АСЕЛ КАСМАКУНОВА: “МЕНИ АСЕЛ ЭМЕС, КАРА ЖОРГО ДЕШЕТ”

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж

Үйлөнүү той, классташтардын жолугушуусу, туулган күн, тушоо той, юбилей, кыскасы, кандай маараке болбосун “Кара жорго” бийин бийлемейинче майрамдын шаңы көрккө келбей калды. Быйылкы жылдын өзгөчө модасына айланган “Кара жорго” ырын да созолонтуп, бийин да келиштире бийлеген Асел Касмакунова менен маектештик.
– Кеңсебизге кош келдиң, Асел. Мээ кайнаткан аптапта эмне иш менен алексиң?

– Саламатсыздарбы? Күндүн ысыктыгына карабай “Кара жорго” тобу менен 2-ырыбызды жаздырып, ага ылайык этнобий даярдап жүргөн учурубуз.
– “Кара жорго” бийи сырттан караган адамга оңой көрүнгөнү менен бийлей келсең ар кимдин эле колунан келе бербейт. Кандайча “Кара жоргону” ырдап, бийлеп калдың?
– 1924-жылы немис окумуштуулары илимий экспедиция менен Кыргызстанга келип, Каркыра жайлоосунда болгон жарманкеде кыргыз бийин киноплёнкага тартып алышыптыр. Ал киноплёнка кийин 70-80-жылдары Кыргызстанга алынып келинген экен. Ошол тасманы, андан сырткары кытайлык кыргыздардын бул бийди аккордеондун коштоосунда бийлегендерин көрүп мен да кызыгып бийлеп көрсөм окшошконсуду, анан бийлеп калдым. Кубаныч агайга (ред. Эсенбаев) ырдасамбы десем, “мейли, ырдап көр” деди, “бийлейм дагы” десем биринчи күлдү, анткени менин бийлегенимди көрө элек болчу. Биринчи сиңдим экөөбүз ырдап-бийлеп жүрдүк, анан Эльмурат аттуу таланттуу балага жолугуп, аны да “Кара жорго” тобуна кошуп алдык. Бирок сиңдим Түркияга кетип, Эльмурат экөөбүз калдык.
– Сахнада ырдоо, чыгармачыл адам болуу сенин жаштайыңдан берки кыялыңбы?
– Бала кезде кандай талантым болгону эсте жок. Эс тартканы ыр, бийге болгон кызыгуум арта баштады. Кафелерде ырдап жүрдүм. Анан чыгармачылык дүйнөсү өзүнө тартып кетти окшойт. Өзүм КУУнун журналистика факультетин бүтүргөм. Окуп жүргөндө эле КТРге барып, "Сыр сандык" берүүсүн алып барган Кубаныч агайдын жардамчысы болуп ишке орношком. Кубаныч агай көп нерсени үйрөттү, чыгармачылыкка аралашышыма түрткү болду. Азыр ырчылык менен кошо өз кесибим менен да эмгектенип, “Сөздүн көркү” деген көрсөтүүнү даярдап, өзүм алып барам.
– Эмнеге азыркы жаш ырчыларга окшоп заманбап эстрадалык эмес, элдик ырга басым жасадың?
– Өзүм башынан эле улуу муундун ырчыларынын ырларын угуп, аккордеондун коштоосундагы кайрыктарга жакынмын. Ошондуктан да тандоом ушу элдик ырга түшкөндүр. Ырдын сөзүнө, обонуна, аранжировкасына чейин аябай маани берем. Эстрада жаатында, балким, кийин ырдап калармын.
– Азыр каякка барба “Кара жорго” ыры жаңырып, буту баскан баладан таяк таянган карыга чейин бийлеп жүрүшөт. Демек, той-топурга чакыруулар көп эле болууда?..
– Кудайга шүгүр, чакыруулар жакшы эле. Күнүнө 6-7 чакыруу түшүп жетишпей калган учурлар болот. Азыр Орозо болгонуна байланыштуу чакырыктар бир аз азайып калды. Андан тышкары маданий иш-чараларга чакыруулар көп болуп, буту-бутубузга тийбей чуркап эле жүрөбүз.
– Бир күндө ошончо тойго барсаңар, кирешени каякка коротуп жатасың?
– Бизде баары ачык-айкын, түшкөн акчаны ортого коюп, ырга, клипке, формага жана башка керектөөлөрүбүзгө жумшап, калганын тең бөлүп алабыз.
– Анча-мынча болсо да эл көзүнө көрүнүп калдың, анан көчөдөн сени тааныгандар чыгып жатабы?
– Формачан чыксам Асел атым өчүп “Кара жорго баратат, келе жатат” болуп калам. Ал эми форманы чечкенде таанышпайт деле.
– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең?
– Атамдын аты Саткын, апамдыкы Бактыгүл. Беш бир тууганбыз. Эжем, мен, сиңдим, анан 2 иним бар. Үй-бүлөбүз менен Бишкекте турабыз. Үйдөгүлөрдүн баары менин чыгармачылыгымды ар тараптан колдоп, “биздин кыз” деп сыймыктанып турушат.
– Сендей сулуу кызды кандай жигиттер жандап жүрүшү керек, кандай сапатка ээ болушу зарыл?
– Эң негизгиси мен аны эмес, мени сүйрөп кете турган тың жигит керек. Жашоодо андай адам менен ишенимдүү өмүр сүрөсүң, аял катары алсыз болуп турсаң жакшы го, эркектин да, аялдын да жумушуна чуркабай. Келбетине келсек, бою менден узун, арыкчырай болсо, анан билими да чоң роль ойнойт.
– Спортко кандай көз караштасың?
– Спорт менен “досмун”. Бий дагы спорттун бир түрү эмеспи. Футбол, баскетбол ойногум келет, бирок топ тепкенди билбейм. Билгендерге күйөрмандык кылам.
– Футбол демекчи, азыр футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондук болуп жатат. Кайсы команданын күйөрманысың?
– Убактым тар болгонуна байланыштуу бардык оюндарды көрө алган жокмун. Бирок башынан АКШнын командасына күйөрмандык кылып жаткам, “командаң утулуп калды” деп айтышты.
– Маегиңе рахмат, ишиңе ийгилик.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Касмакунова Асел Саткыновна Орусиянын Тюмень облусундагы Нефтеюганск шаарында туулган. 3 жашка чыккандан кийин ата-энесинин киндик каны тамган Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Коңур-Өлөң айылына көчүп келишкен. Асел келечекте кинолордо роль жараткысы келет, ошондой эле балетке да кызыгат. Алдыга койгон максаты – “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамын алуу.

"Кара жоргону" башында сиңдим экөөбүз бийлечүбүз. Эльмурат топко кийин кошулду".

"Сүрөттө 1 жаштамын. Апам ар тараптан мени колдоп, мени менен сыймыктанып турат".

Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Кара жорго" менен таанылган Асел Касмакунова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
11.07.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Башындагысы такыр жарашпай калыптыр. Наркынысы жарашчу...
SUPER.KG видео
11.07.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Анельге жетпейт экен....
SUPER.KG видео
11.07.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жакшы аракет кылсан берекет дейт жакшы аракеттенген экен азамат
SUPER.KG видео
11.07.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Шансты пайдаланып кара жоргону оз убагында ырдап популярдуу болду. Болбосо асел ким эле. Ххх ххх
Модератор admin_media түзөттү 11.07.2014 23:24
SUPER.KG видео
11.07.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат кыз экен,ийгилик!
SUPER.KG видео
12.07.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
жандуу ырдаганы жакбады башындагысыда жарашбай калыптыр.
SUPER.KG видео
12.07.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жакшы маек болуптур азаматсын ийгилик голосда жакшы экен башка папулярдуу ырчыларга Караганда
SUPER.KG видео
12.07.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсыз! Эне тилге болгон мамиленизге урмат! Чыныгы Мекенчил жана Кыргыздын маданиятын которууго кошуп жаткан салымынар зор! Мурун кавказдын бийин бийлоо адат болчу эле! Мына Силердин аракетинер менен бул бий улуттук болуп жанданды! Ишинерге ийгиликтер!
SUPER.KG видео
12.07.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргызстанда КАРА ЖОРГОну эң мыкты ырдап бийлеп популярдуу кылган Асел Касмакунова болду.Болбосо бул бий ж-дө эч кимдин кабары жок эле. Асел менен бирге бийлеген Элмурат экөө кыргызча бийлөөнү көргөзүп коюшту. Популярдуу болгондо кана башкалар дагы ырдап башташты. Бүгүнкү күнү дагы Аселдин КАРА ЖОРГОсу алдына ат салдырбай келе жаткандыгы анык адилет сөз. Кыргыздын маданиятына жаңылык киргизди
SUPER.KG видео
12.07.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кээ бир ырчыларга бий жарашпайт, бийчилер ырдай алышпайт. Асел мыкты ырдайт, сонун бийлейт, кыргызча таза сүйлөйт, үнү жагымдуу. Асел Касмакунова ырдап, кыргызча бийлеп чыкпаганда КАРА ЖОРГО популярдуу болот беле бир кудай өзү билет!? Асел ырдап бийлегенде кана элдин купулуна толуп популярдуу болду. Бүгүн Аселдин КАРА ЖОРГОсу болбосо, тойдун көркү келбей калгандай. Кара жорго күйөрмандары Аселдин Кара Жоргосун сүйw
SUPER.KG видео
12.07.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ммм,бул бий улуттун баалуулугу болгон учун мен сыйлайм!Бирок жанагы делебен козголуп дене кан тарасын,кыздарыбыз назаданганда жигиттер талып кете жаздасын дагы эмне балээ деген сыяктуу создорун укканда чалкандан тушкудойсун.Ырдын созуно маани бербей ырдалган экен.
SUPER.KG видео
13.07.2014. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каражорго чыкканга чейин улуттук бийи деген нерсе, мындай жалпы бийлейтурган кыргыз бий жок эле. Азаматсын, кыргызды байыта бер корктой бер.
SUPER.KG видео
13.07.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Кара жорго ырын ушул журналист кыз ырдаганын билбеген экем. Жакшы маекке чакырыптыр болбосо мен билбейт элем,маек жакшы болуптур. Чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
14.07.2014. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jakwy maek.biii da yryda sonun
14.07.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Просто красавица алга жана алга......
14.07.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара-жорго кара-жорго десе кандай бий болду экен десе. Лейлектин тойлоруна (уйлонуу тойлоруна) барсан баары бийлейт мындай бийди, эгерде 300гр.кирип алган болсо кара-жоргодон да отуп кетет.
15.07.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага жакты мурда анча деле кызыкчуу эмесмин бул бийге эми бийлегенди да уйронуп алдым. Синдиси жонундо да жазбапсынарда дегеле кайсы жылкы, тоолук маалымат жокго.
15.07.2014. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кара жорго" Орусийада туулганынан уламбы же дееринде барбы талаштагы бийди чынында таасын аткарат.
SUPER.KG видео
15.07.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара Жоргону эн мыкты бийлеген Аселге ийгилик! Таланттынызды баалайбыз, сыймыктанабыз. Элибиздин сүймөнчүгүнө айландыңыз!
SUPER.KG видео
15.07.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карыпова М, С. Садыралиев, Музаман, Санжыра,Панель дегендер Асель Касмакунованын Кара Жоргосуна жетпей атышат. Аселдин Кара Жоргосуна бийлеп көнүп калганбыз. Асел-кара жорго алдына ат салдырбай келетат. Азаматсың жүрүшүңдөн жазба!
SUPER.KG видео
17.07.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага Асел!!!
17.07.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оо мага жаккан ырго бул чынын айтсам бул бий жонундо эч маалыматым болбоптур мурда анан музканалдан бул кыз чыкса башкача эле корунуп кетти козумо. Анан кайра-кайра коруп, жагып калбадыбы. Ишине ийгилик!!! Абдан жонокой экен ушунусунан жазбасын каалайм!
SUPER.KG видео
17.07.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мага такыр жаккан жок,башка элдерге шылдын болобуз.кыргыздын бийи кана десе ушуну корсотобузбу уят бул.
20.07.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга Кара Жоргону популярдуу кылган Асел.
Асел менен Элмурат кыргызча суктанарлык бийлеп, башкаларга үлгү болушту. Болбосо кыргызча бийлечүү эмес элек. Азыр 2 жашаар баладан тартып бийлегенге өттүк. Музыкасы улуу жортуулга аттангыла дегендей сезилет мага. Ырың популярдуу болгону үчүн сенден талашкандар көбөйдү.Бирок сага эч ким жете албай жатат. Азаматсың Асел!
20.07.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр Кара жорго ырлары көп чыкты. Кыргыз бийи деген дагы ыр чыкты баары укканга жагымдуу. Бирок, бийлегенге келгенде Асел Касмакунованын Кара Жоргосуна кана чер жазып бийлей алабыз. Кайсы тойдо болбосун Аселдин ырына бийлеп жатышканына күбө болом. Мен бул бийди абдан жактырып калдым. Эч ким жокто өзүм чачырап бийлейм.
31.07.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин баары эле чын эле кара жорго деп эле жорголоп калышыптыр го, айылга барсам баары эле кара жоргого бийлеп калышыптыр, арагы да чыгыптыр го куру калбай.
02.08.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коншу айыл Конур-Олондон экен да,бар бол,аман бол.чыгармачылыгын оркундой берсин деп Дон-Талаалык инин
02.08.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы Супер Инфо! Асел Касмакуновага кандай жол менен кат жонотсок болот?
06.08.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur92, Саламатсызбы!
star@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтсөңүз. Биз тиешелүү адамга жеткирип койгонго аракет кылабыз.
13.08.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел Касмакунова фейсбукта Кара жорго деген ат менен бар экен. мен ошол жактан таап алып кат жонотсо жооп жазды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо