Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАДРДА УЧУРДУН МЫКТЫ АКТРИСАЛАРЫ

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

«Сулуу кыз менен күлүк ат элдин энчиси» деп кыргыздар илгертен сулууларын барктап келишет. Андай сулуулар кинодо да аз эмес. Кыргыз актрисаларынын эталонуна айланган Таттыбүбү Турсунбаеванын жолун улоочу учурдагы актрисаларды тизмектеп, белгилүү режиссёрлордун баасына коюп көрдүк. Алардын ою боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстандын мыкты актрисалары кимдер, анда чогуу окуп көрөлү.

Эрнест Абдыжапаров: «РАХАТТА БЕРМЕТТЕЙ КАТЫЛГАН ТАЛАНТ ЖАТАТ»
– Негизи мен актрисаларды таланттуу же таланты жок деп бөлбөйм. Ар биринин өзүнүн аракетине жараша болот. Таланттын үстүнөн да кылдат иштеш керек. Мисалы, бизде таланты ташкындап, бирок жалкоолук кылган актрисалар бар. Эгер аны өстүрүүгө каалоо жок болсо, анда табияттан берилген таланты текке кетет. Учурдун мыкты актрисалары деп мен Элина Абай кызы, Алиман Дуйшеналиева, Рахат Божокоева, Марал Койчукараева, Калипа Усенованы көрсөтмөкмүн.

Элинада өзгөчө белгилеп кете турган нукура кыргыздын кыздарына тиешелүү сулуулук бар. Таланты да ал сулуулуктун көркүн ачып турат. Өтө көп кырдуу, аракетчил актриса. Ушул жүрүш менен кетсе карьерасында көп ийгиликтерге жетишет.

Алиманда болсо Элинадан айырмаланып кыргыздарга мүнөздүү эмес сулуулук бар. Европалыктардыкына түспөлдөш келбети менен көпчүлүк чет өлкөлүктөрдү кызыктырат. Ал эми кинодо күчтүү кыздын да, назик кыздын да ролун бирдей ойной алат. Бир ролду бир өмүр алып жүрөт деген кеп Алиманга тиешелүү эмес. Анткени анын бардык ролдордун майын чыгара аткара турган даремети бар.

Марал «Ээнсиреген үй» тасмасында болгон диапазонун көрсөткөн. Чыныгы актриса кинодо ушундай болуш керек. Маралдын эрктүүлүгү көпчүлүктү таң калтырган, тасмадагы ролун кемчилиги жок аткарган.

Ал эми "Сүйөм дечи" тасмасына тартылган актриса кызыбыз Рахатта берметтей болуп түпкүрүндө катылган талант жатат. Киного тартылган сайын ал талант ачылат деген ойдомун. Эми гана кино дүйнөсүнө кадам таштаган актриса үчүн бул жакшы көрүнүш.

Темир Бирназаровдун «Кумар» тасмасында роль жаратып, жаңы гана кино чөйрөсүнө аралашкан Калипа деген кызды да белгилеп өтмөкмүн. Анда көпчүлүк актрисаларда кезикпеген сырдуу касиет бар. Оор, татаал, психологиялык ролду кыйналбай жаратып берген.

Рахат Божокоева



Садык Шер-Нияз: «МАРАЛДЫН ТАЛАНТЫНА ТАҢ КАЛГАМ»
– Актрисанын даремети бир мүнөттүк сюжеттен эле байкалат. Эгер бир мүнөттө көрөрманды экран алдында кармай алса, демек, анын элди кызыктыруучу бир "изюминкасы" бар. Анан да биздин актёрлордо автобустан түшүп келип эле 5 мүнөттө тартылып коём да деген түшүнүк бар. Балким, бул жоопкерчиликтин жоктугунандыр, билбейм. Бирок актёр ролго кирүү үчүн чын жүрөгүнөн иштеш керек, алдын ала даярданыш кажет. «Оңой эле аткарып коём» деген кайдигер мамиледен качышыбыз керек, оңой нерсенин да кыйын жагы болот.

Элина Абай кызы жакшы өсүп келе жатат, келечеги кең. Мен муну өзүм тарткан «Курманжан датка» тасмасынан байкадым. Элинага назик кыздын ролу таңууланып калган деген кептерге кошулбайм, анткени тартуу аянтында 2 ай ат чапкан каскадёрлор менен кошулуп үйрөнүп жүрүп, чынында, Курманжан датканын ат чапкан жерин мыкты аткарып бере алды.

«Ээнсиреген үй» тасмасын көргөндө Маралдын талантына таң калгам. Коомчулукта канчалык кайчы пикирлерди жаратпасын актрисанын талантына көз жумуп коюу мүмкүн эмес. Кинодо Марал ролун баштан-аяк эч бир жасалмалуулугу жок, кынтыксыз аткарган.

Гүлнур Асанова деген кызыбыздын ушул кезге чейин чоң ролдорун көрө элекмин. Анын талантын «Мезгил жана Алыкул» тасмасындагы Зейнептин ролунан байкагам. Ошол экинчи ролдогу каармандын мүнөзүн кыска убакыттын ичинде көрөрманга жеткиликтүү ачып бере алганы анын тубаса талантынан кабар берет.

Калипа Усенова болсо кесиби актриса болбосо да оор ролду аткарып кинодо дебют жасаганы мактоого арзыйт.

Марал Койчукараева

Элина Абай кызы


Темир Бирназаров: «КАЛИПА МЕНЕН НАЗИРА БАТ ӨЗГӨРҮЛҮП, КУБУЛУП ТУРУШАТ»
– Роль эч качан кичине же чоң болуп бөлүнбөйт. Кичинекей ролду көрөрманга чоң кылып жеткирүү актёрдун колунда. Режиссёр да актёрду тандоодо жаңылбаш керек. Бүгүнкү күндө таланттуу актрисалардын арасынан мен төмөнкүлөрдү көзгө басып айта алам.

Калипа Усенова менен Назира Бердигулова бат өзгөрүлүп, кубулуп турушат. Мындай актрисалар ролго тез киришет. Каармандын жан дүйнөсүн жакшы ачып бере алышат. Кыйкырып-өкүрүп, күлүп-каткырган эмоцияларды ишендире, өтө аша чаап кетпей аткарышат. Назиранын мага «Мезгил жана Алыкул» тасмасындагы Айдайдын образын аткарганы жаккан. Ал жеңил-желпи комедияларга тартылганын токтотуп, олуттуу тасмаларга тартылса өсө турган актриса.

Элина Абай кызы камера алдында ички жан дүйнөсүндөгү бурганакты жакшы ачып бере алат. Бирок аша чаап кайгырып, өтө берилип кеткен жерлери окшошпой баратса көрөрманды жүзү менен алдап кетет.

Марал Койчукараева «Ээнсиреген үй» тасмасында болгон актрисалык дареметин көрсөттү. Мындан артык эч ким ойной алмак эмес.

Мен Алиманды профессионал актрисалардын катарына кошом. Анткени анын роль аткаруудагы техникасы мыкты. Мисалы, Элина сулуулугуна, Калипа сырдуулугуна салып элдин көңүлүн башка жакка буруп кетсе, Алиман кыйналбай эле техникага салып ойноп коёт.

Калипа Усенова

Назира Бердигулова

Рысбек Жабиров: «АЛИМАНДЫН 70 ПАЙЫЗ ТАЛАНТЫ КАЗЫЛБАЙ ЖАТАТ»
– Негизи киного келип конок болуп кеткендер жана келип биротоло калып калгандар болот. Мен кинодо келечеги бар, биротоло кала тургандар деп буларды эсептейм.

Рахат Божокоева келечектеги кыргыз киносунун жылдызы. Сулуулугун таланты ашып өткөн актрисалардын катарына кошом.

Элина Абай кызы. Ал өзүнүн максатындагы ролду алиге чейин аткара элек. Башында сулуулугу менен алдап жүрчү. Азыр өз ишинин устасы боло баштады. Анан мен бул кыздан оң каарманды гана көрө алам, терс каармандын образын да аткартып көрүш керек.

Алиман Дуйшеналиева оң каармандын да, терс каармандын да ролун талкалап салат. Көрүнбөгөн ички дүйнөсүн ача турган роль аткарса жакшы болот эле. Азыркы аткарып жүргөн ролдорунда өзү 30 пайызга эле ачылган, калган 70 пайыз таланты казылбай жатат.

Гүлнур Асанова болсо дагы деле кинодо өзүн таппай жүрөт. Ичиндеги күйүп турган отту туура багытта пайдаланса сонун ролдорду жаратмак. Бул кызыбыз өзүнүн ролун сериалдан табат деп ойлойм.

Алиман Дуйшеналиева

Гүлнур Асанова

Лунара Бекиева
star@super.kg


Режиссёрлор баалаган актрисалар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(72)
28.07.2014. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахат Божокоевага эч ким жетпейт канча болду суйуп жургонумо
28.07.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина да мыкты актриса. Ушул темп менен кетсе очпос таланттуу актриса болот деп ойлойм.
Калган сулуулар да мыкты оз озунчо...
28.07.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рахат, Элина,Алиман кайталангыс таланттар. мага жагат. Сонун аткарышат.
29.07.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага баарынан жакканы "Рахат" Эн сонун, сулуу актрисса буйруса келечеги алдыда. Рахат эгер озун окуп калсан бир жылмайып кой. I love you!!!
29.07.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Марал Койчукарова ото эле ачык тартылган деп ойлойм бирок талантына тан бергем.
29.07.2014. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элина Мыкты актриса ачык эпизоду жок эле элге таанылды жана таланты бар экенин коргозо алды. Чыныгы Кыргыз кызы татыктуу тарбияда чонойгону корунуп турат. А Марал жонундо айтсам Апандын акыбалын элестетип алып ыйлагым келген Аман эле бол.
29.07.2014. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар силер актрисалык кесип менен личный неприязньдарды чаташтырбагыла, актриса бул кесип илибой ролду окшоштура аткара билгендик,бул жердеги актрисалардан мен Марал менен Алиманды татыктуу дейт элем.Чынында илибой ролдун майын чыгарып салышат.Коомчулукта ар кандай талкууларды жаратканы да бул актрисанын жетишкендиги, демек актриса ошого жараша оюн көрсөткөн мейли терс же он пикир айтылсын баары бир талкууда болуп жатпайбы. Элина боюнча режиссерлордун оюна кошулам сулуулуг
29.07.2014. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сулуулугу менен алдап кетет,терс каармандын да ролун берип коруш керек Элинага. Марал азамат,Садык Шер-Нияз айткандай ролун кынтыксыз аткарган.
29.07.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Марал супер.Элина класс.Рахат слабо аткарат.Алиман не очень.гулнур ..... аман ле бол.банга кетким келбейт.
29.07.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сайкалдын ыйлатпачы деген клибинде рахат начар аткарган.особенно толгоосу башталганда
29.07.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ысыккульский беш бармакта алимандын ''меня подождитэээ"деп кыйкырып чуркаганы жакпайт.озун ошондо эле корсотуп койгон актерлук сапатын
29.07.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Марал десе конулум айланат.
29.07.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ensiregen uidogu maraldyn rolun maraldan bawka e4 kim atkara albait bolchu.molodec.tan bergem.dagy jany kinolordon,jakwy roldordon kutobuzz5+++++++ maralga
29.07.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alimanga evropaga baryp kinogo tartylsa dele jarawa beret iygilik
SUPER.KG видео
29.07.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бузуп алдыкбы деп" бузуп албайлы да анан.
Рахат деген кызыбыз да, баары эле талантту эй....)
30.07.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина Абай кызы, мыкты актриса,,
30.07.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary mykty Gulnurdan bashkasy e4 ele jakpait uwul yrchy aktrisa kyz.
SUPER.KG видео
30.07.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина Абай кызы абдан назик, сулуу, жылдыздуу айым.Буйурса Курманжан Датка да мыкты ойносо керек.
30.07.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
пустой дом киносун кайдан корсок болот
30.07.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mystery, Саламатсызбы!
Орусча версиясы: http://www.super.kg/tasma/show/951/
30.07.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз кинолорун коргондо конул айныйт, анткени актерлер чеберчилик менен ойногонун корбойсун, б.а. фальшивый аткарышат, адамды ирээнжитип, кинолордун сюжеттери болумсуз, эптемей, кино коргондой болбойсун. Жакшы кино коргонундо образга берилип актерлер кайгырса кошо кайгырып, кубанса кошо кубанып коросун, Союз маалындагы кыргыз фильмдери шедевр болуучу, азыркы кинолорду корууго да арзыбайт деп ойлойм, ошол себептуу актер-актрисаларын да сыйлабайм...
30.07.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми Маралдын образын мыкты аткарганы менен бул кино ото "ачык" тартылып жетилип келе жаткан оспурум уул-кыздарга тескери тарбиясы бар, анан ошол "ачыктыгы" менен менталитетке ото карама каршы, бул фильмди америкада тартса балким кунумдук корунуш чыгаар, ал эми биз учун уят иш, кыргыз болуп туруп порнографияны рекламалоо. Фильмди башынан ондоп тузотсо болот, коп жерлерин алмаштырып, бир соз менен фильм да, актрисса да элдин козундо эн жаман бааны алган режиссерлор эмне деген кундо да...
04.08.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsioner, ээнсиреген уй порно эмес го марал сонун аткарган ал чындык болуп эле жаткан жашоо
30.07.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы кино тартууну каалаган режиссёр мыктылардан улгу алат, биздин эски кинолорду карап, уйронсун, кемчилигин жойсун же озбектерден улгу алсын... Биз озбектер менен мамилебиз жаман болсо да кинолору жогорку денгээлде экенин мойнубузга алышыбыз керек. Фильдердин маанисин, сюжетин, каармандардын оз ролдорун кандай чеберчилик менен аткарганын бир карап коргулочу куру мактана бербей...
31.07.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба чынында таланттуу кыздар. Чыныгы актрисалар. Откондо бир тасма кордум "талаш тагдыр" деген. Кап эми ошол кыз мыкты алып баруучу болчу. Алып баруучу боюнча эле журо берсе болмок экен. Бирда окшоштура албаптыр. Ыйлагын келет коруп алып. Жон эле суйлогондору деле окшошпойт.
31.07.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элинага Албетте эч кимиси жетпейт, анткени ал чыныгы актриса, канча жыл дан бери актриса болуп келе жатат и канча жыл окуду, а беркилери келбети менен эле продюсерлерди, элди кызыктырышат.
31.07.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элина Абай кызыны чыныгы кыргыздын кузгусу деп такалбай айта алам,онорун оркундой берсин.кимден сураба Элина Абай кызы деп жооп берет .калгандарын чынында жакшы деле тааныбайбыз.
02.08.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Алиман жагат
02.08.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элинанын аткаргандары супсактай сезилет
04.08.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахат эженин сулуулугу жана тасмадагы ролу абдан жагат алдыга умтула бериниз ийгилик каалайм!!!
08.08.2014. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гульнур асанова чын эле озун таппай журот...же ырчылыктан эмес же актрисалыктан. калгандары жакшы эле деп ойлойм.
09.08.2014. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантынар оркундой берсин! баардыгы жакшы аткарат
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо