Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Динара Орозбаева, Алмазбек Раимкуловдун мурунку жубайы: «АЛМАЗБЕККЕ РАХМАТ. АЖЫРАШКАНДАН КИЙИН БУТУМА ТУРДУМ»

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

Мушкер Алмазбек Раимкуловдун биринчи жубайы Динара Орозбаева менен ажырашып Ассоль Молдокматовага үйлөнүшү, көп өтпөй алардын да эки ажырым жолго кетиши коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Динара айым турмуштун соккусунан сынып калбай чыйралып, чиедей эки баласын жалгыз тарбиялап, коомдук иштерге активдүү катышып, кыскасы, бүгүнкү күндө ийгиликтүү айымдардын катарында.

Туулган жери – Өзгөн району, Куршаб айылы
Билими – Ош мамлекеттик юридикалык институтун,Бишкектеги Эл аралык укук, финансы жана бизнес академиясын аяктаган
Хоббиси – Ат чабуу, машина айдоо
Учурда – БААУда коомчулук жана ММКлар менен байланыш боюнча директор

– Динара, Алмазбек мырза менен ажырашкандан кийин коомдук иштерге активдүү катыша баштадыңыз. Бул мушкерге көрүнүүнүн аракетиби?
– Мен Алмазбек менен жашап жүргөндө өзүнчө аракет кылайын, элге таанылайын деген эмесмин. Америкада биз баш-аягы төрт жыл жашадык. Апамдын каза болгонун Алмаз айтпай коюп, бир жылдан кийин билгем. Ал кезде менин боюмда бар эле, балама зыян болуп калат дептир. Ошондо эле көңүлүм сууп калган. Апамдын жылдыгына Кыргызстанга келгенимде Алмазбек менен Ассоль Молдокматова АКШда үйлөнүп алышыптыр.
Жашоодогу эң жакыным апамдан айрылганым, көзү өтүп кеткенин мага бир жыл айтпай коюшканы, ал аз келгенсип жолдошумдун башкага үйлөнгөнү, өлгөндүн үстүнөн көмгөн болду. Бир ай төшөктөн тура албай жөрмөлөп калгам. Эжелериме, курбуларыма ыраазымын, күнү-түнү жанымдан карыш жылбай карашты. Кызым Малика ал кезде бир жарым жашта, уулум Эрназар жети айлык болчу. Улуу байкем менен эжем «балаңды алып коёлу деген жерибиз жок, өзүңө келгиче багып берели» дешкенинен болбой койдум. Эне менен бала эч качан эки башка жерде болбошу керек деп ойлойм.
Кыргыздын мен-мен деген аттуу-баштуу мырзалары бар, ошолорго рахмат. Адам катары, кыргыздын жигити катары менин акыбалымды түшүнүп, жардам беришти. «Эмне жардам керек, карындашым?» деп акчаларын көтөрүп чуркап, ар түрдүү жумуштарды сунушташты.
Алмаз менен ажырашканым эмес, апамды акыркы сапарга узата албай калганым катуу тийди. Күйөөсү менен ажырашкандардан мен биринчи же акыркы эмесмин. Алмаз өз тагдырын тандады. Мага ошондой турмушту көрсөткөнүнө азыр рахмат айтам. Анткени бутума турдум. Менин азыркы иш-аракеттерим ага көрүнүү эмес, элиме кызмат кылуу.

– Балдарыңызга "атаңар Алмазбек Раимкулов" деп айтасызбы?
– Ал киши менен акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө оозунан мындай сөз чыккан. «Балдар баары бир меники, сен жөн гана багуучусуң.
18 жашка чыкканда өздөрү эле мени издеп келишет
» деп катуу айткан. 18ге кантип чыгат, кандай күндөрдү көрөт, аны менен иши да болгон жок. Ошондо "Алмаз, сен эркектик сөзүңдү айттың, айтылган сөз атылган ок" дегем. Эркек болсо эми сөзүнө турсун. Бул Америка эмес, Америкада факт менен иш кылат. Ал эми кыргыздар үчүн ар бир сөздүн мааниси чоң. 18 жаштан кийин өздөрү келет дедиби, күтсүн эми. Ага чейин балдардын психикасын бузбасын.
Мен үчүн балдарымдын психикалык абалы жанымдан артык. Ошондуктан үйдө ал кишинин аты айтылбайт. Балдарым эч нерседен кем болбой өсүп жатышат. Машинабыз, үйүбүз бар. Кымбат төлөнүүчү бала бакчага барышат, андан сырткары бала багуучум да бар.

– Америкада жүргөндө англис тилин билчү белеңиз?
– Ал жакта жүргөндө тиричиликке керектүү эле сөздөрдү билчүмүн. Тил үйрөнгөнгө убактым деле болгон жок. Пол жуугуч, идиш жуугуч да болдум. 9 айлык боюмда бар кезде рак менен ооруган адамды карап иштедим. Ал мени аяп, «жок, мени көтөрбө, төрөп коёсуң» дечү. Англис тилин Кыргызстанга келип үйрөндүм.

– Мушкердин жашоосуна көз салып, ким менен жашап жатат деп кызыгасызбы?
– Жок. Мен Алмазбек бактылуу болуп, балалуу болсо экен деп тилейм. Иши кылып мага келбесин, тийишпесин дейм. Ал жөнүндө ойлогонго, кызыкканга убактым жок. Кайда жүрсө аман болсун.

– БААУда (Борбордук Азиядагы Америка университети) кандайча иштеп калдыңыз?
– АКШдан келип, өзүмдү колго алган соң ар кайсы жерлерге резюме жөнөтүп, жумуш издеп баштадым. Улуттук стратегиялык институтта пресс-катчы болуп бир аз иштегенден кийин ЖКдагы бир депутаттын кеңешчиси болуп кеттим. Ал жерден өзүмдү ыңгайсыз сезип, кысыла бердим. Баары бир чыгармачыл адаммын да. Анан БААУга резюме жибердим.

– Анан ал жактан чакырык алдыңыз...
– Ооба, окуу жайга коомчулук жана ММКлар менен байланыш боюнча жетекчиси болуп ишке кирдим. БААУнун ичинде болгон жаңылыктарды жазабыз, иш-чараларды, тренингдерди өткөрөбүз, жолугушууларды уюштурабыз. Өзүбүздүн сайтыбыз, гезитибиз, журналыбыз бар. Ушул иштердин жоопкерчилиги менин моюнумда.

– Америкалыктар менен иштеш жеңилби же оорбу?
– Алар бизге салыштырмалуу өтө так, жоопкерчиликтүү келишет. Адамдын ишин жыйынтыгы менен баалашат. Иштей албайсыңбы, «жакшы бар» дешет. Анан, албетте, биздей тууганчыл эмес. Мага алардын ушул сапаттары жагат.

– Дайыма спортчулардын курчоосунда жүрөсүз. Бул Алмазбек Раимкуловдун таасириби же башка себеби барбы?
– Алмаздын да таасири болсо керек. Мен кээде спортчуга эмес, спортко турмушка чыккам го деп ойлоп калам. Алмазга чейин деле мыкты спортчулар досторум эле. Ажырашкандан кийин да спортчулар эмнегедир өздөрү мага телефон чалып, «мындай мелдеш, эскерүү өткөрөт элек, уюштуруп бериңиз» дей башташты.

– Интернет баракчаңызга "жүрөгүмдүн ээси бар" дегендей жазып жатасыз...
– Учурда жүрөгүмдүн ээси бар. Ажырашканымда эркектерге эч качан ишенбейм деп ойлогом. Азыр жакшы көргөн адамым эркекке ишенсе болорун далилдеди. Бирөө сени баалабаса, экинчиси бааларын түшүндүм. Адам жашоодон эч качан түңүлбөш керек. Айымдарга айтарым, өзүн баалап, барктап, өзүн-өзү тарбиялашы керек. Ажыраштыңбы, дароо башка эркектин этегин кармоо туура эмес. Анда өзүңдү баалаганга убактың болбой да калышы мүмкүн.

– Кандай аялсыз?
– Мен күчтүү аялмын. Ошол күчтүүлүгүмдөн баарын жеңдим. Анан да боорукермин, талапты катуу коём. Ажырашкандан кийин оюмдун баары карьерада болду. Ишенсең, мен азыр жумасына жок дегенде 2 аялдан кат алам. Мага эмне себептен жазышат, менин дарегимди кайдан алышат билбейм. «Мени 2-3 балам менен күйөөм таштап кетти» деген маанидеги каттар келет. Колумдан келген акчамды берип, аларга кеңешимди айтып жөнөтөм.

– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.

«Туулган күнүмдү дайыма досторумдун курчоосунда өткөрөм. Быйыл да ал салтты бузган жокмун».

«БААУ мүмкүнчүлүгү чектелген жетим балдарга жардам берип, кайрымдуулук иштерин өткөрүп келет».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(92)
29.07.2014. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз Динара эже, балдарыныз менен аман болунуз. Балдарыныздын атасы кечиримдуу сурап келсе балким балдарыныз учун жашап кетесиз .... Эмне болсо да бактылуу болунуз
30.07.2014. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мактангандай го
30.07.2014. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкты аял экенсиз.Мындан ары кудайым туболуктуу бакыт берсин сизге.Маегиниз аябай жакты создорунуз таасир этти мага.
30.07.2014. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tan kalyshtuu azyr 21-kylym Dinara aiym kantip bir jyl telefon menen suilowpodunuz jakyndarynyz mn siz tutkunda jurgon okwoisuz.Almaz baikenin da joobun uguw kerek eken.
30.07.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
балдарын таштап кетуу бул келесоолук
30.07.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негедир кобунчо аялдар, ажырашкан сон гана ийгиликке жетишет.Бирок Динара айым азамат.Куйоом таштап кетти деп эле соолуп калбай, ого бетер ажайып чыкты.
30.07.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Алмаздын вкусу женщины бальзаковского возраста окшойт, 1чи аялы жашыраак деп элестетсем, бул деле 35тен ашкан немего, учунчу аялы эми кандай болот болду экен :-))))
31.10.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD,бальзаковский жаш канчадан башталат билесизби?
30.07.2014. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyz. Turmuwunuzda tuura joldu tamdap baaryn ondop ketkeniniz azamattyk. Birok kenewim baldarynyzdy atasy m.n kattawtyryp koiunuz sebebi ar bir bala oz atasyn bir jolu bolsoda ‘‘ata,,dep aityp erkelegisi keletko dep oiloim
30.07.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyndy tabyp baktyluu bol.
30.07.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара жкакшы адам экенсин.
30.07.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара жакшы адам экенсин.
30.07.2014. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Еркектин жузу оодарылгыча,жердин жузу оодарылсын,деген еркектер жузу жок болот, кайтар дунйо озуно кайтты тез еле Асоль таштап кетти ,бурого сынтакпа озунордун башынарга тушсо ,не кылмаксынар???
30.07.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен коооп ойлондум оюмда бир суроо пайда болду эч нерсеге алаштыргыс ,тени жок бул дуйнодо болгон бул апабыз ээ алыста журсок 1 кун унун укпай калсак озубузчо эле маанайыбыз жоктой калат ,ал эми Динара эжеке сиз бир жылда бир жолу да апамдын унун угайын деп чалып аракет кылып корбодубу дейм да 1 жылдан кийин кабар укса,макул бул кабарды куйоосу угуп ага айтпаптыр а озу ойлободубу апасын ?унун уккусу келбедиби?
31.07.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноо динара эжеде окшойт эле суйлогон создоруно караганда
31.07.2014. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшегине жараша тушагы. Алмазыда, Динарасыда бир кор турбайбы! Мурда чын дилимден аяп, байкушка жан тартчуумун.
31.07.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбеееейм ото эле мактанчаак, бой которгон аялдай сезилди мага.Анан да кантип эле бир жыл бойу апасынын отконун айтышпасын.Жердин тубундо болсо да угат эле да. Кантип бир жыл апасы жонундо эч нерсени сурабай эле жашай берет?
31.07.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким озу айткандай кучтуу, камкор аял-энедир, бирок жакшы деп баалагандан алысмын, кумонум бар, апасынын козу отконун 1 жылдан кийин билдим дейт, 1 жылга чейин туугандары менен кабарлашпаган адам табуу кыйын бугунку кундо, ишенбедим. "Машинабыз, үйүбүз бар. Кымбат төлөнүүчү бала бакчага барышат, андан сырткары бала багуучум да бар." дептир, бул создор Алмаз учун айтылганбы же мактанчаак, менменсинуу озунун дээринде барбы мага карангы... Эмне болс
31.07.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мм суйлогонунон эле билинди значит Раимкуловго корунгусу келет .Айтаарым сиз кучтуу эмесиз,эгер кучтуу болгонунузда уй-булоонузду сактап балдарынызды атасыз калтырмак эмесиз.
31.07.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Два сапога пара.
31.07.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял куйоо ажырашып кетсе эле дуйно бутуп калбайт да, андан ары жашоо улана берет. Бири-бирин жамандабай экоо сый мамиледе калган эле жакшы го. Куйоосу таштап кетсе дагы балдарына ата боюнча калат да, наоборот атасы менен катыштырып жакшы мамиледе эле калса болмок. Менин жеке оюм
31.07.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пол жуугам идиш жуугам сиделка болгом деп жарыя кылып, эмне айткысы келген что-то я не поняла.Если не устраивало ошондо эле возникайтетип чыкпайт беле
31.07.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарына эне мээримин берген энеге алла ыразы болсун.Балдарынын убайын корсун.
31.07.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул келинди жамаан эле хит кылып алдынар го
01.08.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тушунбой калдым ото эле ХХХ окшойт. Алмазбектин мээсин чагып турганда анан таштап кеткен.Апасынын дуйно салганын Алмаз эле эмес туугандары да каалаганда болбосо эч болбосо бироо жарымы менен суйлошсо да айтмакко апан дуйно салды деп. Ушул созу жалган болуп калды. Просто Алмаз жонотпой койду десе кичине болсо да ишенмекпиз. Азыр тааныштарына чалса эле айтып салат жанылыктарды. Бирок ийгилик азыр Алмаздан да кучтуу адам таап алыптырда аман бол Динара айым.
Модератор admin_portal түзөттү 01.08.2014 15:42
01.08.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shai - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
01.08.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эркектерди балдарынын убалы уратко бир кун
02.08.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динаранын айтылган создорундо анча-мынча жерилерин кошуп, коркомдоп салыптыр. Бираз мактанып койот экен. Бир жылдан кийин укканы танг калтырды. Апасы менен туугандары менен байланышпайт окшойт деп калдым.
03.08.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз аганы мактабайм деле бирок Алмаз ага болбогондо сени эч ким таанымак эмес.
04.08.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфо кана жаны сан?
04.08.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nege jany sany chykpai jatat?
04.08.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylai_aktan, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/
18.04.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфодон эмес интернеттин озунон башка темада издоо салсам ушул макала чыкты окуп козумо жаш келди. ойго баттым, озумун жашоомон кээ бир саптар козумо тартылды. Динарага жакшылык тиледим Алладан
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо