Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАНАТ КУЛТАЕВ, ПРОДЮСЕР, РЕЖИССЁР: “ПРОДЮСЕРЛЕР “АКЧА ЖЕГИЧ” ДЕГЕН АТКА КОНСОК КЕРЕК”

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж

Учурдун эң ийгиликтүү продюсери. Дайыма изденүүнүн үстүндө жүрүп, басса-турса телеберүү, концерт, клип, сахна тууралуу ойлогон адам. Кыргызстандагы популярдуу ырчы жигиттердин “атасы” Канат Култаевдин жашоосу, өмүр таржымалы тууралуу маек курдук.

– Саламатсызбы, Канат мырза? Канаттуу кыялдардын жетегинде бала чагыңызга бир кылчайсаңыз. Ошондо эле чыгармачылыкка жакын белеңиз?
– Балалыгымдын издери Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында калды. Үй-бүлөдө жети бир туугандын эң кичүүсү, эркеси болгондуктан эмнени кааласам, бардыгына жетчүмүн. Ал эми чыгармачылыкка кызыгуу мектеп курагында башталды. Ар бир концерт, кече менин катышуумсуз өтчү эмес. Мектепти бүткөн соң Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырам деп дегдеп Бишкекке келдим. Тилекке каршы, оюм оңунан чыкпай, "Дастан" технологиялык университетинде окуп калгам.
– Кесибиңиз инженер экен, кантип алып баруучу болуп калдыңыз?
– 1-2-курс кезимде университетте кечелерди уюштура баштагам. Бир жолкусунда Мыктыбек Арстанбек деген агабызды калыстар тобунун мүчөсү катары чакырганбыз. Кече соңунда жаштар Мыктыбек байкеге жолугуп, “КТРге телеберүү ачсак кандай болот?” деп сунуштадык. Ал киши “келгиле, эгер жакшы долбоор болсо, албетте, жардам беребиз” деди.
Эсимде, биринчи жолу телевидениенин алдына келгенде Гүлшан Молдоева менен Болот Тилебаевди көрүп сүрдөгөнүмдөн качып кеткем. Эмнегедир ал жер, андагы кызматкерлер мага сүрдүү сезилген. Андан бир ай өткөндө “сени күткөнбүз, эмнеге келген жоксуң?” дешкенинен кайра барып “Марс плюс” деген долбоорумду сунуштадым, алар жактырышты. Ал долбоор азыркы “Муз Обонун” баштапкы варианты десем болот. Бир айдын ичинде демөөрчү таап, көрсөтүүм эфирге чыккан. Ал кезде көрсөтүүнү тезирээк элге жеткирип алуу үчүн өзүбүз оператор, режиссёр, алып баруучу, редактор болуп жүрдүк. Мага ошондо эле режиссёрлук жаккандыктан, кийин башка алып баруучу таап, ага өткөрүп бергем.
– Эмне үчүн телевидение? Эмне үчүн режиссёрлук, продюсерлик? Бул тармакка кайсы күнү, кандайча келип калдыңыз?
– КТРде музыкалык көрсөтүүлөрдү даярдап жүрүп, продюсерлик кылуу жөнүндө ой пайда болду. Себеби көп эле ырчыларга жардам берсең алар атын жасап алган соң киши тааныбай, саламдашканга жарабай калышат. Андайда, албетте, ичиңден таарынасың. Андан көрө бир ырчы менен сүйлөшүп, каражат, чыгармачылык жактан жардам берип, мыйзамдуу түрдө иштесек кандай болот деп ойлодум. Орусиянын, Казакстандын продюсерлери кантип иштешерин көрүп, 2004-2005-жылдары мен да продюсер болууну чечкем. Ошентип биринчи жолу мыйзамдуу түрдө Урмат Усенов жана Темир Назаров менен иштешип баштагам. Башында орусиялык продюсер Юрий Айзеншписти карап түздөнчүмүн. Себеби анын Дима Билан, андан башка мурунку долбоорлору да ийгиликтүү болгон.
– Продюсер болуудагы эң негизги максатыңыз?
– Продюсер деген кесипти алгач коомчулук түшүнгөн эмес. Башында эл арасында биз “акча жегич” деген атка конуп калсак керек. Кийин ырчынын чач жасалгасын, костюмунан тарта байпагына чейин продюсерлер даярдаарын билгенде кээ бир ырчылар да “силер чындап эле ушунун бардыгын жасайсыңарбы?” деп таң калышкан. Азыр элдин баары эле продюсер деген кандай кесип экенин түшүнүп калды болуш керек.
Башында продюсер болом деген жөн гана амбиция болчу. Анан бир таланттуу бала келсе, анын атын таанытсам деген кызыгууга айланды. Азыр болсо шоу-бизнес деп аты айтып тургандай эле бизнес болуп калган. Негизи, продюсердин максаты бирөө эле. Ал – ырчыга жардам берип, атын элге таанытып, анын үзүрүн көрүү.
– Режиссёрлук менен продюсерлик кесиптин кайсынысы сизге көбүрөөк жакын?
– Чынында, жан дүйнөмө режиссёрлук жакын.
– Темир Назаров, Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Даниель... Сиз менен иштешкен ырчылар өзгөчө ийгиликтерге жетип жатышат. Ырчыларды кандай критерийде тандайсыз?
– Албетте, талантына, сырткы келбетине, мүнөзүнө карайм. Башында үнүн текшерип көрөсүң. Келбетин болсо оңдоп алсаң болот, ал эми адамгерчилигин текшерүү үчүн бир топ убакыт кетет. Ырчы миң таланттуу болуп, мүнөзү жаман болсо, элге бат эле билинип калат.
– Ийгиликтерге жеттиңиз, кыйынчылыктарга да туш болдуңуз. Жаныңызда жүрүп сиздин эмгегиңиздин үзүрүн көрүп, кийин сатып кеткендер болду. Андай кыйынчылыктардан кантип өттүңүз?
– Андай учурлар да болду. Ар бир адам адашат эмеспи. Бирок популярдуу болгондо адам өзгөрүлөт экен. “Адамды акча жана бийлик менен сына” деген сөз бар эмеспи. Менин балдарымдан да эки-үчөөсү өзгөрүлүп кеткен, аттарын айтпай эле коёюн. Кээде адамдарга жакшылык кылсаң, түшүнбөсө капа болосуң.
– Ар качан концерт, клип, көрсөтүү деп изденип жүрүп, идея түгөнүп калган учурлар болобу?
– Ошондон Кудай сактасын. Идея түгөнүп калуу мен үчүн коркунучтуу. Идеянын калбай калышы – бул “бүттү” деген сөз. Күндө бир нерсени ойлонуп, изденип турбасам жашай албайм. Идея түгөнбөш үчүн өзүбүздүн казанда эле кайнап жүрө бербестен, башка өлкөлөрдүн да эмгектери менен таанышып туруу керек. Алардан идея жаралат. Мен азыркы учурда эмне мода, эмне актуалдуу болсо, ошондон калбаганга аракет жасайм. Мисалы, азыркы жаштардын кээ бирлери инстаграмга каттала элек болсо, мен артта калбайын деп күндө кирип турам.
Мен эс алганды деле билбейм. Майрамдарда жөн эле үйдө жатып сыналгы көрсөм, ал мен үчүн майрам. Билбейм, “ненормальный” окшоймун (күлүп).
– Кээ бирлер жумуш деп жүрө берип туугандар менен көп катышпай калышат, сиз тууганчылсызбы?
– Жумуш деп жүрүп бир туугандарыма, ата-энеме жолугууга убакыт аз болуп калат. Балким, мен туура эмес кылып жаткандырмын...
– Биздин гезитке берген маектериңиздин биринде “жалгыз карышкырмын” деген элеңиз. Түгөй болор сүйүктүүңүзгө жолуктуңузбу?
– Үйлөнгөнгө убакыт келмек тургай өтүп баратат. Жашым дагы бир топко келип калды. Дале жалгыз карышкырмын. Быйылкы Жаңы жылды жалгыз тостум. Жыл өткөн сайын жалгыздык сезими күчөй берет экен. Мисалы, тартуу иштери болуп жатканда аянтчада толтура кишилер жүрөт эмеспи. Жумуш бүткөн соң баары үйлөрүнө тарап кетип, мен жалгыз калам. Бардыгы Кудайдын буйругу менен экен. Балким, эртеңби же бир сааттан кийинби, жалгыз болбой калышым мүмкүн.
– Эмне үчүн кыздарга продюсерлик кылбайсыз?
– Анткени эркек балдар менен иштешүү оңой. Эркек балдар туура эмес иш кылса урушуп, кээде сөгүп деле койсоң болот. Маселени эркекче сүйлөшүп чечип аласың. Ал эми кыздар назик келишет. Аларды урушуп же катуу талап да коё албайсың. Бирок мен кыздар менен продюсер катары иштешүүгө даяр болуп калдым. Андыктан мурунтан бери айтып келе жаткан кыздардан топ түзөм деген максатым дале күчүндө.
– Учурда эмне менен алексиз?
–Азыр КТРКдан кетип, өз алдынча продакшн-студиямда командам менен сапаттуу иштерди аткарууга аракет жасап жүрөм. “Шоу-бизнес мектебин” ачып, жакында эле биринчи муунун узаттык. Биздин максат­ – жаш ырчыларга кантип сахнага чыгууну үйрөтүп, аларга жол көрсөтүү. Себеби азыр сахнага чыккысы келген жаштар өтө көп, продюсерлер аз. “Биздин ашкананы эмнеге башкаларга үйрөтөсүң?” деп таарынгандар болду, бирок менин максатым – Кыргызстандын шоу-бизнесин өнүктүрүү.
Учурда "Turkvision" эл аралык сынагынын уюштуруу иштерин баштоо үчүн Татарстандын Казань шаарында жүрөм.

"Чыгармачылыктагы жакын адамдарым менен"

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Продюсерлер "акча жегич" деген атка консок керек" дейт Канат Култаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
18.07.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адамгерчиликтүү инсан экени байкалып турат . Биздин ырчы сөрөйлөр таанылып , эшек ылайдан өткөндөн кийин продюсерлерди жаманга чыгарат . А дейбиз , Б дейбиз ким туура эмес иш жасап жатса баарына кудай күбө .
SUPER.KG видео
19.07.2014. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен журналист кыздын ордунда болгондо кайсы ырчы баланыздан киреше коп таптыныз деп суроо берип кормокмун для интерес
SUPER.KG видео
19.07.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишине ийгилик кудайым Бир башын эки кылсын
SUPER.KG видео
19.07.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
канат байке чындыгында кучтуу таланттуу акылдуу адам экен сизге ийгилик ден соолук каалайм ар дайым аман болунуз!!!!
SUPER.KG видео
19.07.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уй-булолуу боло электа,аялым,балам,кызым деген создор оозунан чыккандан кийин шоу-бизнес экинчи планга жылып калат. Кыздан кыз тандап атып ушул жашка келип калды. Ырчылардын санына эмес,сапатына карап чыгарыш керек. Оптом чыгарбай. 1-2 ырчыны эл артисти кылган жакшы.
SUPER.KG видео
19.07.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Канат мырза кыргыз продюсерлеринин сап башында турган №1-кучтуу продюсер катары таанылып калды.Токтоо,созу байымдуу,кепти таразалап суйлогон инсан экени корунуп турат.Балким бул ачуу чындыктыр,сиз таптаган ырчылардын эн кучтуусу жа таланттуусу Темир Назаров болду окшойт.Ийгилик, ден-соолук, бактылуулук Канат мырзага,дагы да кыргыз элинин маанайын которгон мыкты проекттерди жарата бериниз!
SUPER.KG видео
19.07.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтасыз баардыгы кудайдын буйругу менен экен...мен дагы сизге окшош жалгыз карышкырмын ...карьера жана башка деп журуп баарына жеттик бирок уй було деген ыйык нерсеге жете элекпиз.Быйыл кудай насип кылса ыймандуу кыргызымдын бийкечине баш кошуп уй булоо очогун тутантсам дейм бирок тилеке каршы азыр бактыма жолукпай журом.Мен сизди тушуном Канат мырза эми уйлонолу ...Татыктуу ата жана мыкты жар болушубуз керек.Эртерек ыймандуу кыздардан жолуктура кор АЛЛАХЫМ.
SUPER.KG видео
19.07.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канат байкени абдан сыйлайм. Ушу сиз уйлонуп эле алсаныз, баардык жагынан идеалдуу болот элениз.
SUPER.KG видео
19.07.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишин мыкты билген инсан.Блалуу чакалуу болушун каалайм.
Модератор admin_superstan түзөттү 20.07.2014 14:29
SUPER.KG видео
20.07.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aminuwka, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Азырынча эскертүү!
depu, жеке билдирүү үчүн купуя бар. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Модератор admin_superstan түзөттү 20.07.2014 14:33
SUPER.KG видео
20.07.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул инсан мага олло жагат да мага уйлонот болду бекен.
SUPER.KG видео
21.07.2014. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Номер 1лер Ильяз менен темир.
SUPER.KG видео
21.07.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rusana, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
21.07.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ийгилик негизи кыйын ды кыйын деш керек. Канча ырчыны тарбиялады,таланттууларды таптады. Коро албагандар ар кайсыны айта берет да. Ага маани бербей ,алдыга умтулуп келатканыа,о.э. коптогон ийгиликти багынтып ,Кыргыз элине коп салым кошуп атканына рахмат дешибиз керек.
SUPER.KG видео
21.07.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канат байке, азаматсыз!!! Продюссерлердин алдынкысы озунуз го, жонокойлугунуз менен адамгерчилигиниздин артында ушундай жакшы жетишкендиктерге жетишуудосуз деп ойлойм. Дагы бир жаны жылдызды чыгарса деп кыргыз эли сизди кутуп калды окшойт, ишинизге ийгилик!!!
21.07.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалгыз жата берип зеригип деле кетсениз керек,жакшы аял алып алынызчы. Калган иш аракетинизге соз жок.
21.07.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик каалаймын!!! Бар болунуз, аман болунуз!!!
SUPER.KG видео
21.07.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
moke: жана kg_07: -Талантуу адамдын талантын гана баалап, алыстан сыйлап, анын ички жашоосуна аралашпаш керек. Мен мисалы Алла Пугачеваны баалайм. бирок жакындан билип бир уйдо жашагым келбейт. Ошол сынары эле биздин таланттуу жигиттердин жеке мунозуно же адамдык сапатына карабай, жон гана талантына сыймыктанып кадырлай билишибиз керек. А Канат Култаевдин багына талантуу жигиттер туш келген. Канат мырза таланты бар бирок таанышы жок балдарды кызматынан пайдаланды.
22.07.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз ийгилик. Батыраак уйлонунуз карьера деп журо бербей 32 чыгыпсыз.
22.07.2014. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут баары эле продю(с)сер деп жазылып калыптыр.
22.07.2014. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капа болбогула инфого купуя кетпей койду.
22.07.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик артынан ийгилик келе берсин.Ылайым ушул жылы озунузго ылайыктуу жар табылып, булолуу болунуз!
22.07.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында эрки кучтуу адам. Жасаган иштерине соз жок. Жашоонузду жалан гана ийгилик жана бакыт коштоп журсун. Аллахым Буйруса жакынкы убакытта Кыргызстанды суйунтуп, тойго чакырып калыныз.
22.07.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсыз ийгилик!
SUPER.KG видео
24.07.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канат аканы сыйлайм. Иштей берин талыкпай
09.10.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канат култаев менен кантип иштешсе болот мен дагы ырчы болоюн деген оюм бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо