Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПИАР БЕЛЕ ЖЕ КЫЯЛ БЕЛЕ?

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж

Шоу-бизнес өкүлдөрү чыгармачылыктагы иш-аракеттери туурасында маалымат каражаттарына жар салып эле келишет. Ал маалыматтардан кабардар болгон окурман журтчулугу эми качан көрөбүз, угабыз деп күтүп калышат. Айтылгандардын айрымдары жүзөгө ашпай кала бергенинен улам “эмне себептен ал ишиңизден эмдигиче дайын жок?” деп өздөрүнө суроо салдык. Балким, пиар үчүн ойдон чыгарылган окуядыр...

ГҮЛЖИГИТ АКТЁРЛУККА КИРИШМЕК
“Актёрлук жактан да өзүмдү сынаганы жатам” деген Гүлжигит Сатыбеков бул жаңылыгы менен окурмандарды үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде кабардар кылган.
"Өзүмдү ырчылыктан башка тармакта сынап көрүү максатында тасмага тартылуу сунушун киргизишкенде дароо макул болгом. Сценарийи менен да таанышып чыктым" деп айтканы эсиңиздедир. Актёр болгусу келген ырчынын ою ишке ашпай калды көрүнөт деп ырчыга байланышканыбызда Орусияга кеткенин билдик.
Ырчынын менеджери Астра Исмаилова бул тууралуу: "Сценарийи да толук иштелип чыкпай калды көрүнөт. “Эртең, бүгүн тартабыз” деп жатып эле унчукпай калышты. Гүлжигит даяр эле болчу, тартуучу топто кыйынчылыктар болду окшойт",- деди.





МИНЮРА КАЗАК ЫРЧЫСЫ ДИМАШ МЕНЕН ДУЭТ ЫРДАМАК
Минюра Рахимжанованын продюсери Каниет Жыргалбеков ушул жылдын март айында ырчыны казак ырчысы Димаш Кудайбергенов менен дуэт жаздырат деген эле. Чогуу ырдоо сунушу казак туугандан түшүп, ырчы айым аны колдогон. “Минюра менен Димаш репетиция кылып жатышат” дегенден бери төрт ай өтсө да, дуэттен дайын жок.
"Деги аткарылчу ишпи?" деп ырчы айымдын продюсерине суроо салганыбызда Каниеттен: "Минюра сыркоолоп калгандыктан, ыр жаздыруу артка жылдырылган. Ал идеябыз күчүндө эле. Минюра сакайып, билек түрө ишке киришип турган чагыбыз. Дуэттин сөзү, обону даяр. Аранжировкасын Димаш өзү даярдап коймок",- деген жооп алдык. Айтылган сөз атылган октой журтубузга тараган да. Аны эми чыгармачыл жаштар аткарып гана кутулушпаса, артка жол жок.










АССОЛДУН ЖАШООСУН ДАРЕКТҮҮ ТАСМАДАН КӨРМӨКПҮЗ
Ассоль Молдокматова өзү жөнүндө документалдуу тасма тартылганын, аны Daronoffsky лакап аты менен таанымал америкалык режиссёр тартканын, тартуу иштери Париж, Стамбул, Венеция, Лос-Анжелес, Лас-Вегас, Нью-Йорк шаарларында жана Голливудда жүргөнүн маалымат каражаттарына жарыялаган эле. Фильмдин бет ачары үстүбүздөгү жылдын апрель айында болорун да айткан.
Андан бери арадан 3 ай өтсө да, теледиванын купуя сырлары баяндалган тасманы көргөн жокпуз. Деги ишке ашчу нерсе беле? Ушул суроо менен Ассоль Молдокматовага кайрылсак, ал: "Фильм даяр, болгону режиссёр Голливудда башка сериал менен алек болуп, апрелдеги бет ачарына келе алмак эмес. Ошондуктан тасманын бет ачары 20-сентябрга жылдырылды",- деди. Жаз бүтүп, күздү күтмөй болдук.





НУРЛАН, ИЛЬЯЗ, КАЙРАТТАН ДАГЫ ДЕЛЕ ТРИО ЖОК
2013-жылдын аягында Нурлан Насиптин продюсери Канат Кадыржан жакшы жаңылыкты кылтыйтканы бар. Боордош элдин таланттуу жигити Кайрат Нуртас, Нурлан Насип жана Ильяз Абдыразаков трио аткарышмак болушкан. Трио угабыз деген күйөрмандар күтө берип саргайып кетишкени айтпасак да белгилүү. Бул жаңылык менен бөлүшкөн Нурлан Насиптин мурунку продюсери Канат Кадыржан: "Трио жаздыралы деген жакшы ойлорубуз бар болчу. Бирок үчөө тең бир убакытта бошой албай, иш улам артка жылууда. Түшүнөсүңөр да, Кайрат, Нурлан, Ильяз үчөө тең жылдыз",- деп трионун тагдырын убактысы тар үч жылдыздын уятына койду.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Пиарбы же кыял беле?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
18.07.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Минюра мыкты ырчы.голосу жагат аябай.Димаш менен дуэтти кутобуз.Ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
19.07.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Минура жакшы жооп бериптир эми кутобуз да ырды.Ушунча куткон сон кантип куто албайбыз.Чын эле ким пиар ким алдаганын корот экенбиз да
SUPER.KG видео
19.07.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Койум быйыл 2ни тууйт, Кошунам ит багып алайын деп атат, Кышта африкага барам деген арзан,элге кереги жок пиарларынарды азыраак айткылачы. Ойунарга келгенди эле СУПЕР инфого айта бербей. Супер жаза берет да,силердин конулор деп. Аягында эле 2 козудан,итинен,африкадан кабар жок. Анан эле Суперди карасан 'кечирип кой' болот.
SUPER.KG видео
19.07.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун Жаратканым сабыр кылгыла, сабыр деп пенделерине айткан экен. Анан да Кудайдын күлкүсүн келтирем десен эртенки планын менен бѳлүш деген кучтуу афоризм да баа-ар...
SUPER.KG видео
19.07.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз айтылгыча сен созго кожоюнсун. Айтылып кеткен сон соз сага кожоюн.
Анан да куру убада бербе баркынды кетирип деген создорду эсинерден чыгарбагылачы жылдыз соройлор.
SUPER.KG видео
19.07.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз, Кайрат, Нурлан, кутобуз ырынарды, экообуз дебей учоон ырдасанар жакшы Нурлан.
SUPER.KG видео
19.07.2014. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Minyura supersin!!! Sen kat jazdyn degen yryn ayabai jagat!!!
SUPER.KG видео
19.07.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmat_88-kg Эмне учун жылдыз сорой? Мынча неготивди каяктан каяктан топтоп алгансыз? Сизге салыштырмалуу булар кичине болсо да эл учун бир жыйынтык чыгарды ошол учун супер инфо булардан интервью алды. Каныныздын составында короалбасык нормасынан ашып калыптыр)))
SUPER.KG видео
20.07.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karysh, сын-пикирлерди info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазып жөнөтүңүз.
SUPER.KG видео
20.07.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бары таланты жок эле калп эле пиар менен жылдыз болгон адамдар бирок буга Нурлан насипти кошо албайм анткени ал мыкты талант ээси
21.07.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзууга айып жок... ийгилик
21.07.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таалай Бектургановдун ролун журналист Максат ойносо болчудай негедир экоону окшоштура берем.
21.07.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба ооба окшош точнно
21.07.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
depu - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
21.07.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окшош адам табылып тартылып калса экен. Жакшы кино болмок. Умутубузду узбой туралы.
22.07.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жасайм деп жар салбай, Жасадым деп жар салыш керек да
23.07.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
андан ары ийгилик нийетинерге жеткиле биздин супер жылдыздар биз силерди кутобуз
SUPER.KG видео
23.07.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге кочуруп алуу аябай эле кыйын мен кочуро албай жатам го
25.07.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет деп ошон учун айтылган да.Баары эле биз айткандай, биз куткондой боло бербейт да
SUPER.KG видео
29.07.2014. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минура деген кыз жага бербейт эмнегедир балким уну жакшыдыр бирок мен учун жагымсыз унундо башкача звуктар бар Нурзат Токтосуновага да окшршуп кетет тууган эмеспи я? Нурлан Иляз Кайратан дуэти кутобуз Ийгилик жигитер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо