Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРЫЗЫ ЖОК ӨЛКӨЛӨР

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж

2014-жылга карата Кыргызстандын тышкы карызы 3,2 миллиард долларды түздү. Мындан улам «Карызы жок өлкө барбы?» деген суроо туулат экен. Бирөөлөр «андай өлкөлөр жок болсо керек» дешсе, айрымдар өнүккөн АКШ, Улуу Британия, Швейцарияны аташы мүмкүн. Бирок кубаттуу өлкөлөрдүн карызы аларды кекиртектеп турганын көбү аңдабайт. Алсак, АКШнын карызы 17 триллион доллардан ашса, Улуу Британияныкы 2 триллионго жакын. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөлүк картада 195 көз карандысыз өлкө орун алган. Алардын 193ү аталган уюмга мүчө болсо, экөө байкоочу өлкө катары саналат. Ал эми булардан сырткары экономикалык саясатын өз алдынча жүргүзүү боюнча өзгөчө макамга ээ бир катар аймактар бар. Дүйнөдө карызга малынбаган, элинин курсагы ток, кайгысы жок 3 өлкө жана өзгөчө макамы бар 2 аймак гана бар. Алардын ар бирине токтолуп, кайсы тармактары аркылуу экономикасын бекемдеп алууга жетишкенине назар салалы.

БРУНЕЙ
Расмий аталышы – Бруней-
Даруссалам султандыгы
Борбору – Бандар-Сери-Бегаван
Жайгашкан орду – Азиянын түштүк-чыгышы
Аянты – 5,75 миң чарчы чакырым
Элинин саны – 401 890 киши
(2011-жылга карата)
Өлкөнү башкаруу формасы – Абсолюттук монархия


Өлкө 1888-жылдан 1984-жылга чейин Улуу Британиянын кол алдында болуп келген. 1984-жылы өзүн эгемендүү мамлекет катары жарыялап, учурда бай өлкөгө айланган.
Аймагынын 75 пайызын токойлор ээлеген бул өлкө пайдалуу кендерге бай жана ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) 90 пайызын камсыздаган нефти (жылына 10 миллион тонна) менен газ (12 миллиард куб) өндүрүлөт. Мындан сырткары кагаз, минералдык жер семирткич, курулуш материалдарын чыгаруу оң жолго коюлган. Ал эми айыл чарбасы начар өнүккөндүктөн, 80 пайыз азык-түлүктү сырттан сатып алышат. ИДӨсүн элинин санына бөлгөндө ар бир брунейликке жылына 49 791 доллардан тиет. Бруней ислам жолу менен жашаган өлкө болгондуктан, ал жактагы мыйзамдар өтө катуу. Мамлекеттик казынага байланышкан маселелерди чечүүдө да ислам принциптери колдонулат. Анын жыйынтыгында өлкө карызы жок жашайт.



ЛИХТЕНШТЕЙН
Расмий аталышы – Лихтенштейн княздыгы
Борбору – Вадуц
Жайгашкан орду – Батыш Европа
Аянты – 160 чарчы чакырым
Элинин саны – 36 838 киши
(2012-жылга карата)
Өлкөнү башкаруу формасы – Конституциялык монархия


1866-жылы Германиядан бөлүнүп азаттык алган Лихтенштейндин калкын дүйнөдөгү телегейи тегиз бактылуу адамдар деп эсептесек болот. Анткени 2012-жылдагы маалыматка таянсак, ар бир жаранына ИДӨсүн бөлгөндө 141 000 доллардан туура келген. Өлкөнүн экономикасынын негизги өзөгүн кайра иштеп чыгуу өндүрүшү жана каржы тармагы түзөт. Алсак, өндүрүшү металлды кайра иштеп чыгаруу, өлчөөчү аспаптар, вакуумдук техникаларды, электрондук системдерди чыгарууга байланышкан. Мындан сырткары консерва, шарап, текстиль, керамика жана фармацевтикалык өндүрүштөрү тынымсыз иштейт. Ошондой эле өлкөдө мал чарбачылыгы абдан өнүккөн. Муну менен катар туризм да лихтенштейндиктердин каржы булагы болуп саналат. Өлкөдө жарандардын санына караганда компаниялардын саны көп. Себеби өлкө тарабынан коюлган салыктын өлчөмү өтө аз болгондуктан, Лихтенштейнде катталган эл аралык жана чет элдик компаниялардын саны 73 миңден ашат.


ПАЛАУ
Расмий аталышы – Палау Республикасы
Борбору – Нгерулмуд
Жайгашкан орду – Тынч океандагы майда аралдарда. Филиппиндин чыгышынан 800 чакырым алыстыкта
Аянты – 458 чарчы чакырым
Элинин саны – 20 900 киши
(2010-жылга карата)
Өлкөнү башкаруу формасы – Президенттик

Палау – 1984-жылы Улуу Британиянын кол алдынан бошонуп, эгемендик алуу менен 300дөй майда аралды өзүнө каратып, карызы жок жашаган өлкөлөрдүн бири. Палаулуктардын айыл чарбасы өз курсактарын өзү тойгузууга гана ылайыкталган. Экономикасынын негизги тармагы – балык уулоо жана туризм. Мында тропиктик балыктардын 1500 түрү, акуланын 130га жакын түрү байырлайт. Палау айлана-чөйрөнү коргоочулар тарабынан «Суу астындагы керемет» деген атка ээ болгон. Мындан улам Палауну көрүүгө ашыккан туристтердин саны жыл сайын арбып барат. Өлкөнүн экономикасы анчалык өнүккөн эмес жана ИДӨнү бөлсөк, киши башына 8,1 миң доллардан гана тиет. Бирок ага карабай Палау доочусу жок өлкө.



МАКАО
Расмий аталышы – Макао атайын административдик аймагы
Административдик борбору – Аомынь
Жайгашкан орду – Кытай Элдик Республикасынын аймагындагы автономиялуу аймак
Аянты – 27,2 чарчы чакырым
(Бишкектен 4,5 эсе кичине)
Элинин саны – 568 000 киши
(2010-жылга карата)
Өлкөнү башкаруу формасы – Көз каранды аймак

1862-жылы Португалиянын колониясы болуп саналган Макао 1999-жылы Кытай Элдик Республикасына өткөн. Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги жарым-жартылай кытай бийлигине көз каранды. Бирок кумар оюндарынын мекенине айланып, Лас-Вегасты артка калтырган Макао өзүн-өзү каржылап, экономикалык иштерин толугу менен өз алдынча жүргүзөт. Өткөн жылы аталган аймак казынасынын 70 пайызын, акчалай алганда 45 миллиард долларды кумар оюндарынан түшкөн салык менен толтурган. Буга улай Макао түнкү клубдары, ат майдандары жана порттору менен дүйнөгө таанылган. Ошондой эле текстиль, балык уулоо жана тамеки өндүрүү тармагы экономиканын негизин түзөт. Жылдык ИДӨсүн бөлсөк, ар бир макаолукка 36 357 доллардан тиет.


БРИТАНДЫК ВИРГИН АРАЛДАРЫ
Расмий аталышы – Британдык Виргин аралдары
Борбору – Род-Таун
Жайгашкан орду – Кариб деңизиндеги аралдарда
Аянты – 153 чарчы чакырым
Элинин саны – 24 939 киши
(2010-жылга карата)
Өлкөнү башкаруу формасы – Көз каранды аймак

Британдык Виргин аралдары Улуу Британиянын колунан толугу менен бошонбосо дагы, 1967-жылдан тарта мыйзам чыгаруу жана экономикасын өз алдынча башкарууга укук алган. Өз алдынча оокат кылууга өткөн өлкөнүн карызсыз жашоосуна мүмкүнчүлүк берген туризм жана каржы тармагы. Жылына аймакка
800 миңден ашуун турист келет жана алардан түшкөн акча өлкөнүн жалпы кирешесинин 45 пайызын камсыздайт. Бул аймак офшордук аймак катары таанылгандыктан, дүйнөдөгү мындай компаниялардын дээрлик 40 пайызы же 650 миңден ашык компания мына ушул аймакта катталган. Ал эми өндүрүштөрүнүн тизмесин курулуш, жеңил өнөр жайы жана ром өндүрүү түзөт. ИДӨсү ар бир жаранына 43 336 доллардан туура келет.


Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(29)
14.07.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан ушул өлкөлөрдүн катарына кирет экенбиз.
14.07.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жогорудагы ажолор, ичип жегичтер жыл сайын кобойуп жатат, ушундай темп менен кетсек эч качан онуго албайбыз го.
14.07.2014. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстан, Орусияга булчун кучун саткан мамлекет эмес,бут дуйного билимин саткан мамлекетке айланганда онугот.
14.07.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кыргызстан да онугууго али кучу бар ..биз жаштар гана акыл эс менен иш жургузсок мамилекетти бир топ жигиттер ондоп жонго салып коебуз
18.07.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ak_TiLeK, бийлике барганча онолтом ел учун иштейм деп бийликке баргандан кийин коздорун май басып еч кимди корбой калып жатышпайбы биздин чондор 5 убак намазга жыгылганда онолобуз
14.07.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге шериктер коп экенго.
14.07.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маккао азыр Лас-Вегасты да аркага калтырып келе жатат. А башка олколор деле карыз турбайбы деп озунорду сооротпой эле койгула, себеби
14.07.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин атка минерлер 5 жыл алкымын жаап турушса кыйла онукмок.
14.07.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
онугуш учун биз бул сапаттардан айрылуубуз керек,1 канга синген коро албастык 2 тууганчылык жердешчилик 3 аркадан чукумай 4 озду коюп озгону сыйламай,жаман жакты бекитип,жакшы жагыбызды корсотуп калп жылмайган,эч нерсен жок болсо да карыз алып той бермей куру намысты койсок, калганы озу эле келет
14.07.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыргызымдын кыялындагы жомок.
14.07.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыртка карызы болбогон бир жекенин канчалык бактылуу екени баарыбызга анык, бир мамлекеттин сырткы мамлекеттерге карызы болбогону албетте ең зор ийгилик ары бүт аалам тамшанып даңазалаар ең зор сыймыктуу иш болору сөзсүз.
15.07.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын онугуп осконун коруу учун дагы 200 жыл жашашын керек и ошондо да кыкендер...
15.07.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге мунозу катуу кудайдан корккон пендеден уялган президент келгенде гана ушул олколордун катарына кошулабыз алахым бизге дагы насип эткин
15.07.2014. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атка минерлер ичип жегенини токтотсо корупция жоголсо ошондо онугобуз
15.07.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым биздида ушулдай олколордун катарына кошушунду мин мертебе суранат елем.
15.07.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jogorudagy oylordun baary ele Bizdin chondorga karata aytylyptyr. Dostor, Men chondorubuz appak degenden alysmyn. Tuura aytasynar, ynsaby joktor bashkaryp jatat... Birok, eline jarasha hany degen soz bar...
15.07.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
15.07.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Кыргызстандын бешиктеги балдардын да карызы бар байкуштар
15.07.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз деле онуксок болот,сонун жаратылышыбыз кооз,тоолорубуз,колубуз,сары-челегибиз бар.тоолорубуздан коп кен чыгышы мумкун иштеген адам болсо,туристерге,эс алуучу жайларга сонун шарт тузулсо деле коптогон жетишкендиктер болмок,бирок тилеке каршы аны да башташса жогоруда айтылгандай тааныш,дос-тууган болуп жок болот болуш керек.Кыргызстанды бутуна тургузам деген акылдуу инсан торолгон чыгаар деген ишеничте бололу.
15.07.2014. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия хоккей боюнча дуйно чемпиону болгондо онугобуз.
16.07.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан онолот,мага ишенип койгула алтындарым,бизди кудай колдойт,100жыл чыдап тургула онугот.
16.07.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жакшы макала болуптур.
Карызы жок жашаган кандай жакшы... Көңүлү тынч, санаасы жок...
16.07.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте эми, жогорудагы мамлекеттердин биринин да калкынын саны миллионго жетпейт экен. Ошончо аз калкы менен карызга батыш деле уят го. ))
16.07.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiym, биз деле болгону 5 млнбуз))
18.07.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өнүксө болот, болгону "ар кимибиз өз ишибизди так аткарышыбыз керек". Өнүгүү үчүн быйылкы эле Кытайдан алган акча жетет, эгер аларды өз максатында туура пайдалана алсак.
19.07.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызым, жалгыз президенттин колунан эч нерсе келбесин тушунсок. Бат эле онугог элек
19.07.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенуу керек онугот буйруса.
20.07.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karyzy jok onugom degender janylat. Derjavalardyn dele karyzy tolup jatat. Bul jerde me4tat' etip oturasynarda ehh dep!
30.07.2014. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тегеректеп алганда таза кыргыздын жан башына 1000 АКШ долларынан карыз туура келет экен го ээ... тообоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо