Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЗОРДУКТАП, ӨЗ ШЫМЫНА МУУНТУП ӨЛТҮРГӨН

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу РИИБине Бурма-Суу айылынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын 32 жаштагы кызы Каракол шаарына кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу билдирген. 16-июлда Челпек айылына жакын жердеги тоо тараптан жоголгон келиндин зордукталып, өзүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн денеси табылган.

БЕШ КҮНДҮН ИЧИНДЕ СӨӨК КУРТТАП КЕТКЕН
Акыркы жолу жоголгон кызды күбөлөр “шоха” деп аталган ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү саргыч-боз түстөгү унаадан көрүшкөн. Унаанын ээси Бурма-Суу айылынын 22 жаштагы тургуну Адилет Кудайбергенов көп өтпөй кармалып, келинди өлтүргөнүн моюнуна алган. Ысык-Көл ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Тюкебаев бул кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

– Кылмышка шектелип кармалган Адилет Кудайбергенов каза тапкан маркумдун айылдашы. Иликтөө иштеринде белгилүү болгондой, 32 жаштагы Гүлбарчын аттуу келин 11-июль күнү таңкы саат 6:15те Каракол шаарындагы чачтарачканасында кардары күтүп жаткандыктан үйүнөн шашып чыгат. Каракол шаары менен Бурма-Суу айылынын ортосу болжол менен 4 чакырым. Жол жээктеп бара жатканын көргөн Адилет Кудайбергенов аны өзүнүн Жигули үлгүсүндөгү автоунаасы менен жеткирип коюуну сунуштайт. Гүлбарчын өзүнүн айылдаш инисинин унаасына түшүп алган. Айдоочу жолдо бара жатып ээн жерге келгенде келинге тийишип, каршылык көрсөткөнүнө карабай колу-бутун толгоп, зордуктап салган. Кылган иши жөнүндө укук коргоо кызматкерлерине кабар жетеринен чочулап, жабырлануучунун биротоло көзүн тазалоону ойлоп, колу-бутун байлап, шымын чечип, ошол шым менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң унаасына салып, Челпек айылы тараптагы тоого, айылдан 15 чакырымдай алыс жерге алып барып, бадалдын арасын казып, көмүп салган. Андан кийин эч нерсе болбогондой кайра айылына келип жүрө берген.
Кылмыш иликтөө тобу Бурма-Суу айылына сурамжылоо жүргүзүп, 11-июль күнү келинди Адилет Кудайбергенов аттуу жарандын саргыч-боз түстөгү Жигулисине салып кеткенин көргөн күбөлөрдү табышкан. Шектүү катары аталган жаранды кармап, аны суракка алганда, ал өлтүргөнүн моюнуна алып, маркумду көмгөн жерин көрсөтүп берди.
Беш күндүн ичинде сөөк күндүн ысыктыгынан бузулуп, курттап кеткен. Көмүлгөн жерден маркумга тиешелүү сындырылган сим-карталар жана башка кылмышка далил буюмдар табылды.
Колго түшүрүлгөн Адилет Кудайбергенов учурда Ысык-Көл ОИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. Анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

“КЫЗЫМДЫН АКЧАСЫН АЛЫП, КАРЫЗДАРЫНАН КУТУЛГАН”
Маркумдун атасы Памир мырза “азыркы учурга чейин кызымдын өлүмүнө ишене албай жатабыз” деп зар какшап, маркум Гүлбарчын тууралуу ой бөлүштү.
– Кызым 1982-жылы туулган. Артында 8 жашар кызы жетим калды. Эмдигиче анын бизди таштап кеткенине ишене албай келебиз. Ал абдан мээнеткеч, бош турбаган жан болчу. Ушул эле жылдын март айында чуркап жүрүп Каракол шаарына өз күчү менен чачтарачкана ачкан. Ишин мыкты билип, кардарлары көп болгондуктан дем алышсыз жанын карч уруп иштечү.
11-июль күнү эртең менен эрте тейлей турган кардары бар болгондуктан шашылып үйдөн чыгып кеткен. Телефонуна акыркы жолу 7ге жакын кардарынан келген чалуу болуптур. Андан кийин 3 номери тең өчүп, биз да байланышка чыга албай калдык. Биздин айылдан Караколго көптөгөн унаалар такси кызматын көрсөтүшүп, элди ташый беришет. Кызым Адилет аттуу балага "өзүбүздүн эле айылдаш бала экен" деп ишенип, оюнда эч нерсе жок түшүп алса керек.
Кызымды мыкаачылык менен өлтүргөн соң унаасынын багажына салып, чычырканактын арасына алып барган. Унаасында күрөк жана одеяло болгон. Күрөк менен жерди казып, ошол одеялого ороп көмүп салыптыр.
Гүлбарчындын жанында 20 миң сомго жакын акчасы бар болчу. Аны жаңы ачкан чачтарачканасынын сырткы эшигин алмаштырып, жаңылап коюу максатында ошол күнү ала чыккан. Кылмышкер Гүлбарчындын жанындагы 2 телефонун алып, ичиндеги сим-карталарын чыгарып, ошол көмгөн жерине ыргытып салыптыр. Телефондор менен кошо
20 миң сомду алып айылга келип, карыздарын төлөп, эс алып жүрө бериптир. Кандай адам ушундай мыкаачылык кылып, санаа тартпай жүрө алат, түшүнбөйсүң. Аны адам деп айтууга да ооз барбайт.

"ШЕКТҮҮ ТАТЫКТУУ ЖАЗАСЫН АЛСА ДЕЙБИЗ"
– Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун Ысык-Көл облусу боюнча иш алып барган өкүлдөрү "шектүүнү укук коргоо кызматкерлери кыйнап туруп моюнуна алдырып жатат" деген негизде жоопкерчиликтен бошотуунун аракетин көрүшүүдө. Эгерде кылмышка шектүү өзү барып көмгөн жерин көрсөтүп бербесе, милиция кызматкерлери сөөк кайсы жерге көмүлгөнүн кайдан билишмек эле? Кылмышкер кызымды кыйнап, муунтуп жаткан учурда анын укугун ойлоп койду беле? Гүлбарчындын жашоого болгон укугунан ажыраткан адамдын укугун коргоо акылга сыйбагандык деп билем.
Алдын ала айтып коюу керек, айыпталуучу эч кандай психикалык жактан жабыркаган бала эмес. Ал жакшынакай эле үй-бүлөдөн, ата-эненин толук кандуу тарбиясын алган, ал тургай жакшы окуган студенттердин катарында экен.
Адам колу менен кылган кылмышы үчүн мыйзам алдында моюну менен жоопко тартылышы керек. Кылмышка шектүүнүн укугу корголуп, бир тууганыбыздан айрылып, сыздап отурган биздин укук корголбой кала береби? Жоопкерчиликтен качпай, кылмышка шектүү мыйзамдын негизинде жазасын алсын.
Тергөө иштери азырынча 2 тараптын тең жактоочусунун катышуусунда мыйзамдуу жүргүзүлүп жатат. Акыйкатсыз чечимдерге жол берилбесин, суранабыз.

МЫНДАЙ ОКУЯ 1 ЖАРЫМ АЙ МУРДА ДА КАТТАЛГАН
Бул оор кылмыштын аркасында укук коргоо кызматкерлери дагы бир кылмыштын бети ачылышы мүмкүн экендигин айтышууда. Аталган кылмышка шектүү Адилет Кудайбергенов мындан 1 жарым ай мурда болгон кылмышка да катыштыгы болушу мүмкүн деген божомолдор бар.
7-июнда ушул эле Ак-Суу районуна караштуу Черик айылына жакын жерде белгисиз кыздын зордукталып, өзүнүн кийип жүргөн шымына муунтулуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Иликтөө иштеринин негизинде табылган сөөк Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Балтабай айылынын 17 жаштагы тургуну экени аныкталган. Окуя болгон күнү кыз үйүнөн Караколдогу өзү окуган медициналык колледжге кеткен бойдон дайынсыз жоголуп кетет. Өздүк маалымат булактарында жогорудагы айыпталуучу бул кыздын өлүмүнө да катыштыгы бар экенин моюнуна алгандыгын билдирди.

Маркумду одеялого ороп, чычырканактын арасына көмүп салган.

Шектүү маркумдун уюлдук телефондорун алып, сим-карталарын сөөктү көмгөн жерге таштап койгон.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(44)
28.07.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уяты жок десе кантип жер устундо басып журот айбан
28.07.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыска ойлуу айбан экен эртенкисин ойлобогон. Алты саны аман туруп, 20мин сом учун алсыз аялдын жанын кыйганы. Мындайларды олум жазасына тартса тез эле олуп калат. Андан коро чункурга салып башын эле чыгарып айланасын цеметтеп ,чыгалбай турган кылып, алдына темир койуп, кылган кылмышын жазып койуш керек откон кеткен адамдар темир менен уруп отот!!!
28.07.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укук коргоочулар адам олтургон мыкаачылардын да укугун коргойбу. Обу жок болуп кетишет тим эле. Кылмышкер оз жазасын алыш керек.
28.07.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам болуп бул дуйного жаралуу кандай татаал нерсе, омурунон айрыгыдай ким бул озу. Дагы бунун укугун коргошот имиш кудайдан жоо качкандар, ушуга окшогондорду турмодо багат еще силерден бизден чогулган налогдордун эсебинен.
29.07.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А кысталак.. жаман иш болуптур да..
29.07.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам аттыкан айбан десе. Он гулунун бир гулу ачылбай туруп бироонун эле эмес озунун да тагдырына балта чааптыр акмак.
30.07.2014. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындайларды атууга бериш керек,закондун кучу жоктуган ушундайлар кобойуп кетти...!
30.07.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маняк бул адам эмес
30.07.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
атууга окум чыгарыш керек ,болбосо мындай маняктар кобое беришет ,кыргызстанга баргандан да коркуп калдым эй ,же таксиге ,же айылдашына ишенич жок болсо эмне деген шумдук
31.07.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчасына карабай олум жазасын бериш керек, бул маняк турбайбы муну дагы 10жылдан кийин койберсе кылган ишин кылып журо берет.
31.07.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
31.07.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам деп айтууга да, оозун барбайт.
Айбан, жырткыч, маньяк.....
01.08.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мыкаачыны айбан десем айбандар да капа болот го, бизге тенебе деп... Манкурт экен, тозооку!
01.08.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nadyrbek - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
01.08.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай айбандарды атууга кетиририш керек бироонуу олтургонду билет да оозу да олгонду билиш керек жан кандай ширин экенин.
01.08.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астахфируллах! Э Куйосу болсо Куйосу алпарбайт бекен десенер, кобунчо 8 жашар кызына куйотам...
01.08.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээси жок!
01.08.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын кайрадан жандандырыш керек !!
01.08.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койдун баласы чонойгондо,кой болору анык.Иттин баласы чонойгондо,ит болору анык.А бирок,адамдын баласы,адам болору анык эмес!
02.08.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ххх башка соз жок
Модератор admin_superstan түзөттү 04.08.2014 09:44
04.08.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., этика нормаларынан алыстабаңыз.
02.08.2014. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
otkondo bır peredachadan aytıp atat bız baldarıbızdı ıtter kabat mıshıktar tıtıp alat dep uyrotpoy adamdardan alıs tur dep uyroto turgan zaman keldı dep antkenı aybandan jaman jırtkıch bolup baratat adamdar tuura koshulam...
02.08.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле акыркы жылдары кыргызстанда зордуктоо,адам олтуруу оюунга айланып бараткандай.....мындай нерселерди азайттуу учун акчаны эмес мыйзамды иштетуу керек...башкалардын эсинде болуусу учун жаза эл козундо берилип.акча акча деп пара алгандын ордуна.мыйзамга такап туруп иш алып барган кызылдар...калыстыкты чыгарып.элдеп бата алганы дуруско деп ойлойм
02.08.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул айыпталучу анык болсо, эмне учун козун жашырып койушкан? Буган кумон санаса да болот экен.
03.08.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibaaan turbaiby akmak
03.08.2014. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун Ата Энесине сабырдуулук тилейли апасы корбогон омурду кызы корсун кызынын омуру узуун болсун. Бул ишке баргран бул адам эмес эшекта озун озу жебейт.
03.08.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jvrogvndo yiman jok , kara mvrtos adamdar arabyzdan alys bolso eken !
03.08.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну коросунорго 10 жыл эмес даже 4 жыл отургузуп анан бошотуп жиберет
04.08.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moon90, бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө, улутун жана башка нерселерин кемсинтүүгө тыюу салынган! 10 күн БАН!
08.10.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугун телевизордон 17жашар кызды башка бала олтургон деп корсотушту го ал тушкон Хонда улгусундогу машина дейт баланын атын Элдияр дешти менимче экоо эки болок же бир адамбы бул жагы кандай болду эми...
13.11.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блин бул шым менен муунтуп стил кылып алган го
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо