Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дайыр Исмадияров: «ҮНҮМ ЖОК БОЛСО ЖЕТИ ЖЫЛ САХНАДА КАРМАЛБАЙТ ЭЛЕМ»

№613 01-август-07-август, 2014-ж

«Багындырган ийгиликтериме аракет жана эмгектин артынан жетишкем. Кээ бир сахнага чыга албай жүргөн ырчылар мендей аракет кылып иштешсе, сахнанын өчпөс жылдызына айланышмак» дейт каарманыбыз Дайыр Исмадияров. Бүгүн биз ырчы менен бирге анын дүйнөсүнө саякатка чыкмакчыбыз.

– Дайыр, маектериңде окууну артыкчылык менен бүткөнүңдү айтып каласың. Жакшы окуган окуучуда кесип тандоо мүмкүнчүлүгү көп болот эмеспи, сенде бул жаатта кандай болду?
– Мен кичине кезимден эле элдин көңүл борборунда өсүп-чоңойгом. Мектепте окуп жүргөндө атырдын идишин микрофон кылып алып «Руки вверх» тобунун ырларын созолонтуп, артымда эки кызды ойсоктотуп бийлетип койчумун. Студенттик кезде деле ал өнөрүм калган жок. КВН, университеттер ортосундагы сынактар менсиз өтчү эмес. Мектепти да, университетти да артыкчылык менен аяктагам.
Ал кезде Германияга элчи болом деген кыялым бар эле. Элдин баары англисче үйрөнүп жатышканда мен Германияга кетем деп тытынып немис тилин окуп жүрдүм. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп акча тартыштыгына байланыштуу ал жакка барбай калдым. Ал учурда ата-энемден акча суроо мен үчүн уят эле. Тескерисинче, стипендиямды чүпүрөккө ороп апама салып жиберчүмүн.
Студенттик кезде көпчүлүк сыяктуу кыйын күндөрдү баштан өткөргөн жокмун, бир үйдүн эркесимин, апам туугандарына табыштап, бир туугандарым көмөктөшүп турушту.

– Чыгармачылыкта тынымсыз иштеп жатканыңды билебиз, бирок ырларыңа, клиптериңе калтырылган комментарийлерде сени сындагандар көп...
– Өзүмдүн аткаруумдагы чыгармаларым менен сыймыктанам. Ооба, мактанып жатат деп ойлошуңар мүмкүн, бирок адам өзүнө баа бергенди билбесе, эч ким анык, туура баасын бере албайт экен. Анткени дарегиме жөндүү да, жөнсүз да сындарды көп угам. «Үнү жок», «ырлары жакпайт» дешет, айтор, толтура. Үнүм, талантым, аракетим жок болсо мен сахнада 7 жыл кармалбайт элем. Азыркы багындырган ийгиликтериме бир гана аракет жана эмгектин артынан жетишкем. Эгер кээ бир сахнага чыга албай жүргөн ырчылар мендей аракет кылып иштешсе, эбак сахнанын өчпөс жылдызына айланышмак.
Пиарды чыгармачылыкка жаңы аралашып жатканда колдонгонбуз, азыр ага муктаждыгым деле жок. Чыгармачылыкта көп кыйын күндөрдү көрдүм, студиядагы уйкусуз түндөр, тынымсыз гастролдор, жолдо ачка-ток калган күндөргө өз кесибин сүйгөн адам гана чыдай алат. Мурун сын айткандарга теригип «ырдабай эле койсомбу» деп да ойлоп кетчүмүн. Азыр андай ойлорго алдырбай калгам. Канчалык таланттуу, жөндөмдүү болбо, ал баары бир аракеттен көз каранды. Мен мээнеткеч адаммын, ушул сапатым өзүмө жагат. Өзүмдүн угармандарым, күйөрмандарым бар, ошолор үчүн ырдайм, мени жактырбагандарга дайыма эшик ачык.

– Сыртыңдан такыр көйгөйү жок адамдай көрүнөсүң, сенде деле кайгырган күн болсо керек?
– Сахнада, жашоодо, достор менен да дайыма шаңдуу жүрөм. Ошон үчүн көбү «кайгы-капасы жок жүрөт, мында ой барбы?» деп ойлошсо керек. Ооба, менде деле жүрөк өйүгөн көйгөйлөр болот, бирок аны билдирбегенге аракет кылам. Ал нерсени эң жакын адамдарым эле билбесе, калгандарынын көз алдында шайыр, күлкүсү дубал жарган Дайыр бойдон калгым келет. Мага өзүм сыйлаган эле бир улуу адам «сырыңды эч кимге билдирбе» деп айткан. Андыктан көйгөйлөрүмдү айтып жакындарымды түйшөлткүм келбейт. Бирок дайыма жылмайып, күлүп жүргөнгөбү, жашоомдо кайгылуу убактар аз эле болгон.

– Күйөрман кыздар дале таң калтырышабы?
– Бир жолу гастролдо концерт берип жүргөм. Телефонум улам чырылдап, чарчагандыктан сүйлөшкүм келбей жаткам. Бир маалда гримёркага бир кыз кирип келип эле «Эмне трубканы албайсың?!» деп кыйкырат. Сүйлөгөнүн көргөндөр аялы экен деп ойлоп калса керек. Таң калып «мен чарчадым, телефонду алганга чамам жок» десем «ал муну, анан чалам» деп колума телефон карматып кетип калды.
Концерттен чыксам бир машина бетиме жарык берет, барсам жанагы кыз отурат, өзүнчө эле ханыша. Сөзүн «бир түнгө канча турасың, айткан бааңа макулмун» деп баштады. «Кой, карындаш, туура эмес дарекке кайрылып алдың» деп жатып анын туткунунан кутулуп чыккам. Келсем досторумдун баары шектенген көз караш менен карашат. Айтып берсем, «ии, бизге айтпайт белең, арзан эле барат элек» деп биротоло «прикол» кылып алышты.

– Бир үйдүн эркесимин деп айтып калдың, эми чоңойгондо тескерисинче апаңды сен эркелетип жатсаң керек?
– Апама аябай жакынмын, жыл сайын меникине келгенде курортко алып барып эс алдырып турам. Студент болуп жүргөндө эле мени алыска жибергенден коркчу. Германияга кетем деп жатканда да «кой, сен ал жактан бир немиске үйлөнүп, келбей коёсуң» деп болбой койгон. Азыр Бишкектеги үйүмө каттоого тура элекмин, каттоом Өзгөндө. Апам чыгарттырбай койгон, каттоодон чыгып кетсем эле биротоло кетип калчудай болот окшойт.
Бир жолу Жаңы жылда апама бриллиант чөгөрүлгөн сөйкө-шакек алып берсем «кой, муну көчөдө тагынгандан корком, жулуп качып кетсечи» деп кайра ал белегимди кайтарып берген. Эне да, «мен бриллиант тагынгандан көрө балам ыр жаздырып, клип тарттырып алсын» деди окшойт. Кайра аны тапшырганга туура келген.
Тойлордо ырдап калганда апам отурса кадимкидей уялып кетем. Апам негизи менин чыгармачылыгымдын күйөрманы эмес, ырларымды деле билбейт, бирок мен үчүн күйгөн адам.

КЫСКА-НУСКА
– Спортко болгон мамилең?
– Спорт менен өзүң машыккан башка, ал эми кызыккан башка. Мен кызыгуучулардын катарындамын. Быйыл футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта Аргентина командасына, Мессиге күйөрмандык кылдым. «Месси» деген жазуусу бар футболкамды азыркыга чейин чечпей кийип жүрөм.

– Өзүңдү баймын деп эсептейсиңби?
– Мен өзүмдү Кудайдын колдоосунда жүргөн адаммын деп эсептейм. Көбү меникиндей жашоону кыялданышат. Үйүм, унаам, үй-бүлө бакканга каражат тапчу булагым бар. Ата-энем, бир туугандарым кашымда, досторум, колдогон ага-эжелерим көп.

– Көз салып жүргөн кара көзүңдү тандадыңбы?
– Дагы деле тандоо этабындамын. Жаш өткөн сайын тандоонун талаптары да күчөй баштайт экен. Учурда 1-2 кызды байкаштырып жүрөм.

– Тоого бир кыз менен барып эс алып келдиң окшойт, сүрөттөрдөн көрүп калдык...
– Ал кыз менин менеджерим. Октябрь айында өтчү жеке концертиме кол кабыш кылып жүрөт.

«Университетте аскер кафедрасында окуп жүргөн кезим. 2007-жыл».

Лунара Бекиева
star@super.kg


Дайыр Исмадияров: "Күйөрманым мени бир түнгө сатып алам деп..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(112)
06.08.2014. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асмандагы жылдыздар ар бири озунчо жарык чачат, аларды бири бирине салыштырып болбойт. Биздин жылдыздар да ошол сыяктуу, ар биринин орду бар, таланттуу ырчыларды колдогонду уйронолучу.
06.08.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
такыр жандуу ун менен ырдаганын уга элекмин.укпай эле коёюн. озун аябай жакшы корот. ун жок экени билинип турат.продюссери жакшы которуп койду да
06.08.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kanyshaikg, баары эле озун аябай жакшы корсо керек!же сен озунду жакшы корбойсунбу?
06.08.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дайыр сиз мыкты ырчысыз!сиЗди колдойм чыгармачылыгынызга ийгилик....
07.08.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
голос жок болсо кантип ырдамак эле фонограммасыз
07.08.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйыл ырчы балдар баары шортик кийип тушолу дешкен го суротко,ал эми бул ырчы жигиттин чын эле уну жок,ырлары сапатсыз,озун нарцисстей алып журот.
SUPER.KG видео
07.08.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suyom_seni, сиз бул репортажга комментарий жазган эмессиз.
SUPER.KG видео
07.08.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ушунун күлгөнү мага вовще жакпайт )))
SUPER.KG видео
07.08.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай шайыр журосуз мага ошол сапатыныз жагат. Сизге ийгилик Дайыр байке, и бактылуу болунуз...
SUPER.KG видео
07.08.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар бир адам ойлогонун жазып жатат кээ бироо ойноп эле жазып коёшат. Силер да ырчы болсонор силерге да ойноп кемсинтип жазса жагабы? Бир аз ойлонгулачы!
SUPER.KG видео
07.08.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
дайыр байке чыгармачылык аракетиниз жагат ушунунуздан жазбаныз
SUPER.KG видео
07.08.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктуу маек! Дайыр азамат! Ар дайым жасалмасыз, жонокой, болгонун болгондой суйлойт. Ырлары, клиптери оригиналдуу. Ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайлы.
07.08.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага баары бир, ал кандай ырдайт, за то Дайыр дагы Мессиге "болейтетиптир"....мага окшоп)))
08.08.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Дайыр ччыгармачылык ийгилик !!!Аллахым озу колдосун ырларынды клиптеринди уйбулобуз менен суйуп угабыз ар дайым жузундон кулку кетпесин иттер уро берет кербен журо берет жаман создорго конул бурба
08.08.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оюндагысын ачык айтыптыр жаап жашырбай анын эмнеси жаман? Озу бизге эч нерсе жакпай азыр Дайыр бул маалада жаслама суйлоп озун башкача кылып айтканда анда да бир нерселер деп суйлонмокпуз! Дайыр негизи таланттуу, аракетчил, шайыр бала! Талыкпастан мээнет кыла беришин каалар элем, сени жактырбагандардын коменттерине конул бурба жакпасан укпай корбой журо беришсин, бизге окшогон сени баалаган, ырларынды угуп, клиптеринди коргон куйормандар жок эмес тескерисинче толтура, маанайынды бузба, ойлонбо!
08.08.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мактан дагы мактан
SUPER.KG видео
08.08.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ушшунча дагы мактанабы Кудай сактааа аман болчу деги
SUPER.KG видео
08.08.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ушу ырчы эч жакпайт корсом эле жиним кашая берет
SUPER.KG видео
09.08.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Башкасына ишенсем да,бир тунго сатып алам деген кызына ишенбндим.
09.08.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
комментарий жазгандарды бир жерге чогултса эки тарап болуп урушкандан кайтышпагыдай
SUPER.KG видео
09.08.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун маек болуптурго Алга Дайыр онорун оркундой берсин баардык ырын абдан уккулуктуу, коро албагандар сайта берет озун айтмакчы консул бурба!
10.08.2014. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,сизге эскертуу!Баш тамгалар менен жазганба бул сайтта катуу тыю салылган))))
10.08.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Chindikti ukandan chichalabash kerek chininda unu jok yrlary da maanisiz kyrgyz eli chyndykty betine aitip kelgen aga chychslabash kerek a jeti jyl yrdasa ozu uchun dagi jeti jyl chyda mumkun unun osup yrdagandy uironup kalasin
10.08.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aisuluu-z, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
12.08.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анча болду жашырбастан ставканды айтып кой да башка кыздар да билип алсын канча экен деп убара болушпасын.
SUPER.KG видео
14.08.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
козун когуш тушь м.н боёп алат экенго, суротко тушуп аткан жеринен явно корунуп калыптыр))
15.08.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жакшы бирок негедир бат эле уккум келбей калат
SUPER.KG видео
24.08.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанакы кыз ким болду экен? номерин кимден сатып алды экен ошол кызык
SUPER.KG видео
31.08.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайыр,ак конул жигит бактылуу бол,ишине ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
02.09.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bunun kozunun Koreaga baryp jazatyp kelish kerek 5 min da jazap beret anan unun un koshtura turgan bir
07.09.2014. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулгону эле бир сонун
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо