Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

САНЖАР МЫКЫЕВДИН ЖУБАЙЫ НАРИСТЕ: «САНЖАРГА ТУРМУШКА ЧЫГЫП, КЫЯЛЫМ ОРУНДАЛДЫ»

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

Санжар менен Наристенин жашоонун балын татып, бирге түтүн булатып келатканына бир жылга жакындап калды. Турмушта бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жашап келаткан жаштардын жаңыдан баштаган таттуу жашоосу тууралуу кепке тарттык.

– Саламатсыңарбы, Санжар, Наристе? Жайкы эс алууну кайсы жактан баштадыңар?
Санжар:
– Бир жума мурун Бишкектин ысыгына чыдабай Ысык-Көлгө барып эс алып келдик. Кудай буюрса, жакында Алайга баралы деп жатабыз.
– Бирге жашап баштагандан бери бири-бириңердин мурда билбеген сырларыңарды байкап жатсаңар керек?
С.:
– Жаңы сүйлөшүп жүргөндө Наристе менен жолугушарда атайын кечигип, айтканымды аткарбай жинине тийип көрдүм. Бирок бир да ачууга алдырып, жаман жактарын көрсөткөн жок. Кала берсе биз бири-бирибизди 4 жылдан ашык сындан өткөрүп, анан турмуш жолуна аттанганбыз. Андыктан Наристе мурда мен үчүн кандай таттуу болсо, азыр деле ошондой таттуу.
– Анда силерди кыялдары орундалган түгөй деп айтсак болот экен да?
Наристе: – Санжар биз сүйлөшүп жүргөндө эле менин кыялымдагы мырза болчу. Кыздар кичине кезинде келечектеги жолдошун ак боз ат минген ханзаада деп элестетип алышат эмеспи. Менин да ошондой кыялым бар болчу. Ал кыялым Санжар менен баш кошкондо орундалды.
– Силердин чакан мамлекетиңер жакында бир адамга көбөйгөнү туруптур. Келечекте канча балалуу болгуңар келет?
С.:
– Эки уул, эки кыздуу болсок деп Кудайдан тилеп жатабыз.
– Көпчүлүк мырзалар үйлөнгөндөн кийин жубайын эркелеткенди унутуп калышат эмеспи. Наристени эркелеткенди унуткан жоксуңбу?
С.:
– Эстеп көрөйүнчү (ойлонуп), жок, унутпаптырмын.
Н.: – Мени Санжар өзүнө таандык «кутупеш», «жанпреш», «жанымко» деген сөздөр менен эркелетет. Мен анча эркелеткенге жокмун.
С.: – Фантазиясы жок да (күлүп).
Н.: – Кээде "Санчик-пончик" деп эркелетип коём.
– Санжар, жубайыңдын кайсы тамагын сүйүп жейсиң?
С.:
– Спагеттиден жасалган уяча тамагы жагат. Наристени ашты жакшы басалбайт го дегем, жакшы басат экен.
Н.: – Санжар тамакты ылгабайт, кыбыраган курт болбосо эле тандабай жей берет.
– Үй-бүлө болгон соң кызганыч болбой койбойт. Кимиңер көбүрөөк кызганасыңар?
С.:
– Кызгансак да сыртыбызга чыгарбайбыз.
Н.: – Мен Санжарга ишенем. Кээде күйөрман кыздарынан ар кандай комментарийлерди угуп, окуп калам. Андай учурларды түшүнүү менен кабыл алам.
– Үй-бүлөнүн тизгини кимиңердин колуңарда?
С.:
– Биз үй-бүлөдө бийлик талашпайбыз. Мени угасың, мен башкарам деген сөз боло элек. «Кеңешип кескен бармак оорубайт» демекчи, бир ишти баштаарда экөөбүз акылдашып жасайбыз.
– Казан-аяк кагышып, таарынышканда кимиңер биринчи сөз баштайсыңар?
С.:
– Андай учурларда кызуу кандуулукка алдырбай сүйлөбөй турабыз. Эң көп таарынышканыбыз ашып кетсе 10 мүнөткө созулат.
– Жаңы үй-бүлөнүн бюджетин ким эсептеп, казынаны ким кармап жатат?
С.:
– Бизде бир чоң капчык бар. Азырынча биздин казынабыз ошол.
Н.: – Акча керек болсо Санжардан сурап алып иштете берем.
– Кайсы мүнөзүңөр силерди бириктирип турат?
С.:
– Наристе назик, токтоо, акылдуу, ыймандуу кыз. Мен түшүнбөгөн кээ бир нерселерди алдын ала түшүнүп, айтып турат. Мага Наристенин көп кырдуулугу жагат. Тоого барса тоонун, айылга барса айылдын ишин жасап кете алат.
Н.: – Санжарды сахнадан көрүп мамилеге туруктуу болбосо керек деп ойлогом. Жолдошум сахнада тамашакөй болгону менен жашоодо андай эмес. Абдан чечкиндүү, үй-бүлөгө камкор, туруктуу жар.
– Наристе, жолдошуңдан алган акыркы белегиң эсиңдеби?
Н.:
– Сүрөткө түшкөндү аябай жакшы көрөм. Ошондуктан өзүмө фотоаппарат алгым келип жүргөн. Менин бул тилегимди орундатып, жакында эле фотоаппарат белек кылды.
– Кайын журт менен катышыңар тууралуу айтсаңар. Кандай күйөө бала, кандай келинсиң?
С.:
– Кайын журт менен мамилем жакшы. Ал жакка барсам төргө отурам, эрке күйөө баламын. Кыскасы, жашоо жыргал.
Н.: – Жаңы келин болгондогу бир кызыктуу окуя эсимден кетпейт. Той өткөндөн кийин 10 күндөй Ошто жашадык. Апам (кайненем) мага "капкүрдү алып кел" деп айтты. Түшүнгөн жокмун, кайра барып суроодон тартынып Санжарды уктап жаткан жеринен ойготуп сурасам, уйкусурап "кастрюль" деп койду. Ашканадан кастрюлду апама көтөрүп барып уят болгонум эсимден кетпейт. Капкүр деген, көрсө, биздин депкир экен да (күлүп).
– "Тамашоучу" жигиттердин сүйлөшкөн кыздары азыртан эле бири-бири менен аяш болуп жакшы катышат деп укканбыз. Наристе да бат эле көнүп кеттиби ал чөйрөгө?
С.:
– Мен ким менен тааныш, дос болсом, Наристе да алар менен тааныш. Биз "Тамашоудогу" түгөйлөрдүн алгачкыларынан болуп баш коштук. Ошондуктан досторум Наристеден бүгүнкү күнгө чейин кыздар тууралуу акыл кеңештерди сурап турат. Ал эми кыздар да өзүнчө компания болуп кезигишип турушат.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Наристенин фантазиясы жок" дейт Санжар Мыкыев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(62)
SUPER.KG видео
27.07.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай мыкты пара экен,бирине бири коз карашы менен тушунгон,башында мага да чон корунгон коро берсем суйлоп,жылмайганда ачылып чырайына чырай кошот экен.
SUPER.KG видео
27.07.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааай ий Санжар аябай сыноодон откоруп анан алган го,Наристе абдан токтоо экен,аэамат!Бактылуу омур сурушсун демекчимин!
SUPER.KG видео
27.07.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул жерде аялынын суйлогон созу орду менен эмес маек аябай эле сууз
SUPER.KG видео
27.07.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aselya_9105 Туштукто капкур же кыргыч деп да аташат, кол тарапта депкир дешет экен а орусча атай турган болсок кадимки эле шумовка тамакты аралаштыра турган ;)
SUPER.KG видео
27.07.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии журналистка лапочка оло жакты ))
SUPER.KG видео
27.07.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинчеги аябай жонокой экен
SUPER.KG видео
27.07.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ортодо суйуу жоктой экен бирок бактылуу болгула суйуу ден соолук бала тилейм ишинерге ийгилик
SUPER.KG видео
28.07.2014. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула Наристе аты жакты аябай.
28.07.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депкир дегенди мен бир биринчи угушум))))
28.07.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Экөө чыгып алып эле маек бере беришет, же эч ким тааныбайт.
28.07.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kgul, Тамашоуну корбосонуз керек.Бул "Тамадалар"-деген тайпадагы Санжар.
28.07.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бактылуу болгула коз тийбесин дайым ушундай ширин уй було болуп журо бергиле
28.07.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула.
28.07.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуунун кучу керемет,эчтекеге карабайт. Жер жерге дагы,айта берсе соз коп
SUPER.KG видео
28.07.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунуктуу бизче "депкир" дейбиз да.....
28.07.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депкир эмес капкир деди
28.07.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
28.07.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аа демек капкурду тундук жакта депкир дейт тура. Ушуну мен билбейт элем.
Санжар Наристе бактылуу болгула. Жакшы жанылыктарды кутуп калабыз...
Туштук+тундук= кыргыз элим
Санжар+Наристе= кыргыздын бактылуу жубайлары
29.07.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Охооо Санчо брат го. Бактылуу болгула. Кармашкан колунар эч качан узулбосун. Санжар Тамашоуга конок катары келип ойноп кетсен сонун болмок. Жеке сен эле эмес тамашоунун мурдагы жылдыздары. Э достор, кандай дейсинер?
29.07.2014. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кармашкан колунар эч качан узулбосун!!! Аябай бактылуу уй було экенирен корунуп турат!
29.07.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
санжар мага жагат келинчеги да жакты бактылуу болгула суйуунор эч качан очпосун
29.07.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушунча сынап алса башы менен ойлонгон бала экен башка жери менен эмес
29.07.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
menin ap4em da)))))baktyluu bolunuz sanjar jezde mn!!!))))))
29.07.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым аай чымын учуп журот гоо
30.07.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
SUPER.KG видео
30.07.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sanjardyn chachy ozuno jarashat eken, baktyluu bolgula!
30.07.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула, экоо бири бирине топ келет экен Кудай табыштырган жубайлардан болуп тилегинерге жеткиле.
31.07.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депкирди капкур дегени жакты..хе-хе биринчи угушум.
02.08.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
депкир деп каяктан чыгарып жиберди бу
SUPER.KG видео
03.08.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар!!! Санжар байке красавчик )))
SUPER.KG видео
03.08.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы аябай назик татына экен. Бактылуу болгула
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо