ТАТА УЛАН: “ҮЙГӨ ЭРКЕК КЕЛСЕ АЯЛЫМДЫ КӨРГӨЗБӨЙМ”

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж

Эл арасында Тата Уландын жүзүн көрүүгө кызыккандардын саны көп. Ошол кызыгууну жок кылгысы келбеген этноакын дагы деле бет капчан. “Эл ырымды гана таанысын” деген Улан бүгүн бизге келинчегин үйгө келген эркектин баарынан кызганарын, өзү кандай ата экенин, жашоого болгон көз карашын айтып берди.

– Акыркы учурда жаңы ырларыңа күбө болбой келебиз, эмне, чыгармачылык жактан кризистесиңби?
– Эстесеңер, “Карындаш”, “Баары бир” деген ырларым биринчи төңкөрүштөн кийин чыккан. Ошол маалда эл толкуп, кадимки тынч жашоодон алыстап, дүрбөлөңгө түшүп калышкан. Андайда массалык маалымат каражаттары аркылуу элди патриоттуулукка чакырган бирөө керек болуп калат окшойт. Байкасам, досум Аалы Туткучевди, курсташым Жеңишбек Жумакадырды жана мени ошол убакта теле, радиолор байма-бай мейманга чакырчу. Бийлик күчүнө кирип, калыбына келгенде биз кайрадан четке сүрүлүп калабыз. Анткени чындыкты баса белгилеген биздин ырларыбыз төңкөрүшкө чакырык таштагандай болот окшойт. Анда азыркыдай интернет булактары өнүгө элек эле да. Ырчылар теле, радиодон гана чыкчубуз.
Экинчи төңкөрүштөн кийин да уктуруу, көрсөтүүлөргө көп бардым. Эл тынчып калганда “Байрак”, “Барстан” деген эки ыр жазып, радиолорго алып барсам бири дагы эфирден кетирген жок. Учурда ыр жазып эле жатам, бирок бир дагы радиого берген жокмун. Барсам “не формат” дегенди угуп каламбы деп кооптоном. Чынында, бул эмне сөз экенин өздөрү деле түшүнүшпөсө керек. Менин баамымда, каалабаган ырды койбоо үчүн гана колдонулуучу кеп.
– “Карышкыр” ("Волк") деген ырың тууралуу жакшы пикир уккам, ал ырың эмнеге элге тарабайт?
– 2003-жылга чейин орусча ойлонуп, орусча жашачумун, ал ыр ошондо пайда болгон. Аталган ыр гитара менен ырдалган. Аны элге жайылтыш үчүн кайрадан иштеп чыгыш керек. Алматыда өткөн гитаранын коштоосунда аткарылчу автордук ырлардын сынагына ушул жана башка ырларым менен катышып, 1-орунду алгам. Акыркы учурда “иштесең мыкты, бардык жагынан сапаттуу чыгарма жарат же болбосо кыйналба” деген позиция менен жашап калдым.
– Бул ырда эмне камтылган, эмнеге аталышы “Карышкыр”?
– "Бөрү баласы ит болбойт" дегендей эле, мен Казакстандын жараны болуп, ал жакта жашаганым менен, казак болуп кетпедим. Ал эми кыргыздарга келсем, алар да мени казак деп бөлүштү. Ошол себептүү өзүмдү карышкырга салыштыргам.
Алматыда мектепти аяктап, Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга өтүп, азыркы “Учур” театрынын актёрлору менен окуп калдым. Ошондо кыргыздардын таластык, нарындык, оштук болуп бөлүнөрүн билдим. Ага чейин кыргыз деген бир улут бар, мен кыргызмын дечүмүн.
– Алматыдан биротоло келдиң беле же ата-энең ошол жактабы?
– Мен биякта таятамдын колунда жети жашка чейин жүрүп, анан ата-энеме Алматыга баргам. Онго чыкканда ата-энем ажырашып кетишти. Атам башка аял алган, ал никесинен кызы бар. Атам бизден кеткен соң байланыш таптакыр үзүлгөн. Азыр эми дин жолунда жүрбөйбүзбү, ошондуктан атамды өзүм таап, Кудайдан анын каталарын кечиришин сурадым. Азыр ал киши Таласта жашайт. Апам болсо менин колумда, Бишкекте.
– Кыргызстанга келгениңде курсташтарың дагы деле бөлүштүбү?
– Менден кутула албастарына көздөрү жетти окшойт, кошконго аргасыз болушту.
“Дипломду мекениңерден беребиз, баарыңар үйлүү болосуңар” деп бизди мамлекет кийлигишип алып келген эле. Акаев өзү диплом тапшырды, бирок үй бербей койду. Айрым кесиптештерим азыркыга чейин үйү жок жүрөт.
– Сен үйлүү болдуңбу?
– Ооба, менде бир аз шарт болду. Алматыдагы үйдү сатып, Бишкектен үй алганбыз. Азыр Казакстандын жарандыгын ала албай жүргөн мекендештерибиз көп. А мен үйдү саткан соң дароо жарандыкты тапшырып келе бергем. Мен кыргызмынбы кыргыз бойдон өлөм. Кыйналып, өлүп баратсам да башка өлкөнүн
жарандыгын албайм.
– Кээ бирлердин “Тата Улан ырларында өзүнүн оюн элге таңуулай берет” дегендерин угам...
– Таңуулай берет деген адамга менин ырларымдагы сөздөр катуу тиет, ошондуктан жаман көрүп “бул эмне эле таңуулап жатат?” дейт. Ал адам өзүнүн кемчилигин менин ырымдан сезет, бирок моюнуна алгысы келбейт. Бул пендечилик. Мен болгону ырларымда көзүм менен көргөнүмдү айтып, эскертип жатам.
– “Мен айттымбы, меники туура” деген аталардай көрүнөсүң...
– Ошондой эле болуп калат го. Мен атасыз өскөм. Атамдын катасын кайталабайын, биринчи никемдеги балам менен байланышты үзбөйүн десем, энеси катыштырбай койду. Уулум Бек 11 жашта. Колумдан келген жардамымды берип, инилери менен тааныштырайын деген оюм бар эле. Менден мурун чоң энеси чыйпылыктап “биздин тукум, биздин бала” деп жатып, мектепке барып атайын жолуктук. Балам телефон чала коюптур, апасы келе калды. Апасынын айтуусу боюнча, улуу балам 18 жашка чыккыча жолукпайм. Кийин балам мени менен катышабы, жокпу, өзү чечмей болду. Экинчи уулум Аман экиге чыкты. Үчүнчүсү Али төрт айга толду. Буюрса, ыймандуу, намаз окуган балдардан болушат.
– Келинчегиң бала менен үйдө экен да?
– Аялым иштегенде эмне пайда, балдарым менен үйдө. Өзүм
багып алганга чамам жетет.
Азыркы кыздардын бири менен да жашай алмак эмесмин. "Мен мындай машина айдайм, мындай кийинем, биякка барып эс алам" дешет го. Менин аялым хиджаб кийген, ыйман жолундагы, жөнөкөй, барга топук кылган адам. Анын үй-бүлөсү да динден түшүнүгү бар адамдар.
– Азыркы кыздардын баары асманды сүйлөшөт деп жатасың, баары менен сүйлөшүп чыккан жоксуң да?
– Көчөдөн, маршруттук таксилерден угуп каласың да. Бири жигитин сүйлөп жатса, экинчиси дагы бирөөнүн дүнүйөсүн, үчүнчүсү бир фирманын косметикасын мактайт, кыскасы, ушундай.
– Саясатка аралашышың мүмкүнбү?
– Азыркы саясаттын акыбалына киргим келбейт. Андан көрө үйдө отуруп алып ыр жаза бергеним оң. Азыр мен трибунага чыксам “ары жакка турчу, бул кайдагы маскачан неме?” деп жөн эле түртүп коюшат.
– Маскаңды чечериңе канча жыл калды?
– Аны Кудай билет.
– Эркекке тиешелүү кайсы иштин майын чыгарасың?
– Мактангандай болбоюн, көп кабаттуу үйдөгү батиримди баштан-аяк жарым жыл өзүм оңдоп-түзөдүм. Кырып, обои чаптап, билбеген жеримди билгендерден сурап алып жаттым. Кыздар тамак жасаганды кандай өздөштүрсө, биз, эркектер деле ошондой болушубуз керек.
– Кызганчааксыңбы?
“Сен муну карадың, эмнеге күлдүң?” деген жиндилерден эмесмин. Бирок кызганчаакмын, эркек кызганыш керек. Аялым динден түшүнүгү болгондуктан үйгө эркек келсе өзү эле башка бөлмөгө кирип кетет. Чынында, мен өзүм башкага көргөзгөндөн кызганып кетем. Келген конокту дасторконго чакырыш керек болсо, өзүм чай куя берем, анын уяты жок.



"Таятам, таенем, апам жана мен"

"Ысык-Көл туурасында "Ыйык көл" аттуу ырыма клип тарттым. Клиптеги кичинекей бала көлдүн тегерегин өзү жалгыз тазалайт. Анын келбети Айтматовдун “Ак кемесиндеги” Нургазыга окшош. Нургазы Совет мезгилиндеги аскердин баш кийимин кийсе, клиптеги бала ак калпакчан".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(54)
14.07.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорнончунун ырынын клибинде бар бул бетман байкебиз!!! Табаламбы деген ыр!!!
15.07.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы маек болуптур ачык тарсылдаган инсан экенин билинип турат! Жашоого болгон коз карашы, ой жугуртуусу туура эле экен азыркы заман озу ушундай, а кыздар болсо точно ошол нерселерди суйлошот...
15.07.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En tuurasi da bul- ayal kisi vitrinadagi korgozuu4u je bolboso maktaanip bawkalarga korsotuu4u adam Emes!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
15.07.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyz!!! Ekoobuzdun meebiz okshosh ele eken...))
15.07.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин жолдошум да уйго эркек келсе озу дасторкон жайып тамак берет бул аялдар учун аябай чон женилдик деп ойлойм
17.07.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur16, мен диний китептен окугам.конок келгенде эркек дасторкон жайса берекенин баары ошол уйдо болот деп.
20.07.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malika_melek, биринчи жолуу угуп жатам узтаздардан сурап коруш керек экен
15.07.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Обу жок адам,озун эле мактай бериптир.
15.07.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жигит булчу, ырлары жүрөктөн чыккан, жүрөккө жетет.

Эркек!
15.07.2014. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен келбетин коргом ктрк дан анан Арабаевдин остановкасынан
16.07.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сахнада маска кийип алып, зато кочодо спокойно журот мына ушуну билгиле талашпай
16.07.2014. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорунду оркундото бер байкеси.
16.07.2014. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Болоор бала *огунан" башынан эле мыкты болсо керек Тата Улан. ийгилик.
16.07.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы инсан!!! Сизге окшогондор бизге пример болсун,келечекте сиздей адамдар кобойсун!!!
16.07.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!ырлары маанилу,башкаларга окшоп суйдум,куйдум дебей,озунун насаатын ыр аркылуу жеткирет.А маскасы болсо,озун емес ырларын таныткысы келгендир.
16.07.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир эркек кичинекей мамлекетин коргой билиш керек андыктан уй булоо башчысына баш ийген аялына рахмат.
16.07.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы кыздар менен жашай албаса анан байкебиз кайсыл кылымдын кызын алган болуп калат, ойлоно турган жоопго
17.07.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
девушка с характером деп койобуз го кээ бир кыздарды,мен Улан байкени мужик с особым характером деп койом)))
17.07.2014. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айдан алгансып аялын . азыркы замандын кыздары менен жашай алмак эмесмин дептирго.
17.07.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yalyn bawka erkeke korgozbogondugu jakwy tuura aitat kyzganuu k.k
17.07.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызматта алдыда сыйлыкта артта деген принцип бар исламда. ушуну жашап келе жаткан Тата Улан мырзага Аллах ыраазы болсун. турмушунда коп кыйынчылык тарткан экен... ошондуктан ырлары да маанилуу.
17.07.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Faha senin komenttering maga jakti.)
Kyrgyz11 sende kiZmat jiti bar.
Azamat!
Men da kuhnyadan dayardap joldowuma bere berem al tawip.dostorun ozu uzatat. Munun toltura jakwi jagi bar degi ele jamani jok.dinibiz kanday sonun!
Sunuwtaym.atkarip korgulo.sozsuz jagat.birok meni joldowum kizganbayt.negizi kizganganga da
Sebep jaratkan emesmin.atak azamat juubay ekenmm)))
18.07.2014. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татабек аялынын эле элге көрсөтпөстөн өзүнүн бетин да көрсөтпөй жашап келет. Татаке ийгилик!
18.07.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элибиздин чыныгы патриотторунан,чыгармачылыгынызга ийгилик!
18.07.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз болгондон кийин, жакшынакай ак жоолугун салынып, ийилип чай бергени туура деп ойлойм, ар ким озу кандай болсо башканы да озундой корот. Конок анын аялына коз артып, жаман ой менен келчуудой, жашырганы жаккан жок,аял буюм эмес да. уйоосунун козуно чоп салгысы келсе,бекитип койсо да аны кылат.
18.07.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suranych bilip bersener Talastyk Nurkyz Isakovanyn kuioosu bolgon degen chynby?
18.07.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тата Уландын жузун Алтайга барып келген "Кырк-Чоро" жонундогу китептен коргом...
18.07.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтайга барган Кырк-Чоронун арасында Тата Улан да бар экен го.
19.07.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ырлары жакшы. Бирок аялын бекитип корсотпогону туура эмес го.
20.07.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ыймандуу, патриот жигит экен
20.07.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опкосу жогураак неме окшойсун. динди кармансан анда ырдабай эле кой. Аялынды коруй бергенин ишенбегендигиндин белгиси. Кызгануу эби чени менен болгон жакшы. Кыргызда эркектин казан аяка аралашканы чай сунганы жосунсуз эле жорук
22.08.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы патриот байкебиз ,ырлары мн даават кылып журот рахмат сизге Алла Раазы болсун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо