«ЖОЛДОШУМ ИЧКИЧ БОЛУП БАРАТАТ»

№613 01-август-07-август, 2014-ж

– Жолдошум менен Москвада жүргөндө таанышып, баш кошком. Азыр деле ушул шаарда иштеп, жашайбыз. Бир кызыбыз бар, аны кичинесинен бери кайненем багып жатат. Кайын журтум башынан эле бизге «үй салып бересиңер» деген шартын коюшкан. Жолдошумдун үйүнө бара элегине 7 жылдын жүзү болду. Келгенден бери «үй салып алышсын» деп тапканыбыздын баарын ата-энесине сала берип, азыр өзүбүздүн топтогон акчабыз да, дүнүйөбүз да жок. Же алар үй салышкан жок. Ушунун баары күйөөмө ка­туу таасир тийгизип, кийинки кезде көп ичип баратат. Ичкиликти таштатайын деп бардык аракетимди жасадым, эч майнап чыкпай жатат. Сиздерден кеңеш күтөм.

Сахида, 33 жашта, Москва

– Сахида, жолдошуңуз ичкиликти депрессияда жүр­гөн­дүктөн ичип жатат. Анткени мас болуу адамды убактылуу реалдуу жашоодон алыстатат. Күйөөңүз «Айылга акчасыз барсак, үй­дө­гү­лөр­дүн бетин кантип карайбыз?» деп уялат. Чынында сиздер иштеп, ай сайын аларга акча салгансыздар, андыктан уялуунун кереги жок.
Кандай кырдаал болбосун, андан чыгуунун жолу бар. Сиздерге суроо, эгер айыл­дагылар 7 жыл ичинде үй са­лышпаса, мындан ары да аларга акча салуунун кажети барбы? Ойлонуп көрүңүз­дөр. Анткени акчанын баркын иштеп тапкан адам гана билет. Мындан ары акчаны өзүңүздөр чогултуп, ага үй салсаңыздар болбойбу? Анан да кызыңызды өзүңүздөргө алсаңыздар жакшы болмок, ал силердин сүйүүнү, мээримди билип чоңоёт эле. Балага ата-энеден артык эч ким кам көрө албайт. Акыркы чечимди экөөңүздөр ойлонуп, кабыл алууңуздар кажет.

Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз,
бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
04.08.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atı da jashı da maga okshosh eken chochup kettım andan ayrımalanıp menın da bır kızım bar bırok joldoshum olup kalgan kızızmdı ozum chonoytup kelem Sahıda sız dagı kızınızdı kolunuzga alıp alınız kayın jurtka akcha beruugo mıldettu emssız andan koro oz uy bulonuzdu saktap kalınız
04.08.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaltunlu, туура уй булоосун сактап калуу керек.
04.08.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок,Перизат эже сиздерден кантип сактап калуу керектигин сураптыр.
04.08.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эженида психологко корсотуш керекко
04.08.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экоонор ойлонуп туура чечим кабыл алгыла дегенге макул эмесмин,ичкен адам ичкенин моюнуна албайт,анан да ичкиликти таштоонун жолун сурап жатпайбы,эгерде ичкиликти таштабаса каяктагы бир чечимди кабыл алат
05.08.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдап-салдап намазга жыгытып, жакшы жургон, мечитке барган адамдарга айтып коштурунуз. Озунуз да намаз окунуз.
Дунуйонун артынан чуркасаныздар эч качан жетиштуу болбойт.
Анан да куйоонуздун мээсин чагып, кайнжуртунузду жамандабаныз. Жылуу соз айтыныз.

Кыйраткансып эле жазып атам, бул создорумду автор окуйбу, окубайбы?
06.08.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тайкеме " капринус" атту даары жардам берди. Билишимче 6 штук парошок алган болчу
07.08.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hatiko,
Карпинус дарыны 6 шт. Канча сом болот экен бут сразу алыш керекби же болуп болуп алса болобу. Менин куйом ичсе жашагысы келет ичпесе уйдо жата берет не кылыш керек соосунда без толк
07.08.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzy, +79299290303 ushul nomer arkyluu moskvadan zakaz kylsanyz bolot eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо