Рамазан айынын шааниси жарамазан айтуу эмеспи. Быйыл да салтыбызды улай ыр-күлкүгө тойбогон жарамазанчылардын «бандасын» топтоп, белгилүү адамдардыкына «ууга» чыктык. Бул сапар катарыбызды ырчылар Өктөм Сапар уулу, Минюра Рахимжанова, актёр Амантур Абдусалам уулу жана Улуттук консерваториянын студенттери толуктады.

«Чү» дегенде эле аргымактарды алкынтып белгилүү дизайнер, стилист Замира Молдошеванын иш ордуна кирип бардык. Кыдырата тизилген кыздарына кошулуп стилист айым «биринчи жолу силер жарамазан айтып келип жатасыңар» деп бизди жарык маанайда тосуп алды.
Кезек ырчы Айнура Салахидинованыкына жетти. Көп кабаттуу үйдүн 7-кабатына чейин жарамазан айтып чыккан бизди кошуна-колоңдор бир чети таңыркай, бир чети кызыгуу менен узатып жатышты. Күйүккөн жарамазанчыларды ырчы менен жолдошу ак дасторконго чакырышты.
Ырчы Назгүл Токтакунованын ак өргөөсүнө барганыбызда, алдыбыздан курбусу Чолпонай экөө утурлай чыгышты. Жарамазанды укканда «что за песня?» деп баарыбызды күлдүргөн ырчынын кичинекей сиңдиси кубанганынан чимириле бийлеп жиберди. Ак дасторкон үстүндө жарамазанды улай ыр кесе уюштурулду.
Биз чыккыча көз байланып караңгы кирди. «Менин жумушум күндүзү эмес, түнкүсү башталат» деген клипмейкер Эрнист Сыдыковдун сөзүнөн кармап, студиясына түн ката баш бактык. Жарамазанчылардын капыл-тапыл кирип келгенин көргөн клипмейкер бата алууга ашыкты.
«Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» демекчи, жарамазан айтып жүргөн биздин топко көчөдөн бир орус улутундагы балакай жарамазан айтып кирбеспи. Тапкан олжосунан берип, бата алган жарамазанчылар түнкү 12ден өткөндө үйлөрүнө тарашты.
ОШтогу ЖАРАМАЗАНЧЫЛАР КИЙИТ КИЙИШТИ...
Жарамазан айтуу салтын Ош шаарында уладык. Бир катар чыгармачыл адамдар менен шаардагы аты чыккан инсандардын үйүнө баш бактык. Бул жолу жарамазанчылардын катарын ырчы Кутман Султанов, Топчубай Айтмаматов, Самара Сабирова, Кыздаркан Келдибекова, обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошев жана диктор Турсун Умар толукташты.
Алгач жарамазаныбызды калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин үйүнөн баштадык. "Жеңеңер ооз ачууга кетти эле" деген мэрдин шаштысын кетирип жарамазанчылар токтобой ырдап туруп алышты. Шаар башчысы бизди жылуу тосуп алганына кубанып, куттуу үйдөн кур чыкпай, жарамазанчылар кийитин кийген соң жолубузду уладык.
Кезектеги жарамазан ырчы Самара Каримованын үйүнө айтылды. «Азыр эле Баткенден келдик эле» деген Самара айым жолдошу Асан Мансуров экөө тосуп чыгып, таттуу даамдардан ооз тийгизишти.
Кийин Ош облусунун жана шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковдун үйүнө бардык. "Биз ооз ачуудан келсек, акеңер уктап калыптыр" деген Сүйүн мырзанын жубайы баарына кымыз куюп, акчалай сыйлыгын берип узатты.
Ал күнү КРнын Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси Токон Эшбаевдин 65-туулган күнү эле, аны да куттуктап өттүк. Ошентип түн бир оокумда шайыр жарамазанчылар үйлөрүбүзгө жөнөдүк.
Айсана Паизова
Асыл Орозбекова,
Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg