Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЖАН АЛГЫЧ» БОИНГ-777 ЖЕ КАРГАШАЛУУ КЫРСЫК

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

4 ай мурда Малайзия аба жолдору компаниясынын Боинг-777 учагы 239 жүргүнчүсү менен Куала-Лумпурдан Пекинди көздөй сапар тартып, орто жолдон дайынсыз жоголгон боюнча табыла элек. 17-июль күнү аталган компаниянын дагы бир учагы Амстердам (Нидерланддар) – Куала-Лумпур (Малайзия) каттамы боюнча баратып, Украинанын аймагына кулады. Ар кандай божомолдор айтылууда. Бирок каргашалуу кырсыктын так себеби аныктала элек. Бул окуя боюнча жоопкерчиликти Украинанын ички жана тышкы саясатында болуп жаткан кырдаалга көз салып жаткан Евро Биримдик, АКШ жана Орусиянын расмий өкүлдөрү бири-бирине жүктөөдө. Мына ушул саясий тирештер жана кырсык боюнча катталган кызыктуу маалыматтар төмөнкү макалада болмокчу.

АЙЫПТООЛОР
Бул окуя Орусия менен АКШ өңдүү ири державалардын тирешин курчутуп, маалымат айдыңындагы чабуулдар менен коштолууда. Кырсыктын себептери аныктала элек жатып АКШ менен Украина бул ишке дароо Орусияны күнөөлөп киришти. Айтымдарында эгемендигин эч ким тааныбаган Донецк Элдик Республикасынын элдик кошууну орус бийлиги жөнөткөн “Бук” зениттик ракеталык комплексинен (ЗРК) учакты атып түшүргөн.
Ага улай Орусия космостогу жандоочторундагы жана радарларындагы маалыматтарга таянып, күнөө коюп жаткан тарапка “Боинг учагы бара жаткан багытын эмнеге өзгөрткөн жана украиналык СУ-25 кыйраткыч учагы учак жерге кулап түшкөнгө чейин эмнеге жандап барган?” деген ыңгайсыз суроолорду узатты. Алгач биздин бир дагы учагыбыз ал күнү абага көтөрүлгөн эмес деген украин бийлиги бул суроолорду жоопсуз калтырууда.
Ал эми “Орусия Украина аркылуу Европадан газ алат” деп элди таң калтырган АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки "орусиялыктардын фактыларына Ак үйдөгүлөр ишенбейт" деп билдирди. Тараптар бири-бирин күнөөлөгөнү менен “учак асмандан, жерден атылганбы же ичинен жардыруу болгонбу?” деген суроолорго так жооп жок. Көп иштин башын ача турган учактагы үн жазуучу “кара кутуну” 21-июль күнү ДЭРдин өкмөт башчысы Александр Бородай Малайзиянын транспорт министринин колуна тапшырды. Кутудагы жазууну чечмелөө иши Англияда жүргүзүлө турган болду. Малайзия бийлиги тараптарды кырсыктын себептери аныкталгыча саясий билдирүүлөрдөн баш тартууга чакырууда.

КЫРСЫКТЫ ИЛИКТӨӨ БАШТАЛДЫ
Учак орусиячыл маанайдагы кошуундардын көзөмөлүндө туруп, украин армиясы менен согуш жүрүп жаткан аймакка кулаган. Андыктан чет элдик эксперттер окуя боюнча маалыматтарды чогултууга кеч киришкен. Талаш-тартыш жараткан каргашалуу окуяны объективдүү иликтөө үчүн 21-июль күнү БУУнун 15 өлкө мүчөлүк кылган Коопсуздук боюнча кеңешинде резолюция кабыл алынды. Иликтөөчү топту ушул учакта 192 жараны курман болгон Нидерланддар өлкөсү жетектемекчи.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусуна караштуу Грабове айылынын аймагына кулаган малайзиялык авиакомпаниянын Боинг-777 учагында 298 адам болгон. Учактын ичиндеги 10 өлкөнүн жарандары болгон 283 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсүнүн баары көз жумган. Булардын 80и балдар. Каза болгондордун 282синин сөөгү жана 16 адамга тиешелүү 87 дене мүчөлөр табылып, экспертизага жөнөтүлдү.

АЖАЛ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН ЖҮРГҮНЧҮЛӨР
Учакты коштогон ажалдын укуругу жүргүнчүлөрдүн баарына жетпей, үч адам өлүмдөн аман калды. Алсак, британиялык жарандар Барри менен Иззи уулу үчөө аэропортко бараткан жолдо автоунаа тыгынында кармалып, учакка жетишпей калышкан. Учак тууралуу суук кабарды уккан Иззи көзүнө жаш алып, аларга экинчи ирет өмүр тартууланганын айтат. Булардан сырткары дагы бир голландиялык Мартин де Йонг аттуу велоспортчуну Кудай бир эмес, эки жолу сактаган экен. Мартин мындан 4 ай мурда дайынсыз жоголгон жана жогоруда сөз болуп жаткан малайзиялык эки учакка тең билет алган. Бирок эки ирет тең пландары өзгөрүп кеткендиктен, билетин алмаштырган.
Жогорудагы адамдар Кудайга миң мертебе рахматын айтып отурса, австралиялык Жорж Борроуз күйүтүнө чыдабай көзүнүн жашы көл болуп турган чагы. Март айындагы дайынсыз жоголгон учакта Жорждун небереси менен күйөө баласы болсо, бул учакта келини менен уулу каза тапкан.
Ал эми өлөрүн сезгенби же мурдагы жоголуп кеткен учакты мисал келтирип тамаша иретинде айтканбы, айтор, кыйраган учактын жүргүнчүсү нидерланддык Кор Пан көзү ачыктык кылгандай. Ал учардын алдында социалдык түйүндөгү баракчасына учактын сүрөтүн жүктөп, ага “эгер ал жок болуп кетсе, ал мындай болчу” деген сөзүн жазып калтырган.

Учак кулаган жерден бардык жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү табылды.

Көзү ачыктык кылып, социалдык түйүндөгү баракчасына билдирүү калтырган Кор Пан.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(30)
28.07.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Америка еле атып тушургон!!!
28.07.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jiku_83, Сен коргондой айтып жатасында!
29.07.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jiku_83, ujas bilbey turup kunoolobogulochu. Rossiya dele angel emes.
28.07.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким билет, "кырсык каш кабактын ортосунда да". Ажал алам десе, бардык жерде алып коет экен да. Тообо!
28.07.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ванганын жана башка алдын ала коро билуучулордун айтканы боюнча американын 44- президенти кара терилуу жана акыркы президент болот.Бул дал келуу ...Обама орусияга ар кандай шылтоолор мененбасым корсотуп озуно озу кор казууда.Мунун себеби америка дуйного болгон кожоюндук наамын сактап калуу .Белгилуу болгондой орусиянын дуйнолук саясатка кайтып келиши американын чекесине чыккан чыйкан болду десек жанылышпайбыз.Башка самалеттор деле кулап жок болуп атат го мынчалык чуу жаратпай эле.
29.07.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
samar55, сокурга ишенген сен да кызык экенсин... тоооба де
28.07.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
силер эмне билет эленер
28.07.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
17-июлда ДНР-дин военный коменданты Игорь Гиркин (Стрелков) айтканы барго
АН-26 украинанын военный самолеттун атып тушурдук деген
29.07.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
самолет траекториясын озгортсо демек аны диспетчер мажбурлаган,демек муну украина бийлиги жасаган.
29.07.2014. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарынан дагы каза болгон жургунчулорго боорум ооруду, байкуштар десе. Элестет сен учуп бара жаткан учак жерди коздой каттуу ылдамдык менен баратат сен болсо ичинде тируусун .......
29.07.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan.kg, aba jetishsizdiginen esin jogotup koyushu mumkun.
29.07.2014. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Менин жеке пикирим менимче бул боинг777 2-ай мурда жоголгон малазиялык авилайнер муну америка бекитип туруп ушундай план кылды эмне себептен донецктен учат башка жолдор толтура.
29.07.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elder olup atsa mankurttuk kylyp bul jazady tigi jazady dep kunooloi beresinerbi. Rossianyn raketasy bolup atpayby. Rossianyn chek arasynan atylyp atat. amerikalyktardy onoy ele kirgizip koyot osherge orustar. Andan koro markumdardyn jayin janattan kylsyn tuugandaryna sabyr bersin dep tileilik.
30.07.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Америкабы деп ойлоп калдым.Анткени кичинекей митингди согушка айлантып,согуш чыкса кошула калат го дайыма.Мына Сирияга деле жок жерден жармашты байкуштарды уйуно кирип оролгон баласынан ойдо подрят атып жатпайбы.Обама враг человечество болдуго.
30.07.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо ким болсо да бир кун билинет
30.07.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо ким болсо да бир кун билинет
30.07.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо ким болсо да бир кун билинет
30.07.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын. Заманыбыз, тынч асманыбыз ачык болсун
30.07.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америка кылганын баары эле билип жатышат. ошолор эмне кылышты билбей россия менен согушкусу келип жатышпайбы
31.07.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rozka, Согуштан жараткан озу сактасын...
01.08.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо ким болсо да бир кун билинет.Ал кун созсуз келет...........
01.08.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга тобоо кылдым озун сактай кор! Эмнелер болуп жатат.
01.08.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарыбызды жаратканыбыз озу сактасын
01.08.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичинде адамдары шоктук кылган болсочу?
01.08.2014. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каякта жаткан Америка бул кырсыка эмнеге кийлигишип жатат. Украинада болуп жатса Американын кандай тиешеси бар кыса турган жерин кысып отура бербейби. Эптеп эле Россия мн урушкусу келип жатат булар. 4 ай мурун болгон кырсыкты да Америка урдап кеткен деген ушак кептер да туура болсо керек деп ойлойм.
02.08.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдугун кургур. Ушу учак кырсыктары журотун ушуп алып бутту. Мен дагы уч учак менен мекенге жетем. Кеми бир суткада кантип кетем деп ой онго болунуп санаада журом. кун жакындаган сайын журок безилдеп жатат.
02.08.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каяктагы жаткан америка деп коёсунарда дуйнонун наркы бурчун да жайынан атып жок кылганга кучу жетет. ушунча окуп жатасынар техника онугуп жатканын билбейсинерби. ал Путиндин самолёту мн да алмаштырган деген варианттар бар.
02.08.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар биринердин оюунарды окуп коруп...эмне дээримди да билбей калдым...бирок эмнеси болода Акш менен Россиянын саясий оюндарынын бири.демек экоосунун тен тиешеси бар болушу мумкун...биз орусия менен бир жашап орусияга жан тартып калганбыз...ошондуктан кобу орусияны колдойт...анткен менен бул кырсыкта орусиянын туздон туз катышы болушуда мумкун...себеби орусия АКШны эмес эн биринчи Украинаны кунолоду...ал тургай.атып тушурду деген создорду айтып чыгышты..али такталбаган маалыматка...анан Украина
03.08.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркунуч туудурат мункун жакында дуйнолук уруш чыгат,деп корком баарибир жер жузуно бир мамилекет кожойун болгусу бар,
03.08.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вело пайгачы падазритильно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо