Учурда мода дүйнөсүндө “look” термини өтө популярдуу. Бул терминди мода ааламында “образ” деген сөздүн синоними катары кеңири колдонушат. “look” англис тилинен которгондо “жарашык, жарашуу” дегенди түшүндүрөт. Сиз көчөдө бара жатып бир кызды көрдүңүз, ал кызды баары карашты. Сизге анын бут кийими, кофтасы, юбкасы же макияжы эмес, анын кийип турган кийиминин жарашыгы жакты. Мына ушул нерсени “look” деп атайбыз. Жөнөкөй тил менен айтканда “look” – кийимдердин туура, жарашыктуу айкалышуусу. Анда атактуулар арасында аптаптуу жайда кандай кийимдер актуалдуу болуп, кайсы кийимдер көп кийилип жатканына баам салып көрөлү.
Юлия Руцкаянын клибинин көркүн арттырып, кыргыздын оймо-чиймеси чегилген көйнөгү бул жайдын башкы тренди болду окшойт. Көчөдөн дал ушундай көйнөктөрдүн көчүрмөсүн кийип жүргөн апаларды, кыздарды сиз деле жолуктуруп калсаңыз керек
Жумагүл Раимжан кызы:
“МЕНИКИНЕ ОКШОШ КИЙИНГЕНДЕРДИ КӨРСӨМ КИЙБЕЙ КОЁМ”– Мен үчүн бул жайда ак түс аябай мода болууда. Ак түстөгү көйнөктөрдү көп кийип жатам. Кийимдерди тандаганда жарашканына, ыңгайлуулугуна маани берем. Аксессуарлардан азыр алтын модада эмес, өзүм деле ага такыр кызыкпайм. Мончок, көлөмдүү асем жасалгалар жагат. Көз айнек, саат – бул менин дайыма колдонгон аксессуарларым. Анан кийингенде башкаларга окшобогонго аракет кылам. Эгерде көчөдөн өзүмдүкүнө окшош кийимди бирөө кийип жүргөнүн көрүп калсам, аны экинчи кийбейм.
Жумагүл Раимжан кызы: "Кийим тандоодо ыңгайлуулугуна карап сатып алам"
Чолпонай: “Бул жайда комбинезон менин эң сүйүктүү кийимим. Ал эч качан модадан кетпейт жана дайыма ыңгайлуу. Айрыкча убакыт тар болгондо ар кандай аксессуарлар менен кошумчалап кийип алам”
Корей ырчысы PSY тагынган тегерек көздүү көз айнектер быйыл да популярдуулугун жоготкон жок
Ырчы Дайыр Исмадияров, ырчы Асел Кадырбекова, тамада Бакыт Байсариев
Ошондой эле учурда атагы таш жарып жаткан түрктөрдүн “Даңазалуу кылым” сериалындагы каармандардыкындай кооз жасалгаларды тагынбаган бийкечтер жокко эсе. Атактуу айымдар да бул агымдан артта эмес
"Супер сулуу-2013" Орункүл, "Style Mix" тобунун ырчысы Илима, ырчы Анжелика
Лунара Бекиева
star@super.kg
Боорум ай! Соо калабы деп койсо)).
Көңүлдү көтөрүп койду билдирүүңүз.