Юрист ЖООМАРТ ЖОЛДОШЕВ: "АТАМ ТҮШТҮКТӨН, АПАМ ТҮНДҮКТӨН, ЭКӨӨ БӨЛҮНҮП КЕТСЕ МЕН ҮЧҮН ЧОҢ ТРАГЕДИЯ БОЛМОК"

№609 04-июль-10-июль, 2014-ж

Жаңы кыргыз... Ар кандай мазак, тамашалардан улам болсо керек, бул сөздү укканда адатта акчасынан улам атасын тааныбай көпкөн, кыйратып кыргызча же орусча билбеген адамдын элеси келет. Бирок мен үчүн бул сөздүн мааниси башка. Жаңы кыргыз дегенде көз алдыма билимдүү, иш тажрыйбасы мыкты, жаңыча ойлонуп иш жүргүзгөн, элим-жерим деп күйгөн, Кыргызстанды өнүктүрүүгө салымын кошкусу келген, жаш, толуп-ташып турган адам келет. Ошол топко юрист Жоомарт Жолдошевди кошор элем.


– Кыргызстан Жоомарт Жолдошев аттуу ушундай билимдүү, чечкиндүү уулу бар экенин кандуу Июнь окуясынан улам билди. Ошто коогалаң болуп жатканын угуп, АКШдагы карьераңыздан баш тартып келе бергениңиз чынбы?
– Ошол жылы апрелде революция болгондон тартып эле көңүлүм тынчыбай, маанайым жок, кыйналып жүрдүм. Улам досторго, жакындарыма чалып, интернеттен жаңылыктарды карап, тынчый албай жүргөм. Анан эле инилердин бири чалып калды, “Ошто кыргыздар менен өзбектер урушуп жатышат” деп. Ошол маалда мен юридикалык компанияда иштеп жаткам. Бир жылга жетпеген убакытта адвокаттык лицензияга ээ болмокмун, тиешелүү сынактарды тапшырып койгон элем. Бирок аларды ойлонуп отурууга чамам болгон жок. Билет саткан кыргыз эже бар эле, ага барсам “ким ушундай карьерадан баш тартып кетет?” деп урушту. Көнбөдүм, үстүнө акча кошуп, жакынкы рейске билет алдым да жөнөп кеттим.
Үйгө келсем ата-энем жумушта экен. Апам менен учурашып алып анан военкоматка барайын деп ойлогом. Военкоматтан автобус толо эл чогулганын көрүп, кайрылып калдым. Өз эрки менен чогулгандар экен. Кийинки автобус качан чыгарын сурасам, жакын арада эмес дешти. Күтүп жүргүм келбей кошулуп кеттим. Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө баратканбыз. Элдин арасында 5-каналдын кызматкерлери бар экен, “өмүр бою кошуна жашап, тил табышып эле келген элибиз бири-бири менен урушуп жатса, Америкада бейпил турмушта жашап жүрө албадым” деп комментарий бердим. Кабак бүркөө, колумдун калчылдаганы дале басыла элек болчу. Ата-энем мени теледеги жаңылыктардан ошондой абалда көрүшүптүр. “Кечээ эле Америкада эмес беле, бул жакта эмне кылып жүрөт?” деп дүрбөлөңгө түшүп калышыптыр.
– Ал чечимиңизди кандай кабыл алышты?
– Башында апам кабатыр болду. “Отуздагы каруу күчкө толгон балдарыңыз барбаса, анда сиз барыңыз, карындашым барсын. Ушундай баш аламандыктарды токтотууга баары бир бирөө барыш керек да” деп апамды тамашалап калдым. Сөзүмдү чеки дей алышпады. Анын үстүнө, биз бала кезден эле аскердегидей тартип-тарбияда өскөнбүз. Апам өмүр бою милицияда иштеди, атам өрт өчүрүү кызматында.
Ушундай бир коогалаң, тополоңдор болуп кеткенде апам агам экөөбүзгө ачык эле айтат, “бириң барсаң бириң кал, анткени бирөөң кокустукка туш болсоң, экинчиң аман болушуң керек” деп. Баткен окуясында да агам экөөбүз барабыз деп жулунуп чыкканбыз. Анткени агам да атайын даярдыктагы бөлүмдө кызмат өтөгөн.
Кийин Ошко барып, жаңжалдын кесепеттерин жоюу иштерине катыштым. Ал маалда кыргыз-өзбек эле эмес, түндүк-түштүк деген жарака да күчөп кетти. Ошого катуу күйүнүп жүрдүм. Өзүм митингдерди жактырбаган адаммын. Бирок ошол маалда бөлүнүүчүлүккө каршы митингдерге чыкканга даяр элем. Мына, мени эле алалы. Атам түштүктөн, апам түндүктөн. Эгер экөө бөлүнүп кетсе, мен үчүн чоң трагедия болмок. Мага окшогондор канча?
Кудай жалгап, Кыргызстандагы абал тынчыды, эмоциялар басаңдады. Анан кантип жашайм деген суроолор келип чыкты. Башка өлкөдө бейгам жашай албасымды билген соң муктаж болгондорго жардам берип, тажрыйба бөлүшсөм деген максатта юридикалык фирма ачтым.
– Интернеттен карап отуруп, энергияңызга таң калбай коё албайсың. Коомдук иштерде, атактуулардын башын бириктирген кечелерде, оюндарда жүргөнүңүздү көрөм. Иштегенге убакыт калабы?
– Ооба, мен бирөөнүн колунда иштебейм да. Андыктан иш графигимди өзүм каалагандай түзөм. Көп фирмалар менен иштешем. Бизнес-идеяларды колдоо максатында жаңыдан бизнес баштап жаткандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүп жатабыз. Таң калышат, кандайча дешип. Алар бутка туруп кетсе, бизнес чөйрөсү өнүксө деген тилегибизди түшүндүрөбүз. Иштери ийгиликтүү жүрүп кетсе, балким, кийин бизге кардар да болушат.
Быйыл Кыргызстандын арбитраждык сотунун арбитри болдум. Буюрса, келерки жылы эл аралык күчтүү аброю бар Улуу Британиядагы падышалык арбитрлер институтуна мүчө болом. Ошентип алдыма жыл сайын кайсы бир иштерди бүтүрүүгө, жаңы тепкичке көтөрүлүүгө максат коюп, ошону менен бараткан кезим.
– Алдыга максат коюп, ошонун негизинде иш кылуу адаты качан пайда болду?
– АКШдан пайда болду го дейм. Мен 1999-жылы “Флэкс” программасынын негизинде 12-классты АКШдан окуп келгем. Ошол жылдан бери ал жакка барып-келип иштеп жүрдүм. Башында акча табууга басым жасачумун. Иштеп, чогултуп келип бир жылы үй курасың, дагы бир жылы автоунаа аласың дегендей. Кийинчерээк байкасам, андайда өспөй калат экенсиң. Ага көзүм жеткен соң тапканымдын баарын билим алууга сарптай баштадым. Кесиптик жактан өсөйүн деп чечтим.
– Бизде “Ак үйгө барган соң ажыдаар болуп кетет” деген лакап бар эмеспи. Анын сыңары, Кыргызстандагы систем, коррупция сизди да өз сазына соруп кетет деп чочулабайсызбы? Катардагы ажыдаардын бирине айлантып салат деп коркпойсузбу?
– Студенттер, жаш балдар менен сүйлөшүп калганда мен 3 нерсени дайыма баса белгилейм. Адам эмнеден турат? Тулку-бойдон, жан дүйнөдөн, акыл-эстен. Дененин чың болушу үчүн кам көрүү керек. Машыгып, чүйгүн тамак жеп, туура тамактанып дегендей. Орустар бекеринен айтышпайт да “в здоровом теле здоровый дух” деп. Жан дүйнөнү да байытуу, азыктандырып туруу керек. Акыл-эсти билимге каныктыруу зарыл. Эгер ушул нерселер бар болсо, анда сен сырткы жамандыктарга, таасирлерге каршы тура аласың. Ушул үчөө сенде жакшы бышып жетилип айкалышкан болсо, анда сен өзүңдүн принциптериңе бекемсиң. Принциптерге эле эмес, дегеле жашоодо бутунда бек турган адамсың. Көп айтып калам, “системдин ичинде эмес, системдин үстүнөн иштеш керек” деп.
– Кыргызстанда сот системин өзгөртсөк деген тилегиңизди көп айтасыз. Пикириңизге кошулгандар барбы?
– Кыргызстандагы укук чөйрөсү мага абдан чоң финансылык корпорацияны элестетет. Айыпталуучу милицияга, адвокатка, жабырлануучуга пара берет, милиция прокуратурага, прокуратура сотко. Баарынан жаманы, булардын баары ушундай абалга каршы эмес. Ошондой абалга макул. Ошон үчүн кылмыш иштери боюнча жактоочулук кылгым келбейт. Анткени мындай учурда жактоочу айыпталуучу менен орган кызматкерлеринин ортосундагы ортомчу эле болуп калат. Бул системден жабыркагандар көп. Эгер жөндүү багытка салып, тийиштүү деңгээлге чыгарсак, колдоп кетчүлөр арбын.
– Жоомарт аттуу азаматтардын баяндарын билебиз. Жоомарт Бөкөнбаев, Жоомарт Оторбаев, Жоомарт Сапарбаев... Жоомарт Жолдошевдин баяны кантип башталган? Кайсы жерде туулуп-өскөнсүз?
– Тегим Алайдан болот. Бирок Ош шаарында туулуп, Өзгөндө өскөм. 7-класска чейин жалпы билим берүү мектебинде, андан кийин Оштогу түрк лицейинде, 11-класста кайрадан Өзгөндөгү мектепте, андан соң бир жыл АКШда окудум. Жогорку билимди болсо Борбордук Азиядагы Америка университетинен алдым.
– Канчанчы атаман элеңиз?
– Көп деле тентектигим жок болчу. Жакшы окугам. Лидерлик сапат ошол кезден эле бар болчу. Мектебибизге өзүн-өзү башкаруу системин киргизип, үгүтчүлөрүм жакшы иштеп, биринчи президенти да болгом.
– Бүгүнкү коомубузда эркектин эркектей болуп өсүүсү үчүн эмне керек деп ойлойсуз?
– Менимче, балага негизги тарбия атадан, үйдөн берилет. Азыр аялдар менен эркектер тең тайлашкан заман, атүгүл жоопкерчиликти, аны менен кошо үйдү башкарууну да аялга берип коюп жүргөн эркектер бар. Мен болсо тээ байыртадан келе жаткан, ата-бабадан калган мамиленин жактоочусумун.
Эркектин ролу – үй-бүлөнү багуу, коргоо. Ал эми аялдын ролу – ден соолугуна карап, дени сак балдарды төрөө, татыктуу тарбия берүү, үйдүн коломтосун жылуу кармоо. Балдарга төрөлгөндөн баштап ушундай тарбия беришибиз керек деп ойлойм. Коомдон, же болбосо аскерден алган тарбия-таасирлери чечүүчү боло албайт.
– Окуп, иштегенден тышкары дагы эмнеге кызыгасыз?
– Футбол ойнойм. Азыр аябай берилүү менен бул өнөрдү үйрөнүп жаткан учурум. Бир жылда профессионалдык деңгээлге жетким келет. Мындан тышкары дзюдо менен машыгам. Жан дүйнөмө өзгөчө канааттануу алып келчү дагы бир иш бар. Кышпы, жайбы, тоонун муздак суусуна түшкөндү жактырам. Динде деле айтылат эмеспи, жин-шайтан оттон жаралат деп. Тамашалап калам, “тоонун таза, муздак суусу шайтандарды айдайт” деп. Албетте мунун ден соолук үчүн пайдасы чоң.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР
– Өзгөчө таасир берген кино?
– Юристтер тууралуу “Форс-мажор” сериалы
– Өзгөчө таасир берген чыгарма?
– “Манас”, “Согуш жана тынчтык”
– Жактырган актрисаңыз?
– Жулия Робертс
– Көргүңүз келип жүргөн жер?
– Амазонканын токойлорун көргүм келет, мегаполистердин кызыгы жок
– Жактырып, кайталап уга турган ырыңыз жана ырчыңыз?
– Бек Борбиев
– Жактырган парфюмуңуз?
– “Версаче”
– "Самсунг" же "Алма?"
– "Алма"

"Дениң сак, жан дүйнөң бай, акыл-эсиң билимге каныккан болсо, анда сен бутунда бек турган адамсың".

Шаиста Шатманова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(39)
07.07.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиздей мырзалар коп болсун! Коп жашап,элинизге пайданыз тийсин!
07.07.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолдош, ишине ийгилик. Чын ден соолук каалайм. Сени менен кантип байланышсак болот. Кенешин керек болуп жатат
07.07.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
келечегинен копту умуттондургон, кыргызга пайдасы тийчу инсан экен. эл башкарган жеп жутарлар ушундай билимдуу, эл учун куйгон адамдар менен алмашканда гана кыргызстан онугот.
07.07.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маек болуптур ,билимдуу адам экеени корунуп турат .Биздин Кыргызстандын келечегине ушундай жигиттерден коп болсо кана.
07.07.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат!Ийгиликтер коштосун ар дайым!
07.07.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyz sonun maek boluptur,dayima suylogondo oz orduu m.n suyloyt,ozuda krasav4ik,tama-woudo kalystar tobunda olturganda da sonun suyloyt,iwinizge iygilik,uy-bulooluk bakyt!!!
07.07.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат. Бойдок жигит турбайбы? Кен келечек. Кыргызстандын рнугуусуно чон салым кошуура тилектешмин
07.07.2014. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаистанын Ак-уйго баргандардын кобу ажыдаарга айланып кетет деген суроо жакты себеби бир кезде бир президентибиз да ошентип суйлогон болчу азыр озу юриский периоддо журот.
07.07.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшыга жанаш,жамандан адаш демекчи,ушундай байкелердин созун уксак алдыга умтуласын,улгу болчудай инсан экен.Ийгилик,
07.07.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул мырза мага жагат! мумкунчулук болсо уй-булоосу,жашы канчада тууралуу жазсанар жакшы болмок
07.07.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a_roma_, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/46181/
07.07.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaly tatynakai,2 balaluu bolso kerek ele.ya s nim horosho obshalas v soc.setyah ,daje sozvanivalis daavnoo.on vsegda uznaet na ulice)))
07.07.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жоомарт байкени мыкты юрист катары жакшы билем. Мындан да жакшы жетишкендиктерге жетишуунузго тилектешмин. Сиз менен иштешким келет. Буюрса бул ниетим да жакынкы убакта ишке ашып калат деген ойдомун.
07.07.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КЫРГЫЗ элим жерим дегенде, америкадан болсо да келет. Азаматсын досум эл керегине жарап журо бер.
Модератор admin_portal түзөттү 08.07.2014 09:37
07.07.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызда Жоомарт Жолдошевдей инсандар кобойо берсин.Иштерине ийгилик .
07.07.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bizdin Saiasatka ushundai jashtar kerek.
08.07.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу форумчулар ХХХ колдойбуз же ХХХ деген сыяктуу болунуучулуко алып келчу создорду колдонбой кыргыздын сыйймыктанчу жигити десек болбойбу...Ушундай жигит кыздарыбыздан улгу алып осолу.билим алып кайда журсок да кыргызстан учун куйолу дебейликпи.
Модератор admin_portal түзөттү 08.07.2014 09:38
08.07.2014. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samar55, + Басам деп жатып! - Басылып кетти! Кечир! Эн туура белгилоо! Биз бир бутунбуз! Бизде болунсок жарылсаак мамлекет болбойбуз!
08.07.2014. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен бул байкени тааныгандар бери ушул создору эч оозунан тушподу "согуш учун келгем " эми болдуга жарыктык, ал жерде мен эркекмин дегендин баары согушкан. Менменсинуунун коптугу адамга жакшылык алып келбейт!
08.07.2014. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиздер патриот ,билимдуу байкелер кобуроок болсо кичинекей олкобуздо
08.07.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу колдонуучулар!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болсоңор!
08.07.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жигиттин биринчи никесинен 1кызы бар, 9 жашар.Экинчи никесинен бир уулу бар, азыр болсо учунчусу менен жашайт.
08.07.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымда сиздей патриот, билимдуу, акылдуу мырзалар коп болсун !
09.07.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоомарт байкедей билимдуу, акылдуу инсан президент болсо бат эле онугуп кетмекпиз. Бар болунуз байке!
09.07.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билимдуу, акылдуу, патрито жигит экен, бирок Ош коогаланында АКШдан келе берген жерине тушунбодум, келгенде деле уруш буткондон кийин келди да.
10.07.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat!!! ja vas uvajaiu i lublu.
Allah sizge bekem den sooluk, uzun omur berip, ar daiym Yigilik kowtop jursun!!!!
10.07.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул байкени оооооооооооооооооооооооооооолллллллллллооооооооооооо жак4шы кором да. Такой грамотный,образованный. Топ келген мырза да баардык жагынаню. Ийгилик иштеринизге.
11.07.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйомго сизди
11.07.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Аялдын озун карап, ден-соолугуна кам коруп..." дегенин эркектерден биринчи угушум.. Бали!
13.07.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигит баарына жагат болуш керек.
13.07.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай керемет
14.07.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bul baykeni tamawoudo suylogondorun korup oilop kalcum...sebattiktarga okwop suyloyt eken dep...korso pochti wto owol jaktan butuptur da..... mdaaaa...joomart bayke acigin ele aytpaysizbi litseydin salimi chon dep)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо