“STYLE MIX” ТРИОСУ: “БИЗ ЖЕҢИШКЕ УМТУЛАБЫЗ!”

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж

Латвиянын Юрмала шаарында жыл сайын өткөрүлчү “Жаңы толкун” эл аралык сынагына 12-июлда мекенибиздин атын коргоо үчүн быйыл “Style Mix” триосу жана аларды колдоп ырчы Омар, продюсери Миргүл Эсеналиева кетти. Сынак 22-июлдан 27-июлга чейин жүрөт, ага чейин чогулган катышуучулардын репетициядан башы чыкпай, кызуу даярданып жатышкан кези...

– Салам! Юрмаладагылар силерди кандай тосуп алышты?
Миргүл Эсеналиева
, топтун продюсери:
– Салам, аябай жакшы тосуп алышты. Азыр сынактын бардык катышуучулары менен чогуу мейманканада жашап жатабыз.
– Жалпы канча өлкөнүн өкүлдөрү бар?
– 13 мамлекеттен катышуучулар келди.
– Кантсе да бул сынак да, тымызын атаандашуу байкалса керек?
– Азырынча баарыбыз доспуз (күлүп). Атаандаштыкты байкай элекпиз.
– Атактуулардан кимдер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болду?
– Орусиянын шоу-бизнесиндеги атактуулар 20-июлда келишет экен.
– Топтун мүчөсү Илиманын сынак алдында тамагы ооруп калганын көргөнбүз. Бул маселе кандай чечилди?
– Кудайга шүгүр, доктурлар жазып берген дарыларды ичип жакшы болуп калды.

Аталган триону колдоп барган ырчы Омарды да кепке тарттык.
– Кандайсыз? Сиз бул сынактын мурдагы катышуучусу катары кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз? Бул жылы кандай артыкчылык же кемчиликтер бар экен?
– Жакшы, рахмат. Негизи “Жаңы толкун” өзү жогорку деңгээлдеги сынак эмеспи. Баары эң сонун уюштурулган. Мындан артык болушу мүмкүн эмес.
– Биздин өлкөнүн жеңишке мүмкүнчүлүгү канчалык деп ойлойсуз?
– “Style Mix`те” чындап жакшы ырдаган жаштар чогулган. Бирок башка өлкөнүн катышуучулары дагы жөнөкөй эмес. Ар бир өлкөнүн өкүлү күчтүү атаандаш. Албетте, биз жеңүү үчүн келдик, тилегибиз ошол. Бирок бул сынакка катышканыбыздын өзү деле чоң жеңиш деп эсептейм.
– Сизден башка дагы колдоочулар барыштыбы?
– Азырынча топтун продюсери Миргүл экөөбүз эле. 20-июлда Анжелика менен Арсен учуп келишет.

Сынак деп толкунданып, күн сайын 8 сааттык репетицияны башынан өткөрүп жатышкан “Style Mix” триосунун мүчөлөрүнө да кезек жетип, алар толкундануулары менен бөлүшүштү.
– Даярдыктар кандай?
Илима:
– Эртең мененки саат 10дон тартып кечке чейин репетициядабыз. Кызуу даярдык жүрүп жатат.
– Чет элдик атактуулардан кимдерди чыдамсыздык менен күтүп жатасыңар?
– Мен Рики Мартинди жана Валерий Меладзени чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Адилет менен Талас болсо Лара Фабианды күтүп жатышат, анан сөзсүз түрдө Алла Пугачёваны көргүбүз келет.
– Жеңүүгө мүмкүнчүлүгүңөр кандай деп ойлойсуңар?
– Азырынча айта албайм, себеби бардык катышуучулар күчтүү экен.
– Силерге дем-күч берген дагы кимдер болууда?
– Тааныбаган эле адамдар интернет аркылуу жазып бизге ийгилик каалашууда, бул биз үчүн чоң колдоо. Анан Израилден, Америкадан келген катышуучулар атаандаш болгонуна карабай бизге колдоо көрсөтүүдө.
– Талас, Адилет, чет өлкөлүк кыздарга да көз кысып жетишип жатсаңар керек?
Талас: – Жо-ок (күлүп). Таң атпай репетиция башталат, чарчап келебиз, оюбуздун баары сынакта.
– Жан дүйнөңөрдө эмне болуп жатат?
Адилет:
–Азырынча баары тынч, бирок ошол эле учурда толкундануу бар. Себеби мекенибиздин намысын коргоо биздин колубузда экенин түшүнүп турабыз. Кыргызстан үчүн биз жеңишке умтулабыз.
– Буга чейин да башка чоң сынактарга катыштыңар беле?
– Бул биздин алгачкы жолу ушундай деңгээлдеги сынакка катышып жатканыбыз.
– Силерге ийгилик каалайбыз!

"Чүчүкулак боюнча сынакта 9-номурда чыкмай болдук".

"Катышуучулар арасында азырынча достук өкүм сүрүүдө, атаандаштыктан кабар жок".

"Орусиянын Муз-ТВ телеканалына интервью бергенге жетиштик".

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
21.07.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ийгилик.Оооо кудай утуп кетсек экен))))))))
21.07.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса женесиздер
21.07.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилиииик
22.07.2014. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматттар. Ийгилик!
22.07.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жениш керек башка вариант жок
22.07.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик женишке жеткиле ылайым
23.07.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Откон жылы Айбек Кыргызстанды "примитивный" деп коюп элдин эсинде калды эле, эми силер да абайлап суйлогуло. Анжеликада акча коп делать нечего учуп барса бара берет да. Ага ким мешать этмек эле. Кантсе да ийгилик. Катышуунун озу жетишкендик дебестен жок дегенде жол чыгымын актап бир нерсе илип келгиле эми.
23.07.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик Ийгилик каалайбыз ))
24.07.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени эки билдируум очурулуптур???
25.07.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., Саламатсызбы!
Сиз кайсыл жакка кандай комментарий калтырдыңыз эле? Балким катачылыктар чыгып, келбей калгандыр. Купуя аркылуу байланышабыз.
Модератор admin_portal түзөттү 25.07.2014 13:57
26.07.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик силерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо