АЮУ МЕНЕН КАРЫШКЫРДЫ КОРКУТКАН МЫШЫК

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

Бир күнү мышык иттен качып бара жатса, алдынан түлкү чыгат. «Ой, сен кимсиң?» деп түлкү мышыктан сурайт. Мышык «Мен айбанаттардын падышасымын, сенин үйүң кайда? Сага конокко келдим» дейт. «Менин үйүм мына» деп түлкү ары жагына бир чыгып, бери жагына бир чыгып, бир ийинге ээрчитип барат. «Сен айбанаттарга кабар кылгын, мени жакшылап коноктошсун» дейт мышык каардуу сүйлөп. Түлкү айбанаттарга бара жатса, алдынан карышкыр чыгат. Карышкыр «Сен кайда бара жатасың?» деп сурайт. «Биздин үйгө айбанаттардын падышасы мейманга келди, падышага тамак камдагын деп жиберди» дейт түлкү. Карышкыр бир кой жетелеп алат. Түлкү андан ары жүгүрүп бара жатса, алдынан аюу чыгат. Аюуга падыша келгенин айтса, ал дагы бир торпок жетелеп алат. Аюу менен карышкыр түлкүгө «падышага сен тамак бергин» дешип торпогун, коюн союп беришет. «Падышаны ыраактан көрөм» деген аюу карагайдын башына чыгып кетет. «Мен мына бул жерден көрөм» деп карышкыр ийиндин оозундагы чөпкө жашынып калат.
«Падыша аке, тышка чыгып тамак жеңиз» деп түлкү мышыкка кабар бергенде ал ийинден чыгып, тамакты кырылдап жей баштайт. Аюу карагайдын башында турса дагы коркуп отурат. Падышаны көрөйүн дегендей карышкыр чөптү кыймылдатып коёт. Мышык чычкан экен деп секиргенде, карышкыр тура качат. Мышык «баягы мени кууган ит экен» деп бакка чыга калып, аюуну да качырган экен.

Сүйүн Кулматова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо