Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧӨЛДҮ БЕЙИШКЕ АЙЛАНТКАН АЙЫМ

№609 04-июль-10-июль, 2014-ж

Кадамжай районундагы Халмион айылынын тургуну 63 жаштагы Райхан Салиева канаттууларды багып жаткан жайга кеткен тегиз, какыраган таштак, саргайып калган чөптөрдүн арасындагы жол менен сапар алып бараттык. Унаадан түшсөк, какыраган жердин кичинекей бөлүгүн Райхан айым көгөртүп коюптур. Ал жерге тропиктик гүлдөрдү, тал, помидор, жүгөрү, капуста эгиптир. Чакан дүкөнүнө кирсек, бурчта чоң тордун ичинде канаттуунун 15тей түрү, 50дөн ашык даанасы жаратылыштын коюнунда сайрагандай ар түркүн үндө сайрап жатышат. Булардын баарын багып, какыраган чөлдү жашылдантып койгон Райхан эже бизди жаркылдап тосуп алып, көп кызыктарды айтып берди.

“БӨДӨНӨ КОРОЗДОН МУРУН КЫЙКЫРАТ”
–Кесибим – биолог, агроном. Ушул бир жарым сотых жерге 4 КамАЗ топурак түшүргөм. Өз колумдан даярдалган биогумус (айыл чарбасынын органикалык калдыктарын сөөлжан аркылуу кайра иштетүү менен алынган жер семирткич) менен таштак жерге ушундай мөмөлөрдү, гүлдөрдү өстүрүп жатам. Суу чыкпагандыктан Өзбекстан тараптан 1 жарым чакырым аралыктан насос менен суу чыгарып, шланга менен тарттырып алгам. 20 тоннадан ашуун биогумус, миллиондогон кашка баканын икралары, өсүмдүк, коён, канаттууларым ошол суу менен жашап жатышты эле, он күн болуп калды, насосумду шлангалары менен кошо бирөөлөр уурдап кетишиптир. Аны жыйнаганда бир КамАЗга толуп калмак. Мен бул ишти уюшкан, мени көрө албаган адамдар жасады деп ойлоп, орган кызматкерлерине арыз жазгам. Алар бул ишти иликтебей, кайра “Тосмо арыз жазып бериңиз. Биз ушунун айынан иштен айдалмак болдук” деп келип алышыптыр. Суу жок биогумус кургай баштады, кашка баканын миллиондогон икралары өлдү. Өсүмдүктөрүмдү, канаттууларымды эптеп багып жатам.
Канаттуулардын көпчүлүгү Европадан келген. Биздин жаратылышта жок чымчыктар. Мен буларды багып, көбөйтүп ар биринин жашоо шартына карап, суукта жүрүүчүсүн тоого, ысыкта жүрүүчүсүн чөл тараптарга, өзүбүздүн талааларга коё берем. Азыр бүркүттүн балапанын карап жатам.
Корозду эң биринчи кыйкырып күндү чакырат деп коёбуз, бирок бөдөнө короздон мурун кыйкырат. Анын үнү 4 чакырым аралыкка чейин угулат. Көгүчкөндөр үчүн торчонун ичине атайын күзгү коюп койгом, күзгүгө каранышып, канат, куйруктарын жайып, сулууланганды жакшы көрүшөт.

“БИР ТҮП ЖҮГӨРҮ 8 ДААНАДАН БАЙЛАГАН”
–Өзбек эли дыйканчылыкта аябай берилүү менен иштешет. Биогумус деген жер семирткичти ошолордон уккам, 18 центнерден алып жаткандар биогумустан улам 35 центнерден түшүм алышыптыр. Сузакка барып, сөөлжан алып келгем. Бирок аны кантип багыш керек, эмне кылуу керек, эч кандай маалымат билбейбиз. Узунун 25, туурасын 8 метр кылып 12 чуңкур казып бетондодук да, малдын кыгы менен толтурдук. Ишибиз аябай жакшы жүрүшүп кетти.
Биринчи өзүбүз иштетип баштаганда биогумусту помидор, жүгөрү, картошканын түбүнө салып көрдүк. Бир түп помидор 200 даана, картошка 100, жүгөрү 8 даанадан мөмө байлаган. Помидорлорду Украинага чейин алып барып сатып келишчү. Ал жактан биздин помидорлорду текшеришкенде эң таза сорттогу помидорлор болор эле.

“БЕКИТКЕН НАНДЫ МЕН ЖЕП КОЮП, АТА-ЭНЕМ АЧКА КАЛЫШЧУ”
–Атам да, апам да тоголок жетим болгон. Алардын менден башка баласы жок. Жетишпеген турмушта жашап басмырланып турчубуз. Апам оорукчан, атам бирөөлөрдүн малын бакчу. Малдын ээлери да атамдын эмгек акысын көп учурда бербей койчу. Атам мал кайтарып, кечинде үйгө келе жатканда эшекке отундан арта келчү, бир эшекке жүктөлгөн отунун бир нанга алмаштырып үйгө алып келет эле. Ал нанды апам жыйылып турган төшөктөрдүн арасына катып койсо да мен таап алып, жеп койчумун. Атам менен апам ачка калышчу.
Ата-энеме жардам берейин деп 3-классымда тамеки чаптым. Бир күндө бир тонна тамеки үзгөн күндөрүм болгон.
Мектептен кийин Фергана пединститутун аяктадым. Ал жакта пахта көп болгондуктан, студенттерди пахта талаага алып чыгышат. Башкалар күнүнө көп дегенде 15 килограммдан пахта теришчү. А мен акча таап алайын деп күндүз кечке, түнү айдын жарыгында да иштеп, бир суткада 500 килограмм терчүмүн. Окуу жайдын ректору “тоодон келген кыргыздын кызы 500 килограмм пахта териптир, пахтанын арасында чоңойгон силер 10-15 килограмм араң терип жатасыңар”
деп өзбек балдарды урушкан.

“АР БИР ИШИМДЕ ЭКСПЕРИМЕНТ ЖАСАП КӨРӨМ”
–Биз аябай берилип иштеп турган убакта илим анчалык өнүгө элек болчу. Интернет, техника деген болгон эмес. Илимпоздордон кеңеш алып турууга мүмкүнчүлүк жок эле. Ар бир жасаган ишимде эмне кылса кандай болот деп эксперимент жасап көрөм. Азыр помидорлордун бирин жалбырагынан, бирин тамырынан сугарып жатам. Жалбырагынан сугарылганы жакшы чоңоюп, көп мөмө алды. Сабактары да кайраттуу. Ал эми тамырынан суу ичкени бир аз алсызыраак. Картошканы болсо баштыкта өстүрүүнү баштадым. Кадимки эле пахта кебезден тигилген баштыкка топурак салып, ага таза сорттогу картошканын уругун эгебиз. Биогумус берип, жалбырагынан сугарып караса, бир баштыктан 70тен ашык даана картошка алынып жатат. Бул картошканы баштыгы менен сатсаң да болот, башка жакка көчүп кете турган болсоң, картошкаңды да көчүрүп кеткенге аябай ыңгайлуу. Бул ыкма менен көп кабаттуу үйлөрдө өстүргөнгө да эң сонун.
Кыргызстан айыл чарба продукциясы боюнча алдына башка өлкөнү салдырбай тургандай мүмкүнчүлүгү бар. Өлкөбүздө тукуму жоголуп кеткен канаттууларды көбөйтүп, органикалык жер семирткичти өлкөгө кеңири таратып, эң таза сорттогу продукцияларды чыгарып, элибизди экологиялык таза жашоого өткөрүү – менин биринчи планым. Органикалык жер семирткичтер боюнча илимий иш жазып, эмгегимди ОшТУга алып барсам, ал ишим окумуштуулар тарабынан жактырылды. Бирок ошол эмгегимди жактап алганга убактым болбой жатат.
Бирде ыйлап, бирде күлүп айыл чарбадагы баалуу кеңештерин, ийгилик сырлары менен бөлүшкөн Райхан Салиеваны эл "Кадамжайдын Уркуясы" деп атап алышкан.

Райхан эже сүйүктүү канаттуулары менен.

"Бүркүттүн балапанын башкаларга кошпойм, кошсом башка канаттууларды жеп коймок".

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(21)
07.07.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Когучкондору жакты.кыйын эже экен,жургузуп жаткан иштерин теледен да кордум,
азаматсыз.
07.07.2014. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
согунго барып оз козум менен коргум келип кетти.Эжеге омур ден соолук каалайм.
07.07.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздей эмгекчил адам КРда коп болсо,биздин олко дуйнодогу эн бай олколордун бири болмок...эмгегиниздин узурун корун!
07.07.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уяты жок уурулар ак эмгеги менен жасаган эмгегин уурдаган акмактар.
Эмгегиниздин узурун корун,ден соолук узак омур каалайм.
07.07.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КР барып уй салсам мен да баштайм алдыдан ниетим бар элее озууу
07.07.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сурот аябай аз го.башында окуганда тропик жемиштер десе,суротун да кором го дегем
07.07.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх милициялар онолмоюн уурулар да тыйылбайтго. иштен айдалам деп корккондон коро ошол ууруларды таап авторитет болуп иштеп калганы дурус элего
07.07.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик,менда абдан кызыгам осумдук жана жаныбарларга.Озум биологмун..
08.07.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорунуз оркундойберсин ишинизге ийгилик, мен да алдынан коргум келди жасаган иштеринизди. Буйруса жакында барам Кадамжайга
08.07.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Халмиондун каеринде болду экен ?
09.07.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын го.
11.07.2014. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге ушундай эжелер депутат эмес ээ?кыйынчылыкты коргон жумуштун мойнун жулуп алган эже экен.
11.07.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага аял!!
12.07.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат эже экен!
12.07.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат эже экен го. Ушул элжедей болуп ак уйдогулор да иштесе Кыргызстан бат эле онолмок. Эженин иштерине ийгилик!
13.07.2014. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanday gana emgekchil ayal,emgeginidin uzurun korunuz,ulgu alsak bolchuday.
13.07.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райкан эжеге данк, омурунуз узун болсун. Кадамжайдын Уркуясы.
13.07.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эмгектын түбү __ өнмөк" деп бекер айтпаган бабалар, дилгирлик менен мее иштетип емгектенүүдөн ар кандай чөл да гүлгө айланарын мына ушул Райхан эжебиз өз иш жүзүндүүлүгү аркылуу далилдеп койуптур.
19.10.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omurunuz uzn bsn,iwnzge iigilik,e4 ooruban,,onorunuz orkundoi bersin,emgeginzge ot duwi 5dgn baa berdim,oto ku4tuu iwtem4il a9l eken 5 5 5 5 5!! Uwundai jeke iwmerlerge jogorudagylar sponsor bp,je byudjetten ak4a bolup jardam kylsa,kgde sapattuu zy9nsyz produktylar 4ygat bele,dank sizge!
22.01.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик эже,бар болунуз! милициялар ушул эженин урдалган буюмдарын табып берсенер!!
08.02.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик сиз чыныгы Уркуя эже экенсиз. Сиз менен жолугушуп, ой-пикирлеринизди болушуп, сизден пайдалуу жакшы кенештерди алсам деген ниетим бар. бар болунуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо