Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айзуура Иманалиева: «АТА-ЭНЕМДИН АТАКТУУЛУГУН ПАЙДАЛАНГЫМ КЕЛБЕЙТ»

№613 01-август-07-август, 2014-ж

Атактуу адамдын перзенти болуу – чоң жоопкерчилик. Ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жана ырчы Гүлбүбү Орозкул кызынын улуу кызы Айзуура Иманалиева да «чоң жоопкерчилик менен чоңойдум» дейт. Алма сабагынан алыс түшпөй, Айзуура «Супер-Инфо» гезити уюштурган «Супер сулуу-2013» сынагында «Сымбаттуу сулуу» наамын багындырган.

«БАЛДАРЫ ҮЧҮН АПАМ АТАМА КАРАГАНДА ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КЕЧ КИРИШТИ»
– Үй-бүлөдө улуу кызмын, менден кийин Сезим аттуу сиңдим бар. Кичинекейибизден катуу тарбияда чоңойдук. Азыркыга чейин эле түнкү клуб, кафелерге барбайбыз, көчөдө ашыкча баспайбыз. Мен төрөлгөндө ата-энем жаш болгон экен. Апам бизди карап чыгармачылыкка атама караганда кечирээк киришти. Атам чыгармачылык деп жүрүп биздин кандай чоңойгонубузду деле билбей калды окшойт.
Эс тартканы үйүбүздөн атактуу адамдардын аягы үзүлгөн жок. Ошондон болсо керек, менин ысымымды Илимбек аяш атам (ред. Калмуратов), ал эми Сезимдин атын Сыймык аяш атам (ред. Бейшекеев) коюптур.

«ЫРЧЫНЫН КЫЗЫ ЭКЕНДИГИМ 2-КЛАССЫМДА БИЛИНГЕН»
– Мектепке барарда апам мага туугандарыбыздын кызынын аппак көйнөгүн сурап берген. Ал мезгилде чачым кыска эле, чачымды суулап тарап, баягы ак көйнөктү кийип, жасанып алып Туңгучтагы №73-мектепке бардык. Короодогу балдардын баары мени карап, өзүмдү ханышадай сезген элем.
Классташтарым ырчынын кызы экенимди 2-классымда билишти. Апам «Балама» деген ырына клип тартмакчы болуп, мен мугалимиме барып «апам клип тартат» десем, «Айзууранын апасы клип тартат экен» деп ызы-чуу түшүп, эртеси кыздардын баары ак бантик тагынып келишкен. Ошондон кийин мени «ырчынын кызы» деп таанып калышты.
Атам сабак окуганга стимул болсун дечү окшойт, «күндөлүгүңө коюлган ар бир «5» деген баа үчүн 5 сом берем» деген. Бир күндө 6 сабак болсо, баарынан «5» алсам 30 сому кетип калат. Акыры бир күнү тажады окшойт, «сен мугалимдер менен сүйлөшүп алып, менден алган акчаны тең бөлүшүп жатат окшойсуң» деп тамашалаганы эсимде.
6-классымда №5-гимназияга которулуп кеттим. Башында ата-энем сабактарыма жардамдашып жүрүштү, кийин класс жогорулаган сайын тапшырмаларды өздөрү түшүнбөй башташты.

«АТАНЫН СҮРҮ БОЛОТ, ИЙМЕНИП КӨП НЕРСЕНИ АЙТА АЛБАЙМ»
– Негизи атама караганда апама жакыныраакмын. Атанын атадай сүрү болот, андан ийменип, көп нерсени айта албайм. Элмирбек Иманалиев сахнада кандай күлүп-жайнап жүрсө, жашоодо деле ошондой жөнөкөй адам. Ачуусу чукул, бирок бат жазылат. Бул сапаты мага да өткөн. Апам болсо токтоо, оңою менен ачуусу келбейт, келсе ушундай бир жарылат дейсиң. Сырымды апам менен бөлүшөм. Ага бүт баарын жашырбай айтам, эч качан кагып салып же кол шилтеп басып кетпейт. Кунт коюп угуп, жөндүү кеңеш берсе «ии, чын эле ушундай да» деп калам.
Ушул кезге чейин ата-энемдин атактуулугун пайдаланган эмесмин. Бул нерсе мага жакпайт дебейм, тескерисинче, атам менен да, апам менен да сыймыктанам. Бирок «Иманалиевдин кызы» дедирбей, баарына өз күчүм менен жетким келет.
Мен 6-классты аяктап жатканда, тилекке каршы, ата-энем ажырашып кетишти. Мындай учурда балдарга кыйын экен. «Атаң менен каласыңбы же апаң мененби?» деген суроонун өзү оор болду. Азыр баары жакшы, ал мезгил өтүп кетти. Учурда атам менен жолугушуп турабыз. Баласы Эрулан бизге өзгөчө жакын. Атам «Эрулан силерге эч бир чаң жугузбайт» деп калат. Ал эми кызы менен кичүү уулун көрө элекмин. Буюрса, келечекте жакшы катышабыз деген ойдомун. Анткени бир атанын балдары эмеспизби.
Ата-энемден ашыкча акча алгым келбейт. Айрым кыздарды көрүп жүрөбүз, ата-энесинин акчасы барбы, жокпу, болбогон нерсе үчүн сурап кыйнашат. Атамдан аябай керек болсо эле албасак, кайрылбайбыз деле. Анын үй-бүлөсү, үч баласы бар дегендей, аларды да багыш керек. Керектөөлөрүбүздүн баарын апам бүтүрөт.

«Атамдын талантын баалайм».

«Көп курбу деле күтпөйм. Менин ишенген курбуларым апам жана сиңдим».

«Супер сулуу» сынагынан кийин модель болууга, киного тартылууга сунуштар түшүп жатат».

Асыл Орозбекова
star@super.kg


“Кыргыздын эле жигитине турмушка чыксам дейм” дейт Айзуура Иманалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(58)
04.08.2014. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичуусу апасынын эде копиясы го.
04.08.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы интервью бериптир,акылдуу кыз экен.жакшы жигит буйрусун пешенене.
04.08.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогон созу орундуу, жакшынакай кыз экен. Бактылуу болсун!!!
04.08.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карап,окуп чыгып кыздын акылдуулугун,жакшы тарбия алгандыгын кордум.Жана да сулуу кыз экен.Коз тийбесин.
04.08.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз экен,акылы да сулуу экен.
04.08.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энене рахмат, сени акылдуу кылып тарбиялаган.
04.08.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тарбия бергени корунуп турат. Бирок, супер сулуу сынагына бикини менен чыгарганы кызык болуп жатат, Элмирбек агабыз ыйманга чакырганда алдына ат салдырбачуле. Же катышканынан кабары жокбу?
04.08.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы мыкты акын ,соз байлыгы кенен, талантын аябай сыйлайм ,апасы сулуу болсо да бир жагымсыз нерсеси бар,ырдаганда кишини чарчатып жиберет чынкылдап.
04.08.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай кыз экен.Канча жашта болду экен?
SUPER.KG видео
04.08.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айзуура азамат кыргызча так суйлойт экенсин. Акылдуу, зээндуу экен. Окууларына ийгиликтерди каалайм. Бактылуу бол.
04.08.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуп калдым кантемин эми
04.08.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча сулуууууу кыз жан дуйносу да сырткы келбетида супсулуууууууууууу экен! ушунундан жазбааа. жакшы интерьвю бериптир зирек кыз экен. кыргызымдын ушундай кыздары коп болсун ылайым

04.08.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогон созу ордунда, сымбаттуу, сулуу кыз экен мага аябай жакты
SUPER.KG видео
05.08.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаң талантуу адам апаңды билбейм
05.08.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аявай сонун кыз экен.Суйлогон созу орду менен.Апасына да рахмат!
SUPER.KG видео
05.08.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз , акылдуу ата-энесин сыйлаган кыргыз жандуу кыз экенсин. Иштерине ийгилик Кыргызымдын керегине жараган кыздардан бол.
06.08.2014. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз Канатбек кызы на аябай окшош экен ата энеси ажырашканы окундурот бактылуу бол
SUPER.KG видео
06.08.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз экен жанылык алпарып жатканы кызык экен башкача алып барат экен
06.08.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ишинди ийгиликтер коштосун!
07.08.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулбубунун кызы ушунчалык чоноюп кеткен тура убакыт билинбей эле отот экен да.Жатаканада жашап жургондо кенедей эле кыздар эле суйкайган сулуу кыздар болушуптур.
07.08.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татынакай сулуу кыз экен Аллахым багын берсин апасы да, атасы да, синдисида сулуу экен!
07.08.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулбубу Иманалиеванын ырларын,клиптерин кайдан табабыз
07.08.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konya, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, угуп, көрө аласыз: http://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=879&media_search=1&x=15&y=8
SUPER.KG видео
08.08.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ой бооой 95 мин дейби я
Кыйла еле чон корунот екен анан айта кетчуу 1 нерсе бул теле жаатында анчалык иштей албай корунот балким иштейттир ну башка программа м.н иштесе елге да озуно да жакшыго
Дикторлук бул кыздын иши емес екен кыйла еле такалып дем алып суйлойт екен
08.08.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, Айзуура. Кыргызым сыймыктана турган кыздардан бол. Кен келечек, ийгиликтерди каалайм сага. Жонокойлугундон жазба.
SUPER.KG видео
09.08.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракетчил кызкен ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
09.08.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол
13.08.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кыз экен.. бирок 95чи жылкыбы??улуу корунот го..
SUPER.KG видео
14.08.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу кыз экен. Сулуулугун туура пайдалан эми. Корона берип койсо алданбай :)
SUPER.KG видео
22.08.2014. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер сулуу 2014 сынагы качан башталат?
09.10.2014. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунугу аябай кен экен...тарбиялуу...баары зынк го)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо