ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИҢИЗ АРСТАН БОЛСО

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж

(23-июлдан 23-августка чейин төрөлгөндөр)
Табияты
(стихиясы) – От
Колдогон планетасы – Жок. Бирок арстанды колдогон жылдыз – Күн
Ташы – Лаал (рубин) жана алмаз
Түсү – ачык кызыл, саргыч күрөң, алтын түстүү жана кара

Арстан – хандыктын жана улуулуктун белгиси. Андыктан “мен каалагандай, мен айткандай болушу керек” деп өз оюн бербей кабагын чытыгандарды арстан белгисинин астында төрөлгөндөр десеңиз жаңылбайсыз. Алар айланасындагылар сый-урмат көрсөтүп туруусун каалашат. Эгер ал көпчүлүктүн назарына илинбей, көз жаздымда калып калса, анда айланасындагыларга марттыгын көрсөткөн бет кабын кийип, өз дарегине мактоолорду алууга жетишет. Жогорудагы сапаттарынын аркасында арстандар жашоодо кандай кырдаал жаралбасын, жеңип чыгууга жетише алышат.
Арстан сыртынан токтоо көрүнгөнү менен жан дүйнөсү бир заматта толкуп, жаш баладай оюн салып кетмей адаты бар. Бул мүнөзү адамдар менен бат тил табышууга жардам берет. Бирок бул жылдыз белгисиндеги адам менен жакшы тил табыштым деп алардын башына чыгып алуудан оолак болгон оң. Себеби арстан кантсе да “жырткыч” эмеспи. Ачуусу келсе атасына да моюн бербей, каарына калган адамды төбөдөн ары төрт коюп калышы мүмкүн. Аны менен катар абдан кекчил болушат. Сатып кеткен, уят кылган же аброюна шек келтиргендерден түбөлүк кол үзүп тим болбостон, ыңгайы келгенде сөзсүз кек алуу керек деп эсептейт. Ал эми ишенимине кирген адамды периште элестетет. Мындан улам башкалар чындыкты жеткирип келсе да, ишенген адамы жалган айтканына карабай ага ынанат. Бул бир жагынан алганда жаман, бирок арстандар достукка бекем, сатып кетпей турганын далилдейт.
Арстандын негизги кемчилиги – текеберлик. Ал жасаган ишине маашырланып, башкалардыкына көңүлү толо бербейт. Дарегине айтылган сынды туура кабыл алууга чыдамы жетпей үрпөйүп, муштумун түйөт. Андыктан ал кошоматчыларды абдан жактырат. Андай адамдын сөзүнө дене бою балкып, өзүн Күн элестетет. Ошон үчүн менменсинген арстанды ээрден оодарып, тизгинди колго алам десеңиз, жагымдуу сөздөрдү жаадырыңыз.

Мыкты сапаттары – ак көңүл, берешен, чечкиндүү.
Начар сапаттары – текебер, өзүмчүл.

КИМДЕР МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШАТ?
Мыкты шайкеш келе турган жылдыз белгилер – тараза, кой
Тил табышып кетүүгө мүмкүн – эгиздер, жаачы, суу куяр
Такыр тил табыша албагандар – арстан, букачар, бийкеч, чаян, текечер, балык, бөйөн

АРСТАН – ЭРКЕК
Арстан белгисинде төрөлгөн эркектер берешендиги, ачык-айрымдыгы жана тыкандыгы менен айымдарды кылтакка оңой илүүгө өбөлгө болот. Ал эми ак көңүлдүгү, антка бекемдиги досторунун санын арбытат. Табиятынан лидерлик сапатка ээ арстандар "үй-бүлөдө эркектин орду каржы табууда, аялдын орду үйдө” деген принципти карманары айтпаса да белгилүү. Мына ушундан улам алар үй-бүлө курууда тизгинди талашпай турган айымды издешет. Арстан эркек айымдардын кичине эле мактоосун укса мурду барбайып, өзүн көккө алып-учуп калат. Андыктан “баатырымсың” деген сыяктуу сөздөр айтылса, багынып берет.




АРСТАН – АЙЫМ
Арстан айымдар үй-бүлөдө мыкты кожойке, балдарга күйүмдүү эне болсо, курбулары үчүн сыр чечишип, сырды терең каткан жакын санаалаш. Булардын жасаган ар бир ишине көңүл буруп, дайыма жылуу сөздөрдү айтып, баалуу белектерди тартуулап турган эркекке моюн сунуп ийилип берет. Арстан айымдар өзүлөрүн көргөзмөнүн текчесине коюлган зер буюмдарынын шедеври катары санагандыктан, түгөй издөөдө эркектердин материалдык абалына басым жасашат.



АРСТАН – НАРИСТЕ
Бала арстандар энергияга мол, шайыр, тентек жана шашма. Бейтааныш балдар менен бат аралашып, дос күтүп, алардын “атаманы” болууга умтулат. Тентектиги аша чаап баратса, аны тарбиялоого шапалакты эмес, таттуу сөздү колдонуу зарыл. Себеби бала арстандар активдүү болгону менен анын бат ачуулануусу ден соолугуна өтө терс таасирин тийгизет. Ал эми мектепте сабактары боюнча үлгүлүү окуучулардын алдыңкы сабынан көрүүгө болот.






Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
21.07.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ен туура жазыпсынар силерге чоон рахмат супер инфо
21.07.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арстан менен балык такыр тил табыша албайт,деп жазылган бирок,менин эжем арстан куйоосу(жездем)балык эн сонун жашашат 11жыл болду.
21.07.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жигит арстан. А мен озум бойон. Такыр тил табыша албасак, анда кандай болот экен......
21.07.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peri9696, менин жакын досторум арстандар. Тил аябай жакшы табышабыз. Мен да бойонмун. Силер да табыша аласынар деп ойлойм себеби бойон м-н арстандар экоо тен уй-було, балдарды жакшы корушот. Анан дагы экоо тен бирин-бири мактаганды комплимент укканды жактырышат го. Экоо тен достукту баалашат. Коп окшош жактары арстан м-н бойондун.
21.07.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз жолдошум экообуз тен арстанбыз арылдашып жашап эле жатабыз баары жакшы буйруса.
21.07.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туптуура жазылыптыр. Арстандар преданные друзья чынында эле.
22.07.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы арстанмын бут жерим окшош экен
22.07.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа, арстандаррр
23.07.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда арыстанмын тура эле экен
23.07.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигитим экообуздун туулган кундорубуз и жылдарыбыз да бир болчу.Эки арстандын тил табышканын элестете берсениздер болот.5мунот сайын бир нерсени талашып анан урушуп кетчуубуз.Эки арстандын тил табышып суйлошушу кыйын
23.08.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gerachka, Мен да ушинтип ойлоочумун. Туура эле го ээ...
26.07.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dagi aristanmin tup tuura jaziliptir.Charakterlerim baari tuura keldi.Jazilgandin baari tuura chukti okup alip küldüm.Rahmat silerge Super info.
26.07.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блиин туура го е ))
28.07.2014. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арыстандан башкалардыкы ж0кбу?
28.07.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aku96, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, башка жылдыз белгилердин мүнөздөмөсүн таба аласыз: http://www.super.kg/article/?theme=241
23.08.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийкечти таппай жатам го мен. Суроолор боюнча. Озум "Арстанмын" ))
Туура жазылган десем болчуудай.))
24.08.2014. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orhideya, Саламатсызбы!
Гезиттин ушул санына чыкты. Дүйшөмбү күнү саат 9:00дө окуй аласыз.
25.08.2014. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,
Ыраазычылык !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо