“КЫЗГАНЧААК КҮЙӨӨМ МЕНЕН КАНТИП ЖАШАП КЕТЕМ?”

№609 04-июль-10-июль, 2014-ж

– Турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Менин сиздерге кайрылганымдын себеби, жолдошум экөөбүздүн ортобуз улам алыстап баратат. Бирок мен үй-бүлөмдү сактап калгым келет. Мындай учурда эмне кылышым зарыл?
Үйдө 4 кыз, 2 уул элек. Атам азыр деле таксист, апам майда-чүйдө сатып акча табат. Бирок экөөнүн тапканы үйдөгүлөргө өп-чап гана жетет. Мектепти бүткөн соң өз күчүм менен университетке өтүп кеткем. Бирок эптеп багып жатышса деп апамдан жол киреге акча сурагандан да тартынчу элем. Үйдүн эң улуусу болгондуктан, апам эмне маселе болсо дайыма мени менен кеңешчү. Анын күндө кечинде “эртең эмне жейт болдуңар экен?” деген сөзү кулагымда кадалып калгандыктан, башка кыздар сыяктуу “тигини кием, тияк-биякка барам” деп айтчу да эмесмин. “Атасы эптеп жан баккан таксист болсо, кызы эмнеге кыйынсынат? Бузулуп кетти, көчөдө көп жүрөт деген сөздү угузбай, жакшы жүр” деп зар какшаганычы?!
Ошондуктан окуудан мурда апама кантип жардам берем, кайдан иш табам деп отуруп-туруп ойлончу болдум. Ошондой күндөрдүн биринде мага жуучу түшүп келишти. Күйөө болчу бала Москвада иштейт экен. Муну угуп атам “аныңар 19да болсо, кантип жашоо куруп кетишет?” деп алгач болбой жатты. Мен да “баланы тааныбасам, анын үстүнө окуп, иштеп, апама жардам беришим керек” деп болбодум. Бирок тигилер “кызыңардын окуусун балабыз өзү бүтүртүп алат. Кызыңар Москвага барып жашаса жаманбы?” деп жатып ата-энемди көндүрө башташты. “Москвага барып иштесем апама жардам бере алармын” деген ойдо турмушка чыгууга көңүлдөндүм.
Ошентип той болуп, экөөбүз Москвага кеттик. Күйөөм өзү иштегени менен мени иштетпей койду. 6 ай үйдө жаттым. Кийин анын макулдугун алып жумушка орноштум. Бирок күйөөм чогуу иштешкен эркектерден кызганып, мени жумуштан чыгарып алды. Бул көрүнүш кийин да кайталанып, 3-4 жерде иштегенимден кийин биротоло үйдө отурууга аргасыз кылды. Кызганып эч кимге кошпойт, көчөгө эркин бастырбайт. Бир жылга жетпей 11 килограммга арыктадым. Күйөөм тааныштарга мени жамандай бергендиктен, аларга жолугуп сүйлөшкөндөн да качып калдым.
Учурда үйдө чыр көп чыгат. Ушулардын баары жыйналып келип, мен урушчаак адамга айландым. Жолдошум акыркы күндөрү бирөө менен мамиле куруп, мага “сени менен жашаш кыйындап баратат” дечү болду. Же өзүмдү алаксытып эрмектегенге балалуу да болбодук. 2 жыл ичинде апамдарга бир да жардам берген жокмун. Туңгуюк жашоодон кантип чыга алам?


Мира, 20 жашта, Москва

– Мира, сиз үй-бүлөмдү сактап калсам дейсиз, бул жакшы ой. Бирок күйөөгө тийген себебиңизди карасак, сиз сүйүүсүз, жолдошуңуздун мүнөзүн, жүрүш-турушун, анын кандай максаттары бар экенин билбей эле, ата-энеме жардам берем деп өзүңүздү “курмандык” кылып тийиптирсиз. Бул үй-бүлөнүн маңызын түшүнбөстүк. Башкача айтканда, сиз өзүңүздүн жашооңуз менен жашабай, ата-энеңиздин милдетин алып жатасыз. “Ата-энеме жардам бере албай калдым” деп өзүңүздү жей берип, нерв оорусуна да дуушар болуптурсуз. Баары тынчсыздануу, ачуулануу, оор ойлордон, кайгыдан болуп жатат. Мындай абалда гормоналдык бузулуулар да келип чыгат, мүмкүн ошондон балалуу болбой жатасыздар.
Үй-бүлөңүздү сактагыңыз келсе, жолдошуңузга көңүл буруп, мамилеңизди оңдогонго аракет жасашыңыз керек. Үй-бүлөлүк бакыт – бул бири-бирин сыйлоо, ой-пикирлерин угуу, кыйынчылыкты бирге жеңүү, максаттарга чогуу умтулуу экенин эске түйүңүз.
Эми күйөөңүз менен жай отуруп сүйлөшүңүз. Анын үй-бүлөлүк бакыт дегенди кандай түшүнөрүн, сиздин мүнөзүңүздүн кайсыларын жактырарын, сизге карата кандай сезимдери бар экенин, максаттарын сурап билиңиз. Ал дагы сиздей болуп жаш, жашоого тажрыйбасы жок экенин түшүнүңүз. Балалуу болсом үй-бүлөмдү сактап калат элем деген ой туура эмес. Анткени балалуу болордон мурда өзүңүздөрдүн сезимиңиздерди анализдеп, мүнөзүңүздөрдү оңдошуңуздар керек. Жолдошуңуз экөөңүздөр чогуу-чаран кеңешип, энергияңыздарды туура баалап, бир багытка буруңуздар. Ар бир адам өз тагдырына жооптуу, андыктан жашооңузду оңдоп кетүү өз колуңузда.
Сиздин сурооңузга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(51)
07.07.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сенин жашоондун манызы ата-энен,бир туугандарын болсо, куйоондон ажырашып,иштеп аларды багышын керек. Эч бир куйоо андай аялды жактырбайт,кимге эле жаксын. Же аялынын созунон чыкпаган куйоо таап,чогу баккыла. Ар бир адам озу батылуу болсо,озуно жетсе кана, бироону багып бактылуу кылат.Балалуу болсон ата-энене эмес, озуно да жетпей калат.
07.07.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч качан жаны келин болсон жардам бере албайсын качан тынып бала чакалуу болсон анан ашса ата энене жардам бере аласын ага чейин шашпа ачууланба турмушунду ондо балалуу бол ийгилик
07.07.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоондун сени менен жашаш кыйындап баратат дегенине караганда коп нерсе озундо окшойт
08.07.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бака бакылдабаса башыга таш такылдабайт сен моллого бир ташты окутуп жолдошун келгенде оозуна салып ал
08.07.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kurguz..., оло кулуп алдымго создоруно. Эми темага келсек озунор жыргаганынардан москвада жургон жоксунарда биринчи бутуна тур анан жардам кылсан жарашат.
10.07.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kurguz..., Туура айтасын )))
08.07.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azyryncha bul bir jaktuu maalymat. Jogorudagy psihologdorgo kayrylgym kelet, psihologdor, Sizder da bashta eki jakty ugup, anan kenesinizderdi bersenizder jakshy bolmok. Sebebi, bul jonokoy ele kadimki uy bulooluk chatak bolup kalyshy mumkun. Urushchaak ayaldar any chon prablema kylyp ushunday sayttarga, gazetalarga reklama kylyp alyshy toluk mumkun....
08.07.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озуно ишенбеген,алсыз мырза гана кызганат.Иштебей уйдо отурсан деле.Аллахым ыйман берсин.
09.07.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazimka, ayalyn kyzganbagan erkek beyishke kirbeyt... (Bul-Islamdagy soz)
08.07.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мындай жашоодо жашагандан горо жашабай эле койгон жакшы,тем более балалуу болбопсунар андан да жакшы башкага тийип торопда аласын.
08.07.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жогоруда жазгандардын копчулугу куйоонузду жамандап коюптур. Куйоонуз менимче ыймандуу эле инсан окшойт. Чындыгында андай эркектер аз, аялын иштетпей уйундо отургусуп баккан. Аялдын оорду уй болот негизи. Ислам дининде анын сиз менен чогуу иштеген эркектерден кызганганы эн туура. А сиз болсо жардамды бердинизго ата-эненизге, турмушка чыкпай дагы деле мойнунда жук болуп журсонуз мынданда жаман болмок. Ана-эненизге телефон чалып ал акыбалын сурап турунуз, ошол жардам жетиштуу сизге! Ал эми уй-було
08.07.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал эми уй - булодо жолдошунуздун тилин угуп жашай бериниз шугур деп, озу сизди багып жатса.
08.07.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
username пикирине кошулам, туура айтасын. Мира эгер иштесен деле ата-энене жардам бере алмак эмессин, себеби башка булосун да, озунордун оокатынар бар дегендей, ата-энене жардамды турмушка чыкпай иштеп берсен болчудай бир чети, эми жолдошунду алып калуу да, кое беруу да сенин колунда, татыктуу жар бол, бакыт каалайм.
08.07.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да оло кызганчаакмын. Кадимкидей байкайм адамды жудотуп салганымды. Колдон келсе жакшы бир психологго барсам жакшы болмок. Анын устуно бул оору деп коюп журушот. Кызганыч - тушунбостуктор, бири бирине болгон ишенимдин жоктугу да. Кумон санап, бири бирине ишенбей жашоонун озу тозок. Озундун жашоонду да, бироонун жашоосун да тозокко айландырасын.
08.07.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жазыптырсын бирок биздин жашообуздай болгондон кудай сактасын биз аялым экообуз россияга барып иштеп журуп чогулткан акчаны кайын журтка керек болуп жатканда бергенбиз азыр келип уй алалы десек кичине куто тургула деп 3 ай алдап журушуп акыры бере албашына козу жеткенде келип кызы менен менин баламды алып кетип калышыптыр мен жумушта болсом мен озум оштон болом аялым аксыдан эле азыр эми чалып алып жообумду бер деп жатат
09.07.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rus4182,birok sizge aytaarym joobun berben ayalynyzdy jakshy korsonuz ortodo bala da bar eken akcha tabylat kechirip koyun alla raazy bolot sizden
08.07.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда соз бар эмеспи, чыккан кыз чийден тышкары деген, андыктан сен эми ата-энене жардам деле бералбайсын, андан коро куйоондун конулун тапканга аракет кыл, балалуу болоорсун анан анын кызганган адаты деле калат го дейм, ата-энеге жардам бергиси келгендер эрге тийбей туруп акча табыш керек да
08.07.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башканы коюп уй булонузду сактаганга аракет кылыныз
09.07.2014. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экөө тең аракет кылбаса бир өзүнө бир аз кыйынго
09.07.2014. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ай ким билет, ким билет.?
10.07.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUMU89, Бир гана кудай билет!
09.07.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарыбыз эле бироого акыл үйрөткөнгө устабыз,
09.07.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ata enene jardam bergenin oshol da ozun menen bolup bargan jerinde baktyluuu jashasan oshol ata enene bergen jardamyn sen jonundo oyloboy konuldoru tok bolso ata enen uchun oshol baylyk
09.07.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
menin ejem turmushka chygyp 3 ay jashap ajyrashyp ketken erinin moskvada bashka jashap jurgon ayaly bar eken korso anyn.Any ukkan ata enem oto kapa bolushtu ejemdi oyloy beriship sygylyp jurushtu.Osholordun oy basyp kyinalyp jurgonun korup jogorku okuunu ayaktap turmushka chyktym,ar bir ele uy bulodo bolot urush talash ,kyzganuu degendey birok men ech kachan syr aldyrbaym ubagy kelse baary jakshy bolot birok joldoshum jakshy ar bir adamda harakteri bolot degendey chydash kerek anday nerselerge
09.07.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daa korkup ketem kuioogo tyigenden uwundai nerselerdi ukkanda.
09.07.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул куйоонуз онолбойт,
09.07.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы эркектер баары эле кызганат болоор болбоско эле
10.07.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azhibaeva.2012, Ыймандын жана кантип иш тутууну билбегендиктен болуп жатат, эркектердин арасында жакшылары абдан коп просто алар жакшыы тынч жашашат ошону учун жакшылардын кабары угулбайт
10.07.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял затына Аллахым оз каалоосу менен турмушка чыгууга уруксат берген, кыздар турмушка чыгып жатканда жакшылап ойлонгула! Кыздарга бир оор нерсе - эрге тийген кыз турмушка чыгуусу кыйын болуп калат. Эркектин кызганчаактыгыгы да жакшы, бирок раз иштетпейби эркек уй булоону баардык нерсе менен камсыздоосу керек!аялдарда иштей калайын деп жыргап жаткан жок,уйго жетпегенден иштейт. Эгер эркек кызганчаак болуп, бирок багалбаса, аялын озунун эже карындаштары менен иштетуусу керек!Бактылуулук баарына!!!
11.07.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тороп бер, бала болбосо урушунар кучой берет, балалуу болсон эле бала байлайт бактынарды,баары оз колунда так что аракет кыл озундун колунда баары.
11.07.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялын кызганбаган эркек бейишке чыкпайт эмеспи! Бирок оз орду менен болгону жакшы, келинчегинин конулун карап и ошончо кызганса болмок. Мира сен эн жакшысы намаз окуп АЛЛАХ тан жардам сурап дуба кылып журсон АЛЛАХым озу жакшы жолго салат буйруса. Сага уй-булоолук бакыт каалайм!
11.07.2014. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашап кеткиле бактылуу болгула
12.07.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baikawumcha kop dele problema joktoy. Birok korboi turup aituw kuiun... Negizgisi ui-bulo ochogunar buzulbasun!!!
12.07.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хехее мен Кайрат нуртастын ырын уксам тополон болчу уйдо мен семян Эми тушундум мурн мен тура суйлошум керек чынчыл болушум керек деп кээде озумо зыян болчу создорду да жашырбай айта берчумун корсо кыйтыр болуш керек экен жакшыны айт жаманды жаап койуш керек экен
13.07.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоно баарын айтып тушундур жону жок кызганганын токтотсун. Сен болсо аны жакшы корорунду,суйорунду, эч кимге алмаштырбай турганынды айт.
14.07.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энеге жардам эмес,озунордун турмушунардыжакшы ондосон ошол чон ийгилик.Куйоондун кызганганы озун повод бербесен эле баары жакшы болот.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо