Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“АПАМДЫ ТАПТЫМ, БИРОК ӨГӨЙЛҮКТӨН КУТУЛА АЛБАДЫМ”

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж

“АПА ДЕГЕН СӨЗДҮ АЙТУУГА ЗАР БОЛУП ЧОҢОЙДУМ”
– “Апа” деп айтууга тилим келе электе апам мени атама таштап, башка бирөө менен турмуш куруп кетиптир. Апам ким экенин, эне мээрими кандай экенин билбей чоңойдум. Мен теңдүү балдардын “апа” деп айткандарын укканда көкүрөгүм суу сепкендей муздап, ичиркене түшчүмүн. Балалык аруу сезимимди сооротуп, элден алыс жерге чыгып, “апа” деп кайталагандан тажачу эмесмин. Менин таза наристе кыялымдагы бул сөздү жансыз талаа далай ирет угуп, өз кучагына сиңирип кетти. Атама “Башкалардын апасы бар, менин апам эмне үчүн болбойт?” деп ыйлаган күндөрүм көп эле болду. Атам үйдүн жалгыз баласы болгондуктан чоң энем менен бирге жашачубуз. Эс тартып калганымда энемден апам тууралуу сураганымда “апаң өлүп калган” деп мени түңүлтүп койгон. Чон энем мени канчалык эркелетип өз мээримине бөлөгөнү менен, апама болгон кусалыгым арылбай, зарыгуунун запкысын башымдан кечирип жүрдүм.
Мектеп босогосун аттаганымда да энем мени өзү жетелеп барды. “Сенин апаң кемпир экен, менин апам жаш, сулуу” деп мактанган классташтарымдын сөзүнө теригип, ыйлап жүргөн күндөрдө атам үйлөнүп, мени апалуу кылды. Ошондогу кубанганым эч эсимден кетпейт. Кайра-кайра так секирип “апалап”, бала үчүн эң баалуу бул сөздү айтып, жаңы апамды кучактап, өпкүлөгөм. Мээримге суусаган жүрөгүм бир ирет бошогондой болуп, кенедей кезимден кыйнап жүргөн кусалыктан өзүмдү сууруп алгандай болгом. Тилекке каршы, мындай кубанычым көпкө созулган жок.
Бир күнү эле чоң энемдин кан басымы жогорулап, эс учунан танган бойдон ойгонбой калды. Мени медер тутуп, энелик мээримге бөлөгөн, уктасам ойготуп, ыйласам соороткон аска-тоом урап түштү. Энемди жерге бергенден кийин күйүт, ага болгон кусалык мени алсыратып, жүдөп кеттим. Анын үстүнө өгөй энем заарын чачып, атам жокто желкемден тартып, башыма муштап жумуш жасатып, “тамакты көп ичесиң, тойбоссуң” деп итке теңеп кагып-силккенге өттү. Канча ирет кагуу жесем да атама айтпай жүрдүм. Атамдын көзүнчө мени эркелеткен болуп, кучагына кысымыш этет. Мен андай учурда жылуулук алгандын ордуна көкүрөгүм муздай түшчү.
Улам эс тарткан сайын өзүмдү басмырлап, Кудайга наалып, мени өгөйлөгөн турмушту жекирип, жанга жукпас өзүмчүлдүк пайда болду. Көз көрбөгөн башка бир жактарга кетким келип жүргөн күндөрдө мени таштап кеткен апам тууралуу угуп калдым.

“ЭКИ ӨГӨЙДҮН ОРТОСУНДА СОККУГА КАЛДЫМ”
– Апамдын телефон номерин шаардан келген бир эже берип, апам тууралуу айтты. Алгач телефон аркылуу байланышып, кыйналганымды, аны сагынганымды, көргүм келгенин айтып ыйладым. Кантсе да эне эмеспи, өз баласынын муңун укканда жүрөгү ооруса керек, мени алып кетүүгө келди. Атам канчалык каршылык көрсөтсө да апам менен кетүүнү каалап туруп алдым. Атам бир чети ачууланып, бир чети мени апамдан кызганып кала берди.
Көксөп жүргөн апамды таптым, бирок өгөйлүктөн кутула алган жокмун. Апам болгон мээримин төгүп, артта калган жаман күндөрүмдү унутууга аракет кылды. Мен келген күндөн көп өтпөй эле өгөй атам ичип келчү болду. Көрсө, мурда деле бул адаты бар экен, менин келишим аны дарбытып жибергендей эле болду. Мас болуп келип апамды сабап, үйгө тынчтык берген жок. Жакында эле апамды катуу сабап салды. Жаным ачыганынан арачалай койсом мени кошо токмоктоп, “ээрчиме апаңды сени кошо багам деп алган эмесмин, жогол” деп үйдөн айдап чыкты.
Азыр апамдын тааныштарынын үйүндө жашап жатам. Ал байкуш эмне кылсын, азыркы турмушунан дагы балдары бар. Мен үчүн ажырашып, чиедей балдарын жетим калтырмак беле? А менин келечектеги жашоом табышмактуу. Эки өгөйдүн ортосунда соккуга калдым. Айылга барайын десем “апам менен жашайм” деп атамды укпай келе бергем. Эми барсам өгөй апам батырмак беле?..

Сезим


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(54)
22.07.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмуш деп ошол учун айтылат! Акыл эстуу сабырдуу кыз болсон баарын женесин ата эненбин жолун жолдобо ата энендин турмушундай болбосун
22.07.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезим кайгырба баары жакшы болот, болгону сен бул нерседен чогуп кетпе, окуу билим ал. Азыр эн негизгиси ошол. Билим алып жакшы окуу. Азыр жашсын келечекте сени ар кандай сыноолор кутуп турат ошолорго туруштук беришин керек.
22.07.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огойлордун кээ бири жакшы болот бирок жаманы коп.Огой ата-энин колунда осуш отоле оор болот азапда жашоо отот.Бул нерсе биздин башыбызда да бар.Бирок убакыт келип бир кун кудай берет сага сабыр кыл Сезим, биз сени менен!
22.07.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огой атанын колунда чонойгуча андан коро апан огой болсо да оз атандын колунда чонойгонун жакшы.Апан огой болсода сен аны жаман корбогонун жакшы.Ар бир адамга кудай бар, унчукпасан акыры озуно жакшы болот.
22.07.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулдун калдын балээде! Турмушун эшек араба, дегендери ушул экенда. Эми Сезимдин келечегин алдыда тундон кийин кун келет дегендей бул кундорун отор кетер!
22.07.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кундор да отуп кетет! деген принцип м.н журо бер. Карарган капкара булуттун артынан жаркырап кун чыгаарын унутпа! Эн негизгиси озун акыл эстуу бол!
22.07.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироого зар,бироого кор деген ушул да.Менин уч уулум бар,бир кыз багып алайын деп журом.Ушундай балдарды багып,балалык бакыт тартууласам,жакшы болмок.кудаа алдында да собоп болот эле.
22.07.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин комментарийим кана админ?
23.07.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika1405, Саламатсызбы!
Ким кайсыл комментарийиңизди издеп жатасыз? Бул макалага эки жолу жазган экенсиз, экөө тең жогоруда турат.
23.07.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киного окшоп кетиптирго
23.07.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энен бар но жетим сыяктуу эле чоноюп жатыпсын.Келечектеги жашоон жомоктогу Золушкадан да жакшы болушун каалайм.Ийгилик сага сезим.
26.07.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gerachka, мындайларды тируу жетим дейт
23.07.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энен бар но жетим сыяктуу эле чоноюп жатыпсын.Келечектеги жашоон жомоктогу Золушкадан да жакшы болушун каалайм.Ийгилик сага сезим.
23.07.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тагдырын оор экен, эгер эрезеге жетип оз алдынча турмушту алып кете алсан турмушунду жаны барактан баштоого аракет кыл, б.а. жамандарды эмес жакшы адамдарды ээрчип, турмушта тын бол, жакшы жар танда, ата-энендин катасын кайталап сен да балдарындын убалына калба, жакшы жар, жакшы турмуш сенин да, жолдошундун да, балдарындын да бакты-таалайы, бактылуу болууга бардыгынын бактылуу болууга акысы бар...
23.07.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сенин абалын оор экен. Жакшы жигит таап озунчо турмуш башта. Мен да бойдокмун. Мумкун таанышарбыз. Сендей жакшы кызды табалбай журом. Купуяга дарегинди жибер.
23.07.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезим, купуяма дарегинди жиберчи. Чыдамсыздык менен кутом, колумдан келген жардамымды аябайм.
23.07.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезим Бул кундор да отуп кете, алдында жакшы кундорун бар экенин унутпа ийгилик сага.
23.07.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отуп кетет
23.07.2014. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезим Бул кундорда отуп кетет сабырдуу бол алдында жакшы кундор бар экенин унутпа.
23.07.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул алла тааланын берген сыноосу эч качан сынба сени алдыда жакшы жашоо кутуп турат алдыга умтул женил ойлуу болбо кыйынчылыкты которо бил ошондо гана женишке жетишесин
24.07.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sezim seni menen jokuksam bolobu?
25.07.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезим канча жаштасын синдим .достор эмне дейсинер москвага чакырсак иштеп озуно уй жай алат беле атасына барганда эмне кор болот ..чогулуп жардам берели достор менин озумдун квартирам бар москвада снимать эткем бизге да ушундай огойлук коргон кыз келген азыр иштеп такылдап журот бул кызга да жардам берсек жакшы болмок без документ ишке ала турган иштер да бар тааныштар ойлонушуп жардам берели достор
25.07.2014. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх жашоо эмнеге мынча татаал
25.07.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча жаштасын? окуу оз кучун мн. жумушка орнош. оз турмушунду озун алып кет. озун тушунуп турат экенсин баарын эки жака тен батпашыны.. мектеп окуусу болсон... бир уйдо чыдап олтуруп тур мектепти бутушунчо. андан башка жол жок.
25.07.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келип иште деп чет олкого чакыргандарга барбагынын. Азыр бироого ишениш жок. Чакырып алып сатып жибериши мумкун.
26.07.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sumаia.kg.kg туура айтат.Жашоодон умутунду узбой,сабырдуу болсон баарын женесин!
26.07.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезим сиз сабырдуу болунуз сабырдын тубу сары алтын. Бирок озунуздун атанызга кеткениниз он болуш керек
27.07.2014. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо бул кыздын номерин кантип тапсак болот? Эгер болсо мага жиберип койунуздарчы?
27.07.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канттседа атан атана бар огойду деле оз кылыш сенин колунда
14.08.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огойлук эчкимдин башына тушпосун ылайым? сизге бакыт каалайм!
30.10.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огой апан.огойлук кылса.сенда огой кыздын кылыктарын корсотта..унчукпай эле эмне десе макул дебей..
12.02.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезим сага эч нерсе дей албайбыз бирок биздин айткандарыбыз сага жардам берээр эч качан жаман жолго баспа огой атан коп ичсе аларга коп жолой бербе озунчо ак эмгек менен акча таап озунчо болуп кет озун жактырган жакшы балага жолуксан ошого тийип бактылуу жашап кетесин себеби сен жаш болсон да копту коруп калыпсын.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо