№613 01-август-07-август, 2014-ж
– Жашым 35те. Бул куракка келип калсам да алигиче үйлөнө элекмин. Ага себеп – бир колумдун майыптыгы. Мындан 20 жыл мурун кокустуктан майып кылып алгам. Кыздар менен тил табышып сүйлөшө албайм. Убагында 2 кыз «майып» деп чанып кеткен. Ошондон тарта мен үчүн кыздар менен таанышуу, сүйлөшүү азапка айланды. Таанышсам да жолугушууга чакыра албай кыйналам. Чалган коңгуроомо жооп бербесе же «бошобой калдым» десе, «майып деп чанып жатат го» деген ой келет. Жиним келип телефон номерлерин дароо өчүрүп салам, кайра чалбайм. Эми кантип үй-бүлө күтүп, эл катары жашайм деп ойлонуп, сиздерден кеңеш сурап жатам.
Темирбек, 35 жашта, Ош
– Сиз «майыпмын» деп чөкпөңүз. Анткени гезит-журнал, интернеттерден бир колу эмес, эки бутунан айрылган адамдар деле үй-бүлө куруп, бактылуу жашап жаткандарын көрүп, окуп жүрөбүз. Андан көрө мүнөзүңүздүн жакшы жактарын, колдон келчү өнөрлөрүңүздү өркүндөтүп, ошолорго басым жасашыңыз кажет. Тартынчаактыкты жыйыштырып, өзүңүзгө болгон ишенимди күчөтүңүз. Буга өзүңүздүн алыңыз жетпей жатса, психологдорго барып, жекече кеңеш алып, тренингдерге катышыңыз.
Адам өзүнө болгон баасын жогорулатып, жакшы сапаттарын өстүрүп, жаман адаттарынан кутулуп, көп ийгиликтерге жетсе болорун эске тутуңуз. Менимче, кыздардын бардыгы сизди чанган жок. Өзүңүз эле алардын ордуна чечим чыгарып жаткандай туюласыз. Телефон чалууңузга жооп бербесе, балким, колу бошобой же болбосо өздөрүнүн көйгөйлөрү менен алаксып жаткандыр. Сиз анык себептерин билмейинче жыйынтык чыгарбашыңыз керек. Андан көрө айымдарга жагынуунун, аларды каратуунун сырларын өздөштүрүңүз. Бул тууралуу атайын курстар бар, ошолорго жазылыңыз.
Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз,
бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |