Жеңишбек Жумакадыр: «ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ҮЧ КҮН СҮЙЛӨШҮП, ҮЙЛӨНҮП АЛГАМ»

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

Кыргыз – көркөм сөзгө бай эл. Манасчылык менен төкмөчүлүк мунун анык далили болуп берет. Жети күн тынбай ырдаган Жеңижоктой залкарларыбыздын жолун улаган акындарыбыздан бүгүн да уучубуз кур эмес. Алардын бири катары Жеңишбек Жумакадыр агабызды айтсак болот.

Туулган жери – Нарын районунун Эмгекчил айылы
Туулган жылы, күнү – 1977-жыл 9-май
Билими – Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку окуу жайы.
Үй-бүлөсү – бир уул, үч кызы бар.

– Сөзүбүздү сиздин балалыгыңыздын издерин сиңирип алган жерден баштабайлыбы...
– Балалыгымдын таттуу күндөрү, чыгармачылыгымдын чыйыр жолу туулган жерим Эмгекчил айылынан башталган. Мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазчумун. Менден улуу балдар ырларымды пайдаланышып, кыздарга сүйүүсүн билдирип жүрүшпөдүбү. Дилбаянды ыр түрүндө жазып, көркөм өнөр ийримдерине калтырбай катышчумун. 7 жашымда атам каза болуп, чоң атамдан тарбия алдым. Ал киши уста болчу. «Мени эч кимиң тартпай калдыңар, сен уста болосуң» деп 9-классты аяктагандан кийин Нарындагы ПТУга ээрчитип келди. Көрсө ал жерге мага окшоп "кыйын" окугандар келет экен (күлүп). Окуу жайдын жетекчиси Эмгекчилден келгенибизди угуп «Айылыңарда тентектер көп эле, аксакал, бул балаңыз окубай кетип калбайбы?» десе, атам, жарыктык, «балам уста болот, окуйт» деп ишеним артып, тапшыртып кетти. Эки ай окугандан кийин Нарын театрына жумушка орношуп калдым.

– Сизди театрга жумушка чакырыштыбы? Же чыгармачылык көксөөңүз жетелеп бардыбы?
– Устанын окуусунда окуп жүргөндө эле жолдон өтүп бара жатканда Адылбек Кыязов, Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов өңдүү театр ишмерлерин суктанып карай берет элем. Бир күнү Керезбек Тургуналиев деген обончунун жолунан тосуп чыгып «Байке, мени ырдатып көрбөйсүзбү?» десем эле өзү менен кошо театрга эрчитип барды. Аябай ырдатышты, өзүм жазган пародияларымдан аткарып бердим. Мени жактырышып, 15 жашымда паспортум жоктугуна карабай келишимдик негизде жумушка орноштум. СССРдин эл артисти Капар Медетбеков баштаган Сейитказы Андабеков, Бакирдин Алиев өңдүү залкарлардын мектебинен өттүм.

– Өзүңүздө акындык өнөр бар экенин качан билдиңиз?
– Акын болуп калганымдын себеби да өзүнчө бир кызыктуу окуя. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө бир жыл болуп, Бишкекте аскерлер арасында чыгармачылык жарыш өтүп жатыптыр. Театрга Нарындын аскер бөлүмүнөн Көкө деген капитан келип "3 жигит керек" деп мени, Токтор Бекбоевди жана Максат деген музыкант баланы тандап алды. Мен Өмүралиев деген аскердин фамилиясы менен чыга турган болдум. Нарындан чыгып жатканда бизге аскер формасын берип, "уят кылбай барып келгиле" деп узатышты. Бишкекке келсек аталган жарыш азыркы Кыргыз-Орус Славян университетинин ордунда өтүп жатыптыр.
Жарыш башталып үчөөбүз интермедия аткардык. Андан кийин мен «Курманбек» дастанын айтмакмын. Сахнага чыгып жатканда Токтор байке менен Максатка мен жаттаганымды айтып бүтөрдө колумду көтөрөм, силер келип мени көтөрүп кеткиле дедим. Учуру келип колумду көтөрдүм эле экөө жулкулдатты, мен токтолбой айта бердим, анан мени сахнадан көтөрүп чыгып кетишти. Токтор байкеге кайра сахнага чыгып, төгүп ырдап коёюн десем «уят кылбайсыңбы» деп ишенбейт. Сахнага чыгып:

«Баш байге бербесеңерби,
Кызыкты чогуу көрөмүн.
Баарыңарды жамандап,
Филармонияга барып төгөмүн»

- деп жамактатып ырдап кирдим. Элдин баары кол чаап «Кыргызстандын тарыхында аскерлерден биринчи төкмө чыкты» деп "сержант" деген чин берилди. Баш байгени алып Нарынга барсак театрдагыларга Токтор байке "Жеңишбектин төкмөлүгү бар экен" деп айтып коюптур. Бир айдан кийин Бишкекте айтышка Табылды Актанов менен жиберишмек болушту. "Мен айтыша албайм, ал жакта тамашалап эле төгүп койгом" деп чыйпылыктадым. Театрдын режиссёру Жапаров "анда арызыңды жаз да, кете бер" дегенинен агама кошулуп келип, аталган айтыштан биринчи орунду ээледим. Андан кийинки ири айтыштарда баш байгелерди алып, бат эле элге комузу жок жөө акын катары таанылып кеттим. Бир жолу Ашыралы Айталиев өзүнүн комузун колума карматып «комуз менен айтышып кел» деп Ташкентке мени Тукама (ред. Тууганбай Абдиев) кошуп жиберди. Ошондон баштап комуз менен ырдап калдым.

– Актёрдук кесипке ээ болгонуӊуз менен кино жаатында өзүңүздү көрсөтпөй келесиз?
– Москвадан окууну аяктап, «Учур» театрын түзгөнбүз. Хан Жантайдын ролун ойнодум, шартка байланыштуу ал жакта көпкө иштей алган жокмун. Билгендер менден "киного качан тартыласың?" деп көп сурашат. Кудай буюрса, жакшы режиссёр менен иштешип, комедия жанрында ойносом деген оюм бар.

– Кайсы актёрдун кинодогу ойногон образы жагат?
– СССРдин актёрлорунан Георгий Вициндин талантын баалайм. Биз ал кишини көрүп калдык. Мүнөзү бир кырдуу, турмушунда көп сүйлөбөгөн, өмүрүндө ичкиликти оозуна албаган, интервью дегенден качкан киши болгон экен. Менин кээ бир мүнөздөрүмдү Вицинге окшоштуруп да чыгышкан. Кыргыз актёрлорунан Муканбет Токтобаев, Ашыр Чокубаевдердин жараткан образдары жагат.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз, жеңебиз менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
– 1994-жылы Нарын театры Кочкор, Жумгал, Токтогул аркылуу Ош шаарларын кыдырып концерт бермей болду. Алдын ала уюштуруу иштерин Кубан Алимов экөөбүзгө тапшырышкан. Командировкага берген акчаны жок кылып коюп экөөбүз урушуп баштадык. Вокзалга келсек Кочкорго автобус туруптур, Кубан «байкелер, биздин акчабыз жок, ала кеткиле» деп бир нерселерди айтып күлдүрдү. Мен дагы айдоочуга жамактап тийишип койдум эле, макул деп салып алышты. Ичинде эки кыз өзүнчө отуруптур. Кубан аларга тийишип баштаганда «бул жигиттин аялы, эгиз кызы бар, мен бойдокмун» деп кыздардын жанына отуруп алдым. Жанымдагы кыз жумгалдык экен. "Гастролго кетип жатабыз, мен сени Нарындан таап алам" деп тамашалап, дарегин алып калдым.
Ошентип Жумгал, Суусамыр аркылуу Ошко бардык. Бизден кийин чыгармачыл топ келип, Күмөндөр байкем экөөбүздү Кара-Сууга бир раистин тоюна алып барышты. Күмөндөр байкем элди күлдүрүп жатат, отургандар акча сайып, той ээси ага жалтыраган костюм кийгизди. Мага болсо "башкармага тийишпей болушунча макта" деп калды. Ырдап жатсам бирөөсү алдыма жоолук сала койду. Ага акча таштай башташты. Ошондо акча сайганды биринчи жолу көрүшүм.
Гастроль бүтүп Нарынга келгенден кийин жолдо жолуктурган кызымды издеп, дарек боюнча жатаканага бардым. Экөөбүз 3 күн сүйлөшүп, Оштон жыйнап келген акчама 17 жашымда "баары бир капканга түшөм" деп үйлөнүп алдым. Тун балабыз бир жарымга чыкканда чарчап калды. Учурда үч кыз, бир уулум бар.

– Атаандаш канчалык күчтүү болсо, ошого жараша шыктанып, эргип айтышарын укканым бар. Казак-кыргыз акындарынан кимиси менен айтышуудан ырахат аласыз?
– Мен бул акындан тартынып турам деп алдын ала камылга көрбөйм. Айтышка чыкканда өнөктөш канчалык күчтүү болсо айтыш ошончолук чыйралып, курч мүнөздө жүрөт. Бирге чыккан атаандаш алсыз болсо өзүңдү кошо ээрден алып түшөт. Ар бир акындын өзүнө тиешелүү айтуу стили бар. Биз Аалы экөөбүз бири-бирибизди толуктап айтышабыз, анын алдын ала эмне айтарын билсем, ал менин эмне айтарымды билип турат.

– Эч кимден жеңилбеген акын спорттун кайсы түрү менен машыгат болду экен?
– Балалык кезде Брюс Лини туурап чоңойдук. Эмгекчилдин бурулушунан баштап 5 чакырым жерге чейин бутка кыт байлап далай ирет чуркачубуз. Анын пайдасы Москвага барганда тийди. Анткени ал жактан тхэквондо менен машыгып жүрдүм. Жаштык кезде болсо мушташтын акесин таанытканбыз. Классташтарым, досторум, группалаштарым жакшы билишет. Акыркы учурда сууга сүзгөнгө кызыгып, үйрөнөйүн деп жатам.

– Алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?
– Менин келечек муунга калтырайын деген көптөгөн асыл тилектерим бар. Алардын эң башкысы, чыныгы акыйкаттын жолун көрсөтүп кетүү.

– Эмнеге өкүнөсүз?
"Өзүн тааныган Кудайды тааныйт" дейт. Тоодой күнөөлөрдү, деңиздей каталарды кетирдим. Ар бир адамды кучактап кечирим сурагым келет. Минут сайын Кудайдан кечирим сурайм. Адам боло албай келе жатканыма өкүнөм.

Бир көрүп сүйүп алган жарымдан бактылуу үй-бүлөнүн очогу тутанды.

Мен Майра Керим кызы менен айтышуудан эргүү алчумун.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Жубайым менен үч күн сүйлөшүп, үйлөнүп алгам" дейт Жеңишбек Жумакадыр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
26.07.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай жагат)))Кыргыздын жигиттерине улгуу болчу мырза .Эн акыркы созу абдан жакты.Ийгилик!!!
SUPER.KG видео
26.07.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы Кыргыздын очпос жылдыздары бул биздин токмо акындар. Женишбек ага талантыныз оркундой берсин. Супер инфо Ушул сыяктуу токмолордон кобуроок кабар алып тургулачы
SUPER.KG видео
26.07.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын маданиятын которгон,элдик мурастарды,доолотторду муундан-муунга учугун улап жеткирген Женишбек агабыздай акындарыбыз бар болсун. Кучтуу агай,агайдын "Уч чындык" деген баяны аябай жагат...Элиниз учун талбай эмгектене бериниз,Жараткан сизди колдосун!!!
SUPER.KG видео
26.07.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акырындагы керемет создорго чоон рахмат! Журоктун создору болуптур
SUPER.KG видео
26.07.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз! Ден-соолук,уй-булолук бакыт каалайм!!!
SUPER.KG видео
26.07.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маанилуу маек болуптур, ушундай адамдар мн суйлошсон кызыктуу да
SUPER.KG видео
26.07.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишбек Жумакадыров десе болбойбу???
SUPER.KG видео
27.07.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинизге ийгилик Yйбулоонуз тынч болсун!!!
SUPER.KG видео
27.07.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиздей токмолор коп болсун Кыргызда.
SUPER.KG видео
27.07.2014. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биз мектепте окуп жургондо, Назгул деген классташыбызды суйуп журчу,Назгул аны карабай койгон эле,эми окунуп журсо керек.
SUPER.KG видео
27.07.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң акырында айтып кеткендей,
Кыргыздын Жигиттеринин баары сиздей болсо, сиздей болуп кан жаны м.н кыргыз деп күйсө гана!!!
SUPER.KG видео
27.07.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинизге ийгилик кудайым кыргыз елине ар дайым бар кылсын сизди 2,3 жолу кайталап кордум уй булоонуз менен бактылуу болунуз
SUPER.KG видео
27.07.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат!!!Оюу тунук мырза.
SUPER.KG видео
27.07.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аалы Туткучевден да интервью алсаныздар.
28.07.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таалам тилегинизге жеткизсин.
28.07.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizdin talantynyzdy baalaibyz,iigilik sizge!
SUPER.KG видео
29.07.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуа менен аракет айкалышкандагы таланттын жыйынтыгы деп ушуну айтса болот. Динди да жакшы билген адамдын таланты кор болбойт деп ойлойм. Азаматсыз, ийгилик!
29.07.2014. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы жылдыздар мына Акындар! Эки созду жазып алып ырдашкан, кээ бироолор чынында эле лампочка...............
29.07.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жениш акенин талантын озун балайм сыйлайм б\уй булонуз менен эки дуйно бактылуу болунуз
29.07.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берген жооптору супер, азаматсыз эки дуйнолук бакыт каалайм!
29.07.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
17 жашымда "баары бир капканга түшөм" деп
үйлөнүп алдым-дейт го... анда Москвадагы М.С.Щепкин атындагы
жогорку окуу жайды үйлөнгөндөн кийин окуганбы? ...?
29.07.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сиздерге эки дунуйо ырахатын насип кылсын...
29.07.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ушул байке жагат......
SUPER.KG видео
30.07.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты маек болуптур.Чыныгы талант.Кыргызымда сиздей патриот жигиттер кобойсун. Талантынызга таазим. Москвада откон Мавлид сыяктуу диний мероприятияларды Женишбек агайсыз элестете албайбыз, алып баруучулук чеберчилиги да мыкты.Ден соолукта болуп, уй булонуз менен бактылуу болунуз. Алла раазы болсун сизден.
31.07.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилектериңиз орундалсын ак таңдай, автомат байке.
31.07.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге коп куноолору бар экен тушунбой калдым чыгармачылык ийгилик
01.08.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишбек байке, азамат! Онорунуз оссун.
02.08.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жагат ушул акын акебиз! Эгер сиз озунузду адам боло албай жатам деп эсептесениз башка эркектер кандай адам экен дегеним мен сизди алдынкы мырзалардан деп билем. Ичкилик жонундо токкондорунуз жагат мага аябай таасилуу кана эле ошону угуп таасир алган эркектер кобойсо!
SUPER.KG видео
08.08.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah ar kanday nazardan saktasin! Eki duynodo ten juzu jarik bolsun! Baktiluu bolsun!
SUPER.KG видео
11.10.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде, мыкты маек болуптур!Ыйманыныз бекемдей берсин!Кыргыздын тентип,ымыркайлар ар жерде калып калганына куйгонунузго ,ТААЗИМ!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо