№613 01-август-07-август, 2014-ж
«АТА, АПА, СИЛЕР МАГА КЕРЕКСИҢЕР!»
– Ата-энемдин атын билмек турсун, өзүмдүн туулган жылымды так билбейм. 1997-жылы Чүй облусунда апам экөөбүз базарга барганбыз. Базарга барганда 3-4 балмуздак жемейинче үйгө кетчү эмесмин. Ал жактан чыгып, аялдамага келгенде адатымча апама «балмуздак жейм» дедим. Апам «Сен ушул жерден жылбай туруп тур, мен азыр балмуздак алып келем» деп жолдун аркы бетине өтүп, базарга кирип кеткен бойдон чыккан жок. Ошол жерде уктадым. Эртеси күнү да апам кирип кеткен жерди карап кечке отурдум. Ары-бери өткөн орус кемпирлер «Апаң кана, эмне отурасың бул жерде?» деп сүйлөнүп кетишет. Ошентип апамдын караанын күтүп аялдамада үч күн жүрдүм. Акыры орус кемпирлер милиция кызматкерлерин чакырып, мени алардын колуна салып беришти. Милиция кызматкерлерине атым Адыл экенин гана айта алдым, андан башка бир да маалымат бере алган жокмун. Же жашымды, же үйүм кайда экенин билбейм.
Бишкек шаарындагы балдарды кабылдоо бөлүмүндө 3 ай ата-энемди күтүп жашадым. Мени издеп эч ким келбегендиктен милиция кызматкерлери кан тапшыртып, медициналык экспертизадан өткөрүшүп, «сен 1992-жылы 18-сентябрда туулгансың, аты-жөнүң Дасанов Адыл болот» деп, өздөрү каалагандай туулган жыл, күн, фамилия ыйгарып, туулгандыгым тууралуу күбөлүк даярдап беришти. Андан соң Ош облусунун Өзгөн районундагы Марат Раззаков атындагы мектеп-интернатына жөнөтүп жиберишти. 2009-жылы аталган интернатты аяктадым. 2011-жылы Бишкек шаарында аскердик кызматымды өтөдүм. Апамдын аты Базаргүл болсо керек эле. Атам, бир байкем да бар экени эсимде, бирок алардын аттарын эстей албайм. Үйүнөн адашып, мени менен бирге интернатка барган досторумдун баары ата-энесин табышты, бир эле мен калдым. Келбетим апама окшош болсо керек деп ойлой берем.
Ата, апа, мен силерге баргым келет, бирок силерди жакшы эстей албайм. Эркекке жашоодо көп милдеттер артылат экен. Анын баарын татыктуу аткаруу үчүн ата-эненин колдоосу керек тура. Силер мага керексиңер. 1997-жылы балмуздак жакшы көргөн балаңар жоголгон болсо мен силерди күтүп жатам.
Адыл, тел.: 0777 62 16 38
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 32-33-28
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Апасы эмне болду экен?
Эмнеге ата- энеси издебеди?
Ата эненди таабарына ишенем!
Иий байкуш балага жаман журогум ооруду,табылып калсын,табылып калса жазып койгулачы сураныч
Сиз кимдир бирөөнү издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 32-33-28
Чын эле чураныч эгер ата-энесин таап калса созсуз кабарлагылачы сураныч!