Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АКЧАБЫЗДЫ АЛА АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ...»

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

– Биз “Аламүдүн” базарынан павильонду ижарага алып иштетүүнү чечип, кожоюну менен сүйлөшкөн элек. Ал макул болуп, 3-4 күндөн кийин иштете бе­рүүнү чечип, алдын ала ижара акысы үчүн 6000 сом алган. Бирок байкасак ал павильон жолдон оолак болуп, эл көп кирбейт экен. Эртеси күнү эле ээсине барып, оюбуздан айныганыбызды айтып, акчаны кайтарууну сурандык. Ал “Жок кылып койгом, анын үстүнө кечээ 1 айга деп электр энергиясына жана күзөт кызматына 1800 сомун төлөп салгам. Бул сумманы силер­ге кайтарып бере албайм, иштетебиз деп алдаган өзүңөрсүңөр. Калганын акчам болгондо берем” деп койду. Ошону менен акчабызды ала албай жү­рө­бүз. Телефонуна чалсак албайт же үйүн билбейбиз. Эмне кылсак болот?

Сапар, 32 жашта, Бишкек

– Акчаны берүүдөн мурда павильонду ижарага алуу тууралуу документ түрүндө келишим түзүү керек болчу. Сиздер андай кылбай, өз ара оозеки сүйлөшүпсүңөр. Акчаны бергенде да ошол суммага, ошол орунга макул болгонсуздар. Эгер киреше кирбей турган жер болсо, анда ал келишимди бузууга жатпайт. Демек, акчаны ала албайсыздар (сот аркылуу да).

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
28.07.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чорныйнар алып берет 50 50 кылып
28.07.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6000 учун кайсыл черный бармак эле уятта ))))
28.07.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алаанын жолуна садака кылыштан башка арга жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо