Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУ

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж

Таңдай катырган аптапта көпчүлүк салкын жай издеп качышары белгилүү. Жайдын аптабында жылдыздар кантип эс алышкан жана учурда кайсы жакка барып эс алып жүрүшөт, өздөрүнөн сурап көрөлү.

Асема: “ЖУМУШ УЧУРУНДА ЭС АЛЫП АЛАБЫЗ”
– Эки жылдан бери атайын убакыт бөлүп эс ала элекмин. Мен үчүн эс алуу – бул балдарымды кучактап, жанында болуу. Бизде, чыгармачыл адамдарда ушундай, жумуш менен айкалыштырып тартуу аянтында эле эс алып алабыз. Мисалы, кино тартканы чет мамлекетке чыгабыз, ошонун шары менен эле көңүл ачып алабыз. Кызыктуу, күлкүлүү, унутулгус көз ирмемдер ошондой күндөрдө өтөт. Бир жолу Тоң районунда кино тартып жүргөнбүз, биз жашаган мейманканада чачымды жууп жатсам жарык өчүп, суу токтоп калган. Анан шампундалган чачым менен дүкөнгө кирип, минералдык суу сатып алып башымды жуугам.
Жакында эле кино тартып Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна барып келдик. Ал районго өмүрүмдө биринчи жолу бардым, мага аябай жакты. Тасмага үйрөтүлгөн карышкырды тарткан элек, “бөрү баласы ит болбойт” деген чын экен, өзүнө тамак берген кишиге асылып, андан соң мага асылып, бут кийимимди тиштегилеп айлабызды кетирди.


Эркин Рыскулбеков: “ЖУМУШУМДУН ӨЗҮ ЭЛЕ ЭС АЛУУ”
– Менин жумушумдун өзү эле эс алуу. Иш сапары менен чет өлкөгө барып жүрүп эле эс алып алам. Быйылкы эс алуум өзгөчө өтүүдө. Июндун башында Түштүк Кореянын Сеул шаарына журналисттердин дүйнөлүк конференциясына чакырышкан. Барып жомоктогудай эс алып келдим. Уюштуруучулар тик учак менен аралдарды көрсөтүп, эс алуучу, тарыхый жайларына алып барышты. Чет өлкөгө көп чыккан адамдын көз карашы өзгөрөт эмеспи, менин көз карашымды Сеул шаары толугу менен өзгөрттү. Баратканда эле уюштуруучуларга“мен мусулманмын, халал тамак жейм” деп айткам, ошондуктан мага халал гана тамак берип жатышты.
Сеулдан келип эле Түркмөнстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык маданият фестивалына Гүлнур Сатылганова, Кыргызбай Осмонов менен чогуу барып келдик. Ашхабад шаары жылтырайт тимеле, түркмөндөрдүн тазалыгына баа бердим. Меймандостугун айтпай эле коёюн, биз учактан түшкөндөн баштап кайра кайткычакты мыкты тейлөө көрсөтүштү. Жакында Беларуска, “Чыгыш базары” фестивалына кетип жатам. Буюрса, ал жактан да мыкты эс алып кайтам деген ойдомун.


Дайыр Исмадияров: “ТООГО ЧЫГЫП КОЖОЖАШТЫН АБАЛЫН ТҮШҮНДҮМ”
– Досторум менен 3 күнгө Ала-Арчага барып эс алып кайттык. Эсте калган кызыктар өтө көп болду. Эгер чатыр тигип 3 күн жашабай, жөн эле мейманканалардын биринде жашасак, мүмкүн, мынчалык кызыктуу болмок эмес. Биринчи күнү тоого чыгып чатыр тигип, ошол жакта түнөгөн элек. Түндө жамгыр жаап, үшүгөнүбүздү айтпа. Алган азык-түлүгүбүз, кийимдерибиз бүт суу болгон. Негизи мен “Тирүү калуу” (“Остаться в живых”) сериалын, “Акыркы баатыр” (“Последний герой”) долбоорун көрүп аябай кызыкчу элем, “мен ушундай шартта жашай аламбы” деп.
Чынын айтайын, мен үчүн жарык жок, сыналгы, интернет жок шартта жашаганга мүмкүн эмес экен. Тоодо өскөн козу карындарды бышырып жедик, отун жардык, тоо теке көрдүк. Тоо теке азгырат дегенге эми ишендим, биз кызыгып артынан чуркап кете бериптирбиз, Кожожашка окшоп азгырылып. Карасак эле тоонун чокусунда жүрөбүз, кантип алданганыбызды билбей калдык. Кожожаштын абалын ошондо түшүндүм. Анан тоодон түшүшүбүз аябай тозок болду, түшкөндө сүйүнгөнүнөн кыздар ыйлап жиберишти. Тоодон суук тийип калганбы, айтор, шаарга келип сыркоолоп калып, азыр үйдө дарыланып жатам.



Самара Каримова: “ЖАКЫН АДАМЫҢ МЕНЕН КАЯКТА ЭС АЛСАҢ ДА БЕЙИШТЕЙ БОЛОТ”
– Бул жайда жолдошумдун досторунун чакыруусу менен Тажикстанга барып эс алып келдик. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызынын аябай кооз, ири эс алуу борбору бар экен.
Жолдошум менен чет жерге көп чыгабыз. Анан жакын адамың жаныңда болсо бардык жер бейиштей көрүнөт да. Буга чейин Дубай, Абу-Даби, Түркия жана Кытайдын бир нече шаарларына барып эс алганбыз. Бул биздин үй-бүлөдө салтка айланып калды окшойт. Бирок барган менен 10-15 күндө кайра Кыргызстанга кеткиң келет. Мага жакканы Кытайда эс алганыбыз болгон. Бир жолу Кытайда жолдошум экөөбүз эртең мененки жети жарымда туруп эшикке чыксак эч ким жок, “аа, эч ким тура элек окшойт” деп ойлогонбуз, көрсө, кытайлар таңкы алтыда эле туруп эртең мененки көнүгүүлөрүн жасап, биз тургуча баары жумушуна кетип калышыптыр. Анан кытайлар аябай соодалашышат экен, мага ал нерсе жагат, түшүнбөсөм да бир кытай менен жарым сааттай соодалашып, түшүнүшпөй калганда калькулятор аркылуу сүйлөшүп калганыбыз эч эсимден кетпейт.


Лунара Бекиева
star@super.kg


Асеманы карышкыр тиштеп, Дайыр жаанда калганда...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(44)
SUPER.KG видео
12.07.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул кайсы жер Асема тартылган жер?
SUPER.KG видео
12.07.2014. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек беришиптир
SUPER.KG видео
12.07.2014. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дайырчик красавчик акем да менин.Кооздобой жасалма емес болгонун болгондой айтат
SUPER.KG видео
12.07.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кулкулуу маек болуптур
SUPER.KG видео
12.07.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур. чыгармачылык ийгилик.
SUPER.KG видео
12.07.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага дайыр акенин окуясы жакты)))))))досум адам падам эмес экенсин деди деген созу оллооооооооо эле жакты го ))))))))))))
SUPER.KG видео
12.07.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дайырчик Суперчик дайыма конулду ачат. Асема красавица менин суйуктуу актрисаларымдын бири. Сонун мак болуптур.Ийгилик силерге!
SUPER.KG видео
12.07.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар мага да жакты маектери.кыска жана кызыктуу экен.чын эле Асема жургон кайсы жер айтып койгулачы.
SUPER.KG видео
13.07.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун маек болуптур. Ийгилик силерге!
SUPER.KG видео
14.07.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайырдын маегин угуп кошо кулдум.кызыктуу болуптур.ийгилик силерге.
SUPER.KG видео
14.07.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy azamatsynar,
14.07.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самара Каримованын бир интервюсуна боорум эзилди Биз уйлонгондо Кыргызстан тан калды дегени Озунун атасындай кишиге чыканына тан калыптыр да ....... Уну деле жок Гулнур Сатылгановадай болсо жер менен баспай калмак го.......
14.07.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
matteraza, коро албай атасынбы деймда болушунча соз таапсын))))
15.07.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх Жылдыз болгон кандай соонун эээх!!!! Азаматтар баарынар соонун эс алыпсынар . Жакын адамын менен эс андан да соооонун. Самара ушу сен чыксан каменттер жайнайт ))))) коро албагандар копко сени чиркин. Этият бол бирок аззззамат мен мынча созго чыдай алмак эмесмин Нерв сенде кучтуу экен . Бар бол Самара Каримова
17.07.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
matteraza, Самара Каримова кимге тийиптир?
SUPER.KG видео
14.07.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info Асеманын туулган кун жонундо ырын сураган элем 2ай мурун качан жуктойсуздор?
14.07.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай коро албастык жок болглон окуя да уйлоонуно эмнеге Кыргызстан тан калат ал эмне ото белгилу адам беле мен жонокой гана Супер инфонун окурманы катары жаздым
14.07.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара Каримова ашыкча эле мактанып салыптыр. Жайкы ЭС алууну сурап атса,илгери барган Дубай, Китайларды айтып
14.07.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тообо, ыйман бер кудайым. Самара Каримова ким озу?
15.07.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Marath87, каякты карасан Самара Каримоваго сен боорду эзбе. )))))
15.07.2014. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aminuwka, Самара Каримова жонундо окуп корбоптурмун эмнелер болду эле??? Олло мактанып алыптырго чирким мейли да бир шанс береилип калыптыр эми сурабас болгондур эч ким андан
15.07.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жыргал эле Самарада экен да .
15.07.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдарга эч нерсе жакпайт болгон нерсени айтса мактанды дейт,жок эмес бар нерсе учун мактанды го.Бар экен мактанат жоктор бизге окшоп жон эле окуп койбостон сасып отот,Кана киминер мактана аласынар?
15.07.2014. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ырчыны аялым дебе айдоочуну куйоом дебе деген соз барго!!!
15.07.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр деген эме жыргайт эле жыргайтго
15.07.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
асеманын суроту зор тартылыптыргоо
15.07.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мышык майга жетпей пуф сасык дейт болбойле коелу. Мактанышсын айтышсын аларга жарашат. Алар деген жылдыздар. Канале биз да аларга окшоп жылдыз болуп, мактана турган нерселерибиз менен мактапып калсак. Асема менен Самар мыкты кожейкелер деп билем. Бир уул бир кызды тарбиялап жатышат...
16.07.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара деген немени менда тааныбайт экем, Асема эже менен Дайыр Исмадияровго соз жок.
16.07.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун ийгилигине коро албастык эмес суйунсон сенде да ошондой ийгилик болот.
17.07.2014. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самара каримова жылдызбы. жылдыз болсо баары тааныш керек го. анын бир да ырын уккан эмесмин. оло мактаныптыр го. .. асема менен дайырга ийгилик.
17.07.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара Каримованы тегеле тааныбайм деп чыгыпсынарда.Жаздасы маек бергенде жамандап эле жатып калбадынар беле. Бишкекте концерт берген жандуу ун менен. Ошто 7кун.
18.07.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87, Тааныбаса тааныбайбыз дейт эл. Кече эле чыккан ырчы болсо. Керек болсо 100 жолу жандуу ыр менен концерт берсин.
SUPER.KG видео
17.07.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерге чон рахмат издегеними таап бердиниздер
19.07.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы деле баягы коро албастык!
20.07.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе хе дайыр озунчо эле чырс го
)))
21.07.2014. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, Чырс де ха ха хаа
SUPER.KG видео
02.08.2014. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daiyr aiabai jakwy , jonokoi jigit turbaiby men murun suluular gerseygen dep ele jaman korchu Eken korso achyk jaidary jigit Eken ! Ishinizge alban alban iygilik!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо