Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АССОРТИ КЫЯМДАР

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

«Жыл сайын кулпунай, малина, өрүктөн кыям жасайм. Башкача түрүн жасагым келет, бирок кандай?» деп кышка даярдык башталган кезде баш катырып калабыз. Эми биз мындай жагдайга тушукпайбыз. Анткени төмөнкү рецепттер бизге жол көрсөтө алат. Кулпунай+шабдалы, коон+малина, өрүк+шабдалы... Мөмө-жемиштердин ар кандай түрүн кошуп кыям жасап жакындарыбызды өзгөчө, кайталангыс даамдар менен тамшандыра алабыз.



КУЛПУНАЙ+ШАБДАЛЫ КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 2 килограмм
Шабдалы – 6 даана
Кумшекер – 2 килограмм
1 лимондун ширеси

Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды тазалап, аны муздак суу менен жууп, суусун сарыктырабыз.
2. Шабдалы менен лимонду жууп, данегинен ажыратып, узатасынан калыңдыгын 0,5 миллиметрден кылып тилимдерге бөлөбүз.
3. Мөмө-жемиштерди аралаштырып, кумшекерди салып, ширеси бөлүнүп чыкканча, 6-8 саатка чейин тыныктырабыз.
4. Мөмөлөрдү сүзгүч менен сүзүп алып, ширени кайнатабыз да, дароо мөмөнүн үстүнө куябыз. Мындан соң 3-4 саатка тыныктырып коёбуз.
5. Эми кыямды жай отто 10-15 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун бекитебиз.

КООН+КИВИ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Киви – 5-6 даана
Коон – 2 килограмм
Кумшекер – 1,5 килограмм
Суу – 1 стакан

Даярдоо ыкмасы:
1. Коон менен кивинин кабыгын аарчып, көлөмүн 1,5х1,5 сантиметр кылып туурайбыз.
2. Эми 1 стакан сууну мискейге куюп, ага кумшекерди салып эритип шире даярдайбыз. Кайнап жаткан ширеге тууралган мөмөлөрдү салып бир бурк эттире кайнатып, отту өчүрөбүз. 3. Кыям муздаган соң кайра 10-15 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга жабабыз.

КУЛПУНАЙ+АНАНАС КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 2 килограмм
Ананас – 400 грамм
Кумшекер – 2 килограмм

Даярдоо ыкмасы:
1. Ананасты аарчып, 1,5х1,5 сантиметр көлөмүндө туурап, ага кумшекерди салып 1-2 саатка, ширеси чыкканча тыныктыра турабыз. Андан соң жай отто 10 мүнөт кайнатабыз.
2. Бул аралыкта кулпунайды жууп-тазалайбыз да, кайнап жаткан ананас ширесине салып, бир бурк эттире кайнатып, отту өчүрөбүз.
3. Кыям муздаган соң кайра 10 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.

ШАБДАЛЫ+ӨРҮК КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Шабдалы – 1 килограмм
Өрүк – 1 килограмм
Кумшекер – 2 килограмм
Суу – 1 стакан

Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалы менен өрүктү жууп-тазалап, бирдей көлөмдө туурап алабыз.
2. 1 стакан сууну мискейге куюп, ага кумшекерди салып сироп даярдайбыз. Кайнап чыккан сиропту тууралган мөмөнүн үстүнө куюп, 5-6 саатка тыныктырып коёбуз.
3. Андан соң кыямды 10-15 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун бекитебиз.

ДААМДУУ КЫЯМ ДАЯРДАЛГАН ИДИШТЕН КӨЗ КАРАНДЫ!

  • Дат баспай турган темирден (нержавейка) жасалган идиште кайнатылган кыям кычкыл даамданбайт жана мөмө-жемиштердеги витаминдер бузулбайт. Болгону кыям идиштин түбүнө тартып кетпеши үчүн бат-бат аралаштырып туруу шарт.
  • Сырдалган идиш (эмаль) кыям кайнатууда мыкты буюм болуп саналат. Терс жагы – мындай идиштер көпкө кызмат кылбайт. Катуу урунуудан сыры көчүп түшүшү толук мүмкүн. Сыры көчүп калган идиште кайнатылган кыямда С витамини азаят.
  • Жез идиштери илгертеден кыям кайнатууда кеңири колдонулуп келет. Ысыкка туруктуу болгондуктан, мындай идиште кайнатылган кыям түбүнө тартпайт, тегиз кайнайт. Терс жагы – жездин курамындагы иондор мөмө-жемиштердеги аскорбин кычкылын бузуп жибериши мүмкүн.
  • Мөмө-жемиштердин курамындагы кычкыл алюминий идиштердин сырткы каптоосун бузат. Мындан улам кыямдын өңү да киргил болуп калат. Ошондой эле мындай металлдан жасалган идиште мөмө-жемиштерди көпкө сактоого болбойт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(3)
28.07.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кенештер,айымдар учун пайдалуу конспект,учурдан пайдаланып жазып алууга ашыгайын.Рахмат суперлер.
30.07.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен! Суперге рахмат!
02.08.2014. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shabdalynyn kandai turunon jasash kerek syidanby je tugu barynanbu?joop berip koigulachy
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо