ТАЛАНТ КОСМОСБЕКОВ, скрипкачы: "ОРУСТАР ЧЫГЫШ КОЛОРИТИНЕ КЫЗЫГЫП МЕНИ ТОПКО АЛЫШТЫ"

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж

Каарман тууралуу

Туулган жери – Токмок шаары

Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 10-август

Үй-бүлөдө – бир эжеси бар

Билими – Ростов-на-Дону мамлекеттик консерваториясынын 3-курсунда окуйт

Учурда – “Гольфстрим” симфо-тобунун мүчөсү

– Салам, Талант. Кандайча музыка жаатын тандап калгансың?

– Мага чейин ата-энем эжем­ди фортепиано ийримине беришкен. Аны көрүп мен да музыкант болгум келип кызыгып калдым. Атам мени комузга берем деп жүрчү. Апам каршы чыгып, 7 жашымда Шубин атындагы музыкалык мектепке скрипка болүмүнө киргем. Дароо эле скрипкада ойноо жагып, бат өз­дөштүрүп кеттим. Кызыгуум артып, мамлекеттик деңгээлдеги сынак-фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуу­га жетиштим. Андан кийин Кү­рөңкеев атындагы окуу жайды окуп, кызыл диплом менен аяктадым.

Орусиядагы жогорку окуу жайлардан Кыргызстанга да квота бөлүнөт эмеспи. Кү­рөңкеевди аяктагандан кийин мен ошол квотадагы орунга өтөм деп Билим берүү министрлигине документтерди тапшыргам. Тилекке каршы, ал жактагылар менин документтеримди Москвага кеч жөнөтүп, ал жакка өтпөй калдым. Кийин Орусиядан экинчи жолу мүмкүнчүлүк берилип, Ростов-на-Дону шаарына барып сынактан өтүп кеттим.

– Сен окуган окуу жайда кыргыздар барбы?

– Мени тарыхта калды деп кызыл китепке жазып коюшту болуш керек (күлүп). Анткени мен окуган консерваторияда бир да кыргыз жок.

– Ата-энеңден алыс, бөтөн элге көнүп кетүү кыйын болгон жокпу?

– Бишкекте орустар менен аралашып жүрүп, алардын менталитетин, тилин жакшы билгендиктен, жашоодон көп деле кыйналган жокмун. Кызыгы, жаңы барганда бизге окшогон кара каш, кара көздөрдү көрсөм эле кыргыз экен деп учурашканча шашчумун. Кийин сурасам калмактар болуп чыга келет. Бара-бара аларды да айырмалап калдым.

Ата-энемди сагынып, кетким келген күндөр болгон. Бирок ал жактагыдай сапаттуу билимди Кыргызстандан бербейт, артка жол жок деп тырышып окуй бердим.

– 3 жылдан бери Орусияда жүрөт экенсиң. Ал жактын музыкасын көрүп, ал чөйрөгө да аралашып калдың. Сыртта жүргөн чыгармачыл адам катары айтсаң, Кыргызстандагы музыкага кандай баа бересиң?

– Жогору эмес. Классикалык музыкада артка чегинүү болуп жатат, эч кандай алдыга жылыш байкалбайт. Жаштардын кызыккандары да аз, баары эле америкалык пропагандага азгырылып калышты.

– Угушубузча, орусиялык топтун мүчөсү да экенсиң. Ал топко кандайча алынып калдың?

– 2-курсту бүткөндө “Гольф­стрим” симфо-тобунун концерттик директору чалып, эстрада тобуна кастингге кел, бизге жаш, перспективасы бар адам керек болуп жатат деп калды. Аларга бирөөлөр мени сунушташыптыр. Кастингге барып скрипка ойнодум, кийинки күнү эле жактырышканын айтып топко чакырышты. Көрсө, мага чейин топто жалаң орустар иштептир. Өзгөчөлүк, жаңычылдык болсун деп алар топко чыгыш колоритин кошкусу келишкен. Ошентип мени алып, топто алар каалагандай курам чогулду.

– Топ менен гастролдорго чыгып турасыңарбы?

– Ооба, бизди көбүнчө Орусиянын түштүгүндө Краснодар, Ставрополь, Таганрог сыяктуу шаарларында таанышат. Мен келгенден бери, адашпасам, 6 жолу жеке концертибизди бердик.

– Окусаң, иштесең, кошумча спорт менен да машыгат экенсиң. Эс алууга убактың болобу?

– Ошо убакыт болбой жатпайбы ал жакта. Бишкекке атайын эс алганы келдим. Эми көлгө барып келейин деп жатам.

– Бишкекке канча убакта бир келип турасың?

– Жумушка байланыштуу эки жылдан бери келе албай жаткам. Үйдөгүлөр менен күндө скайп аркылуу сүйлөшүп турсак деле сагына берчүмүн. Бишкекке билет алгандан кийин ата-энем түшүмө кирип жүрдү.

– Чыгармачылыктан тышкары жеке жашоого орун барбы?

– Азырынча карьера мен үчүн биринчи орунда болгондуктан андай ой жок. Бирок кыргыз кыздары жагат.

– Дароо эле кыргыз кыздары жагат дегениңе караганда биздин кыздарды башка улуттагыларга салыштырып баалап калсаң керек?

– Албетте, баалайм. Кыргыз кыздары турмушка тың келишет. Орустарда карьераны биринчи орунга коюп, үй-бүлө арткы планда калып кетет.

"Мен топко келгенден бери алты жолу гастролго чыктык".
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

Кыргыз скрипкачысы Орусияны багындырууда

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
11.07.2014. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
azamat!
SUPER.KG видео
11.07.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
molodets
SUPER.KG видео
11.07.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат,оркунун осо берсин.
SUPER.KG видео
11.07.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызды дуйного тааныткан жигиттердин бири бол!!!кыргыз эли таланттарга бай,бирок мамлекет тарабынан колдоо жок болуп жатканы окундурот.
SUPER.KG видео
11.07.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы азаматсың, орустар мн жүрсөда өз тилин унутбай сүйлөптүр, кыргызтарда жүргөн артистер эле өздөрүнчө орусча тантырап сүйлөшөт))
SUPER.KG видео
12.07.2014. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын))бар бол
SUPER.KG видео
12.07.2014. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай иий мынча журогуно жеткире чертет...Азамат, ийгилик сага!
SUPER.KG видео
12.07.2014. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ийгилик
SUPER.KG видео
12.07.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayabai jonokoi bala eken,azamat
15.07.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Гарвардда окугандай бирда кыргыз жок деп жазыптыр. Менделе Пироговада окуганмын тан калыштуу эч нерсе деле жок. Россияда толтура кыргыз дар.
29.08.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anjella8888 ты че ххх не пойму?
Модератор admin_superstan түзөттү 29.08.2014 10:03
29.08.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
noeli, мазактоодон алыс болуңуз!
SUPER.KG видео
15.07.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soz jok.alga
15.07.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrqyz, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
15.07.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!желаю удачу)___
15.07.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу Талант, ийгилик каалайм. Кыргызда таланттар коп, бирок Кыргызстанда аларды азырынча баалай турган убакыт келе элек, коомдун приоритеттери башка болуп турат. Бирок бардыгы алдыда, анткени кыргыздар таланттуу, акылдуу чындыгында.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо