№611 18-июль-24-июль, 2014-ж
Биздин бүгүнкү коногубуз 16 жылдан ашык убакыт Индияда, бир жыл тибеттик кыргыздардын арасында жашаган Жолдошбек Султанов болмокчу.
– Алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
– Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын кулунумун. 55 жаштамын.
Швециядан 4 жыл Веда (индуизмдин санскрит тилинде жазылган эң байыркы ыйык жазуулар топтому) боюнча билим алгам жана Индиянын Гуджарат штатындагы Аюрведа университетин аяктагам (аюрведа – индия медицинасынын салттуу системи, альтернативдүү медицинанын бир түрү).
– Тибетке кандайча барып калгансыз?
– Индияда жашап жүргөнүмдө 1994-жылы туристтерге кошулуп, Непал аркылуу Тибетке (Кытай Эл Республикасынын автономдуу району) өтүп, борбор шаары Лхасага барып калдым. Базардан илгеркидей кийинген топозчон адамдардын тери, дары чөп, мүйүз сыяктууларды күрүч жана башка азыктарга алмаштырып жүрүшкөндөрүн көзүм чалды. Байкасам, кыргызча сүйлөп жатышат. Жергиликтүүлөр алардын товарларын арзан алып, өздөрүнүкүн кымбат баада сатышууда. Чыдай албай алар үчүн өзүм соода жасап бердим.
Ошентип 2 күндүн ичинде алардын тибеттик кыргыздар экенин билип, “мени өзүңөр менен кошо ала кеткилечи” деп жалына баштадым. Акыры башчысы макул болду. Алардын талабы менен мен буюмдарымды, документтеримди өзүбүз жашаган мейманканага таштап, алар менен кеттим. Көрсө, алар айылына оңой менен чоочун адамдарды алып барышпайт жана эч кимди киргизишпейт экен. Ошол себептен менде аларды сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк болбоду. Лхасадан чыгып, үч ашууну ашып, түндүктү карай кыска жолдор менен 12 күн жөө жүрдүк. Узун, коопсуз жол менен барсак андан кеч бармак экенбиз. Ал жакка барган соң 1 жыл алардын арасында жашадым. Андагы кыргыздардын саны 300гө жетет.
Эркектерине Баатыр, Өскөн, Элек, Боору, Өтөк, Саты, ал эми кыздарына Санаа, Ажар, Бүбү, Омо, Кайры, Желегей сыяктуу ысымдарды коюшат. Жашаган конушунун атын Алай-Куу деп айтышты. Цивилизациядан бөлүнүп, өзүнчө калган конушка окшоду. Тегерегинде Карал-Дөбө, Жымжырттык өрөөнү деген жерлер бар.
Тибеттен келгенден кийин тактап көрүп, алар жашаган аймак Тибеттин Амдо аймагына (Нагчу округу) кирет окшойт деп болжодум.
Климаты катаал болгондуктан, топоздон башка мал багышпайт. Өтө аз сүйлөшөт. Эч качан урушушпайт, “баарыбыз Теңирдин пендесибиз” деп бири-бирин сыйлап жашашат. Тутунган дини жок, болгону колдорун көккө көтөрүп, "Теңирим, берген суу, аба, тооңо рахмат, бизге жакшылыктарды бере көр" деп гана сыйынышат.
– Каада-салты, жашоосу кандай экен?
– Таш үйлөрдө жашап, биздикиндей кийим, буюмдарды колдонушпайт экен. "Азыркы цивилизациянын адамдары экологияны бузуп, адамдык касиетинен четтеп, аң-сезимдери бузулгандар" дешти. “Биз ата-бабабыздын салты менен жашап, алар колдонгон буюмдарды колдонуп, ошолордун деми менен жашайбыз. Кайып илимин өздөштүрүү биздин милдетибиз” деп айтышты. Кийимдери, үйгө салынган буюмдары баары иштетилген териден жасалыптыр. Оорукана, дарыкана, мектеп деген жок. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт дегенди билишпейт. Чөп дарылар менен дарылашат. Металлдарды иштетип, андан идиш-аяк жасашат экен. Темир комузу, домбрага окшоп кеткен кыл аспабы бар.
– Кыз алуу, кыз берүү салты кандай экен?
– Бешик той, тушоо кесүү дегенди өткөзүшөт. Балдары кичинесинде эле куда түшүп, кыздары 12 жашка чыкканда кайненесине тапшырышат. Ал кызга керектүүлөрдүн баарын үйрөтүп, өзү тарбиялайт да, анан кыз-бала 16-17ге чыкканда үйлөнтүп коюшат.
– Эми көз жумган адамды акыркы сапарга узатуу салтына келсек...
– Жогоруда айтпадымбы, кайып илим деп, ошону эң мыкты өздөштүргөндөр өлгөндө кайып болуп кетишет экен. Бирок муну өз көзүм менен көргөн жокмун. Жакшы өздөштүргөндөрдү от жагып, өрттөп салышат. Мындайды бир жолу көрдүм. Орто өздөштүргөндөрдү өлөр алдында төрт бурчтуу чуңкур казып, ошого отургузуп коюшат. Алардын денеси мумия сыяктуу сакталып тура берет. Муну көп эле жолу көрдүм. Начар өздөштүргөндөрү өлсө, аларды талаага алып чыгып, денесин кескилеп, жиликтеп жоруларга беришет.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |