07.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уже которулуп кетиго 39;20 еле азыр 41ж50 болуп кети
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо