АТАСЫН ӨЛТҮРҮП, КЫЗЫН ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨН

№613 01-август-07-август, 2014-ж

Жакында Жалал-Абад облусунда үрөй учурган кылмыштын бети ачылды. Кылмышкер бажасын бычак сайып өлтүрүп, анын кызын мажбурлап алып кетип, 2 күн зордуктап жүргөнү айтылууда.

АЯЛЫ АКЧА ТААП КЕЛГЕНЧЕ ЖОЛДОШУ ӨЛТҮРҮЛГӨН
Үстүбүздөгү жылдын 11-июль күнү Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунда жайгашкан Миң-Өрүк көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлгөн адамдын денеси табылганы кабарланган.Окуя болгон жерге барган оперативдик тергөө тобу иликтөө жүргүзүп, каза болгон жаран Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунун 1967-жылы туулган тургуну Исак Ботобаев экендигин аныкташкан.
Тергөөнүн материалдарына караганда окуя төмөнкүчө болгон:
Маркумдун келинчеги Камила (каармандардын аттары өзгөртүлдү) 3-июль күнү бөлөсү менен кызын жанына алып, Сузак районунун Сары-Булак айылына эгин чаап, мандикерчилик кылып акча таап келгени кетет. Ал жакта иштеп жүрүшкөндө кызынын тиши ооруп, үйүнө, атасынын жанына кетет. 11-июль күнү Камила үйүнө келип, жолдошунун канга боёлгон жансыз денесин көрөт. Ал эми 13 жаштагы кызы дайынсыз жок болуп чыккан.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ЖАРАН БИР КАНЧА ЖОЛУ СОТТОЛГОН»
Бул кылмыштын чоо-жайы боюнча Жалал-Абад облустук ИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси, милициянын подполковниги ЖУСУП КАМБАРАЛИЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Окуя 9-июль күнү болсо, бизге кабар 11-июль күнү келип түштү. Сөөк үйдө эки күн туруп калгандыктан шишип, жыттанып кетиптир. Оперативдик ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү деп Камиланын бөлөсүнүн жарандык никеде жашаган күйөөсү, буга чейин бир канча ирет соттолгон Кубанычбек Көчөров кармалды. Ал 9-июль күнү келинчегин издеп бажасынын үйүнө келет да, ага арак алдырат. Экөө ичип отуруп, бажасынын 13 жашар кызы Айпериге тийишет. Атасы кызын коргоого алганда, аны башына катуу буюм менен уруп, көкүрөгүнө бир канча жолу бычак сайып өлтүрөт. Башка бөлмөгө качып кирип кеткен кыздын артынан кирип барып, буту-колун электр плитасынын спираль зымы менен байлап, зордуктап салат. Андан соң Ботобаевди өлтүргөн бычакты кошунасынын үйүнүн короосуна ыргытып, Айперини жетелеп, өзү электрик болуп иштеген №10 Жаза аткаруу мекемесиндеги трансформатордун ичине алып кирип да кордогон. Жарандык никедеги аялын сурап (ред.кыздын бөлөсү) кайсы жерде иштеп жатканын көрсөтөсүң деп Сары-Булак айылын көздөй бет алган.
Кылмышка шектүү Жалал-Абад облустук ИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Сары-Булак айылы тараптагы тоодон кармалды. Кыздын абалы начар, денесинин көп бөлүгү көгөргөн. Учурда ооруканада дарыланып жатат. Кылмышка шектүү Кубанычбек Көчөров убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 129-беренесинин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү Көчөров Кубанычбек Абдуллабекович 1970-жылы Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында туулган. Ал буга чейин да зордуктоо, бейбаштык, каракчылык жана киши өлтүрүү кылмыштары боюнча бир нече ирет соттолгон. 2013-жылы Жалал-Абад шаардык сотунун токтомунун негизинде Кубанычбек Көчөров №10 жаза аткаруу мекемесинен бошотулуп, Токтогул районундагы №52 жатак абагына чыгарылган. №10 жаза аткаруу мекемеси менен №52 жатак абагынын келишиминин негизинде жаза өтөп жүргөн Көчөров аталган жаза аткаруу мекемесинде электрик болуп иштеп жүргөн.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(81)
05.08.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kgbalasy, Саламатсызбы!
Катачылык кеткен, түзөтүлдү.
05.08.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өлүм жазасын кайрадан жандандырыш керек!!!!
05.08.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өлүм жазасын кайра киргизуу зарыл!!
05.08.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адамдарды эл алдына чыгарып 10 кун ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 06.08.2014 10:35
05.08.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындай адам сымал айбандарды олум жазасын бериш керек
06.08.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наалат сага Бетти жок кызгалдактай кыздын тагдыры не болду
06.08.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул адамдын жазасы ХХХ ХХХ ХХХ, олтурсо и кызын зордуктаса айбан.
Модератор admin_portal түзөттү 06.08.2014 10:36
06.08.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jirgalb, Aipri - - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
06.08.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата мээрими жокко.Педофил деп бычып салса
06.08.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай макулуктарга канча жаза берсе да аз. Аны элдин алдына алып чыгып эле аспабын тубунон кесип салыш керек. Эркек учун мындан откон жаза жок болсо керек.
06.08.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасына кеспейби буга окошгонду
06.08.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыго "киши олтуруп,зордуктап,каракчылык кылып" анан электрик болуп эркин иштеп журсо.
Айбан дагы мындайга барбаса керек!
06.08.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшеек кандай адам бул тусу аябай суук экен, ит да мындай иш кылбайт 13 жашар кыз небереси менен эле тен го бул кары киши корунот го, олумго айдаш керек муну
06.08.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдарды ХХХ ХХХ ХХХ,кудай сактасын ушундай адамдардан,олум жазасын тартсын!!!!!
Модератор admin_portal түзөттү 07.08.2014 09:12
07.08.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олугун талаада калсакен акмак иткеда тенебейм сени
07.08.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmira_kurmanalieva - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
toktocunova - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт.
07.08.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан го акылы жоктугунан мындай ишке барышы мумкун, бул айбандан да томон турат...
08.08.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай адамдарда бар экенда. Буларды корсон кудайдын бар экенине ишенбей кетесин байкуш кыз кызга тийишпей эле койбоптур!
08.08.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара кыздын тагдыры кантет эми...
08.08.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыркыч экенго, айбан!
09.08.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АъузубиЛлях!!!
Төрт аяктуу макулук да мындай жоорук жасабайт!
Наалаттар болсун!

Кыздын кимиси бар? Зөөкүрдү бычып салсын!
(Око за око!)
09.08.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдын кейпин кийген акмак го ылайым жыргабай кал байкуш кыздын тагдырын талкалап байкуш кыз он гулунун бири ачыла электе жаман окуяга туш болуптур.
09.08.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай айбанды таш менен жанчып олтурсо аздык кылат
10.08.2014. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балапанды зордуктаган айбан,тияка бара бер сени эркектер ХХХ
10.08.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта
10.08.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ангини буту колун байлап,алигисин лезвия менен олбогудой кылып тилип тилип,чымындардын арасына таштап алигисин курттатып кыйнаш керек.мал
30.09.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман берсин баарыбызга
08.10.2014. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындайларга каргыш да тийбейт шумпай
13.11.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага ХХХ каалайм жон кана эмес ХХХ ХХХ! Абак отогондор сазайынды берсин ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 13.11.2014 12:43
13.11.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubzero, этика нормаларын сактоону сунуштайм! Оозеки эскертүү!
05.06.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ закон иштебесе ошондой болот бир канча жолу зордуктап тыр Олум жазасын киргизип ХХХ керек мындайларды!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-05 10:03:32
05.06.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
umar12, этика нормаларын сактаңыз!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо