ЖЕҢИШБЕК ЭЛДИ ЫЙМАНГА ЧАКЫРДЫ

№613 01-август-07-август, 2014-ж

Концерттин датасы – 30-июль
Аталышы – «Айт маарек болсун!»
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:40 (40 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 65 пайызы
Алып баруучу – Абдылда Иманкулов
Мыкты номер – Жеңишбек Жумакадырдын «Баткендиктин арманы» пародиясы
Билет баасы – 500 сом

«Автомат акын Же­ңиш­бектин концерти болот» де­генинен Спорт Ордосун көздөй бет алдым. Концертти кеченин кү­нөө­көрү жана анын инилери Аалы Туткучев менен Оштон ат арытып келген төкмө Идирис Айтбаев салам­дашып ачышты. Андан соң Же­ңиш­бек өзү куудулдар тууралуу сатира аралаш терме айтып, арасында «Абдылда төкмөлөргө чапан жаап, 1000 доллар бериптир» деп тамашалады. Бул учурда кеченин алып баруучусу Абдылда сахнага чыга калып, «мен жөнүндө айткандарың чын, бирок 1000 доллар бергеним калп. Мына бул колум өмүрү бирөөгө акча берип көргөн эмес, андай болсо эмдигиче бир наам алат элем да» деп элди күлдүрсө, Жеңишбек «мен деле сизге окшошмун» деп тамаша иретинде жооп кайтарды.
Концерт башталгандан көп өтпөй залдагы көрүүчүлөрдүн жарымы эшикке топурап чыга баштаганда эмне болуп кетти деп чочудум. Буларга концерт жакпай калган го деп алаңдап карайм десең. Көрсө, шам намаздын маалы болуп калган экен. «Аккан сууну» жети күн тынбай төккөн Жеңижоктон Жеңишбек кем бекен дедиби, алар кайтып келгиче Же­ңиш­бек маңдайынан тер куюлуп, тамагы кургаганча төктү. Концерттин ортосунда Ислам университетинин ректору Аб­дү­шүкүр Нарматов сахнага чыгып, жарым саатка чукул даават айтты. Эл тажап кетти өңдөнөт, «ой, тезирээк бүтпөйбү» деп күбүрөнө башташты. Же­ңишбек акындын бир маегинде «комедиялык тасмаларга тартылгым келет» дегенин окуп, ишене албай турдум эле, чындап эле анда куудулдук өнөр да бар экен. Себеби концерттин басымдуу бөлүгү сатирага арналыптыр.
Концертте умра сапарына жолдомо ойнотулуп, аны Кубанычбек Жыргалов аттуу жаран утуп алды. Бул жолу концерт аяктай электе чыга качкандар болбоду, баарынын көңүлү ток болду.

Толик сынчы


Жеңишбек Жумакадырдын концертинен репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
31.07.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жекишбек байке ишинизге ийгилик сонун кансерт болуптур даярдыгыныз сонун болуптур
SUPER.KG видео
31.07.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сонун болуптур.
SUPER.KG видео
31.07.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ukmuw sonun boluptur
SUPER.KG видео
01.08.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинизге ийгилик.......
SUPER.KG видео
01.08.2014. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогорку денгээлде болуптур. Созду тиешелуу жерлерге да айта кетиптир. Ой кетти биздин башчыбыз токмо акындардан болгондо кандай болот эле деген...
SUPER.KG видео
01.08.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
укмуш керемет. Женишбек ага онорунуз оркундой берсин.
Супер инфо кон/и толугу менен жуктоп койунуздарчы.
SUPER.KG видео
01.08.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЭЭЭН сооонун Жениш байке азамат!!!пародиялар олло жакты
SUPER.KG видео
02.08.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azyrky akundardyn Jenijogu ushul akynda!!! Bar bolunuz!!!
04.08.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун концерт болуптур,биз сиздей ар кырлуу таланттуу акыныбыз менен сыймыктанабыз!
SUPER.KG видео
04.08.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз Жинишбек байке! алга. супер инфо ушу концерти толугу мн каяктан таппса болот
05.08.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмоциясын сыртка чыгарбаган бир мүнөз адам,концертинде да ошол нерсе сакталган. Ошого болсо керек,көп жерден эл кайсы жерден күлөрүн билбей калышкан. Бирок бир темпте, жайдары, өзү айткандай, адам болууга үндөгөн жагымдуу концерт болуптур!
05.08.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Abdywukur Narmatov suiloso nege tajawat biz tv dan 4yksa butposo eken suilop deibuz go
05.08.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле Абдышукур Нарматов агабыздын айткан дааваттарын издеп журобуз го
06.08.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Женишбектин акындык-токмолук талантын баалайм, мыкты акын, бирок акыркы убактарда "чондордун" иптар, ооз ачарларында илгерги Арзыматчасынан ырдап, айрым жерлерде дават айтып жургону байдын колоко ырчысы менен чала молдо сыяктуу элеса калтырат. Же чындап молдо болбоду, же улгулуу акын болбоду илгерки акын абаларыбыздай создун наркын учурбай олуядай насаат-насыйкат ырлаврын калтырышкан. Бул кетиште мен Женишбекти бугунку кундун Арзыматы деп атоодон башка аргам жок...
SUPER.KG видео
25.08.2014. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо Идрис акын туралуу малымат берип койосуздарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо