Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бегимай Асылбекова: «БУЮРСА, КЫШЫНДА НАРИСТЕЛҮҮ БОЛОБУЗ»

№613 01-август-07-август, 2014-ж

Бегимай Эсенгулова турмушка чыккандан кийин казак күйөө баланын фамилиясына өтүп, Асылбекова болуп алган. Учурунда «Сүйө берем», «Арман», «Апакем» деген ырлары менен белгилүү болгон Бегимай азыр күйүмдүү жар. Казакстанда келиндик доору кандай өтүп жатканын төмөндөгү маектен баамдаңыз.

– Бегимай, Алматыдагы жашооң кандай? Эмне менен алек болуп жатасың?
– Менде баары жакшы, Алматыга акырындап көнүп калдым. Чынын айтканда, мага бул жакта убакыт тез өтүп жаткандай сезилет. Адамдары дайыма эле бир жакка шашкансып жүрүшөт, ошол ыргакка мен да көндүм. Учурда Бишкектеги Туризм академиясынын сырттан окуу бөлүмүнүн акыркы курсун бүтүрүп жатам. Ал эми Алматыда жолдошум Русландын болгон жумуштарына жардам берем, анын оң колумун. Руслан кесиби боюнча юрист. Учурда «Сүйүү булагы» деп аталган фонддун директору, фонддун алкагында ар кандай кайрымдуулук иш-чараларды өткөрөбүз.

– Үй-бүлөлүү адамдын түйшүгүнө көнүп калдыңбы?
– Жолдошум «үй-бүлө – жашоодогу эң таттуу нерсе» дейт. Чынында ошондой экен. Эки адам бири-бирине жөлөк болуп, кам көрүп, чогуу кыялданып, сырлары менен бөлүшүп, жаман-жакшы күндө бир жолду баскан бул – эң сонун.
Биздин үйлөнгөнүбүзгө эки жыл тогуз ай болду, мен үчүн эки ай тогуз күн өткөндөй эле. Русланды мага жолуктурган Кудайыма ыраазымын.

– Мурунку Бегимай менен азыркы Бегимайдын айырмасы барбы?
– Мм... Мурунку Бегимай аябай таарынчаак болчу, азыркы Бегимай көп нерсени түшүнүп, айрым сөздөрдү жүрөгүнө жакын кабыл албай калды.

– Жаңы барган келиндин кайын журтка көнүшү оңой эмес. Сени казак туугандар кандай кабыл алышты?
– Кайын журтум жакшы тосуп алышкан, азыр да жакшы мамиле кылышат. Бардыгы кыргыз келин деп болушуп турушат. Алардын салт-санаасын түшүнбөй, одоно ката кетирип же жагымсыз иш деле кылган жокмун.

– Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
– Үйдө орус тили басымдуулук кылат. Кээде казакча сүйлөшүп калышат. Көчөдө, дүкөндө казак тилин уга берип өзүм деле үйрөнүп калдым окшойт.

– Кайын атаң, кайын энең жөнүндө айтып берсең, алар эмне менен алек болушат?
– Апам менен атам абдан жөнөкөй, эмгекчил, шайыр адамдар. Азыр Кокшетау шаарынын жанындагы Аккөл айылында жашашат. Жакында пенсияга чыгышат. Төрт уулдун ата-энеси жана төрт неберенин чоң ата, чоң энеси. Келиндерине келиндей эмес, кызындай мамиле кылышат, мени дайыма «доча» деп чакырышат.

– Сахнаны биротоло таштадыңбы? Бегимай Эсенгулова деген ысымдын элге таанылышына көп эмгек жумшалгандыр...
– Чынында, атымдын элге таанылышына Динара эжем (ред. Д.Эсенгулова) менден эмгегин да, убактысын да аяган жок. Ага ушунчалык ыраазымын, биз мурун канчалык жакын болсок, азыр андан да жакынбыз. Ал ар дайым «бул жашоодо өз ордуңду таап, сени сүйгөн, сени сыйлаган түгөйүңө жолугуп, бактылуу болушуңду каалайм» деп айтып калчу. Эжемдин ошол каалоосу аткарылды. Мага жумшаган эмгеги да текке кетти деп ойлобойм. Канчалык деңгээлде билбейм, убагында шоу-бизнесте ордум түптөлдү, күйөрмандарымды таптым. Ырларымды угушту, мен катышкан концерттерге келишти. Азыркы күндө да көчөдөн мени таанып, сүрөткө түшкөндөр бар. Жашоодо бардык нерсенин өз убагы бар. Менин ордум азыр жолдошумдун жанында, анын ишенген адамы болуу. Ырдашыма жолдошум эч убакта каршы болгон эмес, «эмне менен алек болбо, дайыма колдойм» дейт. Бирок азыр ырдачу убакыт эмес деп ойлойм.

– Дагы деле шоу-бизнеске кызыгасыңбы?
– Казактардыкына көп деле кызыкпайм. Биздин шоу-бизнестеги жаңылыктарды, жаңы ыр, клиптерди социалдык түйүндөрдөн, SUPER.KG порталынан угуп, көрүп турам.

– Кыргызстанга канча убакытта бир келип турасың? Кыргыздар менен казактардын жашоосун салыштырасыңбы?
– Бишкекке эки айда бир жолу келип турам. Бишкек Алматыдан алыс болбогонуна сүйүнөм. Социалдык жашоону салыштырсам, кыргыздардын эли бай, казактардын мамлекети бай. Казактар бардык нерсени, жадакалса уюлдук телефонду да кредитке алышат. Эли биздикиндей эле тырышчаак, бир орунда турушпайт.

– Наристе күтүп жаткан учуруң экен?..
– Жаңы үйлөнгөндө балалуу болбой бир аз коё туралы деп чечкенбиз. Тагыраагы, бири-бирибизге да убакыт арнайлы, чогуу иштеп, пландарыбызды орундаталы дегенбиз. Мындай чечим деле туура деп ойлойм. Экөөбүз тең балдарды аябай жакшы көрөбүз. Азыр тун наристебизди күтүп жаткан чагыбыз, буюрса, кышында үй-бүлөбүз бир адамга көбөйөт.

– Жолдошуң сени сүрөттөн көрүп сүйүп калыптыр деп уккам, ошондойбу?
– Руслан менен 2011-жылы 11-июлда таанышкам. Тааныштарыбыз аркылуу менин сүрөттөрүмдү көрүп, дароо эле таанышам деп Бишкекке келген. Биринчи жолугушуубузда эле ал мага үйлөнөрүн сезиптир. Менде да ошондой сезим болгон. Ошентип үч ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Мага, эң негизгиси, анын чечкиндүүлүгү жаккан. Анын жанында эч нерседен коркпойм, мага ар дайым кам көрөт, мени көп эркелетет.
Сүйүүнү дайым сугарып туруш керек. Көңүл буруп турбасаң соолуп калат. Сүйүү бул – бир адамды бактылуу кылуу үчүн бүт аракетиңди жумшоо. Азыр биз бири-бирибизди жаңы үйлөнгөндөн да катуу сүйөбүз.

– Туура айтасың, сүйүүнү сугарып туруу керек, сен кантип сугарып жатасың?
– Жолдошум менин сыймыгым, өмүрүм, жүрөгүм. Дайыма эркелетем, жакшы сөзүмдү аябайм, көңүлүн оорутпайм. Жүзүнөн кубаныч гана көрүүгө аракет кылам. «Жаным, алтыным, бакытым» деп эркелетем. Мен анын сүйүктүү жубайы жана эң жакын досумун. Ал мени «суп-сулуум, күнүм, сүйгөнүм, жаным» дейт. Ошентип сүйүүбүздү сугарып турабыз.

– Рахмат, Бегимай. Аман-эсен көз жарып ал.

Сахнага жаңы кадам таштаган Бегимай.

«Жолдошум менин жүрөгүм, өмүрүм, сыймыгым».

«Көк көйнөкчөн өзүмдүн апам болсо, жанындагы кайненем. Кудагыйлар жакын курбулардан».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(51)
04.08.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болсун соонун маек болуптур.
04.08.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоо тен бири бирине топ келген жубайлардан болуптур,бактылуу болгула!
05.08.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен тороп алыныз
05.08.2014. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол
05.08.2014. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызды бактылуу кылуу даа бактысыз кылуу да жолдошунан коз каранды. Бактылуу болсун
05.08.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка улутка турмушка чыккандарды колдобойм озгочо атактууларда.
05.08.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акчасы коп казактан тыйыны жок ыймандуу кыргыз жигити артык,биздин кыргыз жигиттерине эч ким жетпейт,эгер ошол казактын акчасы жок болсо,суйуусун сугармак тургай,карап да коюшпайт да булар,суййу азыр акча деп эле койбоптур
05.08.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оз элине жакпаган озгонукун сагалайт болуп калгангоо!
Кыздарга ыйман берсин
башка уулутка турмушка чыгыш 21 кылымда Хит болуп атат окшойт.
Оз салттынан кечип башка улуттун салтын кабыл алуу кыздар учун онойго турбаса керек деп ойлочумун.
Азыркы замандын кыздары эркектин бакыттын бактылуулугун баалабай .Байлыгын карерасын баалап калган заман .Патриот болуга чакырат элем жаштарды бироонун салтын колдобой оз салтты сактоону Кыргыздын салтты сакталып калышын каалайм.
06.08.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mir.kg.88, 100% колдойм созунду
05.08.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Карапайым айылдык кыргыз жигиттен казактын бай жигити козуно сулуу корунгонго. Жашоодогу казан-аяк калдырабай, суйуулорун сугарып гана отура бергендери жакты.))
05.08.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул мен жактырган ырчыларымдын бири. Ырларында суйуп угамын. Бактылуу болунуз жана эсен-аман коз жарып алышынызды каалаймын.
05.08.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иииий асылгыла,баштагыла шыбагыла башка улутка чыгыптыр.кенжени да ушактагыла!!!!!
05.08.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oi kandai soonun
06.08.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
артисттер баарыле байга чыгат ко эмнесине чычалайсынар байлык деп эле))) Анжелика,Самара, Айнура Салахидин, Азиза ж б деле озунон улуу кыргыз кишилердин колун кармап кетпедиби?байкуштарды чынында эч ким карабайт бул ачуу чындык,жашоо талабы болуп калган ошондой экен кыргыздын жигиттери кечкээле кымыз жыттанабыз тыты пыты деп оозунарды ачып уйлардын,койлордун артынан журо бербестен,кудай берген мээни иштеткиле акча тапкыла "олигарх", "бизнес монстр" болгула ошондо мынтип ыйлап отурбайсынар ))
06.08.2014. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерге эмне дейм да?Кудай буйруп койсо Африкага деле келин болуп калышын мумкун.Алла Таалам бешенесине бири-бирин жазып коюптур эмне кылышсын эми.Же силерден сураш керек беле?Бири-бирине куп жарашкан тугой болуптур бактылуу болсун.Коздору жайнап бактылуу экени корунуп турат Кудай бактысын кут кылсын.Токтолуп калгандай сезилди.
06.08.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбой ушу фамилясын отуп алгандарды
06.08.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз
06.08.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Glavnyi musulmanga chiksa boldu. Men tuwunboym emnege chichalaysinar?..but ulut bir ADam atadan taragan go. Wariatta erkek bawkaga uilonso bolot.a kiz b.o musulman b.o ele tie berse bolot.koz tiybesin!baktiluu bolgula!
06.08.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, куйоосу озуно пара экен
07.08.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казак кыргыз бир тууган демек булардын уйлонуусундо эч кандай проблемма жок антип жамандап бузукулук кылбайлы бактысы ошол элде экен тапты! Такылдаган кыз болсо мындан да жакшы болмок бир аз чозулган кыз! Негизгиси уй булонор эч качан ажырабасын аман экен коз жарып ал!
07.08.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вот как изменяет человека макияж косметика!
07.08.2014. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу уй-булолордун катарын толуктап журо бергиле! Аман-эсен коз жарып ал!
07.08.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин мамама Бегимай жагат ырдап жургондон тартып. Энелик журогу менен чыныгы аялдык бакыт каалап. Ошентип мен да бул кыздын ийгиликтерине кошо кубанып калам.
08.08.2014. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуп,аман эсен коз жарып алсын..
08.08.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Бактылуу болсун жагат мага жакшы кыздай корунчу
09.08.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуулук каалаймын
09.08.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз-казактан митис торолбойт, туп негизи кыргызго баарысы, манка болсо да эми тууганда...
09.08.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырдаш учун акча керек коп коп. албетте байга чынышатда. отура беле буягы болбой калды деп. мусулман болсо эчнерсе эмес.
10.08.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким айтканы эстей албай жатам, кыргызга белглуу бир инсан азыркыларды сахна жылдызы десе уялып кетем дечу. Супер инфо сиздерден суранам, элге корунбой, мактанбай, жургон мыктылар биздин сыймыктанар жигит кыздарыбыз бар . Ошолор жонундо жазып интервю алсаныздар. Мисалы учкучтар алар омур бою окуп машыгып отушот. Биздин учактардын абалы коопсуздугу тууралу келечеги туралу. Рахмат
10.08.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кккошмар биринчи чыкккан кебетеси кантет косметика кандай гана озгортот
10.08.2014. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кыздын агынан эмес багынан.
Бактылуу болгула!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо