ИЙГИЛИКТҮҮ ДУЭТТЕР

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж

Америкалык рэп ырчысы Питбуль дүйнөнүн белгилүү ырчылары менен дуэт ырдап атактуулугун арттырып келет. Кала берсе анын жалгыз ырдаганын күйөрмандары анча кабыл алышпай турганын да билебиз. Ал эми бизде дуэт ырдоо жаатында абал кандай? Атактуулардын кайсы дуэттери ийгилик жаратты? Аны аткаруу кимдин идеясы эле? Бул суроолордун жообун ушул макаладан издеңиз.

Гүлзат Байзакова: «ДИЛ КАЙРЫК» ҮЧҮН АЙБЕККЕ ЫРААЗЫМЫН»
Бир эмес, эки ырчынын багын ачкан «Дил кайрык» ырын кимдер гана сүйүп укпаган. Ырдын көркүнө көрк кошкон Гүлзат Байзакова дуэттин жаралуу тарыхына кайрылды:
– 2000-жылдары Айбек экөөбүз Спорт Сарайында өткөн бир концертте таанышканбыз. Айбек мен жашаган Жумушчулар шаарчасында жашачу, концерттен чыгып алып мен, жолдошум Ишен, Айбек болуп ошол районго чейин жөө сүйлөшүп кетчүбүз. Бир күнү «эже, ырым бар эле, ошону дуэт кылып ырдабайлыбы» деп сунуштап калды, ойлонбой эле макул болгом. Бул ыр экөөбүздүн тең чыгармачылыгыбызга жол салган, ак жолтой чыгармалардан болду. Мен Айбекке «Дил кайрык» үчүн ыраазымын.
Чогуу иштешип Кербенде концерт берип жүргөнбүз. Айбекти бир киши чакырып кетти. Бир аздан соң Айбек кубарып кирип келип «эже, жаман бир кызыктай окуя болду, айтсам ишенбейсиз» дейт. «Эмне болду?» десем, «жанагы киши чакырган жакка барсам, бир жаш келин туруптур, зордоп эле оозумдан өөп-өөп алды» дейт. Ал кезде Айбектин артынан чуркаган кыздар көп болчу, ошол жакшы көргөн келиндердин бири болсо керек да. Угуп алып боорум эзилгенче күлдүм. Айбек эшикке чыгып баратса «абайла, дагы караңгы жакка ээрчитип кетишпесин» деп тамашалап калчумун.

Роза Шакирова: «КАРАБАЧЫ» ДЕГЕН ЫРДЫН АРТЫНАН НУРБЕК ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ ЫРЧЫ БОЛУП КЕТТИК»
«Карабачы, антип мени караба» деп сыздаган Нурбек Дайырбек уулу менен Роза Шакирова учурунда эчен жаштардын жүрөгүндөгү сырын сыртка алып чыккан. Аны аткаруучулардын бири Роза мындай дейт:
– «Карабачы» деген ырды Ошто институтта окуп жүргөндө ырдын автору Чынара Сейитбурханова экөөбүз комузга салып ырдап жүрчүбүз. Окуумду бүтүп, Бишкекке келип, 2003-жылы «Туңгуч» театрында иштеп калдым. Ошол жактан Нурбек менен таанышкам. Нурбек да, мен да комуз чертип ушул ырды ырдап калчубуз.
Бир жолу дуэт жаздырууну чечип, ырларды тандап отуруп ушул ырга токтолдук. Ыр эл тарабынан жакшы кабыл алынып, бат эле популярдуу болуп кетти. Ал кезде Нурбек экөөбүз тең тааныла элек болчубуз. Бул чыгарма экөөбүздү тең ырчы кылды. Ырга клип тарттыралы десек акчабыз жок, карыздан карызга батып сахнага кийген кийимибизди араң тапчубуз. Ошентип кийимдерибизден уялып жүрүп эле сахнага чогуу көп чыкпай калдык. Азыр ойлоп калам, экөөбүз көп дуэт жаздырып жакшы иштеп алсак болмок экен деп. Андан кийин мен турмушка чыгып кеттим. Нурбек менен чогуу иштешип жүргөндө экөөбүз бир туугандай элек.

Мухтар Атаналиев: «АЗИЗАНЫ МАГА АТА-ЭНЕСИ ТАБЫШТАГАН»
Бир кездеги ырчылардын жаңы агымы менен кошо кирип келген ырчы Азиза «Кайдасың, азыр кайдасың?» деп сүйүктүүсүн издөөдөн мурун, Мухтар Атаналиев менен толкундарга суктанып "Толкундар, ак толкундар" деп чогуу ырдап жүргөнүн билебиз. Аталган ырдын популярдуулугун эстен чыкпай калган кайрыктар айтып турат. Анда дуэттин жаралуу тарыхын Мухтар Атаналиев айтып берсин:
– Азизанын апасы биздин тууганыбыз. Бир жолу шайлоо алдында концерт коюп айылга барсам, Азизанын апасы «ырга шыктуу кызым бар, ошону алып чыкпайсыңбы, азыр Ошто окуйт» деп калды. Кийинчерээк өзүм топ ачканда Азизаны Оштон Бишкекке чакырдым. Ал институттагы окуусун таштап, Бишкекке келе бериптир. «Окуусун таштап келгенден кийин эми чыгармачылыкты эптеп кетсе экен» деп бушайман болгом.
Келгенде экөөбүз альбом жаздырдык, анда «Толкундар», «Кыз-жигит», «Тоолордо жүрөгүм» деген ырларыбыз бар эле. Мени менен иштеп жүргөндө Азиза 18-19 жашта эле, жаш, бойдок кызга жигиттердин баары кызыгат эмеспи, Орусияга барганда «бизге таштап кет, бербесең алып качып кетебиз» деп тийишкендеричи.
Азиза абдан тил алчаак, аракети күч кыз. Экөөбүз чогуу иштешкен 4 жылды текке кетирбей, чыгармачылыктын өтөсүнөн чыгып ырчылыгын улантып кеткенине кубанам.

Назира Токонова: «ДОБРДУ БАШЫНДА БАЙКЕ ДЕЧҮМҮН»
Кыргыз шоу-бизнесинде дуэт ырлардын саны жагынан Добр менен Назира Токонова эч кимди алдына салбайт болуш керек. «Жашоо бир келет», «Ла-ла-лей», «Кел, бийле» деген ырлары менен жаштардын сүймөнчүгүнө айланган Добр менен Назира жашоодо да кыйышпас достордон. Бул тууралуу Назира Токонова мындай дейт:
– 2009-жылы тушоо кесүү концертимди өзүм төрөлгөн Кызыл-Ой айылында коюп келгем. Ошол концертке тааныштарым Добрду да чакырышкан эле. Экөөбүз жолдо баратып таанышып, башында «сиз», «байке» деп кайрылчумун. Кийин эле "сенге" өтүп кеттим. Ошондон бери чыгармачылыкта тыгыз иштешип келебиз. Кайсы ырды жазбасын сөзсүз үн коштоого мени чакырат, анан мен «баарын эле мен коштой беремби, көп болуп кеткен жокмунбу?» десем «башка ким бар, сенден бөлөктү элестете албайм» деп калат.
Добрдун мүнөзү аябай жумшак, сөз көтөрүмдүү, чыгармачылыкта да, жашоодо да достугубуз көпкө уланат деп ишенем.


Сема: «90-60-90ДУ» РАДИОГО АЛЫП БАРГАНДА «УШУЛ ДА ЫРБЫ?!» ДЕП ШЫЛДЫҢДАШКАН»
Көпчүлүк Сема менен Кундуздун тандеминен жаралган «90-60-90» деген ырдан кийин кыздар үчүн стандарттык параметр 90-60-90 экенин билгендер да болгон. Ырдын жаратуучусу Сема чыгарма жөнүндө мындайча ой бөлүшөт:
– Жаштарга сиңимдүү, жеңил ыр жараткым келип жүргөн. Бул ырды жаздырып, аранжировкасын даяр кылгандан 1 жылдан кийин жарыкка чыккан. Анткени мен ырга төп келген кызды көпкө издеп калдым. Кундуз менен Караколдо гастролдо жүрүп концерттен таанышып калдык. Ал учурда Кундуздун 1-2 ыр ырдап жаңы ырчы болом деп аракет кылып жүргөн кези экен. Чогуу ырдоо сунушун киргизип «100 пайыз кепилдик берем, бул хит болчу ыр» десем, дароо макул болгон. Ырды жаздырып бүтүп, радиолорго алып барсам «ушул да ырбы?!» деп аябай шылдыңдашкан. Анан мен «бир жума болбосо да, эки эле күн коюп көргүлөчү, эч кимге жакпаса алып саласыңар» деп араң көндүрдүм. Ошол бойдон «90-60-90» радиодон түшкөн жок, хит-параддардан алдыңкы орундарды алып жатты. Кундуз менен гастролдорго чыгып эки жылдай иштештик. Кундуз абдан кичи пейил, тарбиясы жакшы кыз.
Негизи, мен көп ырчылар менен дуэт ырдагам, өзүмө да дуэт ырдаган жагат. Биздин аткаруубуздагы дуэттердин элге көп тараганы «90-60-90» болду окшойт.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Ырчылардын багын ачкан дуэттер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
19.07.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Добр, Назира ишинер илгерилей берсин, ийгилик каалайм. Роза Шакированын суйлогон уну Гульнур Сатылганованыкына окшош экен ээээ
SUPER.KG видео
19.07.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул дует ырдаган ырчылардын ырлары оз кезинде абдан популярдуу болгон чындыгында ийгилик
SUPER.KG видео
19.07.2014. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Назира,албетте Добр башка кызды элестете албайт,мисалы мен деле элестете албайм,сенден болмок ким бар?сенин унун озгочо!жигиттер эмес,кээде мен да эрип кетем!!!Суйлогон созу орду менен,сулуулугуна соз жок!Озгочо маек берип жаткандагы келбетин,анан да Дорб менен суротко тушуп жаткан кадрларында чырайлуу корунупсун.Сага окшошуп,сени туурагым келет,ото жылдыздуусун.Гезиттен коруп кубандын.Силерге рахмат Супер.кж
SUPER.KG видео
19.07.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чогуу ырдап,иттери чоп чайнап жургондо баары жакшы. Иттери чоп жебей калгандан кийин карасан,бирин бири жамандап калмайы бар экен булардын.
SUPER.KG видео
19.07.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Шакированын унун абдан баалайм!
SUPER.KG видео
20.07.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роза шакирова абдан жакшы ырдайт
SUPER.KG видео
20.07.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Шакированын уну абдан жакшы ырларын жакшы коруп угам.
SUPER.KG видео
20.07.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынын айтсам Роза ШАкированын унуно баа берем алга жана алга
SUPER.KG видео
21.07.2014. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба менда Роза эженин унуно баа берем. Талантыныз ташкындай берсин.
21.07.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
90;60 90ду Бирок элдер айтышты эле го турктордон которуп алган деп, ошол чынбы?!
21.07.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NADUW, oa turktordo bar owondoy yr, ukkam, birok sozdorun toluk ukpagam,balkim yrdyn kayirmasyn ele alywkan
21.07.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сема не гони.ыр жаздырдым дебей,турктордон уурдадым дебейсинби
21.07.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммм экоо жарашат экен э бири бирине
21.07.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуетинер аягына чыккандан кийин урушпагылачы,итинер чоп жебей калса эле.Бирин бирини жамандап калмай адатынар бар эле. Сема озуну карма,туура эмес созуно кыжалат болуп атып,озунун фигуран 90 60 90 болуп калбасын.
22.07.2014. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turktor kotorup algan semadan
22.07.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо "Дил кайрыкты" созун билсек билбесек да кынылдап ырдап журдук го...
22.07.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дилкайрык ырын Гулзат эжекебиздин уну абдан коркко келтирген,озунчо бир "Муза" берген.
22.07.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дил кайрыкта ырдап журуп канчалаган соонун кундор отту)))Сема турктордон которсо да за то кыргыз элине жеткиликтуу кылып ырдап,ырды популярдуу кылды го .Которсо да ошол ырга канчалаган эмгек кылгандыр.
SUPER.KG видео
22.07.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Шакирова сонунго))
SUPER.KG видео
22.07.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур Кундуз менен Семанын ыры тим эле жаштыгымды эске салат бааарынарга ийгилик...Азиза менен Фаркаттын ырын да жакшы кором....

SUPER.KG видео
23.07.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр менен Назиранын жакында кыз жигит экен 200% соз чыгат бул чындык
23.07.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Сүйгөнүм бар, кечир мени садага,
Жүрөгүмдү арнаганмын башкага.
Кечирип кой бул жашоодо сүйүүдөн,
Үзө албай үмүтүмдү жашап келем. дейт беле.....
Роза айым сиздин үнүңүз аябай сонннун, талантыңыз ташкындап, дайрадай агып турсун. Мен сизди өтө баалайм жана ушул ырыңызды азыр да аябай сүйүп угам. Тойго чакырам келип
23.07.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90-60-90 Семага ырдаганга чейин эле популярдуу эле азырда кыргызчага караганда туркчосу популярдуу сема кайра ырды бузан
SUPER.KG видео
23.07.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр билет да ким менен ырдашты! Супсак репти кандай ун менен ачышты. Назиранын уну абдан сонун!
24.07.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да ийгилик баарына. Дагы коптогон ырларды жазып элге таартуулап журо бергиле
25.07.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карабачы деген ыр кичинемден берки жакшы коргон ырым да.Айрыкча алгачкы суйумду жоготуп сыздар жургондо ушул ырды бакырып,бакырып ырдап женилдеп калчумун.Ырды жараткан адамдарга чексиз ыраазымын.
25.07.2014. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super4ik, Janym Aizattan bir video interwu alsanyzdar, Kyrgyzstanga anikulga keliptir, Rahmat
25.07.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
prettyme, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
SUPER.KG видео
31.07.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мухтар Атаналиев дин жолуна тушуп кетип. рдабай калды деп жатышат эле. Аябай улгайып калыптыр Мухтар ага. Назира аябай бат суйлогон тартынбаган шайыр шатман кыз окшойт. Ушул жагы Кенже Дуйшеевага окшоп кетет экен. Мыкты дуэттер чындап эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо