Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЧ КУРБУ (сериал)

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Ызалана түшүп апама бурк эте бир тийдим.
– Апа, кызым али кичине дебейсиңби. Окуумду жакшыраак бүтүп алганча элчи-жуучуңарды токтоткула.
– Азыр деп ким айтып жатат, кызым. Болгону азыр сөйкө салып, баш байлады кылып коёлу деп сөз айтып жаткандар бар. Атаң айылда кадыр-барктуу адам. Анын кызы Баян сулуу дешип сени...
– Апа, Эмир менен болгон окуяны билесиз го. Экинчи жолу мен сөйкө салынбайм. Тагдырым жазган адамыма сөйкөсүз эле турмушка чыгам. Эмирден кийин эч кимге сөйкө салдырбайм.
Менин жаралуу жериме тийип алганын сезген апам бооруна кыса берди.
– Жалгыз кызымдын көңүлү келбеген жерге берип жинди болуптурмунбу. Болгону, келген меймандарга сый көрсөтүп узата берели. Калганы Кудайдын колундагы иш.
Уф, деги биздин айылдын каада-салты көп, мени менен учурашканы келгендердин аягы да суюла бербеди. Мага баарынан оору Эмирдин апасы менен жолугушуу болду. Аз убакыттын ичинде картая түшүптүр. Мени чекемден өөп, улутуна берди.
– Маңдайың жарык, бешенеңден нур чачырап турган жансың. Уулума буюрбай калдың. Кантейин, жалган жалаанын курмандыгы болуп кетти, каралдым,- деп шыпшына берди. Ансайын кичирейип, бул окуяга тек мен гана күнөөлүү болгондоймун. Ал кетеринде мени жанына чакырып, колума кичине блокнот карматты.
– Кызым, билем. Эми Эмир экөөңөрдүн жолуңар бирикпей калды. Бирок уулума жолукканы барганда сени сурай берет. Ушуну колума берип, сага жолуксам берип коюшумду өтүнгөн. Мына, аманатты аткардым, балам...
Колум дирилдей блокнотту карап турдум. Өз бөлмөмө кирип, акырын барактай баштадым.
«Баян, жаным менин, жайдарым! Сени сагындым, балким, түрмөдө жатып сага мындай сөздөрдү айтканга укугум жоктур. Бирок өзүмдү кармай албадым. Мен күнөөлүү эмесмин, Баян. Мен ал кезде ал кызга жоломок тургай, сенден башка адамды ойлой албайт элем. Балдар менен отуруп ичкенимди билем, аракка бир нерсе кошулганбы, тез эле мас болуп, анан да ойго келбегендей жиндилик кыла баштадык. Билбейм, эртеси адырда ойгонсом эле жаныма тиги кызды жаткырып коюшуптур. Ары жакта үч бала жаткан экен. Биз ичип баштаганда ал кыз жок болчу, мен муну так билем. Бул кимдир бирөөнүн экөөбүз үчүн уюштурган каргашасы болду. Эмнегедир оюм барып эле Жанарага такалып жатат. Балким, туура эмес ойлоп жаткандырмын, бул үчүн кечирим сурайм, бирок мындан ары Жанарадан сак бол. Элдин баары сендей ак дил, ишенчээк эмес. А сен таптакыр башкачасың. Апакайым менин, сенин жүзүң да, жан дүйнөң да бирдей аруу...»
Блокнотту андан ары окуганга кудуретим жетпеди. Чын эле кайдагы нерсени айтып, чагымчылык кылып жатат деп ойлодум.
Каникул бүткөнчө мени көрүп, сынап кеткендердин аягы үзүлбөдү. Атам менен апам эмне деп жооп берип жөнөтүп жатканын сезип турдум.
Ошентип кайрадан борборго жөнөдүм. Жашоомдогу бурулуш ошол жылдын күз мезгилинде башталды. Бир аз убакыт дагы жумуш караштырып көрө турган болуп чечип, мурунку жумушума телефон чалбаган элем.
Бир күнү эртең менен турсам, эшиктин алдында толтура роза төшөлүп турган экен. Ошол замат чөнтөк телефонума СМС келди. «Сенсиз жай мезгили мен үчүн өтө кызыксыз өттү. Сен келдиң, кайрадан жан дүйнөмдө майрам башталды, Дастан» деп жазып коюптур.
Кызык, ушу аз эле сүйлөм мени өрттөп кетти. Эки ооз сөз үчүн асманга учуп, кайра жерге чабылдым. Бул эмне дегени? Кандайча?
Жанара да жаңыдан ойгонгон кези болчу, көздөрү чоңоё түштү.
– Мына сага, курбум, бул ким, ыя?
– Дастан окшойт...
– Вау, мен билгем, соо каректер антип карабайт болчу. Ал сени башкача тиктеп жаткан. Чынбы?
Мен унчукпай СМСти көрсөттүм.
– Тим эле тыптынч жүрүп алып укмушсуң. Жүрөгүн жаралаган экенсиң да, ээ?
– Жанара, мен...
– Койдум, койдум, билем, сен дагы аны жакшы көрөсүң. Балким, али өзүң да шектенбей жаткандырсың, бирок мен аны жактырып калганыңды башынан эле билгем. Эми курбум, алдыга! Эмир да унутулду, жаңы сүйүү башталды. Жашасын жаңы сүйүүлөр!
Жанара канчалык жашырайын десе болбой үнүндө кер какшык, ыза турду. Аны өзү да сезип калды окшойт, дароо токтой калды да, эрдин тиштей көпкө ойлонуп калды. Үн катпай тизилген розаларды карап көпкө отурдук. Жанара бир кезде чыдабай кетти да, мени кучактай калды.
– Кечирип койчу, сага өткөндү эстетейин деген эмесмин. Түшүнүп турам, сен дагы бактылуу болушуң керек. Мен ушундаймын, ар дайым сенин көңүлүңдү кирдетип алам.
Бул аралыкта Назик Азамат менен чет өлкөгө кете турган болуп жаткан. Ал Дастандын жоругун угары менен шакылдата алакан чапкылап калды.
– Баян, эгерде сен айткан үйдүн ээси ушул жигит болсо, эч ойлонбо. Дароо макулдугуңду бер. Мына, мен Азаматты тандаганым үчүн эч качан өкүнбөйм. Анткени аны менен бүт өлкөнү кыдырам.
– Качан үйлөнгөн жатасыңар?- дедим мен.
– Азырынча өзүбүз үчүн жашайбыз деп чечтик. Кийин көрөбүз.
– Мага Дастандын ошол байдын баласы болгону, тескерисинче, жакпай жатат.
– Макоо, жашоо бир келет, оозуңду ачпай, аны кармап калышың керек,- деди Назик. Жанара эмнегедир үн катпады.
СМС-билдирүүдөн башка Дастандан эч кандай кабар болбоду. Күнүм бир ууч үмүткө айланып калды. Толук бир ай дегенде дагы бир билдирүү келди. «Баян, сага күлүп жүргөн эле жарашат. Муңайбай жүр!»
Мына сага, менин бир айлык кыйналуум ушу гана билдирүүгө арзыйт экен да. Ташбоор десе, мен аны, мен азыр аны... Жиним менен дароо телефонду алып, анын номерин тере баштадым. Күтүп тургандай трубканы дароо ала салды.
– Алло!
Мен чаларын чалып алып эмне деп айтарымды билбей тутугуп калдым. Бир топко чейин демибизди тыңшап туруп турдук.
– Баян, кандайсың?- деди ал чарчаңкы. Тобо, кудум экөөбүз күндө акыбал сурашып жүргөн адамдардай жай сүйлөшүп жаттык.
– Жакшы.
– Мен азыр жумуштамын, сени сагындым. Бүгүн сага барам...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(26)
14.07.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эээх сонун жеринен бутуп калат. кобуроок жазыныздарчы..................
14.07.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaigz, Janyla, комментарийлер сериал тууралуу жазылышы керек.
Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
14.07.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da Dastandai jigit joluksa
14.07.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Выыййй кооптон жазгылачыыыы...
14.07.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы аз жазып койгонбу?
14.07.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанара не деген шумдукту баштады экен
14.07.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir juma kutup oturup 2 minutta okulup kalat. Myn4a az jazdynyzdaar? Emi dagy bir juma iiiii
14.07.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун го. Эх Эмирге анан анын апасына кыйын болгон экен.
14.07.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuto berip sargayabyzby dagy(((
14.07.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек Эмирди жанара каматканго...
14.07.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баян менен Дастан бир болбой калса эмне болот?????Эх ушул Жанаранын Баянга тоскоолдук кылганы бутподу го......
14.07.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууууф коптон жазгылачыыы((((
14.07.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баян Дастан менен,ал эми Жанара Эмир менен калат..Башынан окусаңар түшүнөсүздөр...
14.07.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Жанара жаман нервке тийди го.
15.07.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки жума окубай туруп кооп болгондо окушум керек экен
15.07.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такыр эле аз болуп калганго бул санында,иии эми дагы бир жума кутуш к.к
15.07.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kitebi chykkanby?kaerden alsa bolot?Aldyn ala raxmat.
15.07.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janyl...., китеби чыга элек.
15.07.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эле кыздар арасында достук туруктуу болбойт окшойт,практикада коруп жатам...
15.07.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кообурок жазгылачы
15.07.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асия Алиева мурун чыгармаларынызды окубаган экенмин. Сонун жазат экенсиз! Оз созум менен жеткизе албай жатам. Ийгилик!
16.07.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанара жан курбусуна куйуккон кара муртоз кыз экен
17.07.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы чыгарма, башталганда өтө кызыктырып жогорку денгээлдеги сурөттөө менен башталган эле, бул ушуга окшош ситуациядагы же сүйүүдөн көнүлү калган, же күтүп жүргөн адамы барларды ж.б. өзүнө бат эле байлап койду болуш керек. Биз мындагы курч окуяларга эмес алардан алына турган сабактарга көнүл буруп окуйлу достор.
18.07.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын арасында эч качан достук болбойт,коро албастык дайыма кошо журот.
19.07.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыгына келиииип бутуп калды гооо!
19.07.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан менен кандайча таанышты эле Баян. Эстей албайтам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо